Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Айжан Садыркуловага Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу жүктөлдү

Айжан Садыркуловага Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Садыркулова Айжан Медетовнага анын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруу жүктөлдү.

Премьер-министр Улукбек Марипов Беларусь Өкмөтүнүн башчысы Роман Головченко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу алкагында Өкмөт башчылар ар-кыл тармактагы кыргыз-белорус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эл кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар жакынкы арада Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана Ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.

Өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 88 учуру аныкталды

Бүгүн, 5-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 88 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 33, Чүй облусунан – 28, Ысык-Көл облусунан – 10, Ош облусунан – 8, Жалал-Абад – 2, Ош шаары – 2, Талас облусу- 2, Нарын облусунан – 3 учур катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 84 920 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 110 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 81 440 жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 50, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 22, Ош облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 3, Талас облусунан – 1, Баткен облусунан – 1, Нарын облусунан – 1.

Легендарлуу өзбек бийчиси америкалыктарга «Лазги» бийин үйрөтүүдө

«Лазги» бийи

Байыркы «Лазги» бийи тууралуу китептин автору, окумуштуу, бийчи жана Өзбекстандын эл артисти Гавхар Матякубова америкалык студенттерге хореография боюнча онлайн-сабактарды өтүүдө.

74 жаштагы бийчинин айтымында, ага АКШдагы жана Жапониядагы искусство сүйүүчү студенттер кайрылып, «Лазги» бийин үйрөтүүнү өтүнүшкөн.

– Аларга бир нече айдан бери бий сабактарын өтүп жатам. Айткандарымды окуучуларым англис тилине которуп берип турушат, — деди ал.

Гавхар Матякубова 1967-жылы «Комилжон Отаниёзов ырдайт» аттуу тасмада «Лазги» бийлеп, бир күндө эле Борбор Азиянын жылдыз бийчисине айланган. Ал бийдин бул түрү тууралуу илимий макала жазып, илимий даражага ээ болгон Өзбекстандагы жалгыз бийчи.

2020-жылы мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Хорезмде «Лазги» академиясын ачууну жана эки жылда бир жолу Хива шаарында «Лазги» бийинин эл аралык фестивалын өткөрүп турууну сунуштаган.

Исламга чейинки доордо Хорезмде пайда болгон байыркы «Лазги» бийи ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.

https://rus.ozodlik.org/a/31086734.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Айыл чарбасын каржылоо - 9» долбоорун ишке ашыруу башталды

«Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоорун ишке ашыруу башталды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Аталган чечим жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъекттерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынган.

Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү саналат.

Долбоор алкагында тармактарга жараша, жылына 6%,8% жана 10% өлчөмүндөгү пайдалуу коюмдар менен 60 айга чейинки насыя мөөнөтү каралган:

– Мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык 10% үстөк;

– Долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалык субъектилер үчүн жылдык 8% үстөк:

– өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы төмөнкү чарба субъектилери үчүн:

1) сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу;

2) күнөскана чарбалары;

3) интенсивдүү багбанчылык;

4) органикалык айыл чарба өндүрүшү.

– кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына 6% үстөк каралган.

Түркмөнстандыктар вакцина алуу үчүн электрондук медициналык китепчелерди ача башташты

Түркмөнстандын Лебап облусунун тургундары коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү үчүн шашылыш түрдө электрондук медициналык китепчелерди ачып жатышат. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, медициналык китепчелер үчүн иштеп жаткан жарандардын маянасынын 3% кармап калышууда. Пенсионерлер менен ишсиз тургундар банк аркылуу 15 манаттан (расмий курс боюнча 4,2 доллар) төлөшү керек болот. Ошол эле маалда жашоочуларга медициналык китепчеси жоктор эмделбей турганы эскертилүүдө.

Өз булактардын маалыматына караганда, Лебап облусунда эмдөө иштери кийинки жумада тармактык жетекчилердин жана облус башчылардын катышуусунда өтө турган өкмөттүн кеңейтилген жыйынынан кийин башталат.

3-февралда Ашхабад шаарындагы медицина кызматкерлери Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмделе баштаган. Буга чейин Түркмөнстан бул вакцина менен калкты жапырт эмдөөнү 15-февралда баштайт деп күтүлүп жатканы кабарланган. Ага даярдык көрүүнүн алкагында милдеттүү түрдө эмделиши керек болгон жарандардын тизмеси түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн улгайгандар, медиктер жана өнөкөт оорулары бар жарандар түзгөн.

18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.

Түркмөнстан аймагында коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий каттала элек дүйнөдөгү онго жакын өлкөнүн бири. Ошол эле маалда расмий Ашхабад илдеттин жайылуусунун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан Freedom House уюмунун «трансулуттук кылмыштар» тууралуу баяндамасына кирди

Дүйнөдө ондогон өлкөнүн бийлиги сыртка чыгып кеткен жарандарын куугунтуктап, зордук-зомбулук көрсөтөт. Бул тууралуу Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун «трансулуттук кылмыштар» тууралуу баяндамасында айтылат.

Анда Кытай, Түркия, Руанда, Сауд Арабиясы, Орусия жана Иран жөнүндө кеңири жазылган. Эксперттердин пикиринде, бул өлкөлөр «трансулуттук кылмыштарды көбүрөөк жасаган» өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турушат.

Баяндамада Казакстан жөнүндө да айтылып, бул өлкө сыртка чыгып кеткен жарандарын, анын ичинде бозгунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязовду (мекенинде ири суммада акча кымырууга айыпталган) жана анын жакын санаалаштарын куугунтукка алганы белгиленген. Мисал катары 2013-жылы саясатчынын аялы менен эрезеге жете элек кызынын Италиядан күч менен Казакстанга жеткирилгени жазылган. Аларга алты айдан кийин гана өлкөдөн чыгууга уруксат берилген.

Баяндамада ошондой эле казак бийлигинин өтүнүчү менен блогер Муратбек Тунгишбаевдин Бишкекте кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилгени белгиленген. Ага мекенинде «экстремисттик» уюм катары тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына тиешеси бар деген айып тагылган. Ошол эле маалда Европарламенттин 2019-жылдагы резоюциясында бул кыймыл «тынч оппозициялык уюм» катары мүнөздөлгөн.

Мындан тышкары баяндаманын авторлору Казакстанда Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар кармалганын белгилешкен.

Былтыр Кытайдан келген шинжаңдык бир нече казак Казакстанда убактылуу качкын макамын алган. Алардын Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу ачык айтып чыккан экөө өткөн айда Казакстанда кол салууга кабылышкан.

Freedom House уюму 2014-жылдан бери кеминде 79 өлкөдө 608 «трансулуттук репрессияны» каттаган. Анын ичинде сыртка чыгып кеткен адамдарды өлтүрүү, уурдоо, кол салуу, камакка алуу жана мыйзамсыз депортация сыяктуу кылмыштар бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: «Babilon-Mobile» операторунун абоненттерине белгисиз чет элдик номурлардан чалуулар болду

Тажикстанда «Babilon-Mobile» компаниясынын ондогон абоненти 4-февраль күнү эртең менен белгисиз чет өлкөлүк номурлардан чалуулар болгонун билдиришти.

Алардын айтымында, таңкы саат үчтөн онго чейин чет өлкөдөн «+448», «+336» жана «+370» коддору менен чоочун номурлардан телефон чалышкан.

«Babilon-Mobile» компаниясынын басма сөз кызматы оператордун дээрлик бардык абоненттерине мындай чалуулар келгенин билдирди.

«Буга компаниянын эч кандай тиешеси жок. Ал «спам», абоненттер чалууларды кабыл алып, СМС аркылуу же кайра чалып жооп бербеши керек», — деп эскертти компания.

Адистердин айтымында, абоненттер мындай чалууларды кабыл алып же кайра жооп берген учурларда үч секунддун ичинде эле балансындагы акчасын жоготуп алышы мүмкүн. Мындан тышкары алдамчылар телефон ээсинин кредиттик карталары тууралуу бардык маалыматтарды жана сакталган номурларды көчүрүп алышы ыктымал.

Ал ортодо «Babilon-Mobile» компаниясынын абоненттери телефон номурлары кантип белгисиз адамдардын колунда болуп калганына түшүнбөй, тынчсызданууларын билдирүүдө.

Тажикстанда жарандарга «Babilоn», «Tcell», «Мегафон Тажикстан» жана «Билайн» компаниялары мобилдик байланыш кызматын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү активдүү сим-карталардын саны 5,5 миллионго жетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Батукаев иши: Атамбаев 7-апрелге чейин камакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карады.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдиргендей, сот мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Анын камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узартты.

Адвокаттар Алмазбек Атамбаев бир жыл төрт айдан бери тергөө абагында отургандыктан жана саламаттыгына байланыштуу аны бошотуу же үй камагына чыгаруу керек деп эсептешет. Алар мыйзам боюнча шектүү тергөө абагында бир жыл гана кармалууга тийиш деген жүйө келтирип жатышат.

Бул иште Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Атамбаев жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Мындан тышкары мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштердин баары бириктирилип, учурда сотто каралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте мектептерди ачууну талап кылган акция өттү

4-февралда Бишкек мэриясынын алдына чогулган 20дай киши мамлекеттик мектептерди, бала бакчаларды ачууну талап кылышты.

Алар Кыргызстандын башка аймактарында мектептер, башкалаада базарлар жана соода борборлору кадимкидей тартипте иштеп жаткан учурда онлайн окуу уланып жатканына нааразылык билдиришти.

Чогулгандардын алдына чыккан вице-мэр Айжан Чыныбаева башкалаада мамлекеттик мектептер менен бала бакчалардын ачылбай жатышынын себебин коронавирустун жайылышынын алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.

Анын айтымында, аймактарга салыштырмалуу Бишкектин мектептеринде окуучулар өтө көп. Мындан улам вирустун жайылып кетүү коркунучу күч. Чыныбаева ата-энелер арасында балдарына коронавирус жугат деп кооптонгондор да көп экенин билдирди:

“Бишкекте 200 миңге жакын окуучу бар. Мектептер 211 пайызга толуп калган. Ооба, соода борборлору ачык, бирок ал жакка бир учурда 200 миң адам барбайт”, – деди Чыныбаева.

Бишкекте 18-январдан бери 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары мектепте билим алып жатышат.

Мэрия калган класстар да мектептерде окууга өтөрүн пландаган. Эпидемиологиялык абалдан улам 30-январда аларды кадимки тартипте окууга өткөрүү убактысы кийинкиге жылган.

24-январда борбор шаардагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню