Menu

“Кемпир-Абад иши” боюнча камалгандар көз карандысыз консилиум түзүүнү суранышты

Бөлүшүү:

“Кемпир-Абад иши” боюнча кармалган саясатчылар менен активисттер көз карандысыз консилиум түзүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылышты.

Кайрылууда укук коргоо органдары кармалгандарга көз карандысыз адистешкен медициналык кызматтарды алууга мүмкүндүк бербей жатканы белгиленген.

“Гүлнара Журабаевага, Таалайбек Мадеминовго, Чыңгыз Капаровго жана Илгиз Шаменовго дарыгердин көрсөтмөлөрүнө карабай, ооруканага чыгууга уруксат берилбей атат. Ал эми оор операциядан кийин Мамбетжунус Абылов менен Клара Сооронкулова реабилитация болбостон, эч кандай шарты жок түрмөгө кайтарылды. Биз мунун баары бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып жатат деп эсептейбиз”, – деп жазылган кайрылууда.

Акыйкатчы институту мекеменин кызматкерлери 24-мартта Клара Сооронкуловага жолукканын, ал операциядан кийин реабилитация болууга муктаж экенин билдирген.

Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта ал кайра тергөө абагына которулган.

“Кемпир-Абад ишине” байланыштуу тергөө абагында отурган “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта операция болгон. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соцтармактарга азыр анын абалы оор экенин жазды.

Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абылов менен Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экени кабарланган.

“Кемпир-Абад иши” боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар “Кемпир-Абад иши” боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: