Menu

Бааланбаган “Өзгөн күрүчү”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын түштүгүндө  өстүрүлгөн күрүчтөрдүн ичинен эң эле таанымалуусу Оштун Өзгөн районунда  өстүрүлгөн «Өзгөн күрүчү». Ал өлкөбүздө эле эмес, Борбордук Азиядан алыскы өлкөлөрдө да белгилүү.  “Чыгыштын кызгылт бермети” делген күрүчтүн эң мыкты жана кымбат бул сорту өзүнүн укмуштуудай даамы менен өзгөчөлөнсө да азыркы убакта анын баалуулугу унутта калып жаткандыгы, ага болгон талаптын жоктугу өкүнүчтүү. Мунун себептери эмнеде экендигине саресеп салып көрүүнү чечтик.

Өзгөн күрүчүнүн өндүрүү сырларын, пайдаларын, киреше булак катары караларын күрүч менен ишкерлик кылууда 15 жылдык тажырыйбасы бар Төлөгөн Мамыровдун өз оозунан уктук. Анын айтымында күрүч өстүрүү да өзүнчө эмгекти талап кылат жана ал бардык эле адамдын колунунан келе бербейт. Жергиликтүү  тургундардын көпчүлүгү күрүч өстүргөнү менен, жерге, кароосуна жараша даамдары айырмаланып турат. Уруктун да бир канча түрлөрү бар жана алардын ичинен азыркы мезгилде көп колдонулганы “Өзгөн 3” сорту. Чыгашасынан сырткары жакшы эле киреше түшөрүн айткан каарман анын килограммы 180 сомду түзөт дейт. Ал эми эгүү убагында 1 сотых жерге 1500 сом каражат жумшаларын да кошумчалады. Ошого карабастан ички керектөө менен гана чектелген Өзгөн күрүчү тышкы рынокко чыгарылбай турганын, анын коңшу өлкөлөрдө бренд катары таанылганына карабастан аз өлчөмдө экспорттолорун да баса белгиледи.

Буга чейин Өзгөн күрүчүнун баалуулугун арттыруу үчүн түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келгенин, алгачкы жолу 2014-жылы уюштурулган күрүч фестивалынын жүрүшүндө күрүчтү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да жайылтуу, илимий жактан анын сапатын, ден соолукка пайда-зыянын иликтөө максаты көздөлгөнүн Өзгөн шаарында жашаган айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Элтар Исмаилов Би-Би-Сиге билдирген. Ал көп жылдардан бери бул күрүчтү изилдеп, дүйнөлүк рынокко чыгарууга аракет кылып келаткан кишилердин бири. 

Эксперттердин анализдөөсүндө Өзгөн күрүчүндө Менделеевдин таблицасындагы организмге пайдалуу делген элементтердин бар экендиги белгилүү болгон. Бул күрүч сууну жана  нормасына ылайык күндүн нурун талап кылгандыктан сапатына да чоң таасирин тийгизет. Дүйнөлүк стандартта күрүчтүн курамында 6 пайызы белок боло турган болсо, Өзгөн күрүчүндө 10-12 пайыз белок бар. Адамдын организмине зыяны көп делген крахмалдар Кытайдын күрүчүндө 30-32 пайызды түзсө, ал эми өзгөндүкүндө 8-10 пайызга чейин экенин айтышат жергиликтүү окумуштуулар.

Статистикага ылайык, дүйнөдө күрүчтү эң көп өндүргөн өлкөлөрдүн алдыңыкы сабында Кытай, Индия, Индонезия, Бангладеш, Ветьнам, Тайланд сыяктуу Азия өлкөлөрү турат. Алдыңкы ондукка кирген өлкөлөрдүн бири бул Япония. Алар байыртадан келаткан күрүч өстүрүү маданиятын бийик деңгээлде сактап келишет.

Ал эми Өзгөн күрүчү дүйнөлүк деңгээлге жетпесе да, жок эле дегенде мамлекетибизде баалуулугун сактап калууга тийиш. Маселен иликтөөчү Кубан Дооронов, сырттан келип жаткан, өзгөчө Кытайдан экспорттолгон күрүчтүн курамында организмге пайдалуу заттардын жок экендиги изилденгенин  айтат: «Бизде азык-түлүк товарларынын ичинен дүйнөлүк рынокто эң аз экспорттолгон бул – күрүч. Күрүч өстүргөн өлкөлөр өздөрүнө да жеткире албайт. Мисалы, Кытай менен Индия дүйнөдөгү күрүч өстүрүүнүн 55 пайызын түзсө, алар 1 пайызын гана экспортко алып чыгат. Азыр Африка өлкөлөрүндө күрүч эгүү жайылып жатат. Анткени, булар ачкачылыктан сактап калуучу азык экен деп көңүл буруп жатышат.

Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан бул күрүч тууралуу маалыматы болбогондор көп. Ушундан улам жарнамасы жакшы болгон, сырттан келген күрүчтөргө көбүрөөк талап болуп жаткандыр деген ой да келбей койбос. Ушул ойду улай Бишкек шаарынын тургуну Зуура Нурмагаметовадан сураганыбызда ал төмөндөгүлөрдү кошумчалады: “Мен баарынан көп краснодар, Казакстан күрүчүн колдоном. Анткени баасы чөнтөгүңө ыңгайлуу жана даамына көнүп калгам. Ачыгын айтканда сиз айтып жаткан Өзгөн күрүчү тууралуу бул убакытка чейин укпаптырмын”.

Мындан кандай жыйынтык чыгарсак, Өзгөн күрүчү Кыргызстандын түштүк аймактарында популярдуу аталганы менен өлкөбүздүн түндүк бөлүгүндө аны колдонмок тургай даамын да татып көрбөгөндүгү айкын болууда. Жергиликтүү калктын учурда өзүбүздөн чыккан күрүчтөргө караганада импорттолуп келген күрүчтөрдү колдонуп келет. Анын башкы себеби арзан экендигинде. Мисалы, Өзгөн күрүчүнө караганда Өзбекстандын Ташкент лазер күрүчүн көбүрөөк алышат. Анткени баасы 130 сомду түзөт. Ал эми Өзбекстанга биздин күрүч экспорттолбойт. 

Айзат Кочкорова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: