Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

11-чи Борбор Азиялык соода форуму онлайн форматында өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 4-8-октябрында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID)Региондогу кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу пандемиядан кийин калыбына келтирүү” темасында 11-чи Борбор Азиялык соода форумун өткөрөт. Бир жумалык иш-чарада туризм, транспорт жана логистика, электрондук соода, соода мамилелери, суу коопсуздугу, электр энергиясын сатуу жана башка жааттарда COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы калыбына келтирүү маселелерине арналган онлайн вебинарлар жана бет ачарлар өтөт.

Форумга катышуучу 80ден ашык спикерлердин арасында:

  • Торстен Брецина, Борбор Азиядагы GIZ региондук долбоорлорунун кластердик координатору
  • Жамиля Иманкулова, «EcoFerma» компаниясынын ээси, Кыргыз Республикасы
  • Максат Конушалиев, кошо негиздөөчү, 3D Kyrgyzstan and Maks Tour, Кыргыз Республикасы
  • Вики Ку, Viziolg Asia Limited директору, Гонконг, Макао илимий-технологиялык университетинин адъюнкт-профессору
  • Марина Кузнечевская, FCILT, WiLAT Борбор Азиядагы төрагасы
  • Гульмира Примова, «Дестинация Долина Жыргалан» КБ аткаруучу директору
  • Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча региондук директору
  • Барбара Оливейра Рамос, ITC изилдөөлөр жана экспорттук стратегиялар бөлүмүнүн жетекчиси
  • Татьяна Рей-Беллет, IRU директору
  • Айканыш Сапаралиева, өлкөлүк жетекчи, Glovo Kyrgyzstan
  • Санжар Тайжан, Warwick Hyperloop & Boring долбоорунун негиздөөчүсү, TaiSan Motors негиздөөчүсү жана башкы директору, Forbes Казакстан версиясы боюнча «30 моложе 30» (“30дан жаш 30”) рейтигинин катышуучусу жана башкалар. 

Форум Zoom платформасында эки англис жана орус тилдеринде өтүп, USAIDдин Борбордук Азияда атаандаштык, жумуш орундарын түзүү жана сооданы илгерилетүү боюнча долбоордун YouTube каналында да түз эфирде көрсөтүлөт.

Форумга катталуу жана чакыруу алуу үчүн https://catradeforum.org/ сайтына баш багыңыз.

Акыркы он жылда, USAIDдин Борбор Азиялык соода форуму региондо туруктуу экономикалык өсүштү өбөлгөлөөчү кызматташтыкты кеңейтүүгө колдоо көрсөтүп келет. Форум сооданы жана экономиканын өнүгүшүн чектеген көйгөйлөрдү аныктоо, идеяларды жана чечимдерди алмашуу, ишкер мамилелерди түзүү жана бизнес жүргүзүү үчүн 30дан ашык өлкөдөн 10 миңден ашык адам катышып келет. 

Орусия ИИМи өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-сентябрдан кийин депортацияланарын эскертти

Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова 30-сентябрдан кийин полиция өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга карата чараларды көрө баштай турганын эскертти.

Быйыл 15-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылган.

Орусиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов “Коммерсант” басылмасына берген маегинде акыркы күндөрү миграциялык борборлордо кезекте тургандар көп болуп жатканын белгиледи.

“Жарандык көмөктөшүү” комитетинин жетекчиси Светлана Ганнушкина аларга Орусиянын аймагында жүргөнүн мыйзамдаштырып, талап кылынган бардык жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткара албаган мигранттардан жүздөгөн кайрылуулар түшүп жатканын билдирди. Алардын арасында талибдер бийликке келген маалда Орусияда жүргөн ооган жарандары көп.

“Коммерсант” басылмасы Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеевге жана өзүнүн бир нече булактарына шилтеме кылып, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт дагы узартылышы мүмкүн экенин жазды.

Орусия ИИМинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө Өзбекстандын 332 миңден ашык, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Электрди үнөмдөө максатында көчөлөрдө ашыкча жарыктандырууга тыюу салынды

“Улуттук энергохолдинг” ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды.

Мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп жатканын ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев билдирди. Анын айтымында, буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон.

“Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча энергия талап кылган жарнактык жарыктарды өчүрүү тууралуу буйрук бөлүштүрүүчү компанияларга жиберилди. Анда парктардагы жарыктарды өчүрүү тууралуу айтылган эмес”.

Маалыматка ылайык, аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди.

Электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук “Түндүкэлектро”,”Чыгышэлектро”, “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектро” ишканаларына да жиберилди.

Азамат Курамаев өлкөдө электр энергиясын чектөө киргизилбегенин бекемдеп, жер-жерлерде электр энергиясы кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүүгө байланыштуу өчүрүлүп жатканын белгиледи.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.

УКМК: Талас облусунун бийлик бутактарындагы 15 млн сомдук коррупциялык схема аныкталды

КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштун алкагында, Талас облусундагы бийлик бутактарынын коррупциялык схема аныкталды.  

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыктары үчүн КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараттарда жайгашкан кеңсе жайларды коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берүүдөн алынган каражаттарды мыйзамсыз өзүлөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды. 

Ошондой эле, Ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн арналган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча төлөнүп турган. 

Жогорудагы материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын башчысы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасына сапары менен келди

Бүгүн, 29-сентябрда АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын генерал-адъютанты, генерал-майор Питер Хронек, 2021-жылдын 25-29-сентябрында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары учурунда, АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култердин коштоосунда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, ошондой эле тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушту. Генерал-майор Хронек, ошондой эле, генералдык штаб башчысы генерал-майор Уларбек Шаршеев, Чек ара кызматынын жетекчиси жана башка кыргыз расмилери менен биргеликте Кой таш бригадасына  Коргоо министрлигинин машыгуу жерлерине байкоо жүргүзүү үчүн барып келди. 

Бул жолугушууларда генерал-майор Хронек АКШ өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна, көз карандысыздыгына, суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүн эзелтен колдоп келээрин ырастады. Ал ошондой эле Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 25 жылдан ашуун уланып келген өнөктөштүктү баса белгиледи жана АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык, гуманитардык жардам жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү каалоосун баса белгиледи.

 

УКМК: “Ош-аэропорту” көзөмөл өткөрүү пунктунан Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөң узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныктады.

Тактап айтканда, аталаган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды.

Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун КР УКМК Чек ара кызматынын 20 кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу менен кызматтан бошотууга макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичти башка кызматка өтүп жатканына байланыштуу өз каалоосу менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, добуш берүү жыйынтыгында анын өтүнүчү канааттандырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов Толкунбек Абдыгулов өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганын билдирди.

Ал эми Толкунбек Абдыгулов өзү бул кызматта иштеген мезгил аралыгында Улуттук банк өлкөнүн акча-насыя саясатын жогорку деңгээлде жүргүзүү аракетин келгенин баса белгиледи. «Биз бул жылдары улуттук валютанын кунун кармап туруу жаатында иштиктүү аркеттерди жасадык. Өзгөчө акча жүгүртүү жаатында улуттук валютанын ордун бекемдөө, дедоллардаштыруу боюнча бир топ ийгиликтерге жетиште алдык десек болот», – деп, ал Президенттен анын билими менен тажрыйбасын башка тармакта колдонуу сунушу түшкөнүн, ошондон улам өз каалоосу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазганын кошумчалады.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү Толкунбек Абдыгулов банк тармагында узак жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келген өтө билимдүү жана тажрыйбасы мол адис экенин, Кыргызстандын ачка-насыялык саясатынын ырааттуу жүргүзүлүшүнө сиңирген зор болгонун белгилешип, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалашты.

Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которгон

Улуттук банк Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которуп бергенин банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов ырастады.

Ал бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга мыйзам жол берет деди.

“Ооба, бул маалымат чын. Мыйзам боюнча жана эл аралык талаптарга ылайык, биз кирешенин бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда которууга укугубуз бар. Бирок бул сумма кирешенин үчтөн бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Эл аралык аудитор менен макулдашып, 2,5 млрд. сомду котордук. Бул сумма ансыз деле жыл аягында бюджетке түшмөк. Мында мыйзам бузуу жок”,-деди Абдыгулов.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылы Улуттук банктын жалпы кирешеси 5 млрд. 395 млн сом болгонун, ал эми 2020-жылы жалпы киреше 8,5 млрд сом болгонун маалымдады. Анын айтуусунда, Улуттук банктын быйыл, сентябрга карата кирешеси 9 млрд. сомдон ашуун, ал эми алтын-валюта резерви – 3,2 млрд. долларды түзөт.

Жогорку Кеңеш ушул тапта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатат. Ал президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий басым-кысым жоктугун билдирди.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы – 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы – 15 сом болот.

Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары “Шыдыр жол” ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Ушул тапта муниципалдык автобус-троллейбустарда жүрүү акысы – 8 сом, ал эми маршруттук таксилерде жана менчик автобустарда жол кире – 10 сом. Пенсионерлер саат 9:00-17:00 аралыгында 5 сомдон төлөшөт.

Азимжан Аскаровдун өлүмүн УКМК иликтейт

Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү башка органга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттын өтүнүчүн колдоого алды. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн мындан ары иликтөө үчүн тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүп берди.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти тергөөнү башка мекемеге өткөрүп берүү өтүнүчү менен “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму Атайын прокуратурага жана Жаза аткаруу кызматына сентябрь айынын башында кайрылган. Уюм “Жаза аткаруу кызматы бул ишти тергөөдө өзүнүн карамагындагы кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрө албайт” деген жүйө келтирген.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти жаңы жагдайлар боюнча 1-сентябрдан тартып тергей баштаган. Аталган кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарова адвокаттардын “2-3 киши суралбай калды” деген өтүнүчү эске алынып, жаңы жагдай боюнча тергөө башталганын кабарлаган.

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталып, кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.

“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Маселе 6-сентябрда Брюсселде өткөн Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда да көтөрүлгөн.

Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушкан учурда Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү жандантууну сунуштаган.

Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген.

Меню