Menu

Жаза аткаруу кызматы абакта ачкачылык жарыялагандар тууралуу маалымат берди

Бөлүшүү:

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын арасында ачкачылык кармап жаткандар боюнча маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы беш киши ачкачылыкты улантып жатканын, алардын абалы “дурус” экенин билдирди. Алар – Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек.

ЖАК тараткан маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүүнү талап кылышкан.

“Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө. Айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардан кабар алганын билдирген. Борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков беш киши ачкачылык кармоону улантып жатканын, алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышканын айткан.

Камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп жатышканына нааразылык иретинде 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашканы белгилүү болгон. Абактагылар “басымды токтотууну” талап кылышкан.

Буга чейин ЖАК айып изоляторуна үч күн мурда киргизилген Атай Бейшенбек ал жактан 21-майда чыгарылганын маалымдаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган. Кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр 10дон ашыгы абакта отурат.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: