Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Бухара шаарында көп кабаттуу үйдө газ жарылды

4-февралда Бухара шаарындагы Ислам Каримов атындагы көчөдө курулуп жаткан сегиз кабаттуу үйдө газ жарылган.

Жарылуу үчүнчү кабатта болгон, натыйжада 12 киши жабыркады.

Алардын баары ооруканага жеткирилди, айрымдарынын абалы оор.

Соттук-медициналык жана курулуш-техникалык экспертизалар дайындалды.

Бул факт боюнча “өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнү облустук прокуратура өз көзөмөлүнө алды.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Компания Green Light Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борборуна IT-жабдууларды берди

2-февралда Электрондук саламаттык сактоо борборунда Green Light тутумунун интегратору тарабынан тармактык жабдууларды акысыз өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюулду. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо  министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору Станбеков Бактияр Карыпбекович жана Green Light компаниясынын өкүлү Салават Дастан катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө алыскы региондордогу саламаттыкты сактоо мекемелерин Интернетке коопсуз туташтыруу үчүн жабдыктар COVID-19 менен күрөшүү иш-чараларынын алкагында берилип жаткандыгы айтылган.

Жабдуулардын топтомуна маршрутизатор, коммутаторлор жана кирүүгө мүмкүндүк алуу түйүнү кирет. Ошондой эле, 2020-жылы болгон пандемия учурунда компания Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына 7000 антивирус программасынын лицензиясын өткөрүп берген.

«Биз Электрондук саламаттык сактоо борборуна региондордогу саламаттыкты сактоо мекемелери үчүн коопсуз тармактык туташууну жайылтуу үчүн жабдыктарды белек кылып жатабыз.

Дарыгерлер биздин ден-соолугубузду коргоо үчүн фронтто талыкпай эмгектеништи. Ушул себептен улам, биз жана Cisco компаниялары Интернетке оңой, ишенимдүү туташтырууга мүмкүндүк берген жабдууларды кайтарымсыз негизде берип жатабыз . Бул алыскы региондордун дарыгерлеринин борбордук мекемелердеги кесиптештери менен өз ара байланышын жакшыртууга жардам берет деп ишенебиз», – деген Green Light компаниясынын өкүлү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору белекке берилген шаймандар үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Маалымдама:

Green Light –  бул уюмдарда IT инфраструктураны комплекстүү куруу, оптималдаштыруу жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча IT-компания . Компания Cisco Systems жогорку технологиялуу продукцияларды өндүрүүчүнүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы расмий өнөктөшү.

Премьер-министр Улукбек Марипов: ЕАЭБ санариптик мейкиндигин түзүү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга дем берүү керек

Евразия экономикалык биримдигинин санариптик мейкиндигин түзүү үчүн бул багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга дем берүү керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов «Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок» санариптик форумунун жалпы сессиясынын жүрүшүндө билдиргенин бүгүн, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Албетте, Биримдиктин ар бир өлкөсү санариптик трансформацияда белгилүү натыйжаларга жетишти. Ага карабастан товарлардын эркин жүрүшүн, транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү, экспортту, жарандардын эркин жүрүүсүн камсыздоо милдеттерин чечүү үчүн интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган санариптик демилгелерди колдоого алуу зарыл. Эл аралык кызматташууга карай муктаждык киберкоопсуздук жана персоналдык маалыматтарды коргоо маселеси жаралгандыгына байланыштуу көбүрөөк пайда болууда. Киберкоопсуздук маселесин киберкоркунучтардын глобалдуу, трансулуттук мүнөзүн эске алуу менен чечүү зарыл. Ошондой эле санариптик рыноктор индустриясынын, Евразия экономикалык комиссиясынын жана интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн пикир алышуусу үчүн туруктуу аянтчаны уюштуруу максатка ылайык келет», – деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы тараптан бизнести өнүктүрүү, ошондой эле санариптик технологияларды ишке киргизүү менен жарандардын жашоо ыңгайлуулугу  үчүн шарт түзүү жана ачык санариптик коом уюштуруу боюнча активдүү чаралар кабыл алынууда.

«Экономиканын бардык тармактарын санариптик трансформациялоонун улуттук чөйрөсүн түзүү боюнча конкреттүү кадамдар жасалган. Ал үчүн тийиштүү ченемдик укуктук база иштелип чыккан. Салык жана бажы органдарын санариптик трансформациялоо, мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүү жана мамлекеттик башкаруунун санариптик технологиясын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө биз билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын кошо алганда,  социалдык блокко басым жасоо менен базалык маалыматтык чөйрөнү курдук, ал COVID-19 пандемиясы учурунда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Алдыда санариптик технологияларды кеңири ишке киргизүү боюнча чоң пландар бар. Санариптик технологиялардын жетишкендиктерин толук кандуу пайдалануу саясаттын маанилүү элементи катары, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн улуттук приоритеттеринде камтылган», – деп белгиледи Премьер-министр.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов форумда көтөрүлгөн бардык демилгелер ишке ашырылып, биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пайдубалын чыңдоого жана биргелешкен максатка жетүүгө өбөлгө түзүлөөрүнө ишеним билдирди.

Нарын облусунда жер титирөө катталды

Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 4-февраль күнү саат 20:59да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 балл, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген.

Ал эми жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Ош-Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти

Ош-Бишкек унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу 4-февралда КР ӨКМдин басма сөз кызмаыт билдирди.

Маалыматка караганда, 3-февралы күнү саат 17.15 чамасында Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Сузак районунун Топурак-Бел участкасында Ош-Бишкек унаа жолунун 562 км оор жүк ташуучу автоунаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Өрт жөнүндө кабар түшөөр замат өрт болгон жерге Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн №65 ӨК-КБнөн 1 бөлүмү саат 17:17де чыгып, өрт болгон жерге саат 17.30 мүнөттө жетип келип, өрттү өчүрүүгө киришкен. Өрт өчүрүү учурунда күйүп жаткан автоунаа күйүүчү май ташуучу автоунаа (бензовоз) экендиги такталып, күйүп жаткан кабинасы тарабынан цистерна тарабына өрттүн өтүп кетпөөсү боюнча чаралар көрүлүп, ыкчам аракеттердин натыйжасында саат 17:37де өрттүн башка жактарга таркоосуна бөгөт коюлуп толугу менен саат 17:59да өчүрүлүп, 37 тонна АИ-92 бензини сакталып калынган.

Учурда Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген материалдык зыян такталууда.

Премьер-министр Улукбек Марипов Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумуна катышуу алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгун, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз-ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчылар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Никол Пашинян өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Сокулук районунда ишканага кирип, кабелдерди уурдап кеткен шектүүлөр кармалды

Сокулук районунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айында Шопоков шаарындагы ишканалардын биринин өкүлү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 22-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр ишканага киришип, кабелдерин уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 27 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулүк РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудага кылмышка шектелип, 20 жаштагы Б.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар кармалган.

Кармалган балдар уурдалган кабелдерди базарлардын бирине сатып жибергени аныкталган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын жагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

«Кыргыз Республикасы өз-ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан Республикасы менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз», – деди Улукбек Марипов.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.

«Өзбекстан Республикасынын Президенти башында турган өзбек тарап кыргыз элин ар кандай башталышта колдоого алаарын жана эки элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бардык долбоорлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ишенимдүү түрдө билдире алам», – деди ал.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча ишти активдештирүү жана күчтөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Өзбек тарап ошондой эле Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди тийиштүү көлөмдө ташууну уюштурууга даярдыгы тууралуу билдирди.

Жолугушуу соңунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Президентине Өзбекстан Республикасына сапар менен келүү чакырыгын берди.

УКМК: Чет элдик жалданмачы кармалды

Чет элдик жалданмачы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-февралда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн куралдуу кагылышуу аймактарга адамдарды жөнөтүү каналдардын токтотууга багытталган контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасы тараптан жасалма документтерди колдонуу менен Бишкек аэропорту аркылуу учууга аракет кылган, чет элдин жараны «У.Х.» кармалган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Өзгөндө милиция кызматкери көпүрөдөн асынып жанын кыймакчы болгон жаранды сактап калды

Өзгөн районунда милиция кызматкери  жарандын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-февраль күнү саат 11:45 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө, Өзгөн РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын ага лейтенанты А.Алиев өзүнүн жарандарга таркаткан визиткасы боюнча уюлдук телефонуна 0777ххххх34 сандуу номерин колдонгон жаран чалып, Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылынын Кара-Дарыя көпүрөсүндө, белгисиз атуул жипке асынып өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы жөнүндө кабарлагандыгын билдирген.

Ошол замат милициянын участкалык уполномоченныйы А.Алиев окуя болгон Шералы айылынын Кара-Дарыя көпүрөсүнө ыкчам жетип барган. Барган учурда өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Шералы айылынын тургуну, 40 жаштагы жаран К.К.З аркан жипке моюнунан асылып турган абалда турганын көрүп, тездик менен аркан жипти чыгарып алгачкы медициналык жардам көрсөткөндүгүнүн натыйжасында, ал адам тирүү калган.

Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бул жаран эмне себептен ошондой кадамга баргандыгын тактоо боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Жабырлануучу учурда Өзгөн шаарындагы  бейтапканада дарыланууда. Абалы жакшы.

Меню