Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Бишкекте ардактуу авиатор Кубанычбек Козубековтун 80 жылдык юбилейи белгиленди

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кечээ, 5-февралда ардактуу авиатор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери Кубанычбек Уметович Козубековдун 80 жылдык юбилейи белгиленди.  Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Солтобаев, Жарандык авиация агенттигинин директору С.Шаршеев, “МЭА” ААК  Башкармалыгынын төрагасы-Башкы директор  Б.Сыдыков,  “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясынын директору А.Аскаров, “Кыргызаэронавигация” МИ директору  С.Жороев, авиация ардагерлери ж.б. катышкан.

“МЭА” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков өз сөзүндө кээде, бир тармактын өнүктүрүү тарыхын жеке инсандын тагдырынан өзүнчө кароо мүмкүн эмес болгон учурлар сейрек кездешет.

“Мына ушундай инсандарыбыздын бири катары, Кыргызстандын ардактуу авиатору, транспорт кызматынын эмгек сиңирген  ишмери, ысымы алтын тамгалар менен ардакталып жазыла турган, элибиздин сыймыктуу уулу Кубанычбек Козубековду айтсак болот. Асыл аксакалыбыздын жасаган эмгектери жана өмүр жолу баарыбыз үчүн үлгү. Айрыкча жаш авиаторлор үчүн Кубанычбек Уметович ар дайым жылуулук тартуулап, жол көрсөтүп турган асмандагы ак жылдыздай экени айдан ачык”,- деген ал.

Б.Сыдыков жалпы жамааттын жана жеке өзүнүн атынан Козубеков Кубанычбекти куттуктап, бекем ден-соолук, кажыбас кайрат каалап өткөн.

Салтанаттуу иш-чараны  өткөрүү  үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлгөн, алар – КР ТАКжКМ караштуу Жарандык авиация агенттиги, “Манас эл аралык аэропорту” ААК, “Тез Джет” авиакомпаниясы, “Кыргызавианавигация” МИ, КР авиакызматкерлер профсоюзу жана Кыргыз авиациялык институту ж.б.

Феликс Кулов: “Жаңы Башмыйзамга карата коомчулуктун реакциясы курч болот”

– Феликс ага, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясый абалга кандай баа берип турасыз?

– Азыр оор абалдабыз. Экономикабыз төмөн түшүп кеткен. Азык-түлүк продукцияларыбыздын запастары жокко эсе. Басымдуу бөлүгү четтен келүүдө. Алардын канчасы экологиялык жактан таза, канчасы жарамдуу экенин эч ким билбейт. Бириккен Улуттар Уюму 2021-жыл бүткүл дүйнө боюнча абдан оор болорун жарыя кылды. Анын ичинде ошол эле азык-түлүк продукциялары тартыш экенин жана КОВИД-19 пандемиясынын 3-толкунун айтты. Ошого карабай биздин өкмөт жогорудагыларды эске алып, аябай чымырканып иштесе, каатчылык абалдан чыгып кетүү жагы бар. Бирок, менде андай оптимизм жок.

– Учурда жаңы шайланган президентке оппозиция керекпи?

– Конституциялык кеңешмеде отургандар жаңы Башмыйзамга “президентке, өкмөткө оппозиция болуш керек” дегенди киргизишти. Бирок, кандай оппозиция болору бул башка маселе. Алсак, Абдил Сегизбаевдин, Курсан Асановдун тарапташтары өздөрүн “оппозициябыз” деп атагандары туура эмес. Менимче, конструктивдүү, акыл-эстүү оппозиция болгонун коомчулук колго алат. Жөн эле кыйкырып, эшикке чыгып алып ахлакратияга айлантканын эч ким жактыра бербейт.

– 10-январдагы президенттик шайлоо сиздин оюңузча туура эле болдубу?

– Президенттик шайлоо туура эле болду. Бул жерде да “бирок…” деген сөз бар. Эмнеге дегенде, коомчулук жапатырмак президенттик башкарууну тандап алды. Бул да туура. Эми жакынкы арада Башмыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгат. Кептин баары ушул жерде. Президенттин укуктары кеңейтилдиби, же өтө эле кыскартылдыбы? Кандай болгон күндө да коомчулуктун реакциясы болот. Курч маанайда. Мүмкүн “жаңы Башмыйзамдын негизинде президенттик шайлоо болушу керек” деген оюмда турам. Эми ага чейин парламенттик талкуу болот, жактырылат, жактырылбайт дегендей, коомчулук да өз ойлорун айтууга укуктары бар. Президенттик кайра шайлоо боюнча оюмду жакынкы күндөрү толуктап айтам.

– “Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары таркасын, булардын мөөнөтү эбак эле бүткөн!” дегендер чыкты…

– Конституцияда “жаңы парламент, парламентарийлер шайланып келгенге чейин мурунку чакырылыштын депутаттары иш алып барып туруш керек” деген таризде жазылган. Себеби, “мөөнөтүңөр бүттү, кеткиле” дегенде бийликтин боштугу, вакуум пайда болбош керек, мыйзам талаасы сакталып турганы оң. Демек, кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, жаңы депутаттар келмейинче каалайбызбы-каалабайбызбы, 6-чакырылыштын депутаттары иштей берет.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Камчыбек Ташиев: "Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар, мен силердин жардамыңарга муктажмын"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетээрин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу Кыргыз элим! Мен 06-февраль күнү эрте менен дарыланууга чет жакка бара жатам, себеби биздин врач профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар, мен силердин жардамыңарга муктажмын, буюруса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн”,- деп жазган Ташиев.

ИИМ: Москвада Кыргызстандын жаранына кол салган шектүү кармалды

Кечээ, 5-февраль күнү Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен биргеликте 24 жаштагы Р.А.га бычак менен кол салган шектүү И.Р. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция бөлүмүнө жеткирилип, бул кылмыш ишин жасагандыгын мойнуна алып, кылмыш ишин жасоого кызганыч себеп болгонун билдирген. Шектүү Кыргыз Республикасынын жараны 23 жаштагы И.Р. болот.

“Азыркы учурда зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө.

2-февраль күнү болжол менен 15:28 чамасында Москва облусунун Павшинск бульвар көчөсүнүн №12 үйүнүн аймагында белгисиз жаран 24 жаштагы жаранга кол салган.

24 жаштагы Р.А. Кыргызстандын жараны болот жана учурда ооруканада. Абалы туруктуу.

Бул факты боюнча Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча Тергөө башкармалыгы Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (Курал катары колдонулган куралдарды жана предметтерди пайдалануу менен жасалган денеге атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон”,- деп айтылат билдирүүдө.

Финляндиянын Президенти Саули Ниинистё Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Финляндия Республикасынын Президенти Саули Ниинистё Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу 5 февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганыңызга байланыштуу Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине куттуктоо сөздөрүн жолдоймун. Ошондой эле бул жогорку кызматта ийгиликтерди каалаймын. Менин жогорку урматтоомду жана ишенимимди кабыл алыңыз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери шектүү жаранды ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизаты менен кармашты

КРнын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө ири масштабда баңгизаттарын таратуучу каналдарга бөгөт коюу жана баңгизат кылмышына тиешеси бар адамдарды кармоого багытталган атайын операция жүргүзүшүп, анын натыйжасында, ири өлчөмдөгү ооган түспөлүндөгү баңгизат кармалып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-январда болжол менен саат 03:00 чамасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлеринин күч колдоосу менен Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү максатында сатуу) сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга шектелген 1974-жылы туулган жаран О.С. кармалган. Бул мурда соттолгон жарандан 3 кг 090 гр. салмактагы героин баңгизаты табылган.

Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматынын Оперативдүү бажысынын кызматкерлери менен биргеликте издөөчү итти колдонуп тинтүү иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн жашаган жеринен баңгизаттардын башка түрлөрү табылган.

Ал жерден ички иштер министрлигинин баңгизат менен күрөшүүчүлөрү 950 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын алышкан. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

Чүй облусунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун ИИББдүн Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө алынган аялдын жүргөн жери тууралуу маалымат алышып, анын негизинде бүгүн, 5-февраль күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кызматкерлери издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган С.Е. аттуу аялды кармашкан.

Жогорудагы аялга карата 2020-жылы Жайыл районунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган.

Маалым болгондой жабырлануучу 2019-жылдын март айынын башында жарнамадан көзү ачыктын байланыш телефондорун көрүп, ага байланышкан. Шектүү аял арыздануучунун бардык көйгөйүн угуп, алсыздыгынан пайдаланып, анын башын айлантып, 340 миң рубль жана 100 АКШ долларын алып, из жашырып кеткен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы аялга издөө жарыяланган.

Кармалган жаран Жайыл РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экениги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектелеп кармалган аял буга чейин ИИМдин алдын алуу боюнча атайын каттоосунда баңги зат боюнча уюшкан кылмыштуу топторго мүчө катары турганы маалым болгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Бразилия Президенти Жаир Болсонаро Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Бразилия Федеративдик Республикасынын Президенти Жаир Болсонару Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Сиздин жооптуу кызматыңызда чоң ийгиликтерди каалаймын. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты чыңдоо максатында биргелешип иштөөгө даяр экенимди билдиремин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Алматы шаарындагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында кол коюлган докукменттердин тизими:

– «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 40-беренесине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагындагы жооп кайтаруу чараларын пайдалануу механизми жөнүндө маселе боюнча баяндама тууралуу» маселеси алкагындагы тапшырма;

–  «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн деңиз өткөрүү пункттарындагы электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» чечим;

– «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» чечим;

– «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдөгү макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар тууралуу» буйрук;

– «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук;

– «Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кзектеги жыйынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө» буйрук.

Равшанбек Сабиров Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Равшанбек Сабиров Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Меню