Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Аксынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, ай сайын 20.000 сом "салык" алып жүргөн прокурор кармалды

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына Жалал-Абад облусунун тургуну укук коргоо органынын кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Арызда прокуратура кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, көптөн бери опузалап, акча каражатын алып жүргөнү айтылат. Аталган факты Аскердик прокуратурасында каттоого алынып, андан ары иликтөө үчүн материалдар Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Топтолгон материалдардын негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иш-аракеттерди ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында прокуратуранын кызматкери башка районго которулганы аныкталган. Ага карабастан айдын аягында кайра чалып, 20 миң сом акча каражатын талап кылган.
Андан аркы аракеттер укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Прокуратура кызматкеринин кезектеги опузалап талап кылуусунан кийин, ишкер 20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны төлөм терминалы аркылуу электрондук капчыкка которгон.
Ошол эле күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жана Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүргүзүлүп, Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысын жумуш ордунда кармалган. Буга чейин ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеп, бир нече жума мурда жаңы жумуш ордуна которулган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы белгилер коюлган акча каражаттары далил катары төлөм терминалынан алынган.
Азыркы учурда сот тарабынан аны гауптвахтада кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалды.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Каспийден өтчү транспорт коридорун түзүүнү макулдашты

Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия Каспий деңизинен өтчү транспорт коридорун түзүүнү макулдашты. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү меморандумга 1-ноябрда Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун транспорт форумунун аягында кол коюлду.

“Түштүк коридор” деп аталган жаңы маршрут Орусиядан Каспий деңизи, Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга өтөт. Маалыматка караганда, жаңы жол Кыргызстанга Европа жана Орусияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи.

Июнь айынын ортосунда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз тарап “Түштүк коридорду” ар тараптан изилдеп, анын финансылык жактан ыңгайлуу экенин аныктаганын билдирген. Ал айрым инфратүзүмдүк кыйынчылыктарга карабай, маршруттун келечеги ачык экенин белгилеген.

Акыркы жылдарда Кыргызстандын Казакстан менен чек арасында оор машиналардын тыгыны көп болууда. Айрым депутаттар бул көрүнүштү казак тараптын тоскоолдугуна байланыштырган.

Быйыл августта Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Назарбек Малаев бул көйгөй туруктуу болуп калганын айткан.

Алсак, 30-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстан тарапка чек ара текшерүүсүнөн өтүүгө кезекте турган оор жүк ташуучу машиналар 335ке жеткенин Чек ара кызматы билдирген. Ошол эле маалда жүк ташууда эч кандай чектөө болбогону, бул мезгилде айыл чарба продукциясын жүктөп бараткандар көп болору белгиленген.

Өлкөдө активисттер эки аял алган эркекти жазалоону талап кылышууда

Кыргызстанда көп аялдуулук кайрадан  талкууга түштү. Буга  эки аялы бар кишинин мааракесинде тартылган видео себеп болду: видеону тойду алып барган тамада  Кубаныч Баркалбасов TikTok баракчасына жарыялаган.

Видеодо күйөөсү эки аялы менен 60 жылдык мааракесин белгилегенин, ал эми тамада конокторго “ушундай бакыт” каалап жатканын көрүүгө болот.

Видео интернетке тарап кеткенден кийин тамада аны өчүрдү, бирок кеч болуп калган: Тасманы көчүрүп алгандар көп аял алууга мыйзамда жол берилген-берилбегенин кызуу талкуулап жатышат. Айрымдар Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам боюнча тыюу салынганын эске салып, той ээси менен алып баруучуну жоопко тартууну талап кылышууда. Башкалары үй-бүлөнү жайына коюуну сурашууда.

“Эмне деген шумдук! Жапайычылык! Бул адам мыйзам чегинде жазасын алышы керек”, – дейт интерент колдонуучулардын бири.

“Кыргызстан тарыхында эки аялы менен той өткөргөн биринчи эркек. Эми башкалар баштайт”, – деген дагы бири.

“Эгер ал экөөнү тең бага алса, анда эмнеге болбосун?” – деген дагы бир колдонуучу.

” Мыйзамды бузганы үчүн баары жазаланышы керек, анын ичинде тамада да!” – башка бир комментатор.

Тамада Кубаныч Баркалбасов майрамда өз ишин гана аткарып, көп аял алууга эч кандай үгүт жүргүзгөнүн айтууда. Шоумен Кыргызстанда көп аялдуулукка мыйзам тарабынан тыюу салынганын билбегенин баса белгилейт:

“Айрымдар мени көп аялдуулукту үгүттөөдө деп жазып жатышат. Андай эмес! Мен өзүм көп аял алууга каршымын жана эч кимди экинчи же үчүнчү аял алууга үндөгөн эмесмин”, – деп актанат Баркалбасов. – Мен жөн эле тамашалап, коноктордун көңүлүн ачкан элем. Эки аялы бар байке жөнүндө комментарий бере албайм. Бирок алар 20 жылдан ашуун убакыттан бери чогуу жашаш жатышканын эске алуу керек. Ал мага биринчи аялынын оорусуна баланыштуу экинчи аял алганын, биринчи аялы макулдук эле бербестен, жаңы жубайын өзү алып келип, батасын бергенин айтты”.

Бирок өлкөдө көпчүлүк мындай актанууларга ынанбайт жана видеонун каарманы мыйзам бузганы үчүн соттолушу керек деп эсептешет. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, эки же көп аял алгандар коомдук жумуштар же айып пул менен жазаланат. Бул учурда нике расмий каттоодон өткөнү же өтпөгөнү маанилүү эмес.

“Көзөмөл органдарга кайрылам. Реакция болуш керек! Бул окуя мыйзамдын сакталбаганын көрсөтүп жатат! А мыйзам эмне үчүн керек? “, – деп нааразы болду “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси, активист Бүбүсара Рыскулова.

Укук коргоочунун айтымында, күйөөсүнөн алимент өндүрүү маселеси менен экинчи, атүгүл, үчүнчү аялдар да көп кайрылышат. Бирок өндүрүп берүү дээрлик мүмкүн эмес, анткени мындай нике расмий түрдө катталбайт. Рыскулова экинчи жана үчүнчү аял макамындагылар менен иштеген көп жылдык тажрыйбасын эске алып, прокуратураны көп аял алууга каршы тез арада чара көрүүгө чакырат.

Акыркы бир нече жылдан бери айрым саясатчылар, депутаттар, дин ишмерлери, жада калса экс-президент дагы бир нече аялы бар экенин ачык айтып келген. Бул үчүн аларга эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммити өтөт

2-3-ноябрда Казакстандын Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт.

Жыйынга катышуу үчүн президент Садыр Жапаров катышуу үчүн Астанага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммит “TURKTIME” темасында өтөт. Бул Traditions-салттар, Unification-биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – билим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия дегенди билдирет.
Маалыматка караганда, өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.
Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Ошондой эле 6-февралды “ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү” деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алуу каралган.
Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.
Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилгеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет.

УКМК: Конфискацияланган 48 миллион сомдук контрабандалык тамекини 8 миллион сомго сатып жиберишкен сот аткаруучу, салыкчы жана бажычылар камакка алынды

КР УКМК тарабынан Бажы кызматында жана сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш фактынын бетин ачылды.

2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келинген 24 738 кг салмактуу “Serbetli” аталышындагы болжолдуу баасы 48 706 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.  

Бирок, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында, Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн. 

2023-жылдын 18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 2023-жылдын 31-октябрында “Бажы инфраструктурасы” ММнин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рамзан Кадыров башаламандыктарга катышкандарды "чекеге атуу" буйругун берди

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жапырт башаламандыктардын алдын алуу жана зарылчылык жаралса ага катышкандарды “чекеге атуу” буйругун берди. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.

Мындан бир нече күн мурда – жекшемби күнү кечинде Дагестандын борбор шаарындагы аэропортту антисемиттик акцияга чыккан топ басып алган.

“Бизде тополоңго бир киши чыга турган болсо, аны кармап, отургузгула. Же болбосо эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарып, ал адам мыйзамга баш ийбесе, чекеге аткыла. Андан кийин чыкпай калышат. Бул менин буйругум”, – деди Кадыров чечен өкмөтүнүн жыйынында.

Чеченстандын башчысы Владимир Путин сыяктуу эле Дагестандагы антисемиттик акцияларга Киев менен Батыш өлкөлөрү “шыкакчы” болгонун айтты.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын мындай дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атаган.

Махачкаладагы окуянын катышуучулары Газадагы палестиндерди коргоо үчүн чыгышканын айтышкан.

Кадыров өзү социалдык тармактарда Израилди “геноцид” кылып жатат деп айыптап, аны нацисттик Германияга салыштырган.

Дагестанда жекшемби күндөгү башаламандыкка байланыштуу 83 киши кармалганы кабарланган. Бирок аларга кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.

Чечен активисти Мовлаев УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди

Кыргызстанда кармалып, камакка алынган чеченстандык активист Мансур Мовлаев коопсуздук кызматынын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди. Ал бул тууралуу 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда өткөн апелляциялык арыздар боюнча соттук отурумдун башында айтып үлгүрдү.

“Урматтуу судья, мени тергөө абагында кыйнап жатышат. Мени соттон баш тартууга мажбурлап жатышат”, – деди ал.

Мовланов сөзүн аягына чыгара алган жок. Соттук коллегиянын төрагасы отурум жоопкер тараптын апелляциялык арызы сот өндүрүшүнө келе электигин айтып, жараянды 16-ноябрга дайындады.

Адвокат Бакыт Автандил Мансур Мовлаевдин билдирүүсү боюнча прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрыларын журналисттерге жараяндан кийин маалымдады.

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, чечен президентин сындап келген активист Мансур Мовлаев былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан. Быйыл августта Кыргызстандын коопсуздук кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Коопсуздук кызматынын маалыматында 28 жаштагы Мовлаев Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоону көздөгөн деп шек саналып жатканы жазылган. Мекеме ошондой эле ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнүн кошумчалаган.

Мовлаевге “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү” беренеси менен айып тагылып, 4-октябрда ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аягында мекенине депортациялоо менен алты айга эркинен ажыратылган.

Активист соттогу акыркы сөзүндө Чеченстанга депортацияланса, чечен күч органдарынын кыйноосуна кабыларын айтып, канча жыл берилсе да бул жакта жазасын өтөөнү суранган. Апелляциялык арызда да кылмыш беренесиндеги эң жогорку жаза – эки жылга эркиндигинен ажыратуу суралган.

 

Дагестанда өзбек дарыгери "жөөт" эмес экенин далилдөөгө мажбур болду

Махачкаладагы антисемиттик акция учурунда агрессивдүү топ Москвадан Дагестанга келген адамды Израилдин жараны деп кармап алган.

“Кавказ.Реалии” жазгандай, ал жөөт эмес экенин жана израилдик эмес экенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында полициячылар аны жоон топ кишилердин арасынан алып чыгып кеткен.

Ал улуту өзбек, Москвада дарыгер болуп иштеген Дилшод Мамадалиев экени белгилүү болду.

Күч органдары 30-октябрда таңга жуук тополоңду таркатууга жетишти. Бул окуя боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Дагестандын баш калаасы Махачкаланын аэропортунда жекшембиде болгон тоз-тополоңдо 20дан ашуун киши жабыркап, ону олуттуу жараат алганы маалым болду. “Свобода” радиосу полиция 60 кишини кармаганын жазды.

29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураан чакырып, Тель-Авивден келчү учакты утурлай Махачкаланын аэропортун басып алган. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган. Телеграм каналдардын бири жарыялаган видеодо 20дай киши өзүн “өзбекмин” деген жигиттин паспортун тартып алып, кайра бербей жатканы тартылган. Жаалданган топ “жөөттөрдү издөө үчүн” ОМОНдун машинелерин дагы тинткенин “Сота” жазды.

Орус бийлиги Дагестандын башкы аэропортундагы тоз-тополоңго “чет жактардан, анын ичинде украиначыл Телеграм каналдардын кырдаалды дестабилдештирүү аракети” түрткөнүн белгилеп, күнөөнү тышка оодарды.

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзамга тынчсыздануу билдирди

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, Британиянын Кыргызстандагы жарандык коомго көрсөткөн колдоосуна тоскоолдук жаралышы мүмкүн.

Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер 30-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

“Биз элчилик катары да буга чейин мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануу билдиргенбиз. Азыр да бул боюнча БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кыргыз бийлигине жолдогон кайрылуу катына көңүл бурууга чакырабыз”, – деди элчи.
Ал жарандык коомдун мыйзам долбоорунун авторлоруна Батыш өлкөлөрүнө виза бербөө боюнча кайрылуусунан кабары бар экенин, бул маселе талкууланарын жана Кыргызстанда виза берүү саясаты өзгөрбөгөнүн тактады.
Элчи Боулер Кыргызстан Борбор Азиядагы эркин өлкө экенин, буга эркин медиа менен жарандык коомдун салымы чоң экенин белгиледи. Эки институттун болушу жаратман экономиканын өнүгүшү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.
Анда документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.
Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.
“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.
25-октябрда эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзамды кабыл албоого чакырган.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул мыйзам Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин экс-премьер-министр Сапар Исаковго белек кылган люкс классындагы кымбат баалуу брондолгон машинасы камакка алынды

КР УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды.

Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн  мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри С.Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында С.Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон.

Меню