Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы дубалды бузду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Кыргызстандын Чек ара кызматына шилтеме кылып кабарлашты.
Күн мурун социалдык түйүндөрдө Өзбекстан эки өлкөнүн чек арасындагы 2010-жылы тургузулган дубалды бузуп жатканы тартылган видеотасма тараган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бул видео Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы “Бекабад-Ханабад” өткөрүү бекетинде тартылган. Дубал аталган бекеттин ишин калыбына келтирүү үчүн бузулганы кабарланды.
“Бул чек ара бекети жакында ачылат. Кыргыз тарап жарандарды кайрадан өткөрө баштоого толугу менен даяр”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Мындан тышкары Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы “Карасуу” жана “Кара-Багыш” чек ара бекеттерин да кайра ачуу пландалууда. Бул маселе бир нече жылдан бери эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан талкууланып жатканы айтылды.
Өзбек тарап азырынча “Бекабад-Ханабад” бекетиндеги дубалдын бузулушу жана “Карасуу”, “Кара-Багыш” бекеттерин кайра ачуу боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Күн мурун Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу өткөнү кабарланган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1 314 чакырымдык чек ара тилкелери толугу менен такталган. 2022-жылы ноябрда эки өлкө 30 жылдан бери уланып келаткан чек ара талашына чекит коюлганын билдиришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ