Menu

Атамбаев президент кезинде ЖМКларды сотко бергени үчүн өкүнөрүн айтты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыккандан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, өлкөнү башкарып турган кезинде маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү.

“Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко берген элем. Азыр ошол үчүн өкүнөм. Мен ал кезде президент болгонум үчүн сотко бербешим керек экенин эске албаган экенмин. Анткени соттор күчтүүлөрдүн пайдасына гана чечим чыгарарын өзүм көрдүм”, – деди Атамбаев.

2017-жылы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды башкарып турганда баш прокурор Индира Жолдубаева “президенттин аброюна шек келтирди” деп миллиондогон сомдук доо менен “Азаттык” радиосун, “Заноза”, “24.kg” маалымат сайттарын жана “Ата Мекендин” юристтерин сотко берген. Кийин Атамбаев бул арыздарын кайра чакыртып алган.

Бүгүн, 14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.

Ал журналисттерге сүйлөп жатып өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин айтты. Атамбаев тез арада дарыланышы зарыл экенин айтып, чет өлкөгө учуп кетерин билдирди. Бирок кайра кайтып келерин белгиледи.

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды. Бул тууралуу документтин сүрөтү Интернетке да жарыяланды.

Атамбаевге карата чыккан мурдагы чечимдер жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин Жогорку Соттун басма сөз кызматы 14-февралда билдирди.

Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечими жокко чыгарылып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары аны кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча камалган.

2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, аны мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: