Menu

Сот Семетей Талас уулун эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулун экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, судья журналистти жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.

Семетей Талас уулу өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанар-даттанбасын адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Ал буга чейин сотто 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын айтып, бул үчүн кечирим сураган.

Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза ал “Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн” деген корутунду чыгарганын айткан.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазган. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. Буга чейин Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип жүргөн.

Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Ага ылайык, жазага тартылган кишилер коомдук иштерге тартылат, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат, түзөтүү иштерине чегерилет, эркиндиги чектелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: