Menu

ЭлТР телеканалы “ПолитКлиниканы” сотко берди

Бөлүшүү:

ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” басылмасын сотко берди. Бул тууралуу аталган басылма сайтына жазды.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик телеканал “ПолитКлиника” медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деп аталган видеосуна байланыштуу сотко кайрылган.

“ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген. Компания басылмадан аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн”, – деп жазды “ПолитКлиника” басылмасы.

“ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирди.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков 8-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу: “Президенттин ишмердүүлүгү тууралуу жалган маалыматтарга ыкчам көңүл бурабыз жана аныгын тактап бергенге даярбыз. Бул жолу Дилбар Алимова жетектеген “Политклиника” медиасы такталбаган калп маалыматтарды таратты”, – деп билдирген.

Дилбар Алимова “Азаттыкка” комментарий берип жатып, басылма такталган гана маалыматтарды чыгарарын белгилеген.

“ПолитКлиника” соңку кездери фактчект аркылуу кайсы бир маалыматтардын, билдирүүлөрдүн чын-бышыгын фактылар, далилдер менен тактаганга аракет кылып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: