Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

7-апрелде Ак үйдү жана элди аткан белгисиз куралчандар кимдер?

ММКда 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталган күнүнөн тарта “кылым соту” деген атка конгон. Быйыл ноябрь айында аталган соттук тертиштирүүнүн башталганына үч жыл толду. Башында бул сот процессинин ар бир күнүн бардык ММК чагылдырып келсе, кийинчерээк эмнегедир бул тема эч кимди кызыктырбай бараткансыйт. Анан калса убакыт создугууда. А сот качан бүтөрү белгисиз.

Ушул жуманын башында, 11-ноябрда Бишкекте 7-апрелдеги окуялар боюнча сотто айыпталуучулар жана алардын адвокаттары мындан үч жыл мурда 7-апрелде Бишкекте болгон окуяларды камтыган видеотасманы көрүүнү сунуштаган. Айыпталуучулардын бири, УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурдагы жетекчиси Алмаз Жолдошалиевдин сотто маалымдашынча, убакытты үнөмдөө үчүн тасма кыскартылган. Анын айтымында, фото жана видеоматериалдар интернеттен, КТРК, НБТ, НТС телеканалдарынан алынган. Эркин журналисттердин жана жеке адамдардын тарткандары да бар. “Видеотасма 7-апрель күнү эртеден-кечке чейин укук коргоо органдары жана митингчилер кандай аракеттерди жасаганын камтыйт. Биздин максат – ал күнү ким өзүн кандай алып жүргөнүн калыс жана туура көрсөтүү” дейт Алмаз Жолдошалиев “Азаттык” үналгысына.

Башында сунушталган видеотасманы көрүүгө мамлекеттик айыптоочулар жана жабырлануучулар каршы чыккан. Прокурор Азамат Мамбетов интернеттен жана башка маалымат булактарынан алынган тасмалар мыйзамдагы эрежелерди сактоо менен чогултулушу кажет болчу жана сунушталган эле тасманы сотто көрө берүү туура эмес дейт. Жабырлануучуларды да видеотасманын кыскартылганы жана кесилгени нааразы кылып, булар өздөрүнө ылайыктуу жерин гана көрсөтөт деп чыгышкан. Кызуу талаш-тартыштан кийин тергөө учурунда табылган ондогон видеотасмалар менен бирге жогорудагы талаштуу видео дагы көрсөтүлмөй болгон.

Жуманын шейшембисинде 7-ап-рель окуясы боюнча сотто “Мекен шейиттеринин” лидери видеодо мародерлуктун фрагменттери көргөзүлгөндүгүнө нааразы болду. 19-ноябрдагы сот процессинде соттолуучулар тарабынан көрсөтүлгөн видеотасманын көрсөтүлүшүнө жабырлануучулардын жактоочусу, “Мекен шейиттери” биримдигинин төрагасы Осунбек Жамансариев каршылыгын билдирип чыкты. Анын айтымында, мародерлорго карата териштирүү иштери башка сотто жүрүүдө. “Түшүнүксүз тасманы көргөзүп не кереги бар? Керек болсо, бул качан болгондугу белгисиз” деп билдирди О.Жамансариев. Ага экинчи тарап аталган видео 7-апрелде тартылгандыгын, анда ошол кезде мародерлор “Бета Сторес” соода борборун тоноп жатышканын айтышты.

Мындан сырткары “Альфа” атайын даярдыктагы тобунун айрым өкүлдөрүнүн үстүнөн жүрүп аткан сот боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер арбын. Мамлекеттик айыптоочулар “Альфа” тобунун кызматкерлерин 2010-жылдагы 7-апрелдеги кандуу кагылышууда 77 адамдын өлүмүнө себепкер деп айып коюуда. Бирок баллистикалык экспертизада каза болгондор “альфачылардын” куралынан курман болгондугу далилденген жок. Андыктан сот чечими кандай болот – элди ушул суроо кызыктырууда. Айрыкча буйрукту бергендер эмес, аларды аткарган, аягына чейин уставды, антты сактагандардын тагдыр ташы кандай оойт, айтуу кыйын…

Ошол эле учурда соттук териш-тирүүдө көп дал келбестиктер тууралуу айтылууда. “Альфачылардын” укугун коргоп жаткан Чолпон Жакупованын айтканына караганда, ошол кездеги оппозиция, кийинки убактылуу өкмөттүн аттуу-баштуу адамдарынын көрсөтмөлөрү да бири-бирине дал келбей калууда. “Мисалы, ошол кезде Роза Отунбаева, Темир Сариев жана Иса Өмүркулов оппозициянын атынан бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 7-апрелде аянтта каза болгондор боюнча эки башка сан айтылган. Оппозиция кечки саат 21.00дөгү сүйлөшүү учурунда 12 адам деп билдирсе, ал кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өлгөндөрдүн саны 19га жеткенин билдирген. Ушул эле учурда “тез жардам” кызматынан Гүлнара Ташибекова саат 18.00дө өлгөн адамдардын санын 17 киши деп белгилеген. Эртеси 8-апрель күнү каза болгондордун саны 87 адамга жеткен. Кечинде Бишкекте активдүү ок атышуу болгон эмес, болгону шаар бүт тонолуп, мародерлук жүрүп аткан. Түн ичинде мынча адам кайдан өлдү? Кимдин куралынан өлдү?” дейт Жакупова. Айтор, 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө ушул сыяктуу чечилбеген суроолор көп.

Дагы бир кызык жагдай, ошол кандуу окуяда Тарых музейинин капталындагы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратында белгисиз куралчандар болгону айтылууда. Бул айыпталуучулар сунуштаган видеотасмада да дайын болду. Аны судья Дамир Оңолбеков байкап, “биз бул имараттын башынан үч белгисиз куралчандарды көрүп жатабыз, бирок жабырлануучулар буга чейин куралчандар Ак үйдүн чатырында гана болгон деп келишкен. Мындан улам биз аларга кантип ишенебиз?” маанисинде күңк этти. Буга чейин жабырлануучулар аларды Ак үйдүн чатырында турган карааандар атканын айтса, “альфачылар” элди атпаганын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратынын жана Тарых музейинин чатырында башка бир куралчандар жүргөнүн, алар Ак үй тарапты жана элди атышы мүмкүн экенин айтып келишкен. Бирок ал белгисиз куралчандар ким экенин эч ким айта элек. Бирок соттук ишти олку-солку кылып туру. Чамасы, 7-апрель окуясына үчүнчү күчтөрдүн колкабыш кылганы чын окшойт. Эмнеси болсо да бейкүнөө жабыр тарткан карапайым элдин канын төккөндөр өз жазасын алууга тийиш.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым”

Булак: “Искра”

Крымда татарлардын Межилисин жоюу сунушталды

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская Жогорку Сотко крым татарларынын өзүн-өзү башкаруу органы жана саясий уюму саналган Межилистин ишмердүүлүгүн токтотуу арызы менен кайрылды.

ММКлар билдиргендей, ушул эле күнү Поклонская арыздын бир көчүрмөсүн Межилистин төрага орун басары Нариман Желяловго тапшырды. Документте арыз крым татарларынын суранычы боюнча жазылганы айтылат. Межилистин төрагасы, Жогорку Раданын депутаты Рефат Чубаровго Орусияда издөө жарыяланган. Ал эми уюмдун мурдагы башчысы Мустафа Жемилевге Орусияга жана Крымдын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Буга чейин “Мемориал” укук коргоо уюму Симферополдогу 2014-жылкы окуяларга байланыштуу камакта жаткан Межилистин төрага орун басары Ахтем Чийгозду жана крым-татар активисттери Али Асанов менен Мустафа Дегерменжини саясий туткундар деп атаган.

Крымда азчылыкты түзгөн татарлардын өзүн-өзү башкаруу органы жана саясий уюму болгон Межилис жарым аралдын аннекcияланышына каршы чыкканы белгилүү.

Депутат Махабат Мавлянова олигарх Бозулан Мамазаиров аркылуу байып, ичкен кудугуна түкүрдүбү?

Өткөн сандарда Махабат Мавлянова аттуу жаңы депутаттын интервьюсу гезитибизге чыккан эле. Маекте Махабат айым биринчи күйөсү менен жашап жүргөндө байып, бирок, бакыт таппаганын, анан кийин башкага турмушка чыкканда бактылуу болгонун “балп” эттирген болчу. Кыскасы, биринчисин басмырлап, экинчисин айга-күнгө теңеген. Ошондон кийин редакциянын телефону тынбайт. “Махабат башында олигарх Бозулан Мамазаировдун аялы болчу да, анын арты менен байып алып, эми тескери сийгени кандай? Ичкен кудугуна түкүргөн Кудайга жагабы? Бозулан болбосо анда кайдагы акча?” дешип, бир ооздон коңгуроо каккан адамдар үндөрүн гезитге чагылдырууну өтүнүштү. Мавлянова да кызык экен, мурдагы-кийинки эрлерин салыштырып, интрига жасабай эле койбойт беле?..

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: “Азия ньюс”

Сариев кыз "зордуктаганбы" же..?

Жакынкы күндөрдө, бир катар ММКларда жана соцтармактарда ишкер Сариев Нарынбек Керимович туурасында бир катар терс маанидеги маалыматтар таратылган эле. Ал маалыматтарга ылайык, 2015 жылдын январь айында, Сариев Нарынбек өзүнүн үй кызматкерин автоунаада күч колдонуп зордуктаган. Жабырлануучу Ишенбекова Айпери 2015-жылдын 15-январында Аламудун районунун прокуратурасына арыз менен кайрылган.  Бирок, тергөө амалдарыны негизинде, Сариев Нарынбектин күнөөсү тастыкталган эмес. Андан сырткары, 2015-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы  прокурору  Жолдубаеванын жана Крыгыз Республикасынын ИИМ БТБнын башчысы Норузбаевке тосмо арыз менен кайрылган. Бул арыз боюнча КРнын ИИМ БТБнын ага тергөөчүсү милициянын подполковниги Мамбеталиев тергөө амалдарын жүргүзгөн жана төмөндөгү фактыларды аныктаган:

Жабрылануучу Ишенбекова.А  жогоруда айтылган айыптар жалган экенин баяндаган жана ишти кыскартууну өтүнгөн.  Ал эми сурак берип жатып, эмне себептен жеке жана жекече айыптоолорунан баш тарттыңыз деген суроого, бул доомат арызды, ошол жоопкер Сариев Нарынбек Керимовичтин аялы Сариева(Садырова) Анара Джапаровнанын моралдык жана психологиялык басымынын негизинде жазганын жана айыпталуучу Сариев Нарынбек зордуктабаганын билдирген. Ушулардын негизинде, 50-25-20 сандуу кылмыш иши кыскартылсын деген токтом кабыл алынган.

Бул окуялар ошону менен токтоп калуусу шарт болчу. Себеби, жогорудагы фактыларды Сариев Нарынбек өзүнүн 3 баласынын энеси Сариева(Садырова) Анарага каршы колдонуп, анын үстүнөн арыз берген эмес. Өзүнүн айтымында, кандай болгон кезде да, үй-бүлөдөгү келишпестиктер купуя сыр бойдон калсын деген ойду тутунган жана аялына кыянаттык кылгысы келген эмес.

Бирок, аялы Сариева(Садырова) Анара Джапаровна, күйөөсүнө жасаган мамилесин өзгөрткөн эмес жана андын ары да кылмыштуу иш-аракеттерин уланта берген. Аргасыздан, өз өмүрүнө кооптуу жагдайлар жаралгандыктан, 2015-жылдын 24-декабрында Сариев.Н Октябрь РИИБнин тергөө башкармалыгына аялы Сариева Анарага карата чара колдонууну өтүнгөн арыз менен кайрылган:

“Арыз жазуумдун себеби, 8-9 күн бою менин үйүмдү ээлеп алып, мени киргизбейт. Өзү болсо ал үйдө 6-7 айдан бери жашабайт. А эгер мен кирсем, өлтүрөм деп жатат.”

Бул арыз боюнча иликтөө иштери башталып, 2015 жылдын 26-декабрында Октябрь РИИБнин Тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Бектемиров тарабынан 8936 катар санындагы кылмыш иши козголгон.

Аныктама:

2015-жылдын 24 декабрында Сариев Нарынбек Керимович аттуу жаран, аялы 1981-жылы туулган Сариева(Садырова) Анара Джапаровнага карата чара колдонуусун өтүнгөн арыз келип түшкөн. Арызда айтылгандай, Сариева Анара белгисиз адамдар менен күйөөсүн коркутуп, өлтүрөм деп, дайыма акча каражаттарды талап кылып келген жана болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү өзүнүн атына өткөрүп берүүнү шантаждоо жана опузалоо ыкмалары менен талап кылып келгени аныкталды. Бул фактылардын негизинде, иштин толук жагдайларын териштирип, аныктоо үчүн, керектүү тергөө-иликтөө иштерин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150,156,158,159,160 жана 165 беренелерине таянып,

Токтом кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 170-беренесинин 2 жана 3 бөлүкчөлөрү боюнча кылмыш иши козголсун жана өндүрүршкө алынсын.
  2. Токтомдун көчүрмөсү Октябрь районун прокроруна жиберилсин.

Бүгүнкү күндө, тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатканын жана Сариева(Садырова) Анара менен ажырашуу жөнүндө арызын жазганын, ишкер Сариев Нарынбек биздин редакцияга жеке өзү билдирди жана төмөндөгү расмий документтердин көчүрмөлөрүн өз колу менен тапшырды.

Андан сырткары, буга чейин коомчулукка айтпай келген дагы бир жагдай бар экенин билдирүүнү туур тапты. 2012-жылдын март айларында, Сариева(Садырова) Анара күйөөсүн өлтүрүү аракетин көргөн. Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүп, тебелөөгө аракеттенген. Ал аракети толук ишке ашпай, Сариев Нарынбек башынан жаракат алып 3 айдын тегерегинде ооруканада дарыланган. Бул иш боюнча Биринчи Май РИИБи тарабынан Сариева(Садырова) Анарага карата кылмыш иши козголуп, бирок, 3 баласын ойлоп, тосмо арыз берип, аялын кылмышы үчүн тартчу жазадан Сариев Нарынбек куткарып калган. Ушул иштердин баары, Сариева(Садырова) Анаранын дүнүйөкорлугунан келип чыгып, байлык жана мүлккө ашкере берилгендигин гана айгинелейт.

Дагы бир айта кетчү нерсе, Нарынбек мырза, ишкер катары бул ишти саясатташтырбоону өтүнүп, эч кимдин үй бүлөсүндө мындай кырдаал жаралбашын каалоорун билдирди.

Редакция.

Булак: “Искра” гезити

Казакстанда оппозициялык журналисттин мүлкү камакка алынды

Алматанын Алмалуу райондук соту Nakanune.kz оппозициялык сайтынын ээси Гүзел Байдалинованын үйүн жана башка мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгарды.

Судья Кайрат Иманкулов журналистке тагылган айып оор кылмыштардын катарына кире турганын айтты.

Соттун токтомунда 2014-жылдын 29-апрелинен тартып 5-декабрына чейин Таир Калдыбаев Махамбетом Ауезовым, Рафаэлем Балгин, Гүзел Байдалинова менен биргеликте маалымат түйүндөрүн, анын ичинде Nakanune.kz сайтын пайдаланып, “Казкоммерцбанк” тууралуу жалган кабар таратканы айтылат. Мындан аталган банкка 144 миллион 235 миң теңге зыян келтирилген.

Былтыр май айында Алматанын Медеу райондук соту банктын доо-арызы боюнча Байдалинованы 20 миллионтеңге төлөп берүүгө жана сайттан макаланы алып салууга милдеттендирген. Журналист өткөн жылы 23-декабрда кармалып, тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Адабиятыбыздын Алтын доору туурасындагы баалуу эмгек

Сөз белгилүү адабиятчы, котормочу, публицист жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун кыргыз адабиятынын тарыхына арналган “История кыргызской литературы ХХ века”  аттуу  эки томдук китеби туурасында  болмокчу.  Бул эмгектин акыркы жылдары кыргыз адабияттаануу илиминде иштелген бараандуу эмгектерден  экендигин окурманга дароо  эле айтып койгонубуз оң.  Албетте, буга чейин да адабият тарыхтарынын жарык көргөндүгү ырас, бирок алар жазылып жана окулуп  жаткандагы мезгил, шарт, саясат азыркыдан таптакыр бөлөк болгондугун эч ким тана албас. Пролетариаттын улуу жолбашчысы Владимир Ленин айтмакчы “Кайсы бир коомдо жашап туруп, ал коомдон тыш болуш” мүмкүн эместиги айкын  эле да. Муну менен биз азыр таптакыр эле эркин болуп калдык дегибиз келбейт, анткени эркиндиктин өзү салыштырмалуу экендиги баарыбызга белгилүү эмеспи.

Баарыдан мурун  биз сөз кылып жаткан китептин жаңы муундагы эмгектерден экенин баса белгилеп кетүүбүз керек. Автор ХХ кылымдагы профессионалдык кыргыз адабиятынын жашоо-иштөө мезгилин калыстык жана акыйкаттык менен кыргыз адабиятынын Алтын доору деп атаган. Чынында эле кыргыз адабиятын тарыхый өңүттөн алып карай турган болсок  эки миң жылдан ашуун тарыхы бар кытай тарых жылнаамаларында сакталып калган кыргыз кагандарынын кытай төбөлдөрү менен болгон дипломатиялык кат алышууларын,  андан бери келсек Алтай менен Түштүк Сибирдеги рун эстеликтерин, кыргыздын аябагандай бай фольклорун, адамзаттын кайталангыс дастандарынын бири “Манасты”, санаса түгөнгүс берметтей болгон кенже эпосторду, акырында   сап башында Чыңгыз Айтматовдун баа жеткис көркөм феномени  турган ХХ кылымдагы А. Токомбаевдин, Т. Сыдыкбековдун, А. Осмоновдун  ж.б. көптөгөн акын-жазуучуларыбыздын чыгармачылыгынан  курулган профессионал адабиятыбызды  эске алып жатабыз. Албетте, автордун ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын  Алтын доор адабияты деп аташынын жөндүү негиздери бар. Алардын бири катары бул мезгилде жаңыдан бутуна туруп телчиккен жаш адабият өзүнөн жашы улуу, бай тарыхы бар жазма адабияттарга кошулуп, алар менен бир  катарда туруп калышын көрсөтсөк болот. Андан ары улай турган болсок кайсыл эле адабият өз жазуучусунун дүйнөлүк атак-баркы чоң Нобель сыйлыгына далай ирет көрсөтүлүп, башка адабияттардан сунушталган дүйнөлүк ири жазуучулардын көптөрүн атаандаш, сыйлык ошол жакка ооп кете турган күчтүү жазуучу катары чочулатып келгенин айтып мактана алат?!.   Ошол эле учурда  жаш адабият башынан далай оорчулуктарды, кыйынчылыктарды кечиргени баарыбызга маалым. Чынында эле ушул жылдары калыптанган көркөм-адабий салттар автор акыйкат белгилегендей көркөм сөз өнөрүнүн мындан аркы өсүшүнө эстетикалык жакшы кыртыш да болуп берээри бышык.  Ф. Энгельс жазгандай “ар бир доордун, демек биздин доордун да ой жүгүртүүсү – ар кайсыл мезгилдерде ар кандай формаларга, ошол эле учурда ар кандай мазмунга ээ болгон тарыхый продукт ”.  Бул доор улуу социалдык революциялардын, адамзат тарыхындагы болуп көрбөгөндөй илимий-техникалык ачылыштардын, эки дүйнөлүк согуштун, курамында кыргыз эли да жетимиш жыл бирге болгон Совет өлкөсүнүн пайда болуш жана кыйраш доору, бул доор кыска мезгил ичинде кубанычтуу да, кайгылуу да далай тарыхый учурларды башынан өткөргөн Кыргыз Республикасынын  Алтын доору.

Ошентип, Осмонакун Ибраимов туура жана акыйкат белгилегендей бул доор кыргыз адабиятына  да түздөн түз тиешелүү. Бул мезгилдин ичинде кыргыз адабияты дүйнөлүк адабий жана маданий коомчулукка белгилүү адабияттардан болуп калды, идеялык-стилдик, жанрдык жана  мазмундук жактан көп түрдүүлүккө ээ  болуп өнүп-өстү, өзгөрдү, байыды.  Бирок, анын  ХХ кылымдагы тагдыры  башка адабияттардан тагдырынан бир топ  эле айырмаланып  турат. Көркөм тексттерди, адабий агымдарды, адабий багыттарды талдай келсек кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн дүйнөлүк адабият басып өткөн жолду  кыска мөөнөттө, башка чыйыр-төтө жолдор менен басып өткөнүн көрөбүз. Ушундан улам адамзат маданиятынын, анын ичинде адабияттын да өсүп-өнүш мыйзамченемдүүлүктөрүнүн жалпы экендигин, орток экендигин  байкоого болот.

Эч кимге жашыруун эмес, эсил кайран СССРдин кулаганына бир топ мезгил болуп калса да биздин көркөм адабиятка жана анын ар түрдүү стилдик жана эстетикалык табиятына жасаган мамилебиз баягы социалисттик реализм методу мезгилиндегидей эле бойдон калып келди. Баскан жолубузга, көркөм сөз  тарыхына, айрым бир теориялык маселелерге  башкача өңүттөн, башкача көз караштан кароо мезгили эбак эле келип жеткендиги эбак эле белгилүү болуп калган.  Калыстык үчүн айтып кое турган нерсе андай иштер такыр эле жасалган жок деп айтуудан  алыспыз.

Ушул өңүттөн алып караганда Осмонакун Ибраимовдун  “История кыргызской литературы ХХ века” аттуу эмгеги  ар тараптан мактоого татырлык эмгек. Китепте ХХ кылымдагы жана ХХI кылымдын башындагы кыргыз адабиятынын калыптаныш жана өнүгүш жолу конкрет адабий материлдардын мисалында изилдөөгө алынган. Бул ХХ кылымдагы кыргыз профессионал адабиятындагы көркөм багыттар, идеялык-стилдик көрүнүштөр жана методдор. Автор туура белгилеп кеткендей булар 30-жылдары өзүн көрсөткөн поэтикалык романтизмдин башталышы, 50-60-жылдардагы романтизм жана романтикалык реализм. Дагы бир эске алып кое турган нерсе автор социалисттик реализм методун катып калган саясый метод катары карабагандыгы, анын адабияттын тарыхында жаңы мазмунга, жаңы маанилерге ээ болуп турушун окурманды ынандырган мисалдар менен  көрсөткөндүгүндө. Тарыхта 70-80-жылдардагы кыргыз модернизми менен поэтикалык авангардизми өзүнчө каралат. Ал эми айтматовдук экзистенциализм менен 70-90-жылдардагы К. Жусубалиев жана анын калемдештеринин сюрреалисттик изденүүлөрү жөнүндөгү  тарыхчынын баяндары  кыргыз адабият тарыхындагы жаңы барактар катары карала турган  ойлор, көз караштар. Албетте, бул ойлордун, пикирлердин тегерегинде келечекте боло турган сөздөрдүн да  алдыда экендиги ырас. Кандай болгон күндө да кыргыз адабиятынын Алтын доору жөнүндөгү бул тарых окурманды кайдыгер калтырбайт, ойлонтот, түйшөлдүрөт, жаңы ойлорго чакырат.

Бул туурасында Чыңгыз Айтматовдун  да: “ Жазуучу – өз доорунун күзгүсү. Өзүбүздөн мурдагыларды урматтоо менен, биз ар бир доор өзүнүн эстетикалык талаптарын алдыга коерун унутпашыбыз зарылМезгилдин духун  – адамдын, коомдун абалын сезе билип, өзүңдүн чыгармачылыгыңды, турмуштагы өзгөрүштөрдү, жылыштарды туура чагылдыра алган жаңы критерийлер менен өлчөөгө жетишүү маанилүү”, – деп жазганы бар.

Мезгил талабына жооп бере алган жаңы муундагы  мындай тарыхтын жазылышы адабий коомчулукту, адабияттаануучуларды кубандыра турган, дегеле кыргыз элинин көркөм сөз өнөрүнө көңүл кош карабагандар үчүн белгилүү илимпоз Осмонакун Ибраимов тарабынан кош колдоп сунулган белек катары кабыл алам. Келечекте жаңы тарых элибиздин адабий-маданий коомчулугуна   чоң кызмат кылаарына терең ишенип,  ак жол тилөө менен, –

Эсентур КЫЛЫЧЕВ, акын жана публицист.

Булак: “Искра”

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат таанучу: "Тоолуктарды толкуткан өкмөт же Теңир Тоодо жашоонун өзү эрдик"

Теңир тоо аймагында кыска аралыкта эки ирет массалык нааразычылык акция болуп өткөнү жөн жерден эмес. Расмий бийлик бул окуялардан жалаң гана саясатташууну көрүп, адаттагыдай атайын кызматтарды жөнөтүп, уюштуруучуларды издеп, аңдып, негизинен чылгый саясый өңүттө баа берүүгө аракет кылса терең жаңылышат. Бүгүн Теңир тоолуктардын көйгөйлөрү башынан ашып жаткан кези. Бул көйгөйлөр түштүктүн тоолуу аймактарына да мүнөздүү. Анча-мынчаны тоготпогон тоо мүнөз элдин толкуп жатышы тоолуктардын ансыз деле тоодой түйшүгүн светке, жерге тарифтердин көтөрүлүшү ого бетер татаалдантканынан кабар берет. Ал аз келгенсип өткөн жылдары өлкө башчысы адаттагыдай эмоцияга алдырып ийип: “нарындыктар малчысыңар-койсуңар, силерде мал батпай кетти, жериңер кенен, көрөт элем үлүш жериңер түштүктөгүдөй 4 сотых болсо” деп опурулуп, жергиликтүү элдин көңүлүн катуу суутканы жалганбы? Нарында элдин малдуу болгону Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да салымы эмес. Нарында элдин үлүш жеринин аянты көп болгону менен түшүмдүүлүктү башка региондор менен түк салыштырып болбойт. Жогорку Кеңеш ушул жылы кабыл алган мыйзамга ылайык ар бир гектар жерге жер салыгы жылына эмес, айына 95 сом болду. Бул тариф айтканга оңой болгону менен төлөй келгенде, салыштырмалуу жер үлүштөрүнүн көлөмү чоң тоолуктардын жонунан кайыш тиле турган тариф. Жергиликтүү Кеңештин депутаттары ЖКнын учурдагы депутаты талапкер менен жолугушууда: “Бул мыйзамды кайсы логика менен кабыл алдыңар?” деген суроо бергенде ал: “биз бул мыйзамды байкабай кабыл алыптырбыз, кечирип койгула” деп жооп берди. Мына шайлоочу бир кезде Каркыраны, Көлдөгү төрт пансионатты казактарга устукан кылып тартканга, Үзөңгү Куушту кытайларга кармата бергенде “макул” деп добуш беришкен. Бул жер салыгынын көтөрүлүшүнө да байкабай кол көтөргөн депутаттардын токсон сегизи депутаттыкка кайрадан ар кайсы партиялар менен аттанып элдин башын  айлантышты. Биринчиден, ар кай жерге көпүрө салып, жол оңдоп, суу чыгарып, көчөлөргө жарык койуп төшүн кагуу деги эле депутаттын иши эмес. Экинчиден, күнүмдүк маселелер менен элди жооткотуп, алардын добушун алууга аракет кылуу бул мыйзамдын тили менен айтканда “подкуп” же “добуш сатып алуу”. Биз чындап эле тоолуу элибизге жакшылык кылгыбыз келсе “шарты катаал тоолуу Нарын облусунун өзгөчө статусу жана ага берилүүчү женилдиктер” жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алып, анын аткарылышын өкмөттөн катуу талап кылышыбыз керек. Шарты катаал Нарын облусуна мындай өзгөчө кам көрүүгө жүйөлүү себептер бар. Кышы өтө суук Нарында эл жалаң көмүр жагып кыштан чыга албайт. Үй-жайын жылытыш үчүн кошумча электр энергисын да колдонууга аргасыз. Себеби, ал жактагы кышкы суукту өлкөнүн башка аймагындагы суук аба ырайы менен салыштыруууга такыр болбойт. Бишкекте сууктун күчү бир жумага сакталганда эле элдин шаштысы кетип, отун-суу эки эсе көп колдонулуп кетет. Ал эми андай чектен тыш суук аба ырайы Нарында дээрлик үч айга созулат.

Кыргызстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашып, жалпы аянты 45,2 миң.кв метрди түзгєн Нарын облусунун калкы 290 миңге чамалап, аянты кенен, бирок, калк эң сейрек жайгашкан облус болуп саналат. Мисалы, Ат-Башы районунун аймагы эле Чүй облусунун аймагынан чоң. Эгер бийлик аң-сезимдүү ой-жүгүртсө, мамлекет, улут коопсуздугун ойлосо биринчи кезекте Теңир Тоого жүз бурушу зарыл. Бизден он эсе, жүз эсе кудуреттүү болгон Жапония, Россия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн экономикалык, аскердик эң негизгиси демографиялык жактан шаштысын кетирип, дүйнөнү таракандай каптап жаткан Кытай менен чектеш, шарты катаал, ал аз келгенсип кышы 6 айга созулган бийик тоолуу аймакта күн кечириш эрдикке тете иш. Мурдагы СССРде шарты өтө катаал деп эсептелген эки гана аймак болсо, анын бири Кыргызстанда Нарын облусу, анан Калилинград облусу саналчу. Ага ылайык, облустун элине көп жеңилдиктер каралган. СССР тараганы анын бири жок. 2005-жылы бийлик алмашканы Нарын облусунун “эркин экономикалык аймак” деген макамын да ашык көрүп, жокко чыгарды. Бийик тоолуу аймак катары каралган жеңилдиктер Кыргызстандын азыркы шартында, элдин жашоосуна анчалык таасир этпейт. Кыргызстан боюнча ички миграциядан эң көп жабыр тарткан эки облус болсо анын бири Нарын (82%), анан Баткен (72%) облустары. Нарын элинин чек арада жайгашып геосасый мааниси өзгөчө болсо да ички-тышкы миграциянын айынан облус баштапкы демографиялык көрсөткүчтөрүн (калкынын азайышы боюнча) олуттуу түрдө жоготкон аймак катары саналат. Шартынын катаалдыгынан негизинен мал чарбачылыгы менен алектенген айыл чарбасына байланышкан көйгөй толтура. “Кыргызгипрозем” илим изилдєє институтунун маалыматы боюнча 674,1 миң га жер, анын ичинен 16,1 миң гектары айдоо аянтын шор баскан, 24,3 миң га, анын ичинен 0,5 миң га айдоо аянттары сазга айланган, 1066,7 га жер анын ичинен 7,6 миң шамалдын айынан эрозияга учураган. Кочкор районунан башка баардык райондордо арпа, картошкадан башка маданий өсүмдүктөр, жашылчалар бышпайт. Демек, организмге тиешелүү витаминдер тоолуктардын организминде жетишсиз. Элдин тамак рационунда эт эң кєп колдонулган менен ал жашылча жемиштен алынчу витаминдер боштугун толтура албайт. Албетте, бул өзүнчө сөз кылчу, талдоо жүргүзчү чоң илимий маселе. Ал эми социалдык жактан болсо жумушсуздардын саны аты бар, заты жок дыйкан чарбалардын эсебинен болушунча азайтылган. Дыйкан чарбада катталганы үчүн Нарында бир катар жеңилдиктер алынып салынганы адилетсиз чечим болгон. Кыштын башка облустарга салыштырмалуу өтө сууктугу каллориялуу тамактанууну талап кылат. Бирок, тапкан кирешесинин көп бөлүгү кышка даярдыкка кеткендиктен нарындыктарда андай мүмкүнчүлүк жок. Аялдар, балдар арасындагы аз кандуулуктун көрсөткүчү эң жогору. Медицинада “резицтентность высокогорной гипокции” деп аталган илимий багыттын аныктамасы боюнча бийик тоолуу аймактын калкында жүрөк-кан тамыр оорулары башка аймактардан эки эсе көп кездешет. “Багы жокко, дагы жок” болуп, облус аймагында, радиациялык нурлануунун деңгээли да өтө жогору. Мисалы, Жумгал районунун “Миң-Куш” шаарчасында радияциялык таштандылардын бүтүндєй полигону жайгашкан. Ал жерде төрт уулуу калдыктар сакталган жай (хвостохронилища) 5 өнөр жай аянтчасы бар. Мисалы: радиациялык баланс “Туюк-Сууда” саатына 80ден 740микро рентгенди “Талды-Булакта” саатына 20 дан 550 микрорентгенди түзөт. Цвилизациялуу өлкөлөрдүн эли ренген нурунун мындай көрсөткүчү байкалса жашамак тургай, андай аймакка жакындабай качмак. Ошондуктан, бийик тоолуу шарты эң катаал, ал аз келгенсип дүйнөдөгү демографиялык гигант өлкө Кытай менен чектешкен облуска өзгөчө мамиле, жогоруда айтылгандай мыйзам долбоору керек. Тоолуу аймактын дагы бир маанилүү көйгөйү өндүрүлгөн продуцияларын (этти, картошканы, чеснокту ж.б.) сатуу маселеси. Өндүрүлгөн продукцияны жеринде кайра иштетүү маселеси көп көтөрүлөт, теги теңир тоолук айыл чарба, кайра иштетүү багытында алектенген ири ишканалары бар азаматтар арбын. Бирок, алардын бири да тоолуу аймакта кайра иштетүү ишканаларын ачууга аракет кылышкан жок. Бизнестери Чүй боорунда. Аларды Россиядагыдай “кичи мекениңде мынча кайра иштетүү ишканаларды ачкыла сатуу, чек арадан өткөрүү жагын мамлекет өз мойнуна алат” деп мажбурлаш, кичи мекенине болгон патриоттук сезимин ойготуш же намысына тийиш гана керек. Чүй боорундагы малдын эти менен Нарындын малынын этинин, картошкасынын, чесногунун сапаттык айырмасы чоң. Бул багытта мамлекет рекламалык, маалыматтык колдоо, даярдоо мекемелерин түзүү ж.б. багытта комплекстүү иштерди жүргүзүшү керек. Бир чети мындай иштерди бир эле айыл чарба, кайра иштетүү багытында иш кылган “АЮ” сыяктуу компания же кайра иштетүү ишканаларынын ассоциасиясы ишке ашырса болмок. Коңшу Казакстан же Оруссия менен түзүлүп, Жогорку Кеңеште ратификацияланган келишим жана Жогорку Кеңештин тыкыр көзөмөлү эле өндүрүлгөн продукцияны сатуу көйгөйүн чечмек.

Чолпонбек Сыдыкбаев,

саясый илимдердин кандидаты, доцент.

 

 

Эльмира Жумалиева: «Кыргызстан» партиясынын жетекчилиги шайлоо алдында «500 миң доллар алдым» деп тил кат жаздыртышкан

Эсиңиздерде болсо үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү Борбордук Шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы өздөрүнүн жазган арызынын негизинде деген тыянак менен мандатынан ажыраткан. Мандаттан кол жууган дагы алтынчы чакырылыштын депутаты  Элмира Жумалиевачечимдерге негиз болгон арыз август айында, мөөнөтү декабрда жазылганын, мандаттан баш тартам деген арыздан тышкары, партия жетекчилери ар бир талапкерге «500 миң доллар алдым» деп да тил кат жаздыртып алганын айтып чыкты. Сөз учугун өз оозунан угалы…

Элмира айым, партия жетекчилери ар бир талапкерге «500 миң доллар алдым» деп да тил кат жаздыртып алганын айтып чыктыңыз. Ушул тууралуу кеп учугун уласаңыз.

-“Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги бизди шайлоо алдында “Ала-Тоо” ресторанына чогулткан. Ал жерге 160ка чукул талапкер барган. Баарыбыздан «500 миң доллар алдым» деген тил кат жаздырган. Экинчи арызга жетишттүү добуш албасам өз ыктыярым менен мандаттан баш тартам деп кол койдуртушкан. Бирок датасы коюлган эмес. Мен убагында 5-чакырылыштын депутаты катары ал арыздардын юридикалык күчкө ээ эместигин айткам.

Ал эмне болгон акча эле. Партия жетекчилиги эмне себептен андай тил кат жаздырды эле?

-Добуш албай калышса, тизмеден чыкпай коюшпасын деп коркутканы да. Бул  «500 миң доллар алдым» деген тил кат партия тарабынан жазылып келген даяр тил кат болчу, биз  ошого эле кол коюп бергенбиз. Анткени, бизди талапкерлердин тизмесине кирүү үчүн жазышыңар керек дешкен.

Сиз Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан чыгарыңыз тууралуу арыз жаздыңыз беле?

-Жок. Андай арыз жазылган эмес. Булар шайлоого чейинки кол койдуртуп алган арызды колдонуп жатышпайбы. Ал арызды өзүбүз жазган эмеспиз. Даяр эле арызга кол коюп бергенбиз. Эч кандай дата да коюлган эмес болчу. Биз жазган арызда “Кыргызстан” саясий партиясынын фракциясына деп жазылган. Ал жерде Жогорку Кеңештеги фракциясына деп жазган эмеспиз. Арыз туура эмес жазылган.

– Сизди жазды делинген арызда кандай катачылыктар бар?

– Арызда жазылган күнү башка принтер менен кайрадан коюлганы көрүнүп эле турат. Республика деген сыяктуу сөздөр ката жазылган. Баарыбыз бир эле мазмундагы арызга кол койгондуктан баардык арыздарда ката бирдей. Эгерде мен өзүм арыз жазган болсом менин арыздан башкалардыкына окшоп, так ошондой ката чыгышы мүмкүн эмес да. Жогорку Кеңеште өзүбүздүн кеңешчибиз, юристтерибиз бар дегендей. Жок дегенде катасыз жазылат эле да. Анан фракция лидерине жолдонмок дегендей.

-Эми акыйкаттыкка жетүү үчүн кандай аракеттерди көрөсүз?

-Учурда эл аралык сотко кайрылуу үчүн кагаздарды даярдап жатабыз.

-Кыргызстандан жетпеген чындыкка эл аралык сот аркылуу жетсе болобу?

-Албетте мүмкүн. Эл аралык сотко кайрылып, арызды экспертизага беребиз. Жогоруда айтылган арыздагы катачылыктар эле чоң далил болуп берет да. Ошондой арызды алган БШКда да, сотто да мыйзам бузуу бар. Ошону буюрса эл аралык сотто далилдейбиз.

-“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен жолугуп, сүйлөшүүгө мүмкүн болдубу?

-Телефон чалсам такыр эле жооп бербей жатат. Бетме-бет кезигип сүйлөшө элекмин.

Булак: Каганат

Ай сайын өтчү аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү болуп Аким Кожоевдин "Хоспистин тургундары" чыгармасы аталды

Кыргыз улуттук китепканасында 12-февралда өткөн адабий кече учурунда Кылычбек Исамамбетовдун демилгеси менен уюштурулган, ай сайын өтүүчү “Аңгемелер сынагынын III айлампасы жыйынтыкталды. Өткөн январь айында сынакка 22 аңгеме катышып, калыстардын чечими менен жазуучу Аким Кожоевдин “Хоспистин тургундары” аттуу аңгемеси биринчи орунду жеңип алды. Ал эми окурмандардын баа берүүлөрү менен Низамидин Мурзаевдин “Аялдар жана саясат” аңгемеси экинчи орунга татыды.

Бул жарыштын өзгөчөлүгү – эч кайда жарыялана элек, демек, жаңы аңгемелер аталган адабий клубдун facebook баракчасына автору көрсөтүлбөй жарыяланат жана 1 ай бою окурмандар менен калыстардын талкуусуна коюлат. Биринчи орунга татыктуу аңгемени адабият билермандарынан түзүлгөн калыстар тобу аныктайт. Ал эми экинчи орунга татыктуусу окурмандардын добуш берүүсү менен тандалат. 

Аким Кожев кыргыздар байырлаган Тажикстандын Жерге-Тал районунан келип, Кыргыз Улуттук университетин аяктап, жазуучулук кесипти аркалап калган боордошубуз. Буга чейин “Ажыдаар” деген китебин чыгарган. Былтыр “Жаӊы Ала-Тоо” журналында “Күзгү” аӊгемеси жана «Өлүм» повести жарык кѳргѳн.

Аким Кожоев “Кyrgyztoday.kg – Кыргызстан бүгүн” маалымат сайтында да иштеп кеткен калемдешибиз болгондуктан анын бул жеңиши менен биз да сыймыктанабыз жана авторго чыгармачылык зоболо каалайбыз.

Аңгемелер сынагынын февраль айындагы IV айлампасына 41 аңгеме катышып жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Тажикстанда Эмомали Рахмонго бийликте өмүр бою калууга мүмкүнчүлүк бере турган референдумга даярдык көрүлүүдө

Тажикстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумда 68 шайлоо тилкеси уюштурулат.

Бүгүнкү күндө парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттарынан турган жумушчу топтор жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жалпы элдик добуш берүүлөр 22-майга белгиленген.

Парламент төрагасы Шукуржон Зухуров шайлоо бюллетенинде “”Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолорду колдойсузбу?” деген суроо гана жазыла турганын билдирди.

Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн толук тексти 41 беренеден турат. Анын 65-беренесинде президентти шайлоо эрежелери аныкталган. Өзгөртүүлөргө ылайык, депутаттар өлкө башчы Эмомали Рахмонго бийликте өмүр бою калууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

“Бул берененин 4-бөлүгүндө жазылган чектөөлөр улуттук биримдик жана тынчтыкты орнотуучу, улут көсөмү Рахмонго тиешеси жок”, – деп жазылган документте.

Тажикстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Рахмон былтыр улут көсөмү деген макамга ээ болгон. Мыйзам боюнча анын кийинки шайлоого катышууга укугу жок эле. Анткени эки жолку саясий жарышта утуп чыккан. Жалпы элдик добуш менен Башкы мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, Рахмон өзүнүн талапкерлигин чектөөсүз коюп, бийлигин чыңдай турганы күтүлүүдө.

Меню