Menu

Жозеп Боррелл: Украинага каршы согуштун бир жылдыгы – эл аралык укуктун жеңиши үчүн биргелешкен аракеттер

Бөлүшүү:

2022-жылдын 24-февралы Орусиянын Украинага ырайымсыз, себепсиз жана мыйзамсыз басып кирген күн катары түбөлүккө эсте калат. Бул айкын агрессиянын жана БУУнун Уставын ачык-айкын бузуунун учуру болгон жана болуп кала берет. Бул согуш “ Европанын гана маселеси” же “Батыш баарына каршы” суроосу эмес. Бул суроо биздин кандай дүйнөдө жашагыбыз келгендигин аныктайт, анткени өзөктүк держава жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү тарабынан мыйзамсыз күч колдонуу кандайдыр-бир жол менен “нормалдаштырылган” дүйнөдө эч ким коопсуз боло албайт. Ошондуктан ар бир адамды күч, шантаж жана аскердик чабуул саясатынан коргоо үчүн бардык жерде эл аралык укук колдонулушу керек.

Эми, бир жылдан кийин адамдардын көптөгөн согуш кылмыштары жана мыкаачылык сүрөттөрүнө көнүп калуусу, биздин кайра-кайра кайталанган сөздөрдүн маанисинин жоголуусу; жана убакыттын өтүүсү менен чечкиндүүлүгүбүздүн алсыроо коркунучу бар – убакыт өтүүдө, ал эми алдыда оор маселе турат.

Бирок биз буга жол бере албайбыз. Анткени Орусия күн сайын БУУнун уставын бузуп, империалисттик саясаты менен бүткүл дүйнө үчүн коркунучтуу прецедент түзүүдө. Россия күн сайын шаарларды жана жарандык инфраструктураларга ракетаны жаадыруу менен бейкүнөө украиналык аялдарды, эркектерди жана балдарды өлтүрүүнү улантууда. Россия күн сайын жалганды жана фальсификацияны таратууда.

Европа Биримдиги жана биздин өнөктөштөр үчүн биздин “үчтүк стратегия” багытын кармануудан башка альтернатива жок: Украинаны колдоо, Орусияга анын мыйзамсыз агрессиясын токтотуу үчүн кысым көрсөтүү жана бүткүл дүйнөгө анын кесепеттери менен күрөшүүгө жардам берүү.

Биз бул иш менен бир жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатабыз. Биз болуп көрбөгөндөй санкцияларды кабыл алдык; Орусиянын казылып алынган күйүүчү майларынан көз карандылыгыбызды азайттык; жана негизги өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, Кремлдин агрессиясын каржылоо үчүн алган энергетикалык кирешени 50% кыскарттык. Биргелешип иш алып баруу менен биз дүйнөлүк таасирди да азайттык: азык-түлүккө жана энергияга болгон баалар биздин “Тилектештик коридорлор” жана Кара деңиз дан демилгебиздин аркасында төмөндөдү.

Биз Украинанын өзүн коргой алышын каалайбыз деп айтуу аздык кылат – ал үчүн каражат керек. Андыктан, Евробиримдик тарыхта биринчи жолу кол салууга дуушар болгон өлкөнү курал менен камсыз кылып жатат. Анын үстүнө, Евробиримдик азыр украиналык аскер кызматкерлерин өз өлкөсүн коргой алышы үчүн аскердик жактан даярдоодо алдыңкы өнөктөш болуп саналат. Биз ошондой эле украин элин колдоо үчүн олуттуу макрофинансылык жана гуманитардык жардамды сунуштайбыз. Жана биз Украинанын Евробиримдикке кирүү өтүнүчүнө оң жооп берүүнү чечтик. Жана ошондой эле биз Орусия жасаган согуш кылмыштарынын күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликке тартуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Украина өз алдынча жана жарым-жартылай бул колдоонун аркасында укмуштуудай туруктуулукту көрсөтүүдө. Ал эми глобалдык санкциялардын жана БУУнун Башкы Ассамблеясындагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнүн эл аралык айыптоосунун аркасында Орусия ого бетер обочолонуп калды. Биздин жалпы максатыбыз – демократиялык Украинанын жеңиши, баскынчынын кууп чыгылышы, толук суверенитеттин  жана ошол менен бирге эл аралык мыйзамдуулуктун калыбына келүүсү болуп саналат.

Баарынан маанилүүсү, биз Украинада тынчтыкты, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка шайкеш келген ар тараптуу жана туруктуу тынчтыктын болуусун каалайбыз. Украинага колдоо көрсөтүү жана дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөө шайкештикте жүргүзүлөт.

Орусиянын агрессивдүү ревизионизми жана анын дестабилизациялык ишмердүүлүгү Борбордук Азия өлкөлөрүнө да таасирин тийгизген глобалдык коркунуч болуп саналат. Биз маалыматтык манипуляция жана чет тараптан кийлигишүүнү ишке ашыруу үчүн орусиялык үгүттөө машинасынын өткөндүн калдыктарын козгоо жана өндүрүштүк аракеттерин жасаганын көрүп жатабыз. Ошондуктан Евробиримдик бул коркунучка каршы аракеттенүүдө жана биз өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна ишенебиз.

Кеңири сөз менен айтканда, Орусиянын баскынчылыгы ашыкча көз карандылыктан алыс болуу зарылдыгын Европа менен Борбордук Азияга көрсөттү. Андыктан, кызматташтыкты кеңейтүү керек. Эки тарап тең туруктуу жана ачык коомдорду илгерилетүүгө кызыкдар; экономиканы калыбына келтирүү жана “жашыл” кубулууну камсыз кылуу; жарандарды терроризм, баңгизаттар, курал-жарак жана адам сатуу сыяктуу коопсуздук коркунучтарынан коргоо. Мындан тышкары, Евробиримдик аймактын инфраструктуралык  байланыш жана кызматташтык үчүн ачык мейкиндик болуусун каалайт.

Тарых жана адилеттүүлүк Украина тарапта. Бирок тарыхтын агымын тездетип, адилеттүүлүккө жетүү үчүн биз “үчтүк стратегиябызды” бекемдешибиз керек. Бул коллективдүү милдет экендигин билебиз. Ошондуктан Евробиримдик бардык өнөктөштөрүн агрессияны жеңүү жана эл аралык укуктун иштеши үчүн жалпы жоопкерчилик жана тилектештик духунда аракеттенүүгө чакырат.

Жозеп Боррелл, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана Еврокомиссиянын вице-президенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: