Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Жогорку Кеӊеш «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизди

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 17-майда өтүп жаткан кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иликтөө жыйынтыгы талкууланган соӊ, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.

Токтомдо Мамлекеттик комиссиянын “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы эске алынып, комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы 3 айга узартылды. Андан тышкары, “Кумтөр” алтын кенинде түзүлгөн жагымсыз кырдаал эске алынуу менен, Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жана тышкы башкаруучуну дайындоо сунушу берилди.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн. Кенден жылына болжол менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл бар.

Акылбек Жапаров: “2017-жылы 11-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков кол койгон Кумтөр боюнча стратегиялык келишимге ылайык кыргыз бийлиги кылымдар бою “Центеррага” адвокат болууга макул болгон”

“2017-жылы 11-сентябрда Кыргызстан Кумтөр алтын кени боюнча Канадалыктар менен “Стратегиялык келишимге” кол коюп, ага чейинки экологиялык дооматтарынан баш тартып, кылымдар бою “Центеррага” адвокат болууга макул болгон. Ал кезде премьер-министр Сапар Исаков, президент Алмаз Атамбаев болушкан”, – деп билдирди бүгүн, 17-майда КР Жогорку Кеңешинин кезексиз чукул чакырылышында Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Өмүрбек Суваналиев, генерал, экс-губернатор: "Биз өз милдеттерибизди так аткардык"

Урматтуу мекендештер!

Акыркы учурларда менин дарегиме айтылган сын пикирлерге, ачык жооп берип койууну чечтим. Анткени айрым саясатчылар, мага жалган жалаа жаап, ММКлардан жана социалдык тармактардан каралоого киришти.

Менин ар бир кылган иш аракетим, эгемен Кыргызстанымдын жаркын келечеги, кыргыз элимдин бакубат жашоосуна багытталган. 40 жылдык тажрыйбамда ар дайым биринчи кезекте коопсуздукту камсыздоону биринчи орунга коюп келем, анткени тынчтык, туруктуулук бар жерде өнүгүү болот.

2021-жылдын 15-февралында өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун сунушу менен, чек арада жайгашкан Баткен облусуна жетекчи болуп бардым. Биринчи кезекте чек аралаш аймактагы элдердин кошуналык жакын мамилесин чыңдоо, карым катнашты бекемдөөгө кириштим. Анткени көп убактан бери чек арада тынымсыз катталып жаткан чыр чатактардан улам, аймактагы элдерде бири бирине болгон агрессивдүү маанай калыптанып бараткан экен. Бул өтө коркунучтуу. Анткени чек ара маселелери чечилген күндө да, кыргыз-тажик эли кылымдар бою кошуна болуп жашайт. Менин пикиримде, чек ара – картада гана болушу керек, жашообузда кошуна элдер, ынтымакта жашап, бакубат турмуш кечирүүгө татыктуу.

Ошондуктан мен, КРнын Президентинин тапшырмасынын негизинде, кызматка дайындалганымдан баштап, бир айга жетпеген убакта, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары менен жолугуп, облустар аралык  кызматташуу боюнча протоколдорго кол коюууга жетиштик.

Мен Баткен облусунун башчысы катары, 17-18-мартта Тажикстандын Гулистан шаарына, КРнын УКМКнын төрагасы К.Ташиев баштаган Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын курамында бардым. Анда ТРнын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода экөөбүз, кызматташуу боюнча  10 пункттан турган протоколго кол койгонбуз.

Андан соң менин демилгем, сунушум менен  22-23-апрелде “Чек ара аймактарын интеграциялоо – өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы, Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана,Тажикстандын Согди облустарынын биргелешкен форуму, Фергана шаарында өттү.

Форумда биз  Баткен-Фергана, Согди облустарынын башчылары  чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу,кошуна элдердин карым катнашын бекемдөө, облустар аралык ар тараптуу кызматташууларды жандантуу менен инвестициялык байланыштарды чыңдоону макулдашканбыз. Жолугушууга үч облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан. Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району  менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда  кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду.

Андан соң 28-апрелде, буга чейинки макулдашууларга ылайык, эрте менен саат 11:30да, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан  “Кызыл-Бел” жана “Гулистон” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймакта,(чатырда) Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен  жолуктум.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Согди облусунун Гафуров жана Исфара райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана эки тараптын Кадастр ишканасынын, Суу чарба башкармалыктарынын  жетекчилери болду.

Аны менен катар ар бир чек аралаш райондо жумушчу топ түзүү, бир жума аралыгында аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү иликтөө  тапшырмасы берилди. Жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы, облус башчыларынын жолугушуусунда каралмай болду. Эки облус жетекчиси 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүү макулдаштык.

Белгилей кетсем бул жолугушууда биз,

-чек ара аймактарындагы күч түзүмдөрүнүн күчөтүлгөн тартиптеги режимди алууну,

-тажик тарап чек арада казган окопторун жабууну,

-коопсуз, жөнөкөй, жай турмушка кайтууну,

-башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы (головнойдогу) камераларды алууну макулдашканбыз.

Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (головной)айланасындагы маселелерди жеринде чечүү  үчүн, биздин,  эки облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан. Алар менен кошо эки тараптан Облустук ИИБнын, облустук УКМКнын, мамлекеттик чек ара кызматынын облустук башкармалыгынын башчыларынан турган комиссия барган.

Бирок эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын  Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун  акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып,жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр чатак орун алган. Ал күнү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кырдаал жонгө салынып, топтолгон эл тараган.

Эртеси 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагынан, тажик тарандары Ош-Баткен-Исфана автожолунан өткөн кыргыз жарандарына мергенчилик куралынан ок чыгара башташкан. Натыйжада кыргыз жарандары жараат алып, эки тарптын тирешүүсүн пайда кылып, бул окуя куралдуу жаңжалга айланды.

Мындан улам кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу облустук штаб түзүү боюнча буйрук чыгардым. Облустук штаб облуста түзүлгөн өзгөчө кырдаалда күчөтүлгөн тартипте иштеп, ыкчам аракеттерди көрдүк.

Бул кырдаалда биринчи кезекте жергиликтүү элди эвакуациялоо иштерин колго алдык. Аларды коопсуз жайга жайгаштыруу, тамак аш менен камсыздоо маселелеринде көйгөй болгон жок.

Чек арадагы орун алган окуяга байланыштуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге келип, экөөбүз төрт күн бою, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуунун үстүндө бирге иш алып бардык.

Ошол маалда, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салуу боюнча Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода экөөбүз да  тынымсыз сүйлөшүп жаттык.

29-апрелде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен, Тажикстандын Президенти Имомали Рахмондун буйругу менен, кыргыз-тажик чек арасында, нейтралдуу аймакта эки тарап жолугуп, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, кечки саат 20:00дөн тартып ок атышууну токтотуу боюнча билдирүүгө (заявление) жана протоколго кол койдук. Кыргыз тараптан мен, Тажик тараптан УКМКнын төрагасы С. Ятимов кол койдук.

Албетте кыргыз-тажик чек арасындагы окуя адам өлүмү менен аяктаганы аябай өкүнүчтүү, бул жоготуулардын ордун эч нерсе толуктай албайт.

Белгилей кетсек, эки тарап бир пикирге келип, куралдуу жаңжалды токтотуп калганыбыз маанилүү болду. Биз жергиликтүү бийлик органдары, өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздын чегинде, бизге жүктөлгөн милдеттерди аткардык. Болуп өткөн окуяларга тарых, өз баасын берет.

Сиздерди терең урматтоо менен Өмүрбек Суваналиев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу экс-өкүлү, милициянын генерал-майору

Президент Садыр Жапаровдун Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мусулман боордоштор!

Орозо айтыбыз маарек болсун!

Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, элибиздин эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдарынын бири. Бул күнү элибиз салт катары бири-биринин үйүнө каттап, даам сызып, изги бата-тилектерин айтып келишет. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алат.

Дүйнөдөгү түзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык кырдаал элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн бизди белгилүү чектөөлөргө кириптер кылды. Орозо айында элибиздин бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылгандыгы мамлекетибиздин келечегине болгон ишенимин бекемдейт. Бул жолку майрам дагы аргасыздыктан чектөөлөр шартында өтүүдө. Мамлекет коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө болгон күчүн үрөп жатат.

Мындан сырткары, Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар да болуп өттү.

Балким мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем.

Азыркы учурда биздин бардык үмүт, дуба-тилектерибиз ынтымак менен тынчтыктын болушуна багытталышы керек.

Жараткан ар бир үйгө ден соолук, тынчтык, токчулук жана бакубат жашоо ыроолосун.

Айтыңыздар маарек болсун!»

Видео - “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, тоо-кен тармагы боюнча адистер менен эксперттер, “Кумтөр” кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын иликтөө иштери аяктап калганын, комиссиянын алдынала текшерүү жыйынтыгы менен Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору иштелип чыкканын билдирди.

Мамлекеттик комиссия буга чейин эксперттик топ менен бирге «Кумтөр» алтын кени боюнча буга чейинки түзүлгөн комиссиялардын тыянактарын иликтеп, эки тараптуу келишимдерди, алардын каржы-экономикалык оӊ жана терс жактарын, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын талдап чыккан. Алар «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келген.

Мамкомиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, өткөн мезгил аралыгында кыргыз тараптын макулдугусуз эле Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү 33,3 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Кезинде кен иштеткен компанияга салынган 6 млрд сомдон ашуун санкция өндүрүлбөй калган. Жергиликтүү өнүмдөрдү сатып алуу да баардык сатып алуулардын 25 пайызын гана түзөт. Мисалы, ал Монголияда 85 пайыздан ашат.

Текшерүү жүрүшүндө «Центерра Голд» компаниясы кыргыз тараптын өкүлдөрүн сатып алып, эптеп эле акча өөнөп алуунун амалына өткөнү ачыкталды. «Кумтөр» компаниясы бузулду делген техникаларды Канадага алып барып оӊдотуп келет. Алтургай, жараксыз техникалык жабдууларды сатып алып, көп жыл пайдаланылбай тургандан кийин кайра кымбат баада чыгаша кылынып жаткан фактылар да арбын. Мунун баары көзөмөлдүн жоктугунан болууда.

Кыскасы, ушу тапта кыргыз тараптын азырынча «Центерра Голд» компаниясына салыктар, санкциялар, айыптар ж.б.у.с.лар боюнча койгон доосу – 3 млрд 501 млн АКШ доллары.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн.

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайда РК тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Бүгүн, 12-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин Экинчи кеңешмесинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Р.Казакбаев казак тарапты 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды аткаруу ниетин кыргыз тарабы кармана тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген биридиктүү пикирди билдиришти.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мухтар Тлеуберди кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяны жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин колдоп, казак тарап кырдаалды мындан ары турукташтырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана чыр-чатактан жабыркаган Кыргыз Республикасынын Баткен областынын тургундарына жардам берүүгɵ даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-казак күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Өз кезегинде Министр Р.Казакбаев казак кесиптешин Кыргыз Республикасына ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды, маектеши бул чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Татарстанда Казандагы ок атышууга байланыштуу аза күтүү күнү белгиленүүдө

Татарстанда бүгүн, 12-майда Казандагы мектептеги атышуунун курмандыктарын эскерүү күнү. Чабуулдан жалпысынын тогуз: жети бала, эки чоң киши өлгөн. Дагы 20 киши жаракат алган, алардын сегизинин абалы оор.

Кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Казандын тургуну Ильназ Галявиев кармалганы белгилүү болду. Татарстандын тергөө комитети “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин Татарстан бийлиги курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион рублдан, жабыркагандарга 200 миңден 400 миң рублга чейин жардам берилерин кабарлаган.

Казандагы жапырт киши өлтүрүүгө байланыштуу Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Интернеттеги купуялуулукка тыюу салууну талкуулоо зарылдыгын билдирди. Ал курал-жарак алууга лицензия берүүнү да катаалдаштыруу керек экенин айтты. Мамдума тиешелүү мыйзам долбоорун кийинки жумада карайт.

Татарстандын балдардын укуктары боюнча атайын өкүлү Ирина Волынец Казандагы ок атышууну “мамлекеттик идеологиянын таптакыр жоктугу” деп атады.

11-майда эртең менен Татарстандын баш калаасы Казандагы №175 гимназияга куралчан адам кирип келип, ок аткан. Үрөй учурган окуя башталганда окуучулар имараттын терезелеринен эвакуацияланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытай Кыргызстанга $54 млн грант бөлүп, 150 миң доза вакцина берет

11-майда Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушту.

Өлкөнүн ТИМи билдиргендей, тараптар Кыргызстандан Кытайга айыл чарба азыктарын экспорттоону кеңейтүү, «Торугарт» менен «Иркештам» чек ара өткөрмө бекеттеринин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, гранттык долбоорлорду ишке ашыруу, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу, Кыргызстандын Кытайга болгон карызын жөнгө салуу, Кыргызстан экономикасына түз инвестиция салуу жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселесин талкуулашты.

Ван И кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинанын экинчи партиясын жөнөтүүнү чечкенин билдирди. Анын алкагында өлкөгө 150 миң доза препарат келет. Мындан тышкары экономиканы колдоо үчүн 350 млн юань (54 млн доллар) бөлүнөрүн, Кыргызстан Кытайга болгон карызын кечеңдеткени үчүн кошумча төлөм алынбай турганын, COVID-19 пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган гранттык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн кытай адистери жөнөтүлөрүн жана азык-түлүктөн жардам берүү маселеси караларын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин 2022-2023-жылдар аралыгындагы кызматташуу программасына кол коюлду.

Түз эфир - Кумтөр кенине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 12-майда КР Жогорку Кеңешинде Кумтөр алтын кенине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүүдө.

 

"Токтогул" ГЭСине керектүү жабдык беш айдан бери чек арадан өтпөй жатканы маалым болду

Кыргызстан беш айдан бери “Токтогул” гидроэлектростанциясын жаңылоого зарыл болгон жабдыктарды казак-кытай чек арасынан алып өтө албай жатат.

Бул тууралуу 11-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Бакыт Сыдыков билдирди:

““Токтогул” ГЭСинде №4 агрегатты демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Ал 15-ноябрга чейин ишке кириши керек. Бүгүнкү күндө ар кандай тоскоолдуктар болуп жатат. Мисалы, Казакстанда “Хоргосто” биздин ошол Токтогул ГЭСинин №4 гидроагрегатына байланыштуу жабдык турат. Беш айдан бери чек арадан өтө албай жатат”.

Жыйында маалым болгондой, Кыргызстандын буюртмасы боюнча Кытайда жасалган жабдыктардын жарымы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркеч-Там” бекети, экинчи жарымы Казакстан аркылуу казак-кытай чек арасындагы “Хоргостон” келери пландалган.

“Хоргосто” коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кезек чоң болгондуктан Кыргызстандын жабдыгы 300-кезекте экени маалым болду.

Сөз ГЭСти реконструкциялоонун экинчи фазасынын биринчи агрегаты тууралуу болууда. Аны Кыргызстанга жеткирүүгө жооптуу компания июнь айынын биринчи жарымына чейин алып келүүнү убада кылууда.

“Токтогул” ГЭСине Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 40% туура келет. 1975-жылы курулган ишкананын үч этаптан турган, эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жаткан алгачкы реконструкциясы 2017-жылы башталган. Үчүнчү этап 2023-жылы жыйынтыкталышы зарыл.

Меню