Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Премьер-министр Улукбек Марипов Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен кыскача пикир алышуусу орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашты.

Михаил Мишустин Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жалал-Абад облусундагы суу каптаган үйлөрдү куткаруучулар тазалоодо

Жалал-Абад облусундагы суу каптаган үйлөрдү куткаруучулар тазалоодо. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кечээ, 4-февраль күнү саат 14:55 чамасында Кербен шаарынын Беш-Батман каналында тос пайда болуп, суу ашып 11 турак үйдүн огороддорун, анын ичинен 4 турак үйдүн пай дубалынын аба өткөрүүчү тешиктеринен суу кирген.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Аксы райондук №70 ӨКБдан 17 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жана мэриядан 1 экскаватор тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында каналдагы суунун нугу токтотулуп, 4 турак үй тазаланган.

Италия Президенти Серджо Маттарелла Садыр Жапаровду Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Италья Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле Бишкек шаарынын, бүткүл Борбордук Азия аймагынын жана Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелердин кеңири маанисинде мындан ары дагы бекемдөөгө үмүтүмдү билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Э.Бейшембиев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.А.А.Куреши менен жолугушту

Кечээ, 4-февралда КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Э.Бейшембиев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.А.А.Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда. маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык деңгээлде жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын линиясы боюнча иш-сапарлар менен алмашуу, Covid-19га байланыштуу Пакистандын Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистандын медициналык комиссиясынын “кара тизмесинен” чыгаруу маселелерин талкуулашкан.

КРнын элчиси Э.Бейшембиев болуп өткөн КРнын Президентинин  шайлоосунун жана мамлекеттик түзүлүш жөнүндө референдумдун жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын бекитүү, Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономикалык жана туристтик потенциалы боюнча маалымат берип, пакистандык тарапка Борбордук Азиянын, ЕАЭБдин жана ЕБтин рынокторуна товарларды өндүрүү жана экспорттоо максатында ишканаларды түзүү үчүн Кыргызстандын транзиттик жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланууну сунуш кылган.

Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жанынан “Макаров” тапанчасы жана октору алынды

Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жанынан “Макаров” тапанчасы жана октору алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун ИИББдүн криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Токмок шаарынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, анын өздүгү аныкталган.

4-февраль күнү Чүй облусунун ИИББдүн КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматы жана ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын отрядынын кызматкерлеринин катышуусунда Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда, жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу жана колго жасалган бычак алынган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, «Точка» каймана аталып, крим чөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болуп, КР ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

Маалымат катары белгилеп коюучу жагдай, кармалган жаран буга чейин тоноо, ууроо, опуза талап кылуу жана мыйзамсыз баңгизатын сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон.

Учурда Токмок шаарынын ИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштер уланууда

Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чаткал РИИБдин жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн. Алар тоголок жетим балдар менен да маектешип, алардын көйгөйлүү маселелерин жеринде талкуулашкан.

Ошондой эле кылмыштуулукту болтурбоо багытында мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилген.

“Ала-Бука жана Ноокен РИИБдеринин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аралашып, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алып жатышат. Чек арага жакын жайгашкан айыл элдери менен жолугушуулар өткөрүлүп, мал жандыктарына сак болуу керектиги жеткирилди. Ошондой эле жашы жете элек балдарды ар дайым көзөмөлдөө жана татыктуу тарбия берүү зарылдыгы белгиленди”,- деп айтылат билдирүүдө.

Каспий деңизинин жээгинде жүздөгөн тюлендер менен балыктар кырылып калды

Каспий деңизинин Түркмөнстан аймагындагы жээктеринде жүздөгөн тюлендер менен миңдеген балыктар кырылып калды. Деңиз чек ара кызматынын бир өкүлүнүн кабарлашынча, бийлик бул маалыматты жашырып жатат.

2020-жылдын аягында Каспий деңизинин Орусия аймагындагы жээгинде жүздөгөн тюлендер кырылганы айтылган.

“Деңиздин Түркмөнбашы жана Киянлы шаарларындагы жээгинде былтыр декабрдан бери тюлендердин сөөгү табылып жатат. Январь айында балыкчылардын торуна өтө көп өлгөн тюлендер түшкөн. Аны менен катар жээктерде кырылган балыктар менен куштар жатат “, -деди деңиз чек ара кызматкери.

Былтыр декабрда Орусиянын Каспий деңизинде иштеген илимий экспедиция тюлендердин кырылышына табигый факторлор себеп болушу ыктымал деген бүтүмгө келген.

Маалыматка караганда, алардан коронавирус же башка жугуштуу оору аныкталган эмес.

Каспий тюлени (Phoca caspica) Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин Кызыл китебине жана Түркмөнстандын кызыл китебине киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда бачабаздарды бычуу маселеси талкууланууда

Тажикстандын Балдар акыйкатчысы Ражабмо Хабибуллозода жумушчу топ жашы жете элек балдарга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдаштыруу маселеси талкууланып жатканын билдирди.

Ал бачабаздарды химиялык жол менен бычуу маселеси да каралганын, бирок бул боюнча азырынча чечим кабыл алына элек экенин айтты.

Былтыр декабрда Гиссар шаардык соту 12 жаштагы кызды зордуктаган кишини актаган өкүм чыгаргандан кийин педофилдерди жазалоону күчөтүүнү талап кылгандар көбөйдү. Жарандык активисттер Тажикстан президентине кайрылып, балдарды сексуалдык зомбулуктан коргоого чакырышкан. Кайрылууга 54 уюм кол койгон.

2020-жылы декабрда Гиссар шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган кишини беш жылга эркинен ажыратып, бирок дароо мунапыс менен сот залынан бошоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда активист Багдат Бактыбаев эки жылга шарттуу түрдө кесилди

Багдат Бактыбаев.

Жамбыл облусунун Шу шаардык соту жарандык активист Багдат Бактыбаевди “тыюу салынган уюмдун ишине аралашты” жана “мыйзамсыз маңзат сактады” деген айып менен эркиндигин эки жылга чектеди.

Сот 46 жаштагы активисттин “уруксат бирилбеген жыйындарга”, митингдерге, акцияларга катышуусуна тыюу салды. Ал жазасы аяктаганга чейин соцтармактарга билдирүү же комментарий да жаза албайт. Мессенжер колдонбойт. Шу районуну аймагынан чыгар алдында тиешелүү органдарга эскертүү берүүгө милдеттүү болот.

Өкүмдө эгер бул талаптар аткарылбаса, анын шарттуу жаза мөөнөтү түрмө менен алмаштырылышы мүмкүн экени жазылган.

Багдат Бактыбаев 2020-жылы 2-октябрда тыюу салынган уюмдун ишине катышуу (“Көчө партиясы”) айыбы менен кармалган.

Казакстандык укук коргоочулар Бактыбаевди саясий туткундардын тизмесине кошушкан.

Казак укук коргоочуларынын маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдө 110 киши “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” уюмдарынын ишине катышуу, экстремисттик топ түзүү же ага катышуу айыбы менен камакта отурат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ президенти Алексей Навальныйды тезинен бошотууга чакырды

Камактагы орусиялык оппозиционер Алексей Навальный токтоосуз түрдө бошотулушу керек. Бул тууралуу бейшембиде Мамлекеттик департаменттин кызматкерлери менен болгон жолугушууда АКШнын президенти Жо Байден билдирди.

Байден Москва азыр дагы америкалык демократияга зыян келтирүүгө аракет кылып жатканын айтты. “Эгер өнөктөштөрүбүз менен бирге аракет жасасак, Орусияга каршы эффективдүү каршылык көрсөтө алабыз”, – деп кошумчалады президент.

Америкалык лидер Вашингтондун эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышын жандандырууга ниеттенип жатканын да белгиледи.

Буга чейин Демократиялык жана Республикалык партиянын сенаторлор тобу “Арам ниеттүү ишмердүүлүгү үчүн Орусияны жоопко тартуу” жөнүндө мыйзам долбоорун АКШнын Конгрессине жөнөткөн. Анда оппозициячыл Алексей Навальныйдын ууланышына тиешеси бар Орусиянын аткаминерлерине жана “Новичок” уулу затын иштеп чыккандарга каршы даректүү түрдө санкция киргизүү сунушталган.

44 жаштагы Алексей Навальный – Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккандардын бири. Ал былтыр август айында Орусияда ууландырылып, эс-учу жок абалда дарыланыш үчүн Германиядагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Кийин оппозиционер «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан. Навальный жана бир нече маалымат каражаты кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, ууландыруу боюнча операцияны Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурушу мүмкүн экенин ашкерелеген.

Орусия Навальныйды ууландырууга катышы бар экенин четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню