Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

ИИМ: Чек арага чектеш аймактагы кылмыштар боюнча 11 материал катталды

ИИМдин Тергөө кызматынын аймактык бөлүмдөрү чек арага чектеш аймактарда катталган фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү баштады. Бул мыйзамсыз  аракеттердин кесепетинен кыргыз тарап көптөгөн зыяндарга учураган.
2021-жылдын 2-майына карата маалымат боюнча ички иштер органдары КЖБРге  кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылуушунун жүрүшүндө жасалган кылмыштар боюнча 11 материал каттаган. Алардын ичинен 8 кылмыш ишин Баткен РИИБдин Тергөө кызматы, 3 кылмыш ишин Лейлек РИИБдин Тергөө кызматы иликтеп жатат.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинде (Массалык башаламандык), 380-беренесинде ( Тынчтыкка каршы кылмыш), 210-беренесинде (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо), 266-беренесинде (Ээнбаштык), 358-беренесинде ( Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери,  анын ичинде куралдан атуунун кесепетинен  Лейлек районундагы он эки жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы “Головной”  тилкесинде минометтен атылган октон 25 ашык жергиликтүү тургундардын массалык түрдө  өлтүрүлүшү (саны такталып жатат), жолдордогу унааларды аткылоо, анын ичинде дагы элдердин арасында курман болгондор боюнча катталган.
Андан сырткары, ИИОнун  маалыматтарды каттоо журналында кылмыш ишине тиркелген ар кандай фактылар боюнча билдирүүлөр катталган. Баткен облусундагы иликтене турган иштердин өто көп экендигине байланыштуу жергиликтүү тергөөчүлөргө жардамга ИИМдин тергөө кызматынан  жыйырма тажрыйбалуу кызматкер жөнөтүлдү.
Учурда келтирилген чыгымдын эсеби такталууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Баткенде гуманитарадык жардамдар боюнча облустук комиссия иштеп жатат

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, облуска  келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин атайын буйругу чыккан.  Бул боюнча облустук комиссия түзүлгөн.

Гуманитардык жардамдарды топтоо жана жеткирүү боюнча облустук комиссияны, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров жетектейт. Байланыш телефону: 0772 328 232

Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча- Баткен шаарында Алтынбек Абдрахманов жооптуу. Байланыш телефону:  т: 0774457455

Лейлек районунда Максатай Каримбердиева жооптуу т: 0773076222

Баткен району боюнча Иляз Сайфидинов жооптуу. т:0779000042

Баткен облусуна гуманитардык жардам берүүнү каалагандар жогорудагы кызматкерлерге кайрылса болот.

Ошондой эле төмөнкү эсепке каражат которууга болот.

Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсеп боюнча же Элсом байланышуу номерине которсонуздар болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

р/с 4409021103005073

БИК 440001

Борбордук Казына

ИНН 01312199910086

Код платежа 14411100

БИК: 440902 которуу жолу МКП же ВКП аркылуу

Финка Элсом. 0772001616.Сейитказыев Алтынбек.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси болуп өттү

2021-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кеңешмеси болуп өттү.

Делегацияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Чектеш аймактардагы абалды талкуулоо учурунда эки тарап орун алган окуяларга өкүнүүсүн билдирип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши тийиш экендиги айтылды.

Тараптар аскер техникасын токтоосуз түрдө туруктуу жайгашкан ордуна кайтарууга киришүүнү макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ар тараптуу олуттуу пикир алмашуу болду.

Топографиялык жумушчу топторго жакын арада мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилди.

Тараптар бир тууган элдердин байыркы тарыхына таянуу менен чек арага тийиштүү бардык маселелерди өз-ара түшүнүшүү жана өз-ара ишеним духунда чечүүгө даяр экендигин билдиришти.

Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында «Баткенге көмөк» штабы уюштурулган

Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында «Баткенге көмөк» штабы уюштурулган, анда волонтерлор тараптан жарандык коомчулуктан жана бизнес-түзүм өкүлдөрүнөн Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган мекендештерге жөнөтүү үчүн гумантирдык жардам кабыл алынууда.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун Лейлек району үчүн келип түшкөн 60 тонна гуманитардык жүктү бөлүштүрүп баштады (гуманитардык жүктүн 40 тоннасы – Жалал-Абад облусунан калкынан, 20 тоннасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы боюнча келип түшкөн).

Гуманитардык жүктүн 40 тоннасы Кулунду, Максат, Арка айылдарынын тургундары ортосунда бөлүштүрүлөт, гуманитардык жүктүн 20 тоннасы учурда Арка жана Достук айылынын тургундары жайгашкан Маргун айыл округунун тургундарына багытталат.

Белгилей кетсек, жүктү жеткирүү ыкчамдыгын жана штаб ишинин натыйжалуулугун камсыздоо үчүн бардык гуманитардык көмөктү бир түйүндө топтоо зарыл, себеби Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин транспорту үчүн гана гуманитардык жүк жеткирүү үчүн «жашыл коридор» уюштурулат. Буга байланыштуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү үчүн Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган мекендештерге көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандарды гуманитардык жардамды Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында жайгашкан «Баткенге көмөк» штабынын түйүнүнө багыттоого чакырабыз.

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган тургундар биринчи кезекте төмөнкүлөргө муктаж:
– консервалар;
– тез даярдалуучу продуктулар;
– балдар азык-түлүгү;
– суусундуктар;
– памперстер;
– жеке гигиена каражаттары;
– кийим-кечелер.
«Баткенге көмөк» штабынын координатору катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Атай Алманбетов дайындалды, телефону: 0552 00 00 95.

Эскетип кетсек, ошондой эле Республикалык штабдын Call-борбору 1227 жана 0705 15 13 00 номурлары боюнча иш алып барууда, ыктыярдуу негизде келип түшүүчү акча каражаттарын топтоо үчүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги» атайы эсеби ачылган.

Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды

Бүгүн 1-майда саат 20:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы  Омурбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды. Бул тууралу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек 29-апрелде эрте менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.

Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстан саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишишти

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда 2021-жылдын 28-29-апрелинде болгон чек арадагы окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана башка өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Тараптардын биргелешкен мындан аркы аракеттери талкууланды. 

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз жана тажик тараптардын курмандыктарына жана жаракат алууларына алып келген чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.       

Министр Р.Казакбаев кыргыз тарабы башка аймакка көз артпай тургандыгын жана өзүнүн жерин эч ким менен бөлүшүү ниети жок экендигин белгилеп кетти. Бул жааттан алганда бардык чек ара жана чарба маселелери  кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусу менен сүйлөшүүлөр столунда чечүү зарылдыгын өзгөчө белгилеп кетти.  

Эки мамлекеттин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн, өзгөчө чек ара райондорунда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо, жергиликтүү калк арасында абалдын чыңалуусуна алып келип жаткан бардык аракеттерди басууну баса белгиледи.

КРсы менен ТРнын Тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20.00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилди.

Ошондой эле эң жакынкы сааттарда кырдаалды андан ары жөнгө салуунун деталдарын талкуулоо үчүн Тараптардын жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилеринин өзүнчө жолугушуусун өткөрүү келишимине келишти.

Мындан аркы чаралар катарында Тараптар эки өлкөнүн жергиликтүү башкаруу органдарынын деңгээлинде (облустук, райондук жана айылдык деңгээлде) калк арасында чек ара кызматтарынын аймактык бөлүмдөрүнүн катышуусу менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, чек ара аймактарында абалга байкоо жүргүзүү, көзөмөлдөө үчүн аймактык структуралардын деңгээлинде укук коргоо органдарынын биргелешкен топторун уюштуруу жөнүндөошондой эле болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн тышкы иштер органдарынын жана жеке министрлердин ортосунда түздөн-түз байланышты камсыз кылуу боюнча  макулдашышты,  

Р. Казакбаев жана С.Мухриддин эки тарапты тең айрым деструктивдүү күчтөрдүн аракеттерине жана чагымчылыкка алдырбоого чакырышты.

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: "Тажиктер артиллерия менен аткылап, кыргыз тараптан 10 чакты үйдү талкалап салышты"

«Баткенде абал оор, тажик кошуналар оор курал-жарак колдонушуп, кыргыз тарапты тынымсыз аткылоону башташты. Артиллерия менен аткылап, кыргыз тараптан 10 чакты үйдү талкалап салышты. Буга чейин биз парламентте кыргыз-тажик чек ара жаңжалын жабык эшик артында карадык, андан эмне таптык? Бул маселени ачык эле карай берсек болот. Бул боюнча Өкмөт кандай чараларды көрдү? Чынын айтканда өкмөт уят гана болду. Бир нече күндөн бери абал улам курчуп келе жатты. Өкмөт ал жерде жерде түнөп-жатып иштеш керек болчу”, – деп билдирди бүгүн, 29-апрелде саат 16:00дө депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңешке чукул жыйналган кесиптештерине кайрылып.

“Тажиктер азыр дагы бир жерден — Лейлек районунда чагым баштаганы тууралу маалымат келди», – деди депутат Таабалды Тиллаев..

 

 

“Оскар" сыйлыгын “Көчмөндөр жери” тасмасы алды

Лос-Анжелесте 26-апрелде Америкалык киноакадемиянын сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Бул жолу эң маанилүү категориялар боюнча “Оскар” сыйлыгынан үчөөнү “Көчмөндөр жери” тасмасы алды.

Бул тасма “Мыкты фильм” аталды, “Мыкты режиссура үчүн” режиссеру Хлоя Чжао, “Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн” актриса Фрэнсис Макдорманд сыйланды.

Түбү кытайлык режиссер Хлоя Чжао мыкты режиссура үчүн “Оскар” алган экинчи аял, азиялык айымдардын арасынан биринчиси болду.

“Мыкты актер” деген номинацияда “Ата” тасмасында улгайган адамдын ролун аткарган Энтони Хопкинс жеңүүчү аталды.

Пандемиядан улам сыйлык тапшыруу аземи быйыл жарым-жартылай онлайн түрдө өттү. Мисалы, америкалыктар “Долби” театрында сыйланса, АКШга бара албагандар иш-чарага өз өлкөсүнөн видеобайланыш аркылуу катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: COVID-19га чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгы байкалган шаар жана аймактарда бардык күч-аракетти ишке киргизүү зарыл

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри  Артем Новиков Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйын алкагында өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, ооруканалардын дары-дармек каражаттары жана жабдуулар, медициналык кызматкерлер менен камсыздалышы боюнча актуалдуу маселелер, ошондой эле COVID-19 чалдыккан бейтаптар үчүн жаңы орундарды ачууга карай даярдыктар маселеси талкууланды.

«Республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Биз күнүнө COVID-19 чалдыккандардын саны 400 учурга жетип жаткан учурга кабылдык.

Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Баардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. COVID-19 кабылгандардын саны Бишкек шаарында байкалып жаткандыгын эске алуу менен, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25 ке чейин жогорулатуу, кошумча Медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгына намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуу тууралуу маселени карап чыгуусун сунуштайт. Ошондой эле театр, кинотеатрлардын толтурулушу 50% ашпастыгын тыкыр көззөмөлдөө жана массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн чектөө зарыл. Бул чаралар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу зарыл болууда.

Артем Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Россия Федерациясына сапарынын жүрүшүндө жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларга ылайык, жооп кайтаруунун тийиштүү пландары кабыл алынып, өлкөгө «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келинди. Ошондой эле кытай вакцинасы менен вакцинациялоо жүрүүдө. COVID-19 алдын алууга жана тобокелдик тобундагыларды вакцинациялоого өзгөчө көңүл буруу керек. Абал күн сайын көзөмөлдө болушу керек.

Штаб жыйынынын соңунда COVID-19 кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, коргоо каражаттары жана кычкылтек берүү тутуму менен камсыздалышын мониторингдөө жана контролдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Кайыңдыда жаштардын арасында жаңжал чыгып, мылтыктан ок атуу менен аяктаган

Кечээ, 25-апрелде Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнө 102-кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жаракат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын  басма сөз кызматы билдирет.

Бул факт Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-апрелине караган түнү саат 01:30 чамасында бир нече баладан турган эс алуучу компанияга, алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда кичинекей оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында, өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка изин суутуп кеткен. Бардык жагдайлар такталууда. Натыйжада, 22 жаштагы П.Б. денесине эки ок тийген жаракаты менен ал райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайынды шаарынын 27-жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кармалган.

Керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Меню