Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: Баасы 4.000.000 сомдон ашык контрабандалык дары-дармектер кармалды

 КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК чек ара кызматынын “Чоң-Капка унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 14-ноябрында “Чоң-Капка унаа жол” постунда Кыргыз Республикасынын жараны А.Б.А. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү  “02 KG 314 ABR” мамлекеттик номуру жүк ташуучу унаа кармалган. 

Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок, жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду

14-ноябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын биргелешкен отуруму болду. Жыйынга Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Натыйжада тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын мамлекеттик “Ховар” агенттиги маалымдады. Кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган жок.

Маалыматка ылайык, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Кыргызстанда болору кабарланды.

Жолугушуу тууралуу Кыргызстандын расмий органдары маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андан улам эки өлкө ортосунда утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.

Чек арадагы кан төгүлгөн окуя үчүн эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптады.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады.

Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандардын арасында балдар бар.

Министрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо документтерин текшерди

27-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин адистери “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине келип, “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин толугу менен текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетишти.

Бул тууралуу “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева билдирди.

“Биздин каттоо документтерибизди текшерип, баарынын көчүрмөлөрүн алып кетти. Мындан тышкары 28-сентябрдан 28-октябрга чейинки “Азаттык Медиа” тарабынан даярдалган бардык ТВ жана радио материалдарды көчүрүп берүүбүздү талап кылды”, – деди Айзада Касмалиева.

Министрлик бул текшерүү эки күн мурдагы “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө чечимине байланышы жоктугун белгиледи. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Салкын Сарногоева учурда ушундай эле текшерүү бир нече маалымат каражаттарында жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

“Бул текшерүү биздин министрлик тарабынан “Радио жана теле берүү” жөнүндө мыйзамдын алкагында жыл сайын жүргүзүлүп келген иш-чаралардын негизинде болуп жатат. Анын “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө чечимине тиешеси жок. Буга чейин мындай текшерүүлөрдүн негизинде “Любимый”, “Семейный” жана башка бир катар телеканалдардын эфирлери токтотулуп, 5-каналга эскертүү берилген”, -деди Сарногоева.

26-октябрда министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Расмий билдирүүдө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө.

Мирзиёев ЕБдан Борбор Азиянын интеграциясын активдүү колдоого чакырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27-октябрда Астанада өткөн “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинде Борбор Азиянын интеграциясына көңүл бурууга чакырды.

«… Глобалдык жана регионалдык абал кескин өзгөрүп, ушул тапта Борбор Азиядагы интеграция жараяндарына европалык өнөктөштөрдүн активдүү колдоосу зарыл болуп турат. Буга байланыштуу Стратегияны аткарууну тездетүү жана биздин өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө үчүн көп тармактуу программалык документти – “жол картасын” кабыл алуу мүмкүндүгүн кароону сунуштайм”, – деди Мирзиёев.

Мындан тышкары ал жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы чогуу күрөшүү үчүн Борбор Азия менен ЕБ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын жолго коюуну сунуштады.

“Борбор Азия- Европа Биримдиги” саммити биринчи жолу өттү. Ага чөлкөмдүн лидерлери жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышты.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Шарль Мишелден Казакстан жана Өзбекстан президенттери менен адам укуктарына байланыштуу маселелерди көтөрүүнү сурашкан.

ЖМК редакторлору эркин медиаларга кысымды токтотуу боюнча президент Жапаровго кайрылышты

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президент Жапаровго, Жогорку Кеңешке, УКМК төрагасы Ташиевге, баш прокурор Зулушевге, ички иштер министри Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Максутовго кайрылуу жолдошту.

Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген:
“Кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда. Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат”, – деп жазылган.
Кайрылуу ээлери жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешүүдө.
“Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн. Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун мыйзам бузуулар менен кабыл алынган “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдоно баштады. Юристтер белгилегендей, бул мыйзам Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өзүм билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт. Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: “Республика”, “24.kg” жана “Азаттык Медиа”. Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg”.
Кайрылуу ээлери бул кырдаалга тынчсызданып, мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жеке, президенттин басма сөз кызматын жана президенттик аппараттын кызматкерлерин катыштырбастан жолугушууну суранышты.
Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштар менен кайрылышат:
-“Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгарылсын;
-Даттанууларды кароону токтотуу жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу;
-Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу;
-“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу;
-ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;
-Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.
Сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти айыптаган билдирүү таратты.
“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.
“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Санариптик өнүгүү министрлиги: магистралдык линиядагы авариядан улам Интернетте көйгөй жаралды

Санариптик өнүгүү министрлиги 24-октябрда Интернеттин үзгүлтүккө учурашы боюнча комментарий берди.

Мекеменин билдирүүсүндө магистралдык линиялардын биринде авария болгону, буга байланыштуу дүйнөлүк желенин иши үзгүлтүккө учураганы белгиленген.

“Интернет байланыш жакын арадан толугу менен калыбына келтирилет. Мындан тышкары Интернет байланышты камсыздоо үчүн резервдеги каналдарга өтүү жумуштары жүргүзүлүп жатат”, – деп билдирди министрлик.

Буга чейин MegaCom уюлдук оператору “олуттуу авария” болгонун, мындан улам абоненттердин бир бөлүгү Интернетсиз калганын кабарлаган.

Бишкекте акцияга чыккандар президентке кайрылуу жолдошту

Бишкекте массалык кармоолорго каршы 24-октябрда уюштурулган акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар камалгандарды бошотууга чакырган кайрылууга Ала-Тоо аянтында кол коюп, тарай башташты.

Темир жол бекетинен Ала-Тоо аянтын көздөй жүрүшкө чыккандар “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөөнү, бул жаатта пикирин эркин айтып чыккан саясатчыларды, активисттерди камактан бошотууга үндөштү.

Уюштуруучулар акцияга 500дөй киши катышканын билдиришти.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.

Кемпир-Абад маселеси: президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан улам талаш чыкты

Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги президент Садыр Жапаров менен жолугушууга кирген биринчи топ чыкты.

Алардан кийин дагы бир топ жолугушууга кирип кетти. Бирок ошол жерде чогулган айрым тургундар президент жабык эмес, ачык жыйын өткөрүшүн, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.
Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып Кемпир-Абад маселесинен улам эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Жолугушууга келгендер залга толук батпагандыктан президент эл менен бир канча жолугушуу өткөрүлөрүн айтылган.
Президенттин Өзгөндөгү сапары тууралуу анын басма сөз кызматы азырынча расмий маалымат тарата элек.
Өзгөндө өткөн аптада Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциялары өткөн. Анын алдында Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бул маселени парламентте көтөргөн.
“Азыр “Кемпир-Абад кетти” деген сөздөр катуу кетип жатат. Биз өткөндө эле ошол жердеги “беш айыл өкмөттүн тургундары менен жолукмайынча бул маселени токтотуп турсаңар” деп сунуш бердик эле. Макул болгон, ошондо президент дагы, өкмөт дагы отурган”, – деген Мадумаров.
Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.
Ошол маалда президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.
Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.

Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого катышкан төртүнчү адамды 8 жылга кести

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү. Өкүм чыккандан кийин айыпталуучу тараптын жактоочулары комментарий берген жок.

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге – эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып тагылган.

30-августта Свердлов райондук соту экт милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

2-июлда журналисттер милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышты. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында болгон. Алар Ички иштер министри балдарын, аялдардын укуктары тепселенип жатат деген негизде Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.
19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган

КР Юстиция министрлиги Баткендеги чек арачыларга 1000 жуп жылуу камуфляждык күрмѳ жана шым белекке берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Баткен облусундагы чек арачыларга 1000 комплект кышкы форма берет.

Комплектке бекитилген технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган жылуу камуфляждык күрмѳ (бушлат) жана шым кирет.

Бардык 1000 комплект Баткен облусуна октябрь айынын ичинде өткөрүлүп берилмекчи.

Өндүрүштү КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы «Келечек» МИсы даярдоодо.

Меню