Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин далысына эки жолу ок атып кетишти

Жапониянын батышындагы Нара шаарында белгисиз киши мурдагы премьер-министр Синдзо Абэге кол салды. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Полиция өкүлү саясатчынын жүрөгү бир саамга токтоп калганын айтты.

Токионун мурдагы губернатору да ушундай эле сөз айкашын колдонду.

“Би-Би-Си” Жапонияда “өлүм расмий түрдө тастыктала элек маалда ушундай термин колдонуларын” жазды. Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида мурдагы өкмөт башчынын абалы “өтө оор” экенин билдирди.

NHK телеканалынын кабарчысы жеринен маалымдагандай, Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында өзү мурда жетектеген Либералдык-демократиялык партияны колдоп сүйлөп жаткан. Белгисиз киши ошол маалда анын далысына эки жолу аткан. Жаракат алган саясатчы кансырап, эс-учун жоготкон.

Абэни ооруканага тик учак менен жеткиришкен.

Кол салган киши Нара шаарынын 41 жаштагы тургуну Тэцуя Ямагами экени белгилүү болду. Ал киши өлтүрүү шеги менен кармалды. Мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз. Жергиликтүү басылмалар Тэцуя Ямагами Жапониянын деңиз күчтөрүнүн мурдагы кызматкери экенин жазууда.

67 жаштагы Синдзо Абэ премьер-министрликтен 2020-жылы кеткен. Бирок Жапониянын башкаруучу Либералдуу-демократиялык партиясынын таасирдүү өкүлү бойдон калган.

Улуттук банк доллардын курсун дээрлик үч сомго чейин жогорулатты

Улуттук банк 8-июлга карата АКШ долларынын курсун 82,37 сом деп белгиледи. Бир күн ичинде ал дээрлик үч сомго кымбаттады.

Муну менен акыркы айда доллардын наркы биринчи жолу расмий түрдө жогорулады. Июндун башынан бери ал 79,50 сом деңгээлинде сакталып келген.

Соңку күндөрү доллардын базардагы баасы да көтөрүлүп жатат. 7-июлда алмаштыруу жайларында АКШ валютасы 84 сомдон сатылып, сатып алуу 83 сомду түздү.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып, валюта базарында туруксуз кырдаал жаралды.

Марттын ортосунда бир доллар 105 сомго чейин көтөрүлүп, апрелдин башында 81,5 сомго түшүп калган.

Ошол эле маалда өлкөдө нак доллар тартыштыгы жаралып, банктар чектөө киргизди.

Учурда айрым банктар кардарлардын эсебинен накталай доллар алууда 5% чейин комиссия кармап калып жатат.

Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырган.

Бул арада накталай доллар Орусияга чыгарылып жатканы айтылууда.

БУУ Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотууну тездетүүгө чакырат

Мамлекеттин гендердик теңдик, аялдардын жана кыздардын укугун илгерлетүү багытында акыркы аракеттерди эске алуу менен, БУУнун Кыргызстандагы тутуму акыркы айларда үрөй учурган гендердик зомбулуктун учурларына жана аялдарга, кыздарга карата зомбулук жасаган күнөөкөрлөрдүн жазасыз калуусуна тынчсыздануусун билдирет.
1996-жылдан бери Кыргыз Республикасы аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциянын (CEDAW) катышуучусу болуп келет. Аталган конвенция Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата дискриминацияны бардык чөйрөлөрдө жоюуга жана аялдар менен кыздардын тең укуктарын камсыз кылууга милдеттендирет.
БУУ Кыргыз Республикасынын 2021-жылы CEDAW комитетине бешинчи мезгилдүү баяндамасынын алкагында алган милдеттенмесин кубаттайн. Баяндама тапшырылгандан кийин CEDAW комитети, 2021-жылдын ноябрындагы Кыргызстанга карата корутундусуна ылайык (шилтеме: CEDAW Кыргызстан 2021 [1]), өкмөткө зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо, аларга жардам көрсөтүү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча күч-аракеттерин ыкчамдатууну сунуштады.
БУУ системасы өкмөттү аялдарга, кыздарга карата бардык зомбулук кылмыштарын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам жана адекваттуу иликтөөнү тездетүүгө жана Кыргызстандагы бардык аялдарга жана кыздарга сот аркылуу адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырат. Эл аралык стандарттарга ылайык, зомбулуктан жапа чеккендерге, тийиштүү тергөөнүн жана сот процессинин ордуна, элдештирүү чаралары мажбурланбашы керек.
БУУ системасы мындан ары өкмөттү гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун кылмыштуу табияты тууралуу мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы коомчулук арасында маалымдоо иштерин активдештирип, калкка жана жарандык коомго мындай кылмыштарды четке кагууда колдоо көрсөтүүгө чакырат. Жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү, мигрант аялдарды, ВИЧ менен жашаган аялдарды, майыптуулугу бар аялдарды, азчылыктарды жана калктын аялуу катмарын басмырлоодон, эксплуатациялоодон жана гендердик зомбулуктан коргоого өзгөчө көңүл буруу керек.
БУУ кызыктар тараптардын көптөгөн оң демилгелерин кубаттайт жана гендердик зомбулукту жоюу, үй-бүлөлүк зомбулукту нормалдаштырган социалдык көз караштарды өзгөртүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана юстиция тутумунун аялдардын жана кыздардын муктаждыктарына жооп берүү дараметин өнүктүрүү боюнча өкмөткө колдоо көрсөтүүнү уланта берүүнү баса белгилейт.
Маалымат үчүн:
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок табылып токтотулган; 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84%ы кылмыштын курамы жок табылып
токтотулган. 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге берилген.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи беш айында 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Эрбол Султанбаев, КР Президентинин пресс-катчысы: "13 жашар секелек кызга зомбулук көрсөткөн милиция кызматкерлери камакта, сотто адилеттүү жаза берилет"

КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында 13 жашар кыздын 2 милиция кызматкери жана 2 жаран тарабынан жарым жыл колдон-колго өтүп, зордукталып жүрүшү боюнча билдирүү таратты:
13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.
Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек.
Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт.
Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт”, – деп жазат Эрбол Султанбаев.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын 7-июлуна карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө кандайдыр-бир чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу окуянын ар кандай өнүгүү сценарийине жооп кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар бар.

Эдил Байсалов белгилегендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча бир нече толкун менен жайыла турган COVID-19 менен жашоону үйрөнүү зарыл. Түзүлгөн шартта коронавирустук инфекцияга каршы вакцина албагандар, коронавирустук инфекцияга каршы эмделбеген калктын бөлүгү өлүмгө дуушар болуу тобокелдигине кабылат.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары тийиштүү мамлекеттик органдарга өлкө калкын эмдөөнү активдештирүү багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Оперативдүү штабдын мүчөлөрү өлкөдө 2020-жылдын март айында киргизилген коронавирустук инфекция боюнча өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алышты.

Бообек Турсункулов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турсункулов Бообек Шамалбекович Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн кошумча дозасын алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эмдөө бөлмөсүндө коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын кошумча дозасын алды.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов буга чейин үстүбүздөгү жылдын башында коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн кошумча дозасын алган. Учурда ал вакцинанын экинчи бустердик дозасын алууда.
Буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн толук курсунан (2 доза) өткөн.

Маалымат үчүн: толук эмдөөдөн кийин адамдарда COVID-19дан коргонуунун жогорку деңгээли иштелип чыгат. Убакыттын өтүшү менен инфекциядан коргонуу начарлайт, бирок вакциналар оорунун күчөп кетүүсү, ооруканага кабылуу жана өлүм коркунучун азайтууда натыйжалуу болуп саналат.

Вакцинадан баштапкы коргонуу азая баштаганда, коргоону жогорулатуу үчүн вакцинанын кошумча дозасы талап кылынат, ал бустердик доза деп аталат. Бул кошумча доза адамды оорудан коргоо үчүн көбүрөөк антителолорду пайда кылат. Бустердик доза вакцинанын эффективдүүлүгүн жогорулатат жана коронавирустук инфекциянын жаңы штаммдарынан жакшыраак коргоону камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эмдөө коронавирус инфекциясында жеке жана жамааттык иммунитетти түзүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин эскертет. Мындан тышкары, эмдөө – жарандарды коронавирустун күчөп кетүүсүнөн жана зыяндуу кесепеттеринен коргоонун эң ишенимдүү жолу болуп саналат.

Eurasianet басылмасынын журналисти Нукуста кармалып, кайра коё берилди

Eurasianet басылмасынын журналисти Жоанна Лиллис Каракалпакстандын борбору Нукуска келгенде күч кызматкерлери анын ишине тоскоодук жаратканын  билдирди.

Алматыда жашаган британиялык журналист Жоанна Лиллис Нукуска 3-июлда – толкундоолордон бир күн өткөн соң келген.

Жоанна Лиллис шаардык ички иштер башкармалыгын алдында туугандарын издеп көптөгөн кишилер топтолуп турганын көргөн. Журналист алардан интервью алууну чечип, бир нече видео жана сүрөт тарткан.

— Мен интервью алып, сүрөт тартып жүрсөм, штаттык кийимчен бир киши келип, сүрөт жана видеолорду өчүрүүгө буйрук берди. Ал мага күбөлүгүн көрсөттү, бирок менен анын кайсы органдан экенин көрүүгө үлгүрбөй калдым. Мен Өзбекстанда иштөөгө укугу бар журналист экенимди айтып, күбөлүгүн кайрадан көрсөтүүнү сурадым. Ал орой формада баш тартып, сүрөт, видеолорду өчүрбөсөм, телефонумду биротоло алып коерун айтты. Мен өчүрдүм. Андан соң күбөлүгүмдү көрсөттүм. Бирок ал мени баары бир бөлүмгө алып кетти, — деди Жоанна Лиллис.

Журналист сурак учурунда Нукуска кандай максатта келгенин сурашканын, кийин кое беришкенин билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Каракалпакстан автономдуу республикасынын борбору Нукуста демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 18 киши каза тапты, 243 киши, арасында 38 тартип коргоочу жарадар болду. 516 киши кармалган, кийин бир нечесин кое беришкен.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

Европарламентте Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кырдаал талкууланды

Европарламент 6-июлда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы кырдаалды талкуулады.

Талкуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин мыйзам чыгаруу органынын мүчөлөрү аймакта демонстранттарга каршы ашкере күч колдонулганына, кишилердин өлүмүнө, адам укуктарынын бузулушуна жана журналисттердин кысымга алынышына тынчсыздануусун билдиришти.

Депутаттар Европарламентке Адам укуктарын коргоо декларациясын аткарбаганы үчүн тажик өкмөтүнө басым көрсөтүү чараларын колдонууга чакырды.

Еврокомиссиянын мүчөсү Виргиниюс Синкявичюс Тажикстан өкмөтүнө бул өлкөнүн укук коргоо органдары мыйзамдуулук принциптеринин алкагында иш алып баруусу керектигин жана кысым менен куугунтукка чекит коюшу зарылдыгын маалымдоону сунуштады.

Синкявичюс Еврокомиссия Бадахшандагы абалга тыкыр көз салып турганын жана кайгылуу окуяларды эл аралык жана көз карандысыз иликтөөгө жетишүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышкан. Расмий маалыматка караганда, тополоң учурунда 16 киши өлгөн, 220 киши кармалган. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды “деструктивдүү күчтөр” деп атап, аларга каршы “антитеррордук операция” өткөргөн.

Болот Темировдун милицияга иш козгоо тууралуу арызы сотто колдоо тапкан жок

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун милиция кызматкерлерине иш козгоп, аларды жоопко тартуу тууралуу арызы канааттандырылган жок. Бүгүн 7-июлда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Темировдун арызын четке каккан чечимин күчүндө калтырды.

Темиров аны кармап кетишкен күнү наркологиялык текшерүү учурунда милиция кызматкери тарткан видео жана Temirov LIVE каналынын тергөөчүлөр алып кеткен компьютериндеги видеолор кийин социалдык түйүндөргө фейк аккаунттар аркылуу тараганын жүйө келтирип, мындайга жол берген ички иштер кызматкерлерин жоопко тартуу тууралуу арыз менен прокуратурага кайрылган. Прокуратура ал арызды колдоодон баш тарткан:

“Кылмыш ишине тиркелген нерселер биздин компьютерлердин ичинен жана өзүлөрү тарткан видеолор бизди жамандап чыгарган фейк аккаунттар менен милиция кызматкерлеринин байланышы бар деп прокуратурага арыз бергенбиз. Иш козгобой койду. Анан биз прокуратуранын мындай чечимин сотко бердик”.

Журналисттин айткандары боюнча шаардык милиция азырынча комментарий бере элек.

Темировдун жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун ишин Свердлов райондук соту карап жатат. Аларды милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго жалпы төрт иш ачылып, баары бириктирилип каралууда.

Журналист бул иштерди куунутук деп мүнөздөп келет.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тозуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров “Ютуб” каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.

Меню