Menu

“Ала-ТВнын” негиздөөчүсү Артур Халдаров камакка алынды

Бөлүшүү:

“Ала-ТВ” компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип Бишкектин тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жатканын 22-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Халдаров аны 103 миллион сомго алдап кеткенин билдирген.

Халдаров эки жыл мурда дагы бир иш боюнча айыпталып, 280 миң сомдук айыпка жыгылган. Буга 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык “Скай Мобайл” компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы боюнча кылмыш иши негиз болгон.

Жаңы айыптоо боюнча ал өзү же жактоочулары комментарий бере элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: