3-февраль күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркалуу билдирүү түшүп, анда түнкү саат 03:00 чамасында, Каракол шаарынын Ибрагим Ажы атындагы борбордук мечитинин садака салуучу кутучасынын ичинен 3000 сом акча каражатын белгисиз азия улутундагы 18-20 жаштагы 3 жигит уурдап кеткендиги билдирген.
Аталган билдирүү Каракол ШИИБдин КБРне катталып, КРнын кылмыш жаза Кодексинин 205 (Урдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тез аранын ичинде шектүүлөр колго түшүрүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алар, Каракол шаарынын тургундары 2001 ж.т. А.А., Т.К. жана 2002 ж.т. Т.Т. болуп чыккан.
Алгач суракта, шектүүлөр күнөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, келтирлген чыгымдын ордун толугу менен толуктап беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ