Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек ШИИБ Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты И.Т.К. кармалды.
Бул кармалган кызматкер КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалган кызматкер КР ЮМ караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ