Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Европа Биримдиги Орусияга каршы санкцияларды бузган өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бура баштайт

Европа Биримдиги (ЕБ) Пасха майрамына карата жарыяланган эс алуу күндөрүнөн кийин дароо Москвага каршы санкциялардын 11чи пакетин киргизүү ишин баштоону пландап жатат.

Бирок бул жолкусунда Брюссель Орусиянын өзүнө эмес, ага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам берип жаткан өлкөлөргө көбүрөөк көңүл бурат.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, Батыш өлкөлөрү мындай жол менен Орусияны бардык ресурстарга жетүү мүмкүндүгүнөн ажыратууну каалап жатат. “Биз 10чу пакетке Орусияга жардам берип жаткан жеке тараптарды, компанияларды, юридикалык жактарды, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдү да санкциялык тизмеге киргизүү мүмкүндүгүн кошконбуз. Бул албетте жетишсиз, ошондуктан санкциялардын 11чи пакети негизинен чектөөлөрдү кыйгап өтүү маселелерине байланыштуу болот”, – деди Еврокомиссиянын башчысы.

Буга чейин киргизилген санкциялардын 10 топтомунда Орусияга авиациялык кыймылдаткычтарды, жүк ташуучу автоунааларга тетиктерди, курулуш тармагында колдонулуучу жабдууларды, анын ичинде оор техникаларды экспорттоого тыюу салынган. Мындан тышкары кош максаттарга пайдаланыла турган товарлар менен технологияларга да чектөөлөр киргизилген. Бул алардын аскердик максаттарда да колдонулушу мүмкүн экендигине байланыштуу.

Бүгүнкү күндө Орусияга паралеллдүү импорттун негизги булактары катары Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кытай, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан эсептелинет. 9-мартта Түркия санкциялык тизмедеги товарларды ЕБ өлкөлөрүнөн Орусияга өткөрүүнү токтоткон.

Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүүдө

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Казакстан менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара визалык талаптарды жоюу тууралуу макулдашууга кол коюу жөнүндөгү” токтомду коомдук талкууга алып чыкты.

Бул макулдашууга эки өлкөнүн ТИМ башчылары быйыл май айында, казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коет деп күтүлүүдө.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары чек арадан өткөндөн тарта 30 күн жана андан кийинки 180 күндүк мөөнөттө 90 күн бири-биринин аймагында визасыз жүрө алышат. Бул туристтик, жеке жана ишкердик сапарларга тиешелүү.

Токтом долбоору коомдук талкууда 26-апрелге чейин болот.

Казакстан өткөн жылы июлда Кытайдын, Индиянын жана Ирандын жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режим киргизген.

Быйыл февралда Казакстанда каттоодон өтпөгөн “Ата-Журт” партиясы Кытай жарандары үчүн 14 күндүк визасыз режимди жоюуну талап кылган. Партиянын өкүлдөрү иш жүзүндө визасыз режим Кытайдын бардык жарандарына тиешелүү эмес экенин айтышкан.

“Шинжаңдагы казактар бул артыкчылык менен пайдалана алышпайт. Алардын айрымдарынын паспорттору да жок. Алар эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан. Визасыз режим кытай улутундагылар үчүн гана иштейт. “Казактардын ортосундагы өз ара байланышты жакшыртат” деген бийликтин билдирүүсү жалган”, – деген партиянын өкүлү Капар Акат.

Казакстандын бийлиги бул макулдашууга кол коюу – эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө түрткү болорун билдирүүдө.

Кыргызстан менен Орусия абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзөт

Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан.

Тараптар бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. Ошентсе да аталган жагдай Украинадагы согуштун фонунда кабатырлануу менен кабылданып жатат.

Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому мекеменин атайын сайтына жарыяланды. Документке Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон.

Бул кабар чыккандан көп өтпөй 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефондо сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Анда алар жалпы кызматташтык жөнүндө кеп кылышканы айтылган.

Эки өлкөнүн ортосунда абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча буйрукка 2022-жылдын 8-июлунда орус президенти Владимир Путин өзү кол койгон.

Орусиялык “Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда, Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасы атайын түзүм сыяктуу болот. Анын курамына кирчү аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандалат. Орус күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз бериши керек болот.

Иш жүзүндө абадан коргонуу жаатында Кыргызстан менен Орусия келишими буга чейин эле бар болчу. Болгону ал көп тараптуу деп саналчу. Тагыраагы 1995-жылы 10-февралда Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө 12 мамлекеттин лидерлери бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анын ичинде Орусия менен Кыргызстандан сырткары Азербайжан, Молдова, Армения, Беларус, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Украина да бар эле. Бирок Украина менен Түркмөнстан КМШнын негизги жобосун кабыл алган эмес, Грузия болсо Орусия менен согушкан соң уюмдан чыгып кеткен.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу – Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Адистер түшүндүргөндөй, Орусия так ушул базалар аркылуу азыр деле Кыргызстандын абадан коргонуу миссиясын аткарып турат.

Кыргызстандын бийлик башындагылар буга чейин Орусия менен болгон абадан коргонуу боюнча орток система тууралуу билдирүү жасашкан эмес. Бирок президент Садыр Жапаров да, андан кийинки деңгээлдеги аткаминерлер да өлкө мындан ары өзүнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдай турганын айтып келишет.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, “Байрактар” учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) кыргызстандык ишкер айымдарга билим берүү жаатында бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом бөлдү

12-апрель, 2023-жыл, Бишкек – Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууда 2,8 млн сом гранттык каржылоо алышат. Бул акча бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталат. Бул стартап-бизнестерди АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду колдоого алып жатат.
Бул демилгенин алкагында 62 ишкер бала-бакча жана жаш балдарды окутуу борборлорун ачууга лицензия алуу жана ал бизнес-мекемелерди башкаруу боюнча практикалык окуудан өтүштү. Үч айлык окуудан кийин катышуучулардын арасынан эң мыкты 11 бизнес-план гранттар менен сыйланды.
«Мен бала бакча ачайын дегем, бирок кантип ачарымды билбей жүргөм. Бул программага катышуу менин кыялымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түздү”,- дейт Ноокат районунан келген катышуучу Айнура Савранбаева.
Программанын бүтүрүүчүлөрү бала бакчаларын жана билим борборлорун ачкандан кийин дагы колдоо ала беришет.
«Бул демилге кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бир нече маанилүү багыттарды бириктирет. Балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Жергиликтүү тургундар үчүн жумуш мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт. Ал эми, ишкерлер билимге жана тиешелүү тажрыйба алышат”, – деп белгиледи Кайя Адамс, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы.
Бул иш-чара USAID жана Ага Хан Фондунун биргелешкен “Жергиликтүү өзгөрүүлөр” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор жеке секторду жана жергиликтүү өнүгүүнү колдоо аркылуу инклюзивдик экономикалык өсүшкө салым кошот.

УКМК: Свердлов РИИБдин тергөөчүсү кылмыш ишти токтотуп берүү үчүн опузалап, 100.000 сом пара алып аткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү Ж.А.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Т. кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. 

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Ала-Букадагы Көк-Таш айылынын бир тургунун 10-апрелде Өзбекстандын чек арачылары алып кирип кетти.

Бул тууралуу бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев эл менен жолугуп жатканда Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты Хафиза Байназарова айтып чыкты.
“Көк-Таштык Мунарбекти кечээ мал жайып жүргөн учурда өзбек чек арачылары алып кетиптир. Кыргыз чек арачылардын аралашуусу менен Өзбекстанда кармалып турган жаранды бүгүн түштөн кийин алып келишери айтылып жатат. Айылдыктар быйыл чек ара такталып калды, эми мындай учурлар катталбайт деп жүргөн элек дейт”, – деди Байназарова.
Ала-Бука районундагы 2030 аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мамырканов эки тараптын чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу иш-аракеттери жүрүп жатканын айтты.
Өткөн 2022-жылы бийлик өзбек тарап менен чек араны тактоонун негизинде 19 миң гектардан ашуун жер Кыргызстанга өткөнүн жарыялады.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин баяндамасында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына Гавасайдан 12 849 гектар, Көк-Серекке 105 гектар, 212 гектар Баястан айылына, Кара-Белеске 25 гектар, Ажек-Тоого 1307 гектар жер бере турганы белгиленген.

Баткенде жакын тууганына карата козголгон кылмыш ишин жаап бер деп коопсуздук кызматкерине $35.000 пара берип жаткан жаран кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ ​​менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады. 

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.  

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган “вебкам” студия Бишкек шаарынан табылды

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан “вебкам” сыяктуу көрүнүштөр менен байланышкан укук бузууларга каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-иликтөө мүнөзүндөгү иштер жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, “вебкам” студияларынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн (порнографиялык материалдарды даярдоо жана жүгүртүү) бетин ачуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Анын башкаларга салыштырмалуу жаңылыгы жана айырмачылыгы бул кылмыштар кылмыш дүйнөсүнүн трансформациясынын жаңы тенденциясы болуп эсептелет. Акыркы жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “веб-кам” бизнесинин “жашыруун” индустриясы түзүлүп, бул сойкулук жана порнографиянын жайылышына байланыштуу коомдук мамилелердин өнүгүүсүнүн логикалык уландысы болуп калган. Ал эми белгилүү болгондой, биздин өлкөдө бул тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн өнүгүүсүнөн таптакыр артта калышпайт. “Вебкам”-индустриясы санариптик мейкиндикте интимдик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы интерпретациясы болуп саналат. Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана аларды калк арасында кеңири жайылтуу бул көрүнүштү массалык коммерциялык ишканага активдүү киргизүүгө мүмкүндүк берди.
2023-жылдын 6-апрелинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иштер жүргүзүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары  өзүн көрсөтүп келген белгилүү бир “студиянын” дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган.
Бул “мекемеде” болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Бирок, бул балдар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган.
Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн. Ошондой эле, сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Көрсө, кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду.
Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак жайдын ижара акысы ай сайын 700 АКШ доллары өлчөмүндө төлөнөт.
Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылып алынган.

Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери Түркияда дрон колдонууну үйрөндү

Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери “Акынжы” дронун жана башка аскердик техниканы колдонууну үйрөнгөнүн Түркиянын Baykar компаниясы билдирди.

Компания Түркияда кыргызстандык, түркиялык жана азербайжандык коопсуздук кызматкерлери учкучсуз учактарды колдонуу үчүн атайын курстан өткөнүн 8-апрелде Фейсбуктагы баракчасында жарыялады.

“Анадолу” агенттигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 96 курсант абадан коргонуучу аскердик техникасын колдонууну үйрөнүп, аларга сертификаттар тапшырылды.

“Түркия, Азербайжан жана Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүнүн жүктөө оператору, техник, башкаруу станциясынын оператору жана курал оператору болуп иштей турган 96 курсанты окуусун ийгиликтүү аяктады”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, “Байрактар” учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

Орусияга келген кыргыз мигранттары убактылуу каттоого жардам берүүнү сунуштаган алдамчыларга даттанууда

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар бул өлкөдө убактылуу каттоого турууга жардам берүүнү сунуштаган алдамчыларга даттанууда.

Алардын айтымында, ортомчулар Орусиянын Ички иштер министрлигинин базасына каттатуу үчүн мигранттардан акча алышат. Бирок полиция текшергенде алардын аты-жөнү базадан чыкпай калып, айып пул төлөп же мекенине депортация болуу коркунучуна кептелүүдө.

Мындай ортомчуларга алданып калгандардын бири – Жолболду Султанбек уулу. Орусияга баруу үчүн ал Кыргызстанда $700 насыя алган. Бул каражатты ал Москвага авиабилет алууга, батирге төлөөгө жана документтерин тууралоого короткон. Жолболду жасалма каттоо үчүн алдамчыларга 15 миң рубль ($200) берген. Ал Орусияда үч жыл иштөөнү пландаган, бирок депортация болуу коркунучунан улам кайра Кыргызстанга кайтып келди.

Жолболду сыяктуу ортомчуларга алданып калган мигранттар жүздөп саналат. Укук коргоочулардын белгилешинче, алдамчылар адатта Орусиянын ири шаарларында иштеп, “өз кызматтарын” өлкөгө биринчи жолу келгендерге, орус тилин жана документтерди тууралоо жол-жобосун билбеген мигранттарга сунушташат. Көбүнчө ортомчулар өз кардарлары менен онлайн сүйлөшүп, каттоо үчүн мөөнөтүнө жараша 60 доллардан 250 долларга чейин алышат.

Укук коргоочулар мигранттарды каттоого туруу үчүн ортомчуларга кайрылбоого чакырып келишет. Алардын айтымында, расмий орган бербеген документтердин баары жасалма болуп эсептелет.

Ал арада Кыргызстандын миграция маселеси үчүн жооптуу кызматтары Орусияга жана башка өлкөлөргө иштегени кетип жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. Бирок мигранттардын көбү чет өлкөлөргө мындай курстарынан өтпөстөн эле чыгып кетип жатышат.

Меню