Екатеринбургда аскер комиссариатын өрттөөгө айыпталган Алексей Рожков адвокатына Кыргызстандан Орусияга кантип чыгарылганын айтып берди. Бул тууралуу “Тилектештик аймагы” укук коргоо долбоору жазды.
Анын адвокаты Камил Исабековдун айтымында, Рожков 29-майда убактылуу каттоосун узарткан. Эртеси күч кызматкерлери аны батирине келишкен. Алар орусиялыктын техникасын алып, өзү менен кошо буюмдарын ала чыгууну сунушташкан. Эгер кызматташпаса, кыйноого кабыларын эскертишкен.
“Каттоомду узарткандан кийин эле мени кармашты. Андыктан бул кокустук экенинен күмөнүм бар. Мен аларга кантип каттоодон өткөнүмдү айтып бердим, андан ары адаттагыдай мени аэропортко алып кетишти. [Орусияга] келгенде мени ФСБ тосуп алды, башыма баштык кийгизип, шокер колдонуп – баары адаттагыдай эле”, – деген ал адвокатына.
“Тилектештик аймагы” долбоорунун маалыматына караганда, Орусияда Рожков активисттердин арасынан алгачкылардан болуп согушка каршы чыккан. Ал каршылык иретинде 2022-жылы мартта аскер комиссариатына өрт койгон учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Башында ага карата “Бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аскер комиссариатынын имаратында күзөтчү болгон жана бул тууралуу Рожков билген. Күзөтчү жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Ошол эле маалда Рожковду кармаган полиция имаратта эч ким жок экенин билдирген.
Кийин Рожковго козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлүп, (“Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу аракети”) активисттин баш коргоо чарасы каралып, өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Орусиянын Башкы штабы “аскер комиссариаттарынын өрттөлүшү теракт катары караларын жана 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы болорун” жарыялагандан кийин Рожков Орусиядан кетүүнү чечип, 2022-жылдын декабрынын аягында Кыргызстанга келген.
Орусияда 2022-жылы 77 жолу аскер комиссариатын өрттөө аракети болгон. Аскердик комиссариаттарды өрттөдү деген шек менен козголгон айрым иштерде мындай аракеттер мүлккө зыян келтирүү жана бейбаштык катары квалификацияланган. Кийин аскер комиссариатында өрт койгондор үчүн терроризм боюнча бир топ олуттуу беренеге алмаштыра башташты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ