Menu

КР Айыл чарба министрлиги: дыйкандарга арзан күйүүчү май сатыла баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары үчүн дыйкандарга 3 миллион литр дизель базар баасынан арзан – 65 сомдон сатыла баштаганын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, дизелди Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Red Petroleum компаниясы менен келишим түзүп сатып алган. Ал район-райондорго квота менен бөлүштүрүлүп берилген. Айыл чарба министрлиги дыйкандарды арзан дизелди сатып алуу үчүн айыл өкмөттөргө кайрылууга чакырды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, ушул күндөрү Кыргызстанда дизелдин базар баасы 74-75 сом болуп жатат.

Кыргызстанда жазгы талаа иштерине жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү-май керектелет. Министрлик кабарлагандай учурда мунай базаларында жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизель, 20 миң тонна автобензин бар.

Өкмөт арзаныраак таратып жаткан 3 миллион литр дизель 2,5 миң тонна. Жазгы талаа жумуштарына керектелчү көлөмдүн 7,2% түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: