Menu

Алтын аффинаждоо үчүн керек болгон баалуу металлдарды мыйзамсыз сатып жиберген “Каракол” аэропортунун жетекчилигине кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган.

Ошентип, көрүлгөн чаралардын жана уруксат берилген издөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылган, кийин ал тиешелүү профилдеги экспертизанын корутундусу менен тастыкталган.

 Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: