Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Мирзиёев Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап иликтөө чакырыгына жооп кайтарды

Кечээ, 6-июлда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Нукустагы окуяларды иликтөөгө депутаттар, коомчулуктун өкүлдөрү менен активисттер тартыларын билдирди.

Мирзиёев тергөө толкундоолорду басууда аскерлер канчалык туура кадам жасаганын да баалай турганын айтты.

“Бул баскычта күч түзүмдөрүнүн аракети да тыкыр иликтениши керек. Эгер алар негизсиз күч колдонсо, азыркы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш”- деген президент.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 18 кишинин өмүрүн алган Каракалпакстандагы кайгылуу окуяларды ар тараптуу, бейтарап жана ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, ыкчам-терөө тобун башкы прокурордун биринчи орун басары жетектөөдө.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган. 516 киши кармалганы белгилүү болду.

УКМК: Токой чарбасынын жетекчиси УКМКнын кызматкерине 100.000 сом пара берип жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысын УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармады.

Көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган.

Бирок, Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 6-июлунда А.К.Д. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК: Билим берүү министрлиги менен ЖОЖ кызматкерлеринин абитуриенттерди кабыл алууда түзгөн коррупциялык бир схемасынын бети ачылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, абитуриенттерди мамлекеттик гранттык орундарга мыйзамсыз кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын корутундусуна ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, жогорку окуу жайлары жаатындагы өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган. Бул буйрукту аткаруунун алкагында жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу адамдары иштелип чыккан жобону аткаруу үчүн  Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан абитуриенттерди кабыл алышкан, бул өкмөттөр аралык келишимдин ченемдерине карама-каршы келет.

Ошол эле учурда, тергөө тарабынан кабыл алуу процедурасы сырттан келген абитуриенттердин мүмкүнчүлүгүн чектегендигин аныкталды, муну гранттык орундарга ачык сынактын жарыяланбаганы жана өткөн студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдө алган салыштырмалуу төмөн баллдары далилдеди. Мындан тышкары, бул гранттык орундарга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, аталган жогорку окуу жайдын тандоо системасы аркылуу жүргүзүлүп, абитуриенттерди каттоо бир күн ичинде жүргүзүлгөн, бул өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарына карама-каршы келет.

Бул жагдайлар айрым студенттерди окууга кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип, башка абитуриенттерди кабыл алуу үчүн бирдей шарттарды жокко чыгарат, ошондой эле республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө негизсиз финансылык оорчулук келтирет.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

БУУ Украинадагы согушта 17 журналист каза болгонун ырастады

Орусия Украинага кол салгандан берки согуштук аракеттердин жүрүшүндө 17 журналист өлүп, дагы 14ү жарадар болду. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет билдирди.

Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, журналисттердин бери дегенде жетөө аткылоолор маалында окко учса, алардын бешөө болжол менен орусиялыктардын огунан каза тапкан. Дагы беш журналист кармаштар жүрүп жаткан аймактарда набыт болгон. Аларга ким кол салганы аныкталган эмес. Дагы бир кабарчыны орусиялык аскерлер уурдап кетип, кыйнашкан. Бошотулгандан көп өтпөй ал көз жумган. Жапа чеккен төрт журналист кесибине байланыштуу куугунтукталганын айтып берген.

БУУ курман болгон же жараат алгандардын бери дегенде бешөө аял экенин белгилейт. Арасында “Азаттыктын” украин редакциясынын кызматкери Вера Гирич жана орусиялык журналист Оксана Баулина бар.

Мындан тышкары БУУнун мониторинг миссиясы орусиялыктар оккупациялаган аймактарда маалымат каражаттарынын жети кызматкери уурдалып кеткен учурларды каттаган.

Орус аскерлери кеминде эки жолу журналисттер бараткан машинелерди атайылап аткылаганы такталды. Ал унааларда ак желек байланып, PRESS деген жазуу бар болчу.

Өзбекстан ТИМи: Каракалпакстанда "фейк маалыматтардын" алдын алуу үчүн интернетке чектөө киргизилген

Каракалпакстанда интернет байланышы “жалган маалыматтардын” тарашын жана “жарандардын антиконституциялык иштерге тартылышын” алдын алуу үчүн убактылуу чектелген. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө коомчулукта “тынч митинг мыйзамсыз күч колдонуу менен таркатылганы, ошондой эле өзгөчө абал киргизүү аркылуу пикирин эркин айткандардын оозу жабылып, маалыматтар бөгөттөлгөнү” тууралуу негизсиз сөздөр болуп жатканы белгиленген.

“1-2-июль күндөрү Нукус шаарында конституциялык түзүлүштү, Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн бузуу аракети болду. Конституциялык өзгөртүүлөргө каршылык билдирүүнү шылтоо кылып айрым күчтөр интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратып, жарандарды жапырт түрдө антиконституциялык ишмердүүлүккө тартууга аракет кылган. Буга байланыштуу биз интернет байланышка убактылуу чектөө киргизүүгө аргасыз болдук”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, башаламандыктардын жүрүшүндө 107 укук коргоо кызматкери жарадар болгон. Алардын 23үнүн абалы оор деп бааланууда.

“Башаламандыкка активдүү катышкандардын басымдуу бөлүгү алкоголдук ичимдиктерди ичип, маңзат колдонгон”, – деп жазды мекеме.

Буга чейин Өзбекстандын Улуттук гвардиясы каза болгон 14 жайкын тургундун 13ү мас абалында болгонун, андан тышкары 4 аскер кызматкери өлгөнүн билдирген.

4-июлда өзбек бийлиги Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 243 киши, анын ичинде 38 тартип сакчысы жарадар болгонун жарыялаган.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.

Эл аралык уюмдар, Батыш өлкөлөрү расмий Ташкентти кан төгүүнү көз карандысыз жана адилет иликтөөгө үндөп жатышат.

Министр Талантбек Иманов "Уландан" уурдалган миллиондор изи" иликтөөсү боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганын билдирди

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Уландан” уурдалган миллиондор изи” деп аталган иликтөө боюнча “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде жооп берген. Иманов тергөөдө суралганын, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш токтотулганын билдирген.

“Кыскача айтканда “Уландын” кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши болгон. Ал иш боюнча мен суралгам. Кийин кылмыштын курамы жок болгондуктан мага карата иш токтотулган”, – деп жооп берген Иманов.

20-июнда “Азаттык” радиосу “Уландан” уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөө жарыялаган.

Анда 2020-жылы май айында Дастан заводунун алдындагы “Улан” ишканасынын жетекчилиги “Альфа Легион” менен жасалма келишим түзүп, бюджеттик акчадан 54 млн. сом чыгарып кетти деп айыпталганы айтылат. Иликтөөдө мамлекеттик ишканадан миллиондор кандай жол менен чыгарылып кеткени, бул кылмышка шектелгендер соттон кантип акталганы баяндалган. Анда азыркы министр Талантбек Имановдун аты аталат.

Бакыт Төрөбаев: Элдин көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүүгө жана аткарууга алабыз. Бул Президенттин бизге койгон талабы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Жолугушууга райондун ар кыл айылдарынан келген 400гө чукул адам катышты.

Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасы менен жеринде элдин үнүн угуп,  көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө аракет көрүү үчүн аймактарды кыдырууга чыкканын билдирди.

«Жакында эле Президентибиздин катышуусунда Токтогул районунун эли менен жолугушуу өткөң. Анда эл тарабынан 87 суроо-талап айтылып, анын негизинде 167 иш чаралар аткарууга алынган. Бүгүн да ал маселелер четинен ишке ашып жатат. Бүгүн да сиздер көтөргөн көйгөйлөр жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга аткарууга тапшырмаларды коебуз»- деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушууга катышкан тургундар негизинен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, жеке маселелерине байланыштуу укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар көтөрүлдү. Ошондой эле кескин көтөрүлгөн маяна үчүн маданият кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан сырткары алыскы айылдагы медицина кызматкерлеринин таңкыстыгы, социалдык имараттардын жоктугу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.  Тургундардын кайрылуулары арыз түрүндө да кабыл алынып, алардын ар бирине жооп болору айтылды.

Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, алардын басымдуу бөлүгүн соттордун чечимдерине,укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразычылыктар айтылган. Ошол себептен улам мамлекет башчысы тиешелүү жетекчилерди жер-жерлерге чыгып,   элдин маселелеринен кабар алууну тапшырмасын койгон.

Ушул сыяктуу эл менен жолугушуулар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.

Мирзиёев Путин менен Каракалпакстандагы абалды талкуулады

Кечээ, 5-июлда Өзбекстандын прездиенти Шавкат Мирзиёев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефондо сүйлөштү.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Орусиянын президенти Каракалпакстандагы абалды турукташтыруу үчүн өзбек өкмөтү кабыл алган чечкиндүү чараларды кубаттады.

Мирзиёев башаламандыктарга чет өлкөлүк күчтөр аралашканын ишара кылып, бирок бир дагы өлкөнүн атын атаган жок. Өзбекстан өкмөтү тополоңго “конституциялык реформаларды туура эмес түшүндүргөн айрым жарандарды” күнөөлөдү.

Башаламандык учурунда 18 киши өлүп, 246сы жаракат алган.

Каракалпакстанда кармалгандардын бир бөлүгүн коңшу облустарга алып кетишти

Каракалпакстандагы жапырт башаламандыктарга катышууга шектелгендер учурда Хорезм жана Бухара облустарындагы тергөө абактарында кармалууда.

– 10-15 суткага камалган кишилерди Каракалпакстандын өзүндө кармап турушат, – деди жергиликтүү журналисттердин бири.

4-июлда Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын маалымат кызматы Нукуста 1-2-июлда болгон башаламандыктар учурунда 516 киши кармалганын билдирген.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукустагы жапырт башаламандыктар фактысы боюнча “Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүмүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

5-июлда Amnesty International укук коргоо уюму Нукустагы окуяларды тыкыр, бейтарап, көз карандысыз иликтөөгө өзбек бийлигин чакырган.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетип, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү берди.

Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамына кирген “суверендүү республика” деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.

УКМК: “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун 6 мүчөсү соттолду

Кечээ, 5-июлда Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмү менен “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун 6 мүчөсү К.А.К., 1984 ж.т.;  Э.Н.Т., 1995 ж.т.; А.у.А., 1991 ж.т.; Н.Ж.М., 1976 ж.т.;  М.З.Я., 1993 ж.т. 1,6 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылды:

Аталган ДЭУнун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандарын экстремисттик уюмга мыйзамсыз тартуу үгүттөө менен алектенишкен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган көп сандагы экстремисттик адабияттар жана электрондук маалымат каражаттары табылып алынган.

КР УКМК “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУсу 2003-жылдын 20-августунда КР Жогорку соту тарабынан экстремисттик уюм деп таанылганын жана Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын эске салат

Меню