Menu

Author Archives: admin_kyrgyztoda

Заявление Посольства Азербайджанcкой Республики в Кыргызской Республике

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогула албай жатышат. Анткени кворум жок.

“Бир бол” партиясынан депутат Алтынбек Сулайманов айткандай, күн тартибине шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда, шайлоо босогосун, күрөөнү кыскартуу жана 2-формадагы мыйзам долбоору киргизилген. «Мыйзам долбоору конституциялык болгондуктан, 80 депутаттын катышуусу талап кылынат. Бул жерде 70тен бир аз ашыгыраак депутаттар отурат», – деди ал.

Сулайманов парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу боюнча мыйзам долбоору дагы киргизилиши мүмкүн деди.

“Республика – Ата Журт” партиясынан депутат Мирлан Жээнчороев кворум жок экендигин тастыктады.

Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды

Бүгүн, 27-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевди 47-колонияга которуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу маалымат ага СИЗО-1дин администрациясынан келген.

“Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев бүгүн 47-колонияга жеткирилет”, – деди адвокат.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш ишине: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча тиешеси бар. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган. 

Жогорку Сот 21-октябрда Атамбаевдин Батукаевдин ишине байланыштуу өкүмүн карашы керек болчу, бирок сот отурумун 16-ноябрга жылдырды.

26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге УКМКнын СИЗОсунан которулган. Ал ачкачылык жарыялаган.

Госдеп США отреагировал на задержание в КР "вора в законе" Камчы Кольбаева

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын уюшкан кылмыш чөйрөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевди кармоо аракетин кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «Твиттерде» маалымдады.

«Көлбаевдин кылмыштуу тармагы – бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган «Brothers’ Circle» эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү. Көлбаев АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча департаментинин (OFAC) № 13581 Аткаруучу буйругунун негизинде 2012-жылдын февраль айында «Brothers’ Circle» үчүн же анын атынан иш алып барат деп таанылган», деп жазылган билдирүүдө.​

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ал боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн («Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу») негизинде каттоого алынды.

46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Социал-демократы Таджикистана заявляют о преследовании их сторонников

Рахматилло Зойиров

Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы Рахматилло Зойиров өлкөнүн ички иштер министрине ачык кайрылуу жасап, мекеме кызматкерлери партия мүчөлөрүн куугунтуктап жатканын билдирди.

22-октябрда Зойировдун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланган билдирүүдө партия мүчөлөрүн куугунтуктоо президенттик шайлоодон кийин да Душанбеде жана башка аймактарда уланып жатканы жазылган. Социал-демократиялык партия быйыл 11-октябрда өткөн президенттик шайлоого бойкот жарыялаган. Партия лидери добуш берүүнүн зарылчылыгы жок экенин, эл кимди шайласа да БШК өзү камдап койгон сандарды гана жарыялай турганын айткан.

«Жүк ташуу менен алектенген социал-демократтардын баары каттоого алынып, транспорт каражаттары мыйзамсыз камакка алынууда. Алардан пара талап кылып, болбосо жеке мүлкүн тартып алабыз деп коркутуп жатышат», — деп жазды Зойиров.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Нусратулло Махмудзода мекеме кызматкерлерине карата айтылган айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, министрлик Зойировдун билдирүүлөрү боюнча «бир нече жолу текшерүү жүргүзүп, алар ырасталган эмес».

Октябрдын башында Социал-демократиялык партиянын төрага орун басары Махмурод Одинаев белгисиз адамдар уулун сабап кетишкенин, анын мурду сынып, башынан жаракат алганын айтып чыккан. 7-октябрда ИИМ саясатчынын уулу «ресторанда мас абалында башка кардарлар менен чырдашып, аны сабап салышканын» билдирген.

22-сентябрда Зойиров үйүнүн кире беришинде белгисиз кишилер сабап кетишкенин билдирген. Бирок ИИМ партия төрагасын эч ким сабабаганын, аны ити сүйрөп кетип, арыкка жыгылганда жаракат алганын кабарлаган.

Буга чейин эл аралык уюмдар тажик өкмөтүн оппозициялык партиялар менен саясий активисттерди куугунтуктаганы үчүн бир нече жолу сындаган. Өз кезегинде Тажикстандын бийлиги өлкөдө адам укуктары жана саясий эркиндиктер сакталарын билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

В МВД Беларуси заявили, что "протесты перерастают в террористические угрозы"

Беларус Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий өкүлү Ольга Чемоданова өлкөдөгү «нааразылыктар террордук коркутууларга айланып жатканын» билдирди.

Чемоданова Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө буга Жодино жана Солигорск шаарларындагы мамлекеттик имараттарга өрт коюу аракеттери мисал экенин айтты.

«Кечээки тематикалык нааразылыктар террордук коркутууларга айланганы көрүнүп турат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындай бир да учурду көз жаздымда калтырбай, кылмыштын бетин ачуу үчүн бардык чараларды көрөт», — деди ИИМдин расмий өкүлү.

Күн мурун Жодино шаарында жергиликтүү прокуратуранын каалгасын өрттөгөн 31 жаштагы тургун кармалган. ИИМ жарыялаган видеодо ал 8-октябрга караган түнү «имараттын кире беришинде бензин куюлган бөтөлкөнү күйгүзгөнүн» айткан.

«Бул жаман ишке радикалдашууга чакырып жаткан телеграм-каналдарды окуп алып бардым. Ойлонбой кылдым, өтө өкүнүп жатам. Адамдарга мындай кылбагыла, жакындарыңар жөнүндө ойлонгула деп айтат элем», — деди ал.

Полициянын маалыматына караганда, 21-октябрда Солигорск шаарында райондук прокуратура имаратынын алдында токтоп турган төрт автоунаа өрттөлгөн. Өлкөнүн Тергөө комитети бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Бул окуяга чейин белгисиз адамдар Соттук экспертизалардын Солигорсктогу бөлүмүнүн имаратына өрт коюшкан. Жыйынтыгында имараттын бир бөлмөсү зыянга учураган», — деп жазылган полициянын билдирүүсүндө.

Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо алтынчы жолу Александр Лукашенко жеңишке жеткени жарыялангандан бери нааразылык акциялар уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетип жатат

Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетип жатат. Анын кетишине башка кызматка дайындоо себеп болгон. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев жакында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. 6-октябрда ал дагы башка аткаминерлер сыяктуу эле кызматтан кетти, бирок бекитилген премьер-министр болбогондуктан, анын кызматтан кетишин кабыл алган эч ким болгон жок. Ошондуктан, ал аймакты жетектей берген.

“Достук” мейманканасында депутаттардын жолугушуусунан кийин Түлөбаев Садыр Жапаровду дагы премьер-министр катары колдой тургандыгын айтып чыккан.

Штаб Трампа сообщил о хакерской атаке на сайт предвыборной кампании

Бүгүн, 28-октябрда бир нече партиялар “Үмүт” бириккен саясий кыймылын түзгөндүгүн жарыялашты. Бул тууралуу саясий уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.

Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо күнүн жылдыруу боюнча шашылыш чечимдерине нааразы болуп, бул чечимди мыйзамсыз деп эсептешти. “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун айтымында, кайра куруунун оор саясий процесси жүрүп жаткандыгын эске алып, партиялар жаңы “Үмүт Кыймылын” түзүүнү чечишти. Бул партиялар 20-декабрдагы шайлоону өткөрүү керек деп эсептешет. Аларды бийликти узурпациялоо тенденциясы жана бийлик креслолорду бөлүштүрүү менен гана алек болуп жаткандыгы тынчсыздандырат.

“Бийликти узурпациялоо аракеттери болуп жатат. Жаштар 4-октябрда митингге чыгып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышты, бирок, тилекке каршы, айрым саясатчылар өзүлөрүнүн ресурстарын колдонуп, азыр бийликти басып алууга аракет кылып жатышат”, – деди “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков.

Ал белгилегендей, эгер бийлик алардын талаптарын эске албаса, анда элдин нааразычылыгы күчөйт.

Белгилей кетсек, жаңы түзүлгөн “Үмүт Кыймылына”  бир нече партия кирген. Алар:

“Мекен Ынтымагы” партиясы;

“Калыс” кыймылы;

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы;

“Реформа” партиясы;

“Социал-демократтар” партиясы;

“Замандаш” партиясы;

Жаштар тобунун жетекчиси Чыңгыз Макешов жана 4-октябрдагы шайлоого катышпаган дагы бир нече партиялар.

Сабыр Мукамбетов: "Текебаев түрмөдө бүрүшүп жатканда ооруканага чыгаргам"

КРнын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова унаа башкарып бара жатып мас абалда болгон. Аны жол эрежесин бузгандыгы жана төлөнбөгөн айып пул үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери токтоткондон кийин белгилүү болду.

Анда ырчы жакында эле айып пул төлөгөндүгүн айткан.

“Мен ар дайым айып пул төлөйм, жакында эле беш айып пул төлөдүм. Башкалар жөнүндө билдирүү келе элек” – деди Сатылганова.

Бирок инспектор айып пулдар тутумунда анын төлөнбөгөн мыйзам бузууларынын бардык тизмесин көрсөттү. Алардын саны 12 болгон. Ошондон кийин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ырчыны экспертизага алып барган, ал Сатылганованын мас экендигин тастыктаган. Анын “Toyota Land Cruiser Prado” унаасы айып төлөөчү жайга жөнөтүлдү.

Заявление Посольства Азербайджанcкой Республики в Кыргызской Республике

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогула албай жатышат. Анткени кворум жок.

“Бир бол” партиясынан депутат Алтынбек Сулайманов айткандай, күн тартибине шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда, шайлоо босогосун, күрөөнү кыскартуу жана 2-формадагы мыйзам долбоору киргизилген. «Мыйзам долбоору конституциялык болгондуктан, 80 депутаттын катышуусу талап кылынат. Бул жерде 70тен бир аз ашыгыраак депутаттар отурат», – деди ал.

Сулайманов парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу боюнча мыйзам долбоору дагы киргизилиши мүмкүн деди.

“Республика – Ата Журт” партиясынан депутат Мирлан Жээнчороев кворум жок экендигин тастыктады.

Заявление Посольства Азербайджанcкой Республики в Кыргызской Республике

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогула албай жатышат. Анткени кворум жок.

“Бир бол” партиясынан депутат Алтынбек Сулайманов айткандай, күн тартибине шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда, шайлоо босогосун, күрөөнү кыскартуу жана 2-формадагы мыйзам долбоору киргизилген. «Мыйзам долбоору конституциялык болгондуктан, 80 депутаттын катышуусу талап кылынат. Бул жерде 70тен бир аз ашыгыраак депутаттар отурат», – деди ал.

Сулайманов парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу боюнча мыйзам долбоору дагы киргизилиши мүмкүн деди.

“Республика – Ата Журт” партиясынан депутат Мирлан Жээнчороев кворум жок экендигин тастыктады.

Меню