Menu

Баткен: курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты

Бөлүшүү:

Баткен шаарында облустук администрациянын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты.

Алар Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, төлөбөй качып кеткенин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышты.

Нааразылыкка чыккандар менен президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жолугуп, эки күн убакыт берүүнү, Өзбекстан менен байланышып ишкерди табууга аракет жасаларын убада кылды.
Өткөн айда бул маселе Жогорку Кеңеште Баткендеги курулушка байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Нурлан Ражабалиев анда президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, чара көрүлүшү керектигин билдирген.
“Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту “Аманат курулуш инвест” компаниясы алган. Ал “Доор курулуш” деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Эки айда бүтүрөбүз деген жумуш мына жетинчи айга кетип жатат, бүтө элек. Биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кире албай жүрөт. Куруучулар айлык-маяналарын бүгүнкү күнгө чейин алалбай жүрөт. Ошол жердеги дүкөндөрдөн канчалаган материалдар алынган экен. Тамак бышырып иштеген ашпозчулар бар экен. Субподрядчы менен ал жалдаган суб-субподрядчынын ортосундагы мамиледен биздин эл кыйналып атат. Андан сырткары Өзбекстандан дагы жумушчулар келип иштеген экен, алар дагы акчасын күтүп кете албай жүрүшөт”,-деген Ражабалиев.
Анын алдында “Ишеним” фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар курулуш кечеңдеп жатканын сынга алышкан.
2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.
Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.
Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. “Озоди” чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: