Menu

Укук коргоочу Алтын Капалова балдарга атасынын ордуна энеси өз атын берүү укугун камсыз кылуу боюнча эми Конституциялык сотко кайрылды

Бөлүшүү:

А.А. Капалованын кызыкчылыгын көздөгөн Э. Тилек кызынын, А.М. Осмоналиеванын энелерге атасынын аты үчүн өз атын берүү укугун чектөө жөнүндө кайрылуусу

 Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 16-февралындагы аныктамасы менен А.А. Капалованын кызыкчылыгын көздөгөн Э. Тилек кызынын, А.М. Осмоналиеванын Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектинин позициясы

Келтирилген кайрылуудан келип чыккандай, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат деп белгиленген. Бул, арыз ээлеринин пикири боюнча энелерди аталардын жанында тең эмес абалга коет, анткени ата-энелер өз балдарына карата бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди аткарышат.

Кайрылуунун авторлору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 1, 2, 4, 5-бөлүктөрүнүн, 24-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн мааниси боюнча адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана ар бир адамга туулгандан таандык экендигин жана анын юрисдикциясында турган бардык адамдарга алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылаарын белгилешет. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптыгы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктар менен эркиндиктерге жана аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, А.А. Капалованын кызыкчылыгын көздөгөн Э. Тилек кызы, А.М. Осмоналиева талашылып жаткан ченемдин Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: