Menu

Ысык-Көлдө 28 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган 36 жаштагы монгол жигити кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, түнкү болжол менен саат 01.00 чамасында, Монголия мамлекетинен келген чала тааныш жаран аймакта жайгашкан эс алуу жайларынын биринде мас абалында болуп, зордуктоого аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, чала тааныш жаран  бетине бир нече жолу колу менен уруп, денесине залал келтирген.
Тергөө-ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Монголия мамлекетинин 36 жаштагы Я.Г. жараны кармалган.
Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Райондук соттун чечими менен кармалган жаранга карата, тергөө амалдары жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган. Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын Интерпол Улуттук борборунун өкүлдөрүнүн активдүү көмөгү менен, зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы Я.Г., чындыгында 31 жаштагы Монголия мамлекетинин жараны Д.Л. экендиги аныкталган. Ал өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле, шектүү Д.Л. мекендешинин паспортун мыйзамсыз аны менен Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталды.
Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Материалдар райондук милицияга катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) ылайык тергөө иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: