Орусиянын президенти Владимир Путин “Газпром” компаниясы Кыргызстандын газ менен камсыз кылуу системасына 18 миллиард рубль инвестиция салганын, анын натыйжасында өлкөнү газ менен камсыздоо деңгээли 30%га чейин өскөнүн билдирди.
Бул тууралуу ал 12-октябрда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен биргелешкен документтерге кол койгондон кийин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирди.
“Биз билебиз – жана президент [Кыргызстандын] бул процесстин бардык катышуучуларына ушундай милдетти коюп жатат: Кыргызстандын өкмөтү бул көрсөткүчтү 60%га жеткирүүнү күтүүдө. Албетте, биз буга ар тараптан жардам беребиз”, – деди Путин.
Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын эң маанилүү багыттарынын бири энергетика экенин, Орусия Кыргызстанга мунай продукциясын жөнөтүүчү негизги өлкө болуп эсептелерин белгилеген Путин орус тарап кыргызстандык керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын толук жаап келатканын кошумчалады:
“Бензинге жана дизелге болгон муктаждыкты толук жаап келе жатабыз. Былтыр 1,2 миллион тонна экспорттодук, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен да ушундай эле көрсөткүч болот деген ниетибиз бар. Жеңилдетилген шартта – ташып чыгаруу алымын албастан сатып жатканыбыз республика үчүн да, экономикалык операторлор үчүн да түз экономикалык натыйжасын берүүдө”.
Бир ай мурда Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттаган. Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри бир аптада 61.90 сомдон 65 сомго, АИ-95 бензини 65-67 сомдон 70 сомго чыккан. Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алып, бирок бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө таасир этпейт деп маалымдаган.
Октябрдын башында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2024-2025-жылдары шаар толугу менен газга өтөрүн билдирген.
Шаардын жака белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ