Menu

Эмдөөдөн баш тарттыруунун себеби кайда?

Бөлүшүү:

Эл арасында эмдөө тууралуу ар кандай кайчы пикирлер айтылып келет. Эмдөөнүн пайдалары, зыяндуулугу тууралуу толтура маалыматтар тараган.  Албетте, эмдөөдөн өтүү же баш тартуу ар бир адамдын укугу, ал эми балдар үчүн ата-энелеринин чечими  болгону менен туура эмес тандоо жеке адамга эле эмес, үй-бүлөсү, бүтүндөй коом үчүн оор кесепеттерди алып келүүдө.

2022-жылы августта Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жашар бала селейме оорусунан көз жумган. Селейме нерв системасын жабыркаткан, денени карыштырган курч жугуштуу оору болуп саналат. Бала төрөтканадан 1 эле вакцина алып, калгандарынан ата-энеси баш тартышкан. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастаган. Бул бир эле мисал. Ал эми Республикалык эмдөө борборунун каттоосуна таянсак, ар жыл сайын Кыргызстанда 8 миңге чукул жаран расмий түрдө эмдөөдөн баш тартышат. Каттоого алынбаганы канча? 

Эмне үчүн эмдөө алууга каршы болушат деп анализдеп, басымдуу бөлүк диний ишенимдеринен улам экендигин көрө алдым. Анткени «чочконун эти кошулат экен, арам экен» деген сыяктуу түшүнүктөр бар. Кыргызстанда калктын 88 пайызы ислам динин кармандыктан молдого кайрылып көрдүм.

«Маселе эмдөөдө эмес,  маселе эмдөөнүн ичинде эмнелер камтылгандыгында. Кээ бир адамдарыбыз эмдөөдө пайда бар, анткени, адамдардын клеткаларын жандандырып, көптөгөн ооруларга туруштук бергенге жардам берет десе, кээ бири  тескеринче ошол клеткаларды өлтүрүп, адамдарды алсыз кылып койгонго себеп болот деп айтышат. Азыркыга чейин ушул талаш болуп келет. Талаш эмдөөдөн кийин пайда боло турган жыйынтыкта. Эгер вакцинанын толук далилин билсек, жүз пайыз жардам берет экендигин, анда ,ооба, шариятыбыз дагы жол берет»-деди, Ислам университетинин бүтүрүүчүсү, имам Тилек Зарылбеков.

Ошондой эле, ден соолукка өзгөчө маани берилиши керектигин «күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда жакшыраак», «адам өзүнүн ден соолугуна жооп берет» деген хадистер менен бекемдеп, өзү дагы, балдары дагы эмдөөдөн өтүп турарын кошумчалады. 

 Республикалык Эмдөө Борборунун директору Гүлбара Ишенапысова диний ишенимдерден улам баш тарткандар мурда 70 пайызды түзсө, бул көрсөткүч диний уюмдар менен иштешүүнүн натыйжасында 2021-жылы 50 пайызды көрсөткөндүгүн «Спутник» порталына берген маегинде билдирген.

Дагы бир себеби – эмдөөнүн  натыйжалуулугу жана коопсуздугуна болгон күмөнсүнүү. Мындай күмөн вакцинанын курамын изилдеп, ага канааттанбагандыктан деле жаралбайт. Бул жерде чөйрөсүнөн көргөн тажрыйбалар, «туугандар» группасынан уккан ушак-айыңдар, социалдык тармактарда кеңири тараган фейк маалыматтар, дезинформациялар чоң роль ойнойт. Мисалы, кошунасынын баласы сасык тумоого каршы эмдөө алгандан кийин деле ооруп калса, «эмдөө болбогон эле нерсе тура» деп, өзү көргөн саналуу эле окуялардан, орто статистикалык жыйынтыктарга карабай тыянак чыгарып алгандар бар. Айрымдар жакын адамдарынан уккандыгы үчүн эле ишенип алышат. Factchek.kg журналисти, медиа адис Асель Сооронбаева бул боюнча: “Мисинформация- жакындарын сактап калуу оюнда туура эмес маалыматтарды таратуу. Ал атайын фейк маалымат таратпайт. Бул – инстинкт” дейт.

 Эмдөө эмне үчүн керек, албай койсо кандай кесепеттери болорун  Балыкчы шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери Кенже Исенбаевадан сурадым.

Жалпысынан эмдөө аркылуу көп ооруларды алдын алса боло тургандыгын, адамдын организми кайсы ооруга каршы вакцина алса, ошол оорулардан сактарын айтты . «Эмдөөдөн өтпөй койсо организмде илдетке иммунитет пайда болбойт дагы, биринчи орунда эмдөө албаган адам ооруйт. Мисалы, кызамык менен ооруган балдардын көбү мурда вакцина албагандар”-дейт, Кенже айым.

Азыр интернет желесинде маалыматтар абдан көп болгондуктан, чын менен жалган кабарларды бири-биринен айырмалаш оор. Ушундан пайдаланып, коомго дүрбөлөң салуу үчүн дезинформацияларды атайын жаратып келишет. 

Бирок коомдун күзгүсү болгон, коомду агарта турчу адамдардын публикага сөздөрүн ылгабай, тактабай чыгара бергендери кандай? Эмдөөнүн коопсуздугуна кошумча күмөн жаратпайбы? деген суроо туулат.

   2021-жылы 17-июлда депутат Шайлообек Атазов жогоркудай пикирин өз фейсбук баракчасына жүктөгөн. Бул боюнча kaktus.media фактчегин жүргүзүп, Атазовдун айткандарын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму четке каккан.

Ошондой эле, социалдык тармактарда колдонуучулардын, же атайын жалданган бот, троллдордун калтырган билдирүүлөрү эмдөөгө каршы коомдук пикирди жаратып койгон учурлар кездешет. 

Мындан сырткары, жөн эле кайдыгерликтен, башкача айтканда, 

 «жумушум көп, убактым жок» деген шылтоолордон улам, же маалымат жетпей калгандыктан эмдөөдөн өтпөй калгандар да бар. Мисалы, сиз, азыр Кыргызстандын бардык аймактарында Гепатит В’ га каршы 23 жаштан 65 жашка чейинки жарандарга бекер эмдөө жүрүп жаткандыгын билесизби? 

 Жыйынтыктап айтканда, эмдөөгө болгон көз карашыбызды өзгөртүү эч кандай мыйзам аркылуу чечилчү маселе эмес. Анткени, 2021-жылы «Анык эмес маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзам» сөз эркиндигин ооздуктаганга ыкма экендиги айтылып, медиа адистери тарабынан катуу сындалды. Ал эми эмдөөнүн баарын милдеттүү кылып коюу адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу катары бааланат. Ошентсе да, бир канча өлкөлөрдө: Германия, Сингапур, Франция, Италия, Индонезияда эмдөө албагандарга айып пул салынып, түрмөгө камоого чейин жетет. 

Өз укуктарыбызды мыйзамдар аркылуу чектеттирбей эле, жөн гана ар бирибиз медиа сабаттуу болуп, туугандарыбызга «Эмдөө ДНКны бузат. Баланын аң-сезими өспөй калат» деген такталбаган маалыматтарды жибере бербей, жеке ишенимдерибизге байланбай, медициналык изилдөөлөргө гана таянып эмдөөдөн өтүп же баш тартып,  ден соолугубузга олуттуу мамиле кылсак.

Уулжан Бейшенбекова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: