Menu

«Бишкекбашкыархитектуранын» архитектору Жыргалбек Асаналиевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко жиберилди

Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан «Бишкекбашкыархитектура» Мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына жана Бишкек шаарынын Түштүк аймагы долбоорунун «А.Ж.» аттуу башкы архитекторуна карата бир нече кылмыш иштерге тергөө жүргүзүлдү. Бул тууралу КР Генпрокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.
Тергөө учурунда, аталган башкы архитектор “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын айрым кызмат адамдарын туруктуу кылмыштуу байланышка тартуу менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарынын бузулганын билип туруп, 2021-2022-жылдар аралыгында кызматтык жасалмалоо жолу менен Бишкек шаарынын Түштүк аймагындагы кичи райондорду, кварталдарды куруу долбооруна мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү (корректураларды) киргизгендиги аныкталды.
Ошону менен бирге, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кызыл сызыктары ЮЧЧК каналынан баштап, болжолдонгон Түштүк айланма жолуна чейин көчөнүн кеңейтилишинин туурасын азайтуу жолу менен мыйзамсыз түрдө өзгөртүүгө дуушар болгон.
«Бишкекбашкыархитектура» МИнын кызмат адамдарынын жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында шаар куруу ишин жөнгө салуу бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдарынын иштешинин белгиленген тартиби, ошондой эле жарандардын конституциялык укуктары бузулган, андан тышкары Ж.Пудовкин көчөсүн долбоорлоого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында, көрктөндүрүү менен транспорттук-жөө жүргүнчүлөр зонасынын жалпы аянты 14 600 м2 кыскарган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн туурасынын кыскарышынын натыйжасында пайда болгон аянты 14 600 м2, базар баасы 215 млн сом болгон жер участогунун баштапкы абалына ылайык келтирүү жолу менен материалдык зыяндын орду толтурулду.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен «А.Ж.» Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция) жана 379-беренеси (“Документтердин жасалмасын жасоо”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сотуна негизинен кароого жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: