Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Ала-Букада 14-февраль - ыйык Валентин күнү 18 жаштагы кызды үйгө камап, күч колдонуп зордуктаган 23 жаштагы жигит кармалды

Ала-Бука районунда 18 жаштагы  кыз милицияга арыз менен кайрылды. Анткени ал ушул айдын 14-февраль  күнү болжол менен саат 16:00 чамасында тааныш бала  тарабынан  зордукталганын билдирген.

Бул окуя боюнча кыздын арызы Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, ыкчам иликтөө иштердин натыйжасында зордуктаган жарандын өздүгү аныкталып, РИИБнун убактылуу кармоочуу жайына киргизилди.

Ал 1993-жылы туулган Ала-Бука районун тургуну экендиги аныкталды. Шектүү жигит, кызды Баястан айылындагы  бир үйгө алып барып, үйгө камап, күч колдонуп кызды зордуктап койгон.

Ак үйдөгү “шоопурдун” эшик ырчы гезити же “Фас” дегенде бир орунда тура албаган “Тайгандарына” жооп

“ПолитКлиника” гезитиндеги  Акбата Чырпыков деген менин дарегиме сын айтып жаткан  соң жооп берүү менин милдетим. Ал балабы, жоолук салынган кызбы кызыгы деле жок. Гезиттин журналистти деп жазууга колум  барбады. Гезиттин паспортунда Чырпыков деген фамилиянын “Ч” деген тамгасы да жок. Андыктан анын жообун Ак үйдүн жетинчи кабатынан, ажонун маалымат кызматынан  жазылган жооп катары кабыл алам.  Анткени, ал жигит убагында Бакиевдин чыныгы басма сөз жоокери болгон. “Кандектерге” жооп деп өткөн жумада дагы менин макалам боюнча жазган сынына жооп бергем. Ошол жообума ал дагы өз жообун узатыптыр. Жооп болорун күткөм. Анткени, менин президент Атамбаев жана бүгүнкү система тууралуу жазганым анын “шефтеринин” талуу жерине тийе турган. “Чын чычалайт” деп коёт кыргызда. Чындыкты айтса чычалаган Чырпыковго менин жообум.

Чала сабаттардын түшүнүгү пайда болду, бийликтин жакшы иштерин жазгандарды кошоматчы , кол алдындагы журналисти катары саноо деп жообуңду жакшы баштаптырсың. Эгер бийлик эл үчүн алгылыктуу иштерди жасап жатса журналист аны мыкты деп айтышы керек. Бирок, кемчилигин көрүп туруп, аны өз учурунда айта албай, айткан кишини “өткөндүн калдыгы” деп сындоо чыныгы чала сабатсыздык Чырпыков. Менин макаламды негизсиз жазылган макала деп, берген жообго буту күйгөн тооктой “чукулуктап” жиберди дептирсиң. Мен жазган макала биринчиден сен тууралуу жазылган эмес. Экинчиден, буту күйгөн тооктой болуп мен чукулуктап жибербей, сен өзүң пок чукуп жеген, күрп болгон тооктой биринчи чукулуктап, чындыкка чычалап чыкпадыңбы.  Менин макалама негизсиз деп сен баа бере албайсың! Экөөбүздүн кимибиз чындыкты айтып жатканыбызды эл гана баалайт. Мени Бакиевчил деп “өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү таптакыр көрө албай жатсаң, анда же ал көздөрдү Бакиевдер тараптан келаткан акчалар тосуп калган, же таптакыр эле көрө билүү деген түшүнүгүң жок” деп айтыпсың. Өткөн жообумда да айткам азыр да кайталайын “Бакиевге терең ыраазымын…” деген сөздү мен эмес, бүгүн өлкөнү башкарып жаткан, сен чаң жугузбай мактаган, Ак үй алдында окко учкан балдардын арбактарынан коркпогон Алмазбек Атамбаев өз оозу менен айткан. Буга да ишенбесең 2007-жылы ноябрь айындагы КТРК, “Кыргыз Туусу” гезиттеринин архивин аңтарып көр. Менин көзүмдү Бакиевдер тараптан келаткан акчалар тосуп жаткан болсо, ошол акчаларды сен өзүң өз колуң менен мага алып келип бердиң беле? Алып келип жүргөн адамдай жазыптырсың. Эртең сен акча берген деген Бакиевдер далилдеп бер десе, кайсыл далилиңди алып барасың? Мен сага окшоп Бакиевди да, Атамбаевди да мактаган эмесмин. Ошол макаламды көзүңдү чоң ачып дагы бир жолу окуп чыксаң аңдаарсың. Өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү эгер мен эле көрбөй жатсам, кайсыл өзгөрүү болгонун санап бербейт белең! Ал тууралуу эки ооз сөз да жараганга жарабаптырсың го. Эгер чоң өзгөрүү болуп жатса эл эмне үчүн пикет, митингдерди өткөрүп жатат? Жыргал жашоодон зериккениненби Чырпыков? Казынага акча батпай кеткен болсо, карапайым калкты кыйнап, Өкмөт электр энергиясынын баасын көтөрөт беле? Ушул сен айткан өзгөрүү! А балким, Дилбарка айым, Ак үйгө кошомат кылбай, мен жазган макалага терикпей, чычалабай, Баткендин толуп жаткан проблемаларын көтөрүп чыксаң, элдин үнүн сиз жетектеп жаткан гезит аркылуу үнүн угузсаңыз пайдалуу болмок.

Президент шайлоого аралашкан эмес деп ал кишини актаганга катуу аракет жасапсың. Муну менен “ыргытылган жиликти” актоого жасаган кудуретиң деп түшүндүм. Шайлоо учурунда эл менен жолукканда ажо кандай сөздөрдү сүйлөгөнүн жакшы билээрсиң. Ошол айткандарын “жиликти” жеп бүткүчө дагы бир сыйра карап чык. Кайсыл партиялар, кимдер тууралуу сөз болгонун анализдейсиң. Мен сага окшоп курулай сөздөр менен жооп кайтарбагам. Президенттин партияларга  “добро” бергенин экс-депутаттын айтканын мисал кылып келтиргем. Бул факты эмей эмине? Дагы сага кандай фактыны айтыш керек?  Президентти мактап жүрүп жардан алыс түртчүлөр мага окшогондор эмес, сага окшоп “оту менен кирип, күлү менен чыккандар”.

Сөз эркиндиги тууралуу сөз кылып, “Вечерканын” мурунку ээси чындыкка жеткенин, мен ал иштин чоо-жайын билбеген кишидей иликтеп алуумду өтүнүпсүң. Эгер “Вечерканын” мурунку ээси чындык таппай жүргөн болсо, ошол учурда анын таламын неге талашып чыкпадың? Же сен ким майлуу жерди ээлегендерди гана мактаган адамсыңбы? “Дайырбек Орунбековду журналистика журтчулугу журналист катары эмес,  “беш өрдөкчү” катары эсептешет” деп кайсыл журналисттердин атынан жазып жатасың байболгур! Ак үйдүн “жугундукору”, “эшик ырчысы” болбосоң сүрөтүң менен “ПолитКлиника” гезитине чыгып койчу. Жүзүн ачкан Гүлчөтөй болуп. Кошоматчы жүзүңдү эл көрсүн. Дайырбекти “беш өрдөкчү” деп атайт экенсиң, сени ким деп айтабыз анда? Сага окшогондор кыргыз журналистикасынын түбүнө жете турган болду. Уран Ботобековду Түркияга өзү качып кетти, эгер бийлик кааласа 2-3 сааттын ичинде алып келип коёт деп мактаныпсың. Уран Ботобеков жүргөн Түркияда Ош окуясынын негизги күнөөкөрү Кадыржан Батыров да жүрөт. Бийлик аны неге 2-3 сааттын ичинде алып келе албайт андай болсо? Өлөт деп чыгарып жиберген Азиз Батукаев андан да жакын жерде эркиндикте жүрөт. Аны неге алып келе албайт? Буларга да жооп даярбы Дилбар Чырпыкова

Жообуңдун аягында “Наралы мырзанын макаласы баштан-аяк эле Бакиевдин дооруна кусалык артылгандай жазылыптыр. Кыязы ал үчүн канкор Бакиевдин бийлиги өз элинин канын суудай агызганы эч кандай эсепке алынбай турган окуя окшойт” депсиң. Кургурум ай, Бакиевдин кеткенине 6 жыл болду. Аны сен менен сенин шефтериң эле унута албай койдуңар. Арт жагыңардан катуу жел чыгып же ичиңер өтүп кетсе да Бакиевден көрөт окшойсуңар. Бакиевдин дооруна кусалык арткыдай мен ал кезде министр, премьер-министр болбогом. “Алтын киши турбайбы” деп мактаганда эмесмин.  Бакиевдин тушунда студент болсом да саясаттын туура эместигин сындагам. Сага окшоп ал кезде коюу чырпыктын арасында жашынып жатпагам. Эгер сен ачуу чындыкты айкың келсе, ошол учурда Бакиевге неге сын айткан эмессиң?  Мен апрель окуясында канын төккөн азаматтардын ой-максаты качан аткарылат деп күйүп жатам. 6 жылдан бери бул окуяга чекит коюлбай, ким күнөөлүү экенин эл билбей олтурбайбы. Же муну дагы Бакиев Минскиде олтуруп алып чечип атабы?  Атамбаев жаш балдардын каны менен келгенден кийин ошол азаматтардын ой-тилегин аткаруу үчүн күнү-түнү Ак үйдө жатып алып иштеши керек болчу. Ошондо гана Кыргызстанда өзгөрүү болмок. Атамбаев не кылды? Түшкө жакын Манас проспектисинде МАИ кызматкерлеринин коштоосу менен жумуш деп нары-бери чапкылып жүргөн унаалардын митингги кылып ишке келет. Ушул сен үчүн өлкөдөгү өзгөрүүбү? Мен кээ бир журналист кыздарга окшоп, президентти мактай коюп, анын колунан сыйлык алгым келбейт. Эл каатчылыктан кыйналып турганын көрүп туруп, сага окшоп жыргал жашоо биздин өлкөдө, “Жашасын биздин президент” деп ырдабайм. Ага адамдык абийир да жол бербейт. Эл арасында Дилбарды атактуу “ШУМАХЕРДИН” өрүкзаарда чоңойгон карындашы деп билишет экен. Заказ макала жаза бербей элдин көйгөйүн жазсаңар, чындыкты жооп жаздырып жатканга аргасыз кылып жаткандарга жеткизсеңер элдин АК БАТАсын аласыңар. Президент да, “шоопур” да бир күнү кызматтан кетет. “Фас!” деген кожоюндун буйругун күтүп олтура бербей элди ойлогулачы. Болбосо ээси таштап кеткен “кандекке” окшоп көчөдө каласыңар…

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Кыргызстанда орусиялык пропаганданын таасири жогору бойдон калууда

Кыргызстанда орусиялык пропаганда дале жогору болууда. Бул тууралуу “Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби” уюму тараткан билдирүүдө айтылат.

Аталган уюм былтыр Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарында дискриминация жана душмандашуу тили канчалык колдонулганын изилдеп чыккан. Жыйынтыгында ксенофобия, исламофобия жана гомофобия сыяктуу көрүнүштөр мурдагыга караганда көбүрөөк байкала баштады, орус пропагандасы күчөөдө, социалдык түйүндөрдө агрессия көбөйдү деген тыянакка келген.

Ошол эле учурда, уюмдун пикиринде, орусиялык пропаганданын таасири жогору бойдон калып жатканына кабарастан жергиликтүү журналисттер жана колдонуучулар аудиторияга альтернативдүү маалыматты көбүрөөк берүүгө аракеттенип жатат.

Исламдан коркуу маанайынын себеби катары Сириядагы согушка азгыруу учурлары көбөйгөнү аталууда. Ал эми гомофобия кумсалар тууралуу маалыматты жайылтууга каршы мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талкуулардан улам күчөгөнү айтылды.

Булак: centralasian

Жалал-Абадда ишкерлерге кайра байланыш мезанизми түшүндүрүлүүдө

Бизнес менен мамлекеттик инспекциянын ортосундагы кайра байланышуу инструменти мамлекеттик инспекция тарабынан текшерүүдөн өтүшкөн ишкерлерди жашыруун интернеттик анкеталоонун аркасында ишке ашырылган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын статс-катчысы Таалайбек Асылбеков кечээ, 16-январда Жалал-Абад областтык админстрациясында ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Мамэкотехинспекциянын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын жогорулатуу жана Мамэкотехинспекциянын бизнес менен иштөөсүнүн объективдүү баасын алуу максатында ишкерлер менен кайра байланышуунун автоматташтырылган механизмин иштеп чыкты.

«Кайсы бир кызматтын иштөөсүн, кандай кызмат көсөтүп жатканына баа берип, алар жөнүндө анкетада маалымат толтуруу аркылуу билип, жана ал мекемеге жалпы жонунан текшерүү жүргүзүлөт. Алардын жакшы кырмат көрсөтүүсүнө аракет жасалып, окутуулар жүргүзүлөт. Ошондуктан ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, “кайра байланыш механизми” түшүндүрүлүүдө”,-дейт Т.Асылбеков.

Түркия Сирияда эл аралык операция жүргүзүүгө чакырды

Түркия эл аралык шериктештерин Сирияда чогуу кургактагы операция жүргүзүүгө чакырганын 16-февралда Стамбулда түрк бийлигинин жогорку даражалуу өкүлү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Анкара Сирияда бир тараптуу аскерий иш-чараларды жүргүзбөйт, бирок жердеги операциясыз бул өлкөдөгү согушту токтотуу мүмкүн эмес.

Түрк өкмөтү беш жылга созулган согушту токтотууда Сирия президенти Башар Асадды бийликтен четтетүү – зарыл шарттардын бири деп эсептейт. Орусия менен Иран буга каршы.

Иран шейшембиде Дамасктын уруксатысыз өлкөгө сырттан кандайдыр бир аскер бөлүктөрү киргизилиши эл аралык эрежелерди бузарын эскертти. Сауд Арабия болсо “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы кургактагы операцияга катышуу үчүн Сирияга атайын даярдыктагы аскерлерин жиберүүгө даяр экенин айтты.

Акыркы күндөрү Орусиянын Башар Асадды колдогон аба соккуларынан аймактагы кырдаал курчуп кетти. Анкара Москванын бул кадамын “чектен ашкан мыкаачылык” деп баалады.

БУУ өкүлдөрү дүйшөмбүдө Сирия түндүгүндөгү беш медициналык мекеме менен эки мектепке урулган аба соккуларынан элүү чакты жайкын тургун ажал тапканын, арасында балдар да бар экенин ырастады. Кремль аны “негизсиз айыптоолор” деп, ооруканаларды бомбалаганын четке кагууда.
Булак: centralasian

Фото - Жалал-Абадда саламаттык сактоо мекемелери сатылып кеткен

Жалал-Абад шаарында жайгашкан саламаттык сактоо мекемелеринин имараттары сатылып же шаардык муниципалдык башкармалыгына өтүп кеткен. Бул тууралуу областтык саламаттык сактоо координатору Маматжан Миянов билдирди.

Анын айтымында, шаардык муниципалдык башкармалыгына өтүп кеткен, сатылып кеткен имараттарда бүгүнкү күндө мамлекеттик ишканалар менен менчик ишканалар жайгашкан.

“Жалал-Абад шаардык №2 балдар поликлиникасы (Ж.Бакиев көчөсү) 2001-жылы Ооган согушунун фондуна өткөрүлүп берилген. Чехов көчөсүндө жайгашкан шаардык тиш дарылоо мекемеси областтык мамлекеттик мүлк агентствосу тарабынан аукцион аркылуу менчик “Азиз табак” фирмасына 2004-жылы сатылып кеткен. Мурдагы областтык төрөт үйү (Исакулов көчөсү) 2001-жылы шаардык муниципалдык башкармалыгына өтүп кеткен. Бүгүнкү күндө бул жерде областтык реподуктивдик саламаттык борбору, областтык соттук-медициналык борбору жайгашкан. Ошондой эле мындан сыткары шаардык кургак учукка каршы диспансеринин имараты 2001-жылы шаардык муниципалдык башкармалыгына өтүп кеткен”,-дейт М.Миянов.

ЖА минздрав2

ЖА минздрав3

ЖА минздрав

ЖА минздрав4

Бүгүн, 17-февралда, КР Жогорку Сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү

Бүгүн, 17-февралда КР Жогорку Сотунун пленумунун отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын, Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясынын төрагасы К. Эсенкановдун, жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Ф. Жамашеванын, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы А. Базаралиеванын соттук коллегиялардын 2015-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча маалыматтары угузулду.

Каралган иштердин саны

2015-жылы каралган иштердин саны 2014-жылга салыштырмалуу 1-инстанциядагы соттордо 4,9%га, 2-инстанциядагы соттордо 3,1%га азайган, ал эми көзөмөл инстанциядагы сотто тескерисинче 1,6%га көбөйгөн. Бирок сот адилеттигин жүзөгө ашыруу биздин конституциялык негизги милдетибиз болгондуктан, биз каралган иштердин санына эмес сапатына көңүл буруубуз зарыл.

Пленумда белгилүү болгондой жергиликтүү соттор тарабынан 2015-жылы каралган иштердин сапаты төмөндөгүдөй:

Каралган иштердин сапаты

2015-жылы 1-инстанциядагы соттор тарабынан кабыл алынган соттук актылардын сапаты 2014-жылга салыштырмалуу 3,6%га, ал эми 2-инстанциядагы соттордуку 2,9%га жакшырган.

– Баткен областтык сотунда 25,9%га;

– Талас областтык сотунда 10,2%га;

– Ысык-Көл облаттык сотунда 6,6%га;

– Аскер сотунда 4,9%га;

– Ош областтык сотунда 2,8%га;

– Жалал-Абад областтык сотунда 1,7%га;

– Бишкек шаардык сотунда 1%га;

– Чүй областтык сотунда 0,4%га жакшырган.

Кыргыз Фемида башчысы Айнаш Токбаева бул көрсөткүчтү мындан ары да жакшыртуу керектигин белгиледи.

Ал эми Нарын областтык сотунда тескерисинче 1,3%га иш кароо сапаты начарлаган.

Өлкөбүздө болуп жаткан сот тутумун реформалоонун натыйжасында судьялар корпусунун жалпы курамы жаңыланууда жана аны менен бирге арабызды жаш судьялар толукташууда. Бүгүнкү күнгө жергиликтүү соттордун жалпы курамынын 72,3% же 290ну жаңыртылып, алардын ичинен 49% же 142си судьялык кызматка биринчи жолу дайындалып жатышат.

Албетте жаш судьялар кесиптик билимин жогорулатууга жана жетиштүү тажрыйба алууга муктаж. Сот актылары мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкаттуу болушу үчүн жаңы дайындалган судьялардын кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору тийиштүү иш-чараларды күчөтүү менен жыйнактуу программаларды кеңейтип, соттук тажрыйбага байланышкан ар тараптуу окутуу, машыгууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүшү керек.

Буга кошумча, Төрайым сот тутумунда соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатууга жетишкен судьялар да аз эместиги менен бирге, мындай тажрыйбалуу судьялар ишти кароодо гана башкаларга үлгү болбостон, коомчулуктун сотторго, жалпы сот тутумуна болгон ишенимин арттырууда да жол көрсөтүүлөрүн белгиледи.

Пленумдун отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Илимий-консультациялык Кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун сыйлыктары жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун токтомдору кабыл алынды.

Эртең Жалал-Абад шаарынын мэри элге отчет берет

Эртең, 18-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында коомдук угуулар уюштурулуп, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов 2015-жылы аткарылган иштер боюнча шаардыктарга отчёт берет. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматтарга караганда, шаар башчысы 2015-жылы шаардагы аткарылган иштер боюнча кеңири отчёт берүү менен бирге 2016-жылга сунуш кылынып жаткан шаар бюджетинин долбоору жана аткарыла турган иштер тууралуу да кеңири кеп козгойт.

Эске сала кетсек, шаардыктардын алдында шаар башчысынын отчёту коомдук угууларда каралып, эл сынына коюлушу салтка айланган. Шаардагы ар кандай маанилүү маселелер коомдук угууларда талкууланып, элдин сунуш-пикирлерин эске алуу менен чечим кабыл алынат жана ишке ашырылат, деп билдиришет мэриядан.

Меню