Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, чакан кемелердин ээлери тарабынан ченемдик-укуктук актылардын талаптары кандай дээӊгелде аткарылып жаткандыгы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Үстүбүздөгү жылдын август айында башталган 10 күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө 35 кеме ээлери текшерилип, анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдордун ээлерине суу транспортунун техникалык шайкештигин бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү.
Мындан тышкары, суу транспортторунун ээлери менен каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 70 жаран Балыкчы шаарында орун алган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ