Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Руслан Казакбаев Хорватиянын, Черногориянын жана Румыниянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Ушул жылдын 18-июнунда «Анталия дипломатиялык форумунун» алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын Тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, Черногориянын Тышкы иштер министри Джордже Радулович жана Румыниянын Тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Министр Р.Казакбаев европалык кесиптештерине өлкөдөгү ички саясий реформалар жөнүндө кыскача маалымат берди. Атап айтканда, Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады. Кыргызстандын мамлекеттик ишинин бардык чөйрөлөрүндө пландаштырылып жаткан масштабдуу реформаларга токтолду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Европа өлкөлөрү менен жакынкы, орто жана узак мөөнөттүү перспективада ушул тармактарда мындан ары өз ара аракеттенүү үчүн “жол картасын” иштеп чыгуу максатында тараптардын ар бири менен тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.
Министр Р.Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасында өтө турган ЕБ-БA Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Мындан тышкары, жогоруда аталган мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуунун укуктук-келишимдик базасын кеңейтүү маселелери талкууланды. Жолугушуулардын жыйынтыгында айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар саясаты, ошондой эле билим берүү жана илим жаатында өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоорлору тапшырылды.
Европалык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган бийлигин жана өлкөдө жүрүп жаткан саясий реформаларды саясий жактан колдой тургандыктарын ырасташты.
Мындан тышкары, хорватия тарап коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди.
Кыргыз Республикасынын, Черногориянын, Хорватиянын жана Румыниянын тышкы иштер министрлери тараптардын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун шайлануучу башка органдарына талапкерлигине өз ара колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашышты.
Румыния тарап менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Медербек Корганбаев, серепчи: Бабанов жана Кумтөр

Менин жеке ой – пикирим. Өмүрбек Бабановго карата Кумтөрдүн иши боюнча ага көрсөтүлгөн айыптоо канчалык мыйзамдуу жана Бабановдун күнөөсү бар экен деген негизге суроо жаралат.

Баарыбызга белгилүү, Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттын дайыма президент чечип келген. Жогорку Кеңеш ажонун сөзүн жерге түшүрбөй, ажо тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарган.

Кыргызстандын президенти ким болбосун, парламентке карата болгон өлкө башчысынын таасири зор болгон. Бул чындык. Бир гана Күмтөр эмес, көп маанилүү маселелерди ажо жана анын жан жоокерлери парламенттин кароосуна чыгарып, депуттардын колдору менен өзүнүн жеке пайдасына керек чечим чыгарып жүрүшкөн.

Канадалык “Центерра Голд” кампаниясы биздин республика жетекчилерибиздин эрке баласы сыяктуу болуп жүрдү. Менимче, канадалыктар мурунку бийлик, ажолор менен дайыма тил табышып келишкен.

Ал эми өкмөт башчысынын Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына тийгизген таасири чектелүү болгон. Себеби бизде премьер-министр кызматында ашып кетсе бир жыл иштейт. Өкмөт жетекчиси акылдуу, каржы жана экономиканы мыкты билсе деле, таза болсо да, бир жылдан соң ар кайсы шылтоо табып, президенттин командасы кызматтан кетиришкен. Жумушун мыкты аткарган өкмөт башчысы ажонун даражасын төмөндөтүп коюушу ыктымал жана ишмердүүлүгүн так алып барган премьер-министр президент үчүн атаандашка айланат деген көз караш болгон. Ошондуктан, мурунку президенттердин айлана-чөйрөсү тынбай интрига жасап, күчтүү өкмөт жетекчилерин, адисттерин өстүрбөй, аларга карата басым көрсөтүүгө кызыкдар болушкан. Ушундай саясий кадамдарды ишке ашыруу үчүн мурунку ажолор Жогорку Кеңеш аркылуу сокку жасашкан.

Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы кызматын аркалаган кезде Жогорку Кеңеш Ак үйдөн (президент Атамбаевден – ред.) абдан көз каранды эле. Менин жеке оюмча, жогоруда айтылган сөзгө жараша Бабанов кааласа да, аракет жасаса деле, ал Кумтөрдүн суроосу боюнча парламентти өзүнө карата тарта албайт болчу. Тескеринче, ал мезгилдеги Жогорку Кеңештин өкүлдөрү (Текебаев баш болуп – ред.) Бабановго каршы чабуул жасашкан. Айласы кеткен Бабанов 2012-жылы кызматын тапшырып берип кутулду.

Логикалык суроо пайда болот – эгерде Бабановдун саясий таасири чын эле күчтүү болсо, мындай жыйынтык болмок беле?
Медербек Корганбаев, серепчи

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

–              Сыдыков Турдакун Сыдыкович Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

–              Макеев Төлөндү Картаңбаевич Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык:

–              Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматынан  бошотулду.

–              Жусупов Бакыт Алиевич Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы (ЕККУ) жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Венгриядагы, Словения Республикасындагы, Словакия Республикасындагы жана Чех Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Видео - Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Чыңгыз Айтматовдун комплекси менен эстелигине бөлүнгөн акчаны да жөндөп иштете албай, курулуш токтоп калды”

“2018-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Таласка келип, Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылына чейин кирип ““Чыңгыз ордо” комплексин куралы, ал жерге Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотолу, улуу жазуучунун бүт адабий жана маданий мурасын ошол жерге чогулталы”, – деп жакшы демилге көтөргөн эле. Мыктыны мыкты деш керек. Сөзүнө туруп, биринчи транш деп 65 млн сом да бөлдүрүп берген”, – деп билдирди Апрель баатыры, экс-аким Төлөгөн Наралиев.

“Ал акча 2019-жылы Талас облустук Капиталдык курулуштар башкармалыгынын эсебине келип түшкөн. Курулуш башталган. Анан эле жергиликтүүлөрдөн ар түрдүү оюндар, схемалар чыга баштады. Талас УКСи Чыңгыз Айтматовдун эстелигине кыргыз скульпторлорунун арасында сынак жарыяламак, ким жакшы эстеликтин долбоорун сунуш кылса ошол сынактын жеңүүчүсү болуп, акчалай сыйлыгын алмак. Бирок кайдан-жайдан КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков ортого аралаша калды да Ростов-на-Донудагы бир эмгек мигранттары заказ кылган Чыңгыз Айтматовдун даяр эстелигин 2,5 млн сомго арзан сатып алууну сунуштай коюп, Талас УКС ошол эстеликти сатып алып келишти. Ал эстелик тендерсиз жасалгандыктан сапаты жана көркөмдүгү жагынан Шекерликтерге жаккан жок. “Эстеликтин денеси – Пушкиндин эле денесине Чыңгыз Айтматовдун башын чаптап койгондой болуп калыптыр. Айтматовдун дене түзүлүшү мындай эмес. Анан калса жасалган материалы да чирип, сынып, тешилип калган. Араң эле турат” дешип, эмгек мигранттары менен депутат Момбеков алып келген эстеликти жактырбай коюшту. Бирок 2,5 млн сом кетти.  Аңгыча бөлүнгөн 65 млн сомдун 31 млн сому иштетилди деп отчет берилгенде финансылык мыйзам бузуулар чыгып, Эсеп палатасы жана прокуратура текшерип, иштердин баары токтоп калды. Мына, эми эки жылдан бери жаңыдан курула баштаган комплекс  четинен урай баштады. Бул кейпинде Чыңгыз Айтматовдун арбагынын астында да уят болот окшойбуз. Баса, анын 95 жылдык юбилейи да жакындап келе жатат. Ага чейин бүткөрүп койсок жакшы болот эле”, – деди тынчсызданган Төлөгөн Наралиев.

Чыңгыз Айтматовдун эмгек мигранттары менен депутат Момбеков жасатып алып келген эстелиги. Шекерликтерге жаккан жок.

 

Президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, аларды түйшөлткөн жер тилкелерин трансформациялоо, таза суу менен камсыздоо, электр энергиясына болгон тарифтер, социалдык объектилердин, жолдордун курулушу боюнча жана жеке мүнөздөгү суроолоруна жооп берди.

Садыр Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү пландары, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү жана ишкерлер менен фермерлер үчүн жеңилдетилген насыялардын пайыздык ченин төмөндөтүү чаралары, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча учурдагы иш-аракеттер, экономиканын ар кандай тармактарына чет элдик инвестицияларды тартуу иштери жөнүндө айтып берди.

Президент ошондой эле жакынкы мезгилде Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча чечим тууралуу кеп кылып, ага жыл сайын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын дүң пайдасынан 0,6% которуларын айтты. Бул каражаттар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталат.

Жолугушууда башка маселелер менен катар Ат-Башы районунун аймагына соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор талкууланды.

Мамлекет башчысы облустун экономикасынын кыймылдаткычы боло турган аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даяр жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар жайгаша баштайт.

Мамлекет башчысы белгилегендей, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө ал биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикири эске алынарын билдирген. Мына ошондуктан ал эл менен кеңешүүгө келгенин айтты.

Эгер атбашылыктар таптакыр эле каршы чыгышса, анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Президент соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү болорун, бул учурда дотациядагы аймак болуп саналган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болуп берерин баса белгиледи.

Район тургундары жер бөлүп берүү маселесин өз убагында чече албаган жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен улам, буга чейин аталган долбоорду ишке ашырууга каршы чыгып келишкенин белгилешти. Жергиликтүү эл жалпысынан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдошорун билдиришип, ошону менен бирге калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Кыргызстанда “IP Sharing” аталышындагы жаңы Корея долбоору ишке киргизилди

 Бүгүн, 18-июнда “IP Sharing” аталышындагы жаңы Корея долбоорун ишке киргизүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралу Кыргызпатент мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.

 Онлайн форматта уюштурулган иш-чарага Кореянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (KIPO), ойлоп табууларды илгерилетүү боюнча Корея ассоциациясынын (KIPA), КОПИА Кыргыз борборунун, брендинг боюнча  BrandAcumen кореялык компаниясынын, Shinhan A-TEC Co. Ltd. Техникалык компаниясынын, Кыргызпатенттин жана Инновациялык агрардык технологиялар борборунун өкүлдөрү катышты.

KIPA “IP Sharing” алкагында техника илимдеринин кандидаты, ойлоп табуучу, Инновациялык агрардык технологиялар борборунун директору, “Мыкты инновациялык долбоор – 2016” сынагынын жеңүүчүсү Рыскул Касымбековдун “Энергияны үнөмдөөчү эко-күнөскана” долбоорунун ишке ашырылуусун каржылайт.

Долбоордун максаты – энергияны үнөмдөөчү эко күнөскананы куруу, анын технологиясын фермерлер арасында таратуу.  Долбоор азыркы учурда иштеп жаткан күнөсканалардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдоонун негизинде иштелип чыккан жана тиешелүү брендди иштеп чыгуу маселесин көтөрөт.

Расмий жолугушууда Кыргызпатенттин директору Динара Молдошева катышуучуларды Кыргызстанда “IP Sharing” долбоорунун ишке киргизилиши менен куттуктап, Кыргызпатент аталган долбоорду ишке ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, жемиштүү өз ара кызматташтык менен   долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына тилектештигин билдирди.

KIPA өкүлдөрү аталган долбоорду ишке ашыруу этаптары жана күтүлүүчү натыйжалар тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары, тараптар агро-чарба өнөр жайы жаатында долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичиннен күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги боюнча маселелерди талкуулашты.

Маалымат иретинде: 2019-жылы Кыргызпатент Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердикти шыктандыруучу орган катарында Корея тарапка «IP Sharing» долбооруна катышууга мыкты долбоорлорду сунуштаган. Натыйжада KIPA  Рыскул Касымбековдун “Энергияны үнөмдөөчү эко-күнөскана” долбоорун тандап алган.

УКМК: Ж.Баласагын атындагы КУУнын Ош филиалынан пара алуу схемасы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Пара алуу) кылмыш белгилери боюнча  сотко чейинки өндүрүштүн  алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан, муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракетерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Чүй районунда 63 жаштагы жаран мечитте эки жолу ок атып, бирөөнүн башына тапанчасын такап, бейбаштык кылганы үчүн кармалды

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 50 жаштагы М.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында Чүй районундагы мечиттердин бирине бейтааныш бирөө кирип, колундагы куралын арыз ээсине такап аны коркутуп,  мечиттин дубалын каратып, эки ирээт ок чыгарып кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 63 жаштагы А.А. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда кармалган жарандан травматикалык тапанча ок-дарылары менен алынган.
Окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Гаага сотуна кайрылуу: Тажикстан уйгурларга каршы кампанияда Кытайга көмөк көрсөтүүдө

Уйгур топтору Шинжаңдагы мусулман азчылыктарга карата Бээжиндин куугунтуктоосун Эл аралыш кылмыш соту иликтешин каалашат.

Бирок Кытай Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү болбогондуктан Гаага соту Бээжинге карата иликтөө баштай албайт. Ошол эле маалда Кытайга жардам берген башка өлкөлөргө, маселен, Тажикстанга тергөө жүргүзө алат.

Уйгур топторунун адвокаттары Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, Кытайга уйгурларды жөнөтүүдө тажик өкмөтү Бээжинге жардам бергенин аныктаган жаңы далилдерди беришти.

Андагы маалыматтарга ылайык, Тажикстанда жүргөн Кытайдын коомдук коопсуздук бюросунун мүчөлөрү тажик полициясына уйгурлар жашаган жана иштеген райондордо рейддерди өткөрүүнү сурашууда. Тиешелүү документтери жок уйгурлар 10 кишиге чейин чакан топ менен Кытайга депортацияланууда.

Документте акыркы 10-15 жылда Тажикстанда жашаган уйгурларын саны 3000ден 100гө чейин кыскарганы, алардын көбү Тажикстандан 2016-2018-жылдары кеткени айтылат.

Бул арада Тажикстан Түркиядагы уйгурлардын экстрадицияланышына көмөк көрсөткөн учурлар да болгон. “Эркин Азия” радиосу 2019-жылы кеминде үч уйгур Түркиядан Кытайга Тажикстан аркылуу кайтарылганын кабарлаган.

БУУнун болжолдуу маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бери дегенде 1 миллиондой киши кармалууда.

Кытай бийлиги лагерлерди экстремизмге каршы күрөш алкагында түзүлгөн кесипке үйрөтүүчү борборлор деп атап, эл аралык коомчулуктун сындарын четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Жоробек табылды

17-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы тарабынан 2008-жылы туулган Акимжанов Жоробек дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга жарыяланган. Анда ал 2021-жылдын 14-июнь күнүнөн бери дайынсыз болуп жаткандыгы белгиленген.

13 жаштагы Жоробектин жүргөн жерин аныктоо жана  жашы жете элек өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна бөгөт коюу максатында Жалал-Абад ШИИБи тарабынан рейд да жүргүзүлгөн. Анын алкагында милиция кызматкерлери барган жерлеринде Жоробек тууралуу маалыматтарды беришип, кайда жүргөндүгүн билгендер болсо милицияга кабарлап коюуну билдиришкен.

Бүгүн 18-июнда 13 жаштагы Жоробектин жүргөн жери аныкталып, кайдыгер карабаган жарандар тарабынан маалыматтар алынган. Ал 4 күндөн бери Жалал-Абад шаарында бирөөнүн үйүндө, анын балдары менен чогуу жашап жүргөндүгү белгилүү болгон.

Жоробек Жалал-Абад ШИИБне алынып келинип апасына өткөрүлүп берилди. Баласы аман соо табылганына кубанып турган апасы милиция кызматкерлерине, баласын багып жүргөн үй-бүлөгө, коомчулукка маалымат жеткирүүдө көмөктөшкөн журналисттерге жана кайдыгер карабай маалыматтарды бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдирди.

Меню