Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 шериктери менен биргелешип көптөп сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген.
Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Бул кылмыш иши боюнча 2023-жылдын 4-февралында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-ж.т. Т.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.
Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок алар жүргөн жерлерин жашырып, кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишине шектүүлөрдү табууга коомчулуктан жардам сурайбыз.
Кылмышка шектүүлөрдүн баары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Чолок-Терек айылынын тургундары. Алар:
- Сариков Абдыкалык Абдулхакимович – 1984-жылы туулган.
- Сариков Ысабек Сатимкулович – 1985-жылы туулган.
- Сариков Батирбек Сатимкулович – 1989-жылы туулган.
- Ахматов Аскарбек Ахматович – 1990-жылы туулган.
- Сатимкул уулу Абдималик – 1994-жылы туулган.
- Алмаз уулу Марат – 1995-жылы туулган.
Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жогорудагы жарандарга 2023-жылдын 8-февралында издөө иши ачылган.
Эгерде жогорудагы жарандардын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар болсо төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
Телефон: 102, (03748) 5 02 09, (0558) 16 16 91.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ