Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Фотобаян - Сузакта диний экстремизм жана терроризмге каршы кеңешме жыйын өттү

Бүгүн, 16-февралда Сузак районунда диний экстремиз жана терроризмге каршы кеңейтилген кеңешме жыйын болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Кеңешме жыйыныдын ишине областтык укук коргоо органдарынын башчылары менен орун басарлары, Сузак районунун айыл аймагынын башчылары, мечиттердин имамдары, айыл аймагынын аксакалдары, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын ишине КРнын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Бөрүмухамед Эсенов, өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов катышты. Кеңешме жыйындын ишин Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов алып барды. Кеңешме жыйында диний экстремиз менен терроризмге каршы күрөшүү жана ар кандай тура эмес үгүт-насааттарга азгырылбоо, элдин пейили менен ыйманын тазартуу жаатында кенен сөз болду.

– Кыргызстанда адам укуктары ар тараптан сакталуу менен жарандарга дин тутуу эркиндиги толук берилген. Элибизде негизинен салттуу дин – ислам дини кармалып келет. Ислам дини башка динди карманган элдердин өкүлдөрү менен толернаттуулукта жашоону ар дайым колдоп жана коргоп келет. Сузак районунда азыркы мезгилде 211 мечит болсо, анын 169 гана расмий каттоодон өткөн. Ал эми 42 мечит ушул кезге чейин каттоодон өтпөй келүүдө. Жихад деген сөз эл арасында туура эмес чечмеленип келинүүдө. Жихад деген сөз жакшылыктарды жаратуу, жакшылык менен соопчулук, кайрымдуулук менен бооркердик иштериндеги жарышуу деген маанини билдирет. Илим иштериндеги жарышуу, адамдын ички жан дүйнөсүнүн тазарышы дагы жихад делип аталат,- деди областтын казысы Абдулазиз Закиров.

– Мамлекет башчысы тарабынан диний экстремизм менен терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча  атайын концепция иштелип чыгылган. Жер-жерлерде салттуу исламга туура келбеген диний бузуп жаруучулук иштерге каршы күрөш ыргактуу жүргүзүлүп келе жатат. Чындыкта жашырбай туура айтканыбыз оң. Жаштар арасында, айрым имамдарыбыз тарабынан мамлекетке болгон сүйүү жок болуп баратат деп айтаар элем. Укук коргоо органдары күнү-түнү элибиздин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өз өмүрлөрүн тобокелге салуу менен иштеп жатышса дагы аны көрө албагандар бар. Ошондуктан карапайым элге жана жаштарга салтуу дин туурасында туура багыт берип, Сириядагы согушка азгырылып жана адашып барып калгандар туурасындагы чындыкты айтканыбыз оң. -деди  КРнын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Бөрүмухамед Эсенов.

Диний экстремиз жана терроризмге каршы Сузакта өткөрүлгөн кеңейтилген кеңешменин катышуучуларына салтуу ислам динине туура келбеген иш аракеттерди ашкерелеген видеотасмалар тартуу кылынды.

– Сузак району калкынын саны боюнча республикадагы эң ири район болуп саналат. Азыркы учурда райондун аймагында 270 миңден ашуун көп улуттуу калктын өкүлдөрү жашап жатышат. Область боюнча 87 жаран Сириядагы согушка кеткендиги аныкталган. Мындан сырткары үй-бүлөсү менен Сузак районунан 3, Ала-Бука районунан 3, Ноокен, Базар-Коргон райондорунан бирден жана Жалал-Абад шаарынан 1 үй-бүлө толугу менен Сирияга кетишкен. Сирияга кеткендердин 14ү каза болушкан. Учурда Сирияга барууга үгүттөгөн 13 жалдоочулар аныкталды. Аларга карата 12 кылмыш иши козголуп, бешөөсү 6-жылдан 18 жылга чейин камалып кетишти,- деди УКМКнын областтык башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев.

– Областтын аймагында азыркы мезгилде 625 мечит бар. Эл арасында улууларды урматтоо көрүнүштөрү азайып бараткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Ата-энесинин акыл-насааттарын укпагандар Сирияга азгырылып жатышат. Диний агымдар улам көбөйүп барууда. Айрыкча мамлекет тарабынан биздин өлкөдө өз ишкердүүлдүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир», «Ваххабизм», «Акрамия» сыяктуу экстремисттик диний агымдарга азгырылгандар учурап  жатат. Учурда 178 «Хизбут-Тахрирчилер» жана 4 «Ахрамия» диний уюмдарынын мүчөлөрү бар. 2016-жылдын өзүндө эле диний экстремизм жана терроризм боюнча 6 кылмыш иши козголду. Сузак районунан кеткен 43 жарандын 6сы ошол жакта каза болушкан,- деди өкүлдүн 1-чи орун басары Мамасалы Акматов.

Кеңешме-жыйында сөзгө чыгышкан бир катар имамдар менен аксакалдар диний экстремиз менен терроризмге каршы жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жана коомчулук менен тыгыз кыматташтыкта иш алып баруунун орчундуу ой-сунуштарын ортого салышты.

Жыйынга катышкандардын алдында Сузак районундагы Атабеков айыл аймагынын тургундары, бир кезде «Хизбут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү болушкан Бахадыржан Маматов менен Мурадил Касимов ыктыярдуу түрдө бул диний экстремитсттик уюмдан баш тартышкандыгын жарыя кылышты.

Сузак кенешме7

Сузак кенешме8

Сузак кенешме2

Сузак кенешме3

Сузак кенешме4

Сузак кенешме5

Сузак кенешме6

Жолдошбай Осмонов, журналист

Облусту башкарууга Таалайбек Сарбашевдин деңгээли жетпей аткандай...

Өткөн жылы Таалайбек Сарбашев Алай районунун акимчилигинен секирик жасап, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Мурдагы губернатор Сооронбай Жээнбеков кылдырап, жай жүргөн эшек арабанын образындай иштечү эле, мунусу болсо, андан дагы кашаңданып, таза эле облустун жүгүн тарта албаганы менен көзгө көрүндү. Бул боюнча Оштогу милиция, прокуратура, дегеле мамлекеттик органдагы кызматкерлер ачык эле сөз кыла башташты. Бүгүнкү бийлик кадр саясатынан аксап, базаркомду губернатор кылуу менен айлалары куруп калганбы? Т.Сарбашевдин тажрыйбасы, билими облустун экономикасын, чарбасын көтөрүүгө, элге жакшы турмушту жаратууга шаасы жетпей, качанкыга чейин мукурап отурат болду экен? Ош очорулуп, артка кете берсе деле кайдыгер отура беребизби?..

Булак: “Азия ньюс”

Ахматбек Келдибековдон башкасы премьер-министрликке жарабайт

Кыргызды бийлик талаштырып эле койсоң бүттү. Биринин этин бири жегенге деле даяр. Акыркы күндөрү өкмөт башчы Темир Сариев кызматта отурса деле анын артынан тон бычкандар көбөйдү. Атамбаевдин айланасында “шеф эле шеф” деп жалган отчетторду берип, башын айлантып, премьерлик креслону ээлеп алсак дегендердин аттары ачык эле атала баштады. Мисалы кечээ эле Кыргызстан фракциясынын лидери Канат Исаев чыгып интервью берип, “Эгер кризис улана берсе Сариевди кетиребиз”, -деп балп этти. Ага чейин “Өнүгүү-прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев шашылыш чыга калып фракциянын жыйынын жабык эшик артында өткөргөнгө үлгүрдү. Ал эми Сариевдин биринчи орун басары Аалы Карашев болсо парламент жыйынында өзүн премьер болчудай салабаттуу алып, суроолорго да өкмөт башчынын өзүндөй жооп узатып жаткан чагы. Эмнеси болсо да “мени премьер койсоңуз эле жыргатып жиберем”,- дегендер өздөрүнчө топ-топ болуп бйлик талашып жаткан чагы. Эми булар деле Сариевдин бир түрү болот да. Баарынын эле тилдери сайрайт. Андан көрө президент чечкиндүү кадамга барып, мамлекетти ойлосо ар бир иштеген жеринин майын чыгарган Ахматбек Келдибеков сыяктуу жигиттерди кризис менеджер катары колдонсо өзүнө да авторитет алып келмек.

Булак: “Искра”

Ош облусунда жогорку окуу жайлардын студенттерине түшүндүрүү иштери башталды

Бүгүн, 16-февралда Ош айыл-чарба институтунун студенттери менен диний жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Аталган жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн диний кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана окутуучулар катышышты. Бул тууралу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууда экстремизм, терроризм жаатында баяндамалар окулуп, туура эмес багыттагы терс диний агымдардын азгырыктарынан элибизди сактап калуу зарылдыктары туурасында ой бөлүшүштү. Студенттер менен жолугушуу учурунда  облус казысы мазхаб маселесине кеңири токтолуп, дүйнөдөгү мусулмандардын 69%ы Имам Аззам Абу Ханифа мазхабын карманышаарын белгилеп, мазхаб кармоодо ар бир студент терең диний түшунүккө ээ болуусу зарыл экендигин белгиледи. Ал эми дин комиссиянын өкүлү И.Мурзабеков адашкан агымдарга токтолуп, алардын кесепеттерин айтып берди. Андан соң студент жаштардын кыззыкан бардык суроолоруна жооптор берилди.

Эскерте кетсек, мындай жолугушуулар башка окуу жайларда да улантылмакчы.

Премьер-министр Темир Сариевдин ооматы кете баштаганын, кунары качканын депутат Алмамбет Шыкмаматов биринчи сездиби?

Премьер-министр Темир Сариевдин ооматы кете баштаганын, аурасы анчейин болбой, кунары качканын депутат Алмамбет Шыкмаматов сезгенби? Алмаке баатыр бир нерсени жөн жерден козгобойт эле. Убагында Данияр Нарымбаев боюнча да кескин сын пикирин билдирип, саясый оюндардын айынан бирди көрөрүн айтып чыккан эле. Жыйынтыгында, Д.Нарымбаев түрмөдө отурат. Эми тар чөйрөдө Темикенин тагдырын алаканга салгандай анализдей баштаганы, алыстагы “суук желди” сезгени эмнени каңкуулайт? Ток этери, Т.Сариев жазга жетсе да, күзгө жетпейби? Бу жагын А.Шыкмаматовдун “саясый диагнозу” аркылуу билсек болот…

Global Firepower: Кыргыз армиясынын позициясы туруктуу

Global Firepower уюмунун иликтөөсүндө, Кыргыз армиясы кубаттуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 126 өлкөнүн ичинен 78-орунга илинип, мурдагы позициясын сактап калды.

Алты миллион калктуу Кыргызстан элинин 3 миллион 377 миңи аскерге жарактуу.

Азыркы тапта өлкөдө 16,5 миң аскер кызматкери жана 10 миң резервдеги адам бар. Өлкөнүн аскерий бюджети 240 миллион долларды түзөт. Ошондой эле республикада 28 аэродром иштейт.

Куралдуу күчтөр 150 танк, БТР, 478 даана БПМ, 30 артиллерия жабдуулар, 21 жапырт от атуучу реактивдик системалар, 159 артиллериялык курал, 6 вертолетко ээлик кылат.

Ал эми аскерий кубаттуулугу күчтүү мамлекеттердин башында АКШ, Орусия, Кытай, Индия, Улуу Британия, Франция, Түштүк Корея, Германия, Жапония жана Түркия турат. КМШ мамлекеттеринин ичинен Украина 25-орунду ээлесе, андан кийинки сапка Беларус, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Грузия, Тажикстан жана Түркмөнстан чыкты.

Адилет Айтикеев, журналист: "Атамбаевди эми мындан дагы катуу сындайм!"

Негизи эле президент Алмазбек Атамбаевге карата позициям коомчулукка белгилүү. Айрым учурда ачууга алдырып иймей адатым бар. Бирок ал деле жакшы жагдайдан улам чыкпайт экен.

2013-жылы Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибековду болор-болбос айыптарды чүргөп, эч далили жок камакка алышканда ачуум менен Атамбаевдин дарегине бир катар сөздөрдү айткам. Ал үчүн коомчулукта мени колдогону да, ар түрдүү сөздөрдү айтып шыбаганы да көп болду. Баарынын эле карманганы: “Өзүңдөн улуу кишиге да сен дейсиңби? Жок дегенде Сиз деп жазбайсыңбы, кантсе да ал киши президент да. Падыша Кудайдын сүйгөн адамы да”, -деп динди, адеп-ахлакты шылтоолоп акыл айткандар көп болду. Албетте, улуу адамга сен деп сүйлөө адепсиздик экенин мен дагы жакшы билем. Бирок жашоодо мындай түшүнүк бар да. Адамдын деңгээлине жараша сүйлөшүү деген. Мисалы Акаевге же Бакиевге ушинтип кыйкырып жазганымды эч эле элестете албайм. Анткени алардын деңгээли таптакыр башка. Андай адамдарга өздөрүнүн тилинде сын айткан туура болот деп эсептейм. Эми ошол акыл айтып жаткандарга бир суроом бар. Силер Атамбаевдин өзүнүн деңгээлине кандай карайсыңар? Же падышамын деп оозуна келгенин оттой берсе ага жарашат да, жаштыгым менен мен ачуу сөз айтсам мага жарашпайбы? Атамбаевдин лексиконундагы сөздөрдү алалы. Албетте одоно угулса кечирим сурайм. Бирок бул Атамбаевдин сөздөрү.

2007-жылы Феликс Кулов жетектеген “Бириккен фронт” уюштурган митинг Бакиев бийлиги тарабынан кубаланып, күч менен таркатылгандан кийин аянтка келип алып интервью берген ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин ар бир сөзү азыркыга чейин кулагымда жаңырып турат. Ал митингге келген элди “бараны” деп атам, ал эми митингдин уюштуруучуларын Куловду баш кылып “козел” атаганын азыр деле унута элекпиз.

2009-жылы президенттик шайлоо маалында Алмазбек Шаршенович КТРКнын эфиринде отурган жеринен: “Керек болсо Акаевди көчүккө тээп кубалап чыкканбыз” деп балп эттиргенин бүт Кыргызстан уккан. Ошондо Атамбаевден көптү үмүттөнүп, анын кайрылуусун көрөбүз деп минут санап отурган бир топ жактоочусу жүзүн үйрүгөн.

Ал эми 2010-жылдын 12-майында ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев өзүнүн жактоочулары менен азыркы өкмөт үйүнүн имаратынын алдына келип митинг уюштурганда генерал Суваналиев тууралуу айтпады беле: “Ал Каттани эмес, Көтөни”, -деп. Буга эмне дейсиңер? Же пайгамбар жашына жакындап калган Алмазбек Шаршеновичке минтип сөгүнсө деле айып эмеспи?

Андан кийин президенттик жылдарында кимди гана эмне деп атаган жок. Кимди эмнеге теңеген жок. Анын баарын айтып майдаланып отургум келбейт. Эми ушундай адамга эмне үчүн мен сылык-сыпаа, маданияттуу тил менен гана кайрылышым керек?

Маселен, ошол эле премьер-министрге Атамбаевден кем эмес сын-пикирлеримд жазып келе жатам. Бирок бир да жолу ага ар-намысына тийген катуу сөздөрдү жазган эмесмин. Анткени Темир Аргенбаевич башынан эле чектен чыкпаган, өзүн маданияттуу алып жүргөн адам. Албетте, андай адамга катуу сөз жазганга, айтканга абийириң жол бербейт. Адам кандай деңгээлде болсо, ага ошондой деңгээлде мамиле жасаш керек деп ойлойм.

Эми кыргызда кошомат кылчу адам көп экен. Аларга албетте жагыш кыйын. Же болбосо ичтеринен менин Атамбаевге карата жазган пикирлеримди, статьяларымды туура деп эсептесе да сыртынан жок дегенде президентке бир ирет кошоматтанып албаса бир жери кемип калчудай сыпайы сүйлөп, акыл айтып, ошону менен бирге “шефине” жагынып алганга усталар көбөйдү. Болбосо ошол эле Атамбаевди мактап, бийликтин акырынан жем жеген гезиттерди алалы. Бир нерсе болсо эле “Атамбаевге сен деп акаарат келтирген адеби жок Айтикеев” деп башташат. Аларга айтаар элем, силер ар дайым адептүүсүңөр. Бакиев маалында деле адептүү болуп келгенсиңер, а мен ага сын айтып камалгам. Азыр болсо ошол гезиттер менен алардын кожоюндары адептүү, мен Бакиевчи болуп калдым. Эртең ушул эле жасакерлер жалмаңдашып кийинки келген бийликтин колтугуна кире качып, бийликти өлөөрчө мактап, күнөөнүн баарын Атамбаевге оодара салышат. Азыр болсо Атамбаевге акаарат айтканымды эстеп, ал эми Алмазбек Шаршеновичтин “ээн ооздугун” эч качан эстегилери келишпейт. Анткени кошоматчылыктын формуласы ушундай. Башкача болушу да мүмкүн эмес.

Силер Атамбаевиңер менен бирге “маданияттуу”, “тартиптүү” болуп жүрө бергиле. А мен баягыдай эле “акааратчыл”, “орой” Адилет бойдон кала берейин. Мен ушул мүнөзүм, принцибим, бет алган жолум менен сыймыктанам. Кийин Атамбаев келгенде сыр билгизбей мага келишиңер мүмкүн аны жамандап. “Адилет, сен Атамбаевди аябай туура айткансың. Ал чын эле ошондой экен” деп келсеңер деле таң калбайм. Бирок кошоматчылык менен эки жүздүүлүктүн да бүтөөр күнү бар экенин эстен чыгарбагыла “жалпак мурундар”. Кантсе да силердин мурдуңарды балта кеспеген “жалпак мурундарсыңар”. Силерге даба да, сөз да жок…

Адилет Айтикеев

Булак: “Искра”

Доллардын куну Кытайдын чек арасы жабылганы үчүн өйдө-ылдый болууда

Соңку күндөрү доллардын туруксуз болгону, кичине түшкөнү өкмөттүн кыйын иштеп атканынан эмес. Буга чейин Улуттук банк интервенция аркылуу доллардын курсун кармап турган. Албетте, мындай көрүнүш утурумдук эле болчу. Бу маселенин түйүнүн чечмелеп коелук: Кытайдын чек арасы соодагерлерге убактылуу жабылганынан улам, Кыргызстандагы акча жана киреше булактары сыртка чыкпай калгандыктан өткөн жумада сомдун наркы кичине көтөрүлдү. Мунун өзү экономкабызга таканчык деле болбойт, мындан ары деле экономикалык кризиске белчебизден бата беребиз. Себеби, өкмөттүн антикризистик программасын көрө албай атабыз, баягы эле популизм…

Булак: “Азия ньюс”

Видео - Дагестандагы жардырууну ИМ уюштурган болушу мүмкүн

Дагестандын Дербент районундагы мамлекеттик жол коопсуздугу инспекциясынын тосотунда 15-февралдын кечинде болгон жардыруудан эки адам каза таап, кеминде 18и жаракат алды.

Укук коргоо органдары жардырууну өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топту колдогон жергиликтүү тургун ишке ашырганын божомолдоодо.

Мерт кеткендер полиция кызматкерлери. Жардыруу тартип сакчылары документ текшерүү үчүн автоунааны токтоткондон кийин болгон. Рулду жанкечти башкарып келе жатканы аныкталды.

https://www.youtube.com/watch?v=kJHdm6cUUZE

https://www.youtube.com/watch?v=quUDJxSXn6I

Атамбаевдин жансакчысы Болот Сүйүнбаевди баласына өкүл ата шайлап, 180 градуска бурулган Нурбек Айбашев

Өмүр бою бажы тармагында иштеп, чач-кирпиктерине чейин майланыша байыган Нурбек Айбашев деген чиновник бар. Кызыгы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден баштап, бир кеп өзгөчө айтылып бүтпөй келет. “Мен Атамбаевге убагында үйүмдү саткам” дегенин качан токтотот? Атын сата береби? Таңгалычтуу фактор: Атамбаев оппозицияда жүргөндө Айбашев башка бийликтин бутагына эрмешип, өлөрчө байып алса, кийин 180 градуска кубулуп, Болот Сүйүнбаевди баласына өкүл ата шайлап, креслосуна жана байлыгына кепилдик сурап, чыңданып алганбы? Кайсы бийлик келбесин, тилекке каршы, “колтукка суу бүрккөн” дал ушундай маслокрад чиновниктер гүлдөй береби? Люстрация мыйзамы киргенде мындайлардын орду кайда болот эле? Көрсө, кыргыз элитасы эленбегени, тазаланбаганы үчүн өнүкпөйт экенбиз да.

Булак:”Азия ньюс”

Меню