Menu

Генпрокуратура: Тенгиз Бөлтүрүктүн тобу “Кумтөрдөн” уурдалган 1 млрд сомдун 845 млн сомун казынага төлөп беришип, үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке  1 млрд. 146 млн. 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Т.Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды.
Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына  Т.Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн.
Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлдү.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: