Menu

Россия Кыргызстандын сүт азыктарын ташып келүүгө да тыюу салды

Бөлүшүү:

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Аширбай Жусупов Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө салган тыюу боюнча маалымат берип, Орусиянын Россельхознадзор мекемесинен Кыргызстанга эч кандай документ же кат келбегенин айтты.

“Россельхознадзордон кандайдыр бир талап болсо Кыргызстан баарын аткарганга даяр. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуп жатканда биздин инспекция бардык ишканаларды ЕАЭБдин реестрине киргизгенбиз. Бир гана айырма Кыргызстанда сүт малдын ээлеринен чогултулат. Алар ушул боюнча гана анча-мынча кемчиликтерди айтышкан. Мындан башка жүйөлүү себептер жок”, деди Жусупов.

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

19-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев ЕАЭБдин талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси тууралуу жыйын өткөргөн. Анда тийиштүү мекемелердин башчыларына Орусияга балык, тоок этин жана сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү үчүн бардык шарттарды түзүү тапшырмасын берген.

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: