Menu

Author Archives: Адина Сагымбекова

Казакстандын Чек ара кызматы казак-орус чек арасындагы тосмолордун жылдырылышы боюнча түшүндүрмө берди

Казакстандын Чек ара кызматы Атырау облусунун Орусия менен чектешкен Көптогай айылынын аймагына зым тартылып, тосмолор орнотулганы боюнча түшүндүрмө берди.

«2008-жылы мал Орусиянын аймагына кирип кетип жатат деп Көптогай айылынын жашоочулары өздөрү тосмо орнотууну суранышкан. Азыр биз ошол тосмону бери жылдыралы дегенбиз, анткени ал Орусиянын аймагына кирип кеткен. Биз орус тарапка эч кандай жер берген жокпуз. Жергиликтүү тургундар үчүн Кигач өзөнүндөгү сууга бара турган жол ачык болот», — деди мекеме жетекчисинин орун басары Айдар Аймурзин.

Өткөн жумада казак чек арачылары Орусия менен чектешкен Көптогай айылы менен Кигач өзөнүнүн ортосуна зым тартып, тосмолорду орното баштаганы жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгын жараткан. Алар казак жерлери Орусияга өтүп кетип жатканын айтып, буга чейин мал сугарып жүргөн өзөндөгү сууга бара албай калышканын билдиришкен. Айылдыктардын нааразылыгынан кийин орнотулган жаңы тосмолор кайра алынганы кабарланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Чек арасыз кабарчылар»: былтыр 132 өлкөдө журналисттер кыйынчылыктарга дуушар болгон

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун соңку баяндамасына ылайык, былтыр 132 өлкөнүн журналисттери өз ишмердүүлүгүндө кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Жыл сайын 180 өлкөдөгү сөз эркиндигине баа берип келген уюмдун быйылкы баяндамасында 73 өлкөдө көз карандысыз медианын ишмеригине бөгөт коюлуп, 59 өлкөдө журналисттер чектөөлөргө кабылганы жазылган.

Баяндамага ылайык, былтыр бир топ мамлекетте «COVID-19дун жайылышына байланыштуу» деген шылтоо менен журналисттердин иштөөсүнө чек коюлган.

Европада журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө деп Беларус аталды. Ал «Чек арасыз кабарчылардын» рейтингинде бир жылда беш сапка төмөндөп, 158-орунга жазылган.

Баяндамада жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенконун режими зомбулук менен куугунтуктун жардамы аркылуу өлкөдөгү кырдаалды көз карандысыз чагылдырууга катаал тоскоолдук жасаганы белгиленген. Уюм 2020-жылы Беларуста 400дөн ашуун журналист кармалып, бир тобу камалганын жазган. Алардын көпчүлүгү камакта зомбулукка жана кемсинтүүгө дуушар болгон.

Украинада журналисттерге кол салуунун 170 учуру катталган. Рейтинг боюнча бул өлкө бир сапка ылдый түшүп, 97-орунда турат.

Орусия интернеттин эң башкы душманы катары таанылды. Ал дүйнөлүк рейтингде былтыркыдан бир позицияга ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 150-орунга түштү. Буга өлкөдө медианын эркиндигин чектеген бир топ мыйзамдардын кабыл алынышы негиз болду. Орусияда басымга чыдабай журналист өз өмүрүнө кол салган учур болгону да баяндамада мисалга алынган.

Германияда да ММКнын эркиндиги боюнча абал начарлаган. Бул өлкө сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингде «жакшы» деген позициядан «канааттандырарлык» деген сапка түшкөн. Анткени Германияда 2019-жылы журналисттерге 13 кол салуу болсо, былтыр 65ке жетип, бул көрсөткүч беш эсе өскөн. Кол салуулар адатта коронавируска каршы чектөөлөрдү алып салууну талап кылган акциялар учурунда болгон.

Италия менен Францияда да журналисттерге кол салуулар болуп, алардын ишмердиги чектелген учурлар катталган.

Норвегия дүйнө жүзүндө беш жылдан бери басма сөз эркиндиги боюнча биринчи орунда келатат. Финляндия экинчи, Швеция менен Дания 3-4 саптарга жайгашкан.

Борбор Азияда аймагында Кыргызстан 79-сапта турса, Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму жыл сайын 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялайт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Самарканд» эл аралык аэропорту ишкер Бахтиёр Фазыловдун компаниясынын башкаруусуна берилди

«Самарканд» эл аралык аэропорту мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимдин негизинде тендерсиз эле Air Marakanda компаниясынын башкаруусуна берилди. Тиешелүү токтомго Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 3-апрелде кол койгон.

Документте аэропортту эл аралык компаниянын башкаруусуна берүүнүн негизги максаты — «аэропортторду башкаруу тармагындагы алдыңкы эл аралык компанияларды тартуу» экени белгиленген. Бирок ачык булактардан 2020-жылы апрелде каттоодон өткөн Air Marakanda компаниясынын аэропортторду башкаруу боюнча тажрыйбасы бар экени тууралуу маалыматтарды табууга мүмкүн болгон жок.

Air Marakanda компаниясы менен түзүлгөн келишимде мамлекеттик өнөктөш катары көрсөтүлгөн Uzbekistan Airports ишканасы бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Өкмөт башчынын токтомуна ылайык, «Самарканд» эл аралык аэропортун модернизациялоо жана пайдалануу боюнча долбоордун жалпы баасы 80 миллион АКШ долларын түзөт. Бирок анда өнөктөштү тандоодо эмнеге тендер өткөрүлбөгөнү жана Air Marakanda компаниясы кандай негиздер менен тандалганы көрсөтүлгөн эмес.

«Самарканд» аэропортундагы жетектөөчү кызматтардын биринде иштеген өз булактын айтымында, Air Marakanda компаниясы Eriell жана Enter Engineering компанияларына ээлик кылган ишкер Бахтиёр Фазыловго таандык. Буга чейин аталган эки компания Шоввосой эс алуу аймагынын негизги куруучулары болгону, анын курулушуна жүз миллондогон доллар жумшалганы белгилүү болгон.

Апрелдин башында президент Шавкат Мирзиёев кол койгон дагы бир токтомго ылайык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимдин негизинде өлкө аймагындагы аэропортторду реконструкциялоо, модернизациялоо жана башкаруу менен алектенген жеке компанияларга салык төлөөдө үч жылдык жеңилдиктер берилген.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы «Самарканд» эл аралык аэропортунун жаңы долбоорунун артында Шавкат Мирзиёев жеке өзү турарын жана жаңыланган аэропортту өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата 1-сентябрда ачуу пландалып жатканын билдирген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «Бургылау» компаниясына жалданып иштеген мунайчылар иш таштады

Казакстандын Жаңыөзөн шаарындагы «Бургылау» мунай-сервис компаниясы жалдап иштеткен «Фиркрофт» ишканасынын 95 жумушчусу иш таштады. Алар маяналарын «Бургылаунун» штаттагы кызматкерлеринин айлыктары менен теңеп берүүнү талап кылышууда.

Буга чейин жумушчулар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен Мангистау облусунун акими Серикбай Трумовго видеокайрылуу жасап, мунай-сервис компаниясы аларга мыйзамда каралгандан аз айлык төлөп жатканын айтып, маселени 19-апрелге чейин чечип берүүнү талап кылышкан.

Токаев былтыр кол коюп, быйыл январда күчүнө кирген Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөргө ылайык, ауторсинг компанияларынын кызматкерлери аларды жалдаган ишкананын кызматкерлериндей өлчөмдө айлык алышы керек.

Vlast.kz сайтынын маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү жумушчулар менен эмгек инспекциясынын өкүлү, Жаңыөзөн акиминин орун басары жана анын кеңешчиси сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бирок жолугушуулар жыйынтыксыз аяктаган.

Жумушчулардын февралдан бери Жаңыөзөндүн акими менен болгон жолугушуулары да күтүлгөн жыйынтык берген эмес.

Акыркы айларда Казакстанда маяналарды жогорулатууну жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган түрдүү ишканалардын кызматкерлеринин иш таштоосу көп катталууда. Өткөн жумада Кызылордо облусундагы «Куатамлонмунай» компаниясынын 300дөн ашык жумушчусу айлыктарды жогорулатууну талап кылып чыккан.

Январдын аягында Актөбө облусундагы «КМК Мунай» жана «АМК Мунай» компанияларынын жумушчулары айлыктарды жогорулатуу талабы менен иш таштап, талаптары аткарылгандан кийин кайра жумушка чыгышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Душанбе менен Москва миграция тармагындагы маселелерди талкуулады

Душанбеде миграция тармагындагы маселелер талкууланган тажик-орус сүйлөшүүлөрү өттү.

Тажикстандын эмгек жана миграция министри шахноза Нодири менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко баштаган делегациялардын курамында тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү болду.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушууда «тез аранын ичинде чечилиши керек болгон маселелер каралды».

«Мындан тышкары тараптардын кароосундагы документтердин долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Бул сүйлөшүүлөр Москва Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетиши керектигин билдиргенден кийин өттү.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагында Өзбекстандын 332 миң, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда Covid-борборлор кайра ачыла баштады

Өзбекстанда акыркы жумаларда коронавирус жуктургандар көбөйүп, беш ай мурда жабылган Covid-борборлору кайра ачыла баштады.

«Вирус жуктургандар көбөйүп жатат, абал кайрадан көзөмөлдөн чыгып кетчүдөй болуп турат. Өлкөнүн 14 аймагындагы сovid-борборлор кайра ачылып, аларды каржылоо иштери башталды. Бул үчүн Жапониядан келген насыянын каражаты колдонулууда», – деди өзбек өкмөтүнүн аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү.

Ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантиндик чаралар кайра күчөтүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады. «Эгер чектөөлөр азыр дароо башталса калк арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр көбөйөт. Ошондуктан карантиндик чаралар акырындык менен киргизилет. Жакынкы 10 күндүн ичинде баары түшүнүктүү болот. Абал өтө олуттуу», — деди ал.

Ал ортодо студенттердин арасында вирус жуктургандар аныкталгандыктан жогорку окуу жайлардын көбү аралыктан окууга өтүүдө.

19-апрелде жарыяланган расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 86 892 кишиге жетип, 638 бейтап каза болду.

Бейрасмий булактар вирус жуктургандар менен андан көз жумгандар расмий көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия күчтөрү Сирияда «террордук базага» сокку урду

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү Пальмиранын түндүк-чыгышында жайгашкан «террорчулардын базасына» аба соккуларын жасаганын билдирди.

Arabnews агенттигинин билдиришинче, Орусиянын күчтөрү террорчулардын жайгашкан жери тууралуу маалыматтар бир нече булактан ырасталгандан кийин эки калкалануучу жайды жана 200гө жакын жоочуну жок кылды. Мындан тышкары ири калиберлүү пулеметтор жүктөлгөн 24 автоунаа жана 500 килограммга чукул курал-жарак жардырылган.

Согушуп жаткан тараптарды жараштыруу жана Сириядагы качкындардын жылып жүрүүсүн көзөмөлдөө боюнча борбордун маалыматына караганда, жоочулар Пальмиранын түндүк-чыгыш тарабында жашыруун база түзүп, ал жерден өлкөнүн түрдүү аймактарында террордук актыларды жасоо үчүн атайын топторду жөнөтүп турушкан.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы жазында, президент Башар Асаддын режимине каршы акциялардан кийин башталган. Көп өтпөй жаңжалга аймактагы негизги өлкөлөр, эл аралык уюмдар, аскердик-саясий топтор жана дүйнөлүк державалар аралашкан.

Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө Орусия менен Иран, оппозиция өкүлдөрүнө Батыш өлкөлөрү, Түркия жана Перс булуңундагы монархиялар аскердик колдоо көрсөтүп келишет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фото - УКМК: Синтетикалык дары-дармектерди өндүрүү лабораториясынын ишине бөгөт коюлду 

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын аймагында “Мефедрон” аталышындагы синтетикалык дары-дармектерди чыгаруу боюнча турукташкан баңги тобунун иши аныкталып ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, «А.И.» аттуу адамдын жетекчилиги астында дары-дармектерди үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген дары лабораториясынын иштөөсүн уюштуруу менен, жаштардын арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын түзгөн.

2021-жылдын 16-апрелинде атайын жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, синтетикалык баңги заттарды өндүрүү ишинин жана аларды өзгөчө ири масштабда сатуу аракеттеринде А.И. кармалды.

 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган “А.И.” №1-тергөө камак жайына 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Тергөө жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: баасы 1 гр. Болгон “Мефедрон” Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт, аны колдонуу адамдын өмүрү жана ден-соолугу үчүн сөзсүз кесепеттери менен нерв системасына терс таасирин тийгизет.

Айдаркен сымап комбинатын ишин жандантуу аракеттери көрүлүүдө    

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев жана КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев баштаган комиссия, Айдаркен сымап комбинатында жумушчу сапар менен болушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилер комбинаттын ишмердүүлүгүн жандантуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Учурда комбинаттын негизги көйгөйү, суу басып калган шахтаны тазалоо, соц фонд, газ, электр энергиясына болгон карыз маселесин чечүү.

Учурда комбинатта 350гө жакын жергиликтүү тругундар жумуш менен камсыз болгон. Эгер комбинаттын шахтасынын негизги бөлүгү ишке кирсе, жумушчулардын санын 1000ге чейин жеткирүүгө шарт түзүлөт. 

Түзүлгөн кырдаалга карабай, аталган тоо кен ишканасы 2021-жылдын биринчи кварталында белгиленген планды 130%га аткарышкан. Ал эми 2020-жылы жалпы 80млн сомдук продукция өндүрүшкөн. Комбинат жетекчилиги, суу басып калган негизги шахталарын иштетүү менен, жылына болжол менен  300млн киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болоорун белгилешет. 

Жумушчу сапардын алкагында жетекчилер комбинатта буга чейин иштеген ата мекендик инвестор “Северсталь” компаниясы менен кызматташууну кайра кароо жана  республикалык бюджеттен жеңилдетилген ссуда берүү зарылдыгына токтолушту. 

Учурда Айдаркен сымап комбинаты, сымап жана сурьма кендерин өндүрүп, Россия, Турция жана  Арап өлкөлөрүнө экспорттоодо.  

Белгилей кетсек аталган аймакта, кеминде  50 жылга жете турган сымаптын жана сурьманын изилденген запастары бар. 

COVID-19: Бешинчи протоколдо уу коргошун сунушталган жок

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протокол бекитилди. Документ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, протоколго министр Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде кол койгон. Ал 38 пункттан турат жана коронавирусту аныктоо, диагноз коюу, дарылоо ыкмаларын өз ичине камтыйт. Бирок вирустан дарылоодо уу коргошунду пайдалануу жөнүндө сөз болгон эмес.

COVID-19 мутацияланып кетиши мүмкүндүгү белгиленип, бейтаптарга туш-келди дары-дармектерди, абалы жеңил жана орто болгондорго антибиотиктерди бербөө керектиги сунушталган.

Министр Бейшеналиев өткөн аптада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аконит же уу коргошун бешинчи протоколго киргизилиши мүмкүн экенин айткан.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Эртеси Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.

Медицина тармагында иштеген бир катар адистер жана жарандык активисттер уу коргошун адам өмүрүнө коркунучтуу экенин айтып, бул аракетти сындап жатышат. Ал арада “Фейсбук” компаниясы Садыр Жапаровдун COVID-19дан “айыктыруучу дары” тууралуу посту эрежеге ылайык келбегендиктен өчүрүлгөнүн ырастады. Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек соцтармактардагы расмий баракчаларындагы билдирүү “тыштан эч кимдин кийлигишүүсүз, жеке демилге” менен өчүрүлгөнүн билдирди.

Табыптар өз алдынча рак жана башка ооруларды дарылоодо колдонуп келген уу коргошунга медицинада тыюу салынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню