Menu

Акыйкатчы: Мамлекет пенсия курагына жете элек “Баатыр-энелерге” да жөлөк пул төлөш керек

Бөлүшүү:

Кыргызстанда пенсия курагына жашы жете элек, бирок «Баатыр эне» орденин алган энелерге мамлекет тарабынан жөлөк пул каралган эмес. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын 2022-жыл үчүн даярдалган баяндамасында айтылат.

Кыргызстандын Конституциясынын 1-беренесинде “Кыргыз Республикасы социалдык мамлекет” деп айтылганына карабастан, калктын айрым категориядагы жарандары мамлекет тарабынан социалдык жактан толук кандуу колдоо таппай келет.

Акыйкатчы институтуна 55 жаш курагына жете элек, бирок 7 баланы төрөп «Баатыр эне» орденин алган жаш энелер кайрылышкан. Бул маселеге Акыйкатчы институту тарабынан көңүл бурулуп, аларга мамлекет тарабынан тиешелүү жөлөкпул каралышы менен, Кыргызстандагы көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жактан колдоо көрсөтүү жана орто жана жаш курактагы баатыр энерлердин жөлөк пулга болгон укугунун сакталышы үчүн мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп жатат.

“Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн «з» бөлүкчөсүнө ылайык, «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм жаш курагы боюнча 55 жаш курагына жеткен баатыр-энелерге гана берилет. Ошондой эле, «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 1- бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыз кылууга укугу болбогондо эмгекке жөндөмсүз 55 жашка чыккан баатыр энелерге дайындалат. Тагыраак айтканда, аталган мыйзамда орто жаш куракта «Баатыр эне» орденин алган энелерге (55 жашка чыга элек баатыр-энелерге) мамлекет тарабынан жөлөк пул каралган эмес.

Мыйзамда мындай талаптардын коюлушу коомдо социалдык адилетсиздикти пайда кылып, көп баланы өстүрүп-чоңойткон орто жаш курагындагы энелердин нааразычылыктарын жаратууда. Анткени, 7 баланы төрөп, чоңойтуп түйшүк тартып,«Баатыр эне» орденин алган орто жаш курагындагы энелер, бирдей эмес коюлган талаптардын негизинде мамлекет тарабынан колдоо таппай келет.

Алар болсо андай колдоого муктаж, анткени 55 жаш курагына жетелек баатыр энелер көп жашы жетелек балдарды багуу бул эбегейсиз моралдык-психологиялык жүк гана эмес, аябай чоң каржылык чыгымды талап кылат. Мындай маселеде мамлекет тарабынан жок дегенде жарым-жартылай чыгымдарды жабышканга көмөк көрсөтүү адилеттүүлүк принциптерине ылайык келмек деп эсептейбиз”,-деп айтылат баяндамада.

Жогорулардын негизинде институт “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” КРнын Мыйзамына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүсүн сунуштап жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: