Menu

АНАЛИТИКА

Кантип Сооронбай Жээнбеков тарыхта реформатор болуп кала алат?

Өмүрбек Текебаевге баа бербеске арга жок. Коомдук талкуу үчүн тема таштап койгонду мыкты өздөштүргөн.

“Elgezit.kg маектер” деген топтомунун бетачарында “Ата Мекен” партиясынын лидери жакынкы мезгилдин күн тартибин аныктап койду.

Саясатчынын пикиринде президент Сооронбай Жээнбековдун тарыхый вазийпасы – жөнсалды маселе эмес. Жөн гана сөз менен эмес, а реалдуу түрдө суперпрезиденттик башкаруу системасынан парламенттик республикага өтүү болуп саналат.

Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбековго иштеп жаткан мыйзамды оңдоп-түзөп, парламенттик шайлоонун босогосун үч пайызга түшүрүп, ошондой эле пропорционалдык системанын алкагында преференттик добуш берүү институтун киргизүүнү сунуш кылды.

Ал эми социалисттер лидеринин башка сунуштары, мисалы, Антикоррупциялык кызматты УКМКнын башкаруусунан өкмөткө өткөрүү, милдеттерди бөлүштүрүүдө өкмөт башчыга тышкы саясат тармагында көбүрөөк милдет берүү – бул Жогорку Кеңешти жаңы эрежелер менен калыптандыруу процесиинин өндүрүшү гана, демек, премьер-министрдин алдыңкы саясаттагы авангардын аныктоо болуп саналат.

Реформа жасаш үчүн эрдик керек

Бир караганда, “Ак үйдүн” жетинчи кабатынын саясый реформага болгон даярдыгы ишеним арттырбагандай.

Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков – реформатор эмес. Түп-тамырынан бери өзгөрүшкө алып келе турган күтүлбөгөн жүрүштөрдү жасоого чечкиндүүлүк жетишпейт. Президенттик мөөнөтүнүн эки жылы Алмазбек Атамбаев менен алышканга эле өтүп кетти.

Коомчулуктун түшүнгөнү – “узак оюн ойногон”, ашыкча кыймыл-аракет кылбаган саясатчылардан экенин көрсөткөнү болду.

“Шашпай шашыл”, – дейт муну. Кыязы, мамлекет башчысы ушундайча иштөө принцибин тандап алган көрүнөт.

Бирок бул ар дайым эле дивиденд алып келе бербейт, практика көрсөткөндөй – президенттин рейтинги өскөн жок.

Мындай жаш курактагы инсанды өзгөртүү мүмкүн эмес. Сооронбай Жээнбековдун аппараттык кызмат жылдарында иштелип чыккан жетекчилик ыкмасын, башкаруу эмес, дал ушул жетекчилик ыкмасын өзгөртүүгө болбойт.

Экинчиден, Сооронбай Жээнбековдо күчтүү жана интеллектуалдуу командасы жок. Бул президент катышкан иш-чараларда эле оркоюп көрүнүп калып жатат. Ал иш-чараларга кандай маани берилип, коомго кандай импульс берилип жатат? Эч ким түшүнбөйт. Түшүнбөйт дагы, анткени аппаратчиктер буга ашыкча баш ооруткусу келбейт.

Президентик аппараттын эң башкы милдети – өлкөнүн биринчи кишисинин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Бирок С.Жээнбековдун аппараты өз ишин аткара албай жаткандай.

Акыркысы, үчүнчүдөн, Өмүрбек Текебаевдин сунушу Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен бийликтен баш тартуу керек экендигин түшүндүрөт.

Башкача айтканда, ал мөөнөтүнүн аягына чейин президент бойдон калат, бирок милдеттери кыркылат. Бүтүндөй реалдуу бийлик өкмөт башчысына өтөт.

Чындыгында, мындай сценарийди өзүнө Алмазбек Атамбаев да даярдап жаткан. Кыязы, ал 2020-жылдагы шайлоодон кийин парламенттик көпчүлүккө ээ болуп, премьерлик креслого олтургусу келген. Ошондуктан конституциялык реформа жүргүзүлгөн. Анан шайлоо босогосун көтөрүп, Жогоку Кеңешке КСДПдан башка “колбала” эки партиянын келишин каалаган.

Бирок бүгүнкү күнү Өмүрбек Текебаев келечекте өкмөт башына ким келиши керектиги үчүн орус рулеткасын ойногонду сунуш кылып жаткандай.

Милдет аткарылбайт. Бирок…

Парадокс дечи, бирок өзүн сактап калуу инстинктин көз карашында “Ата Мекендин” лидери сунуш кылган мындай вариант Сооронбай Жээнбеков үчүн эң оптималдуу. Бирок ошол эле себептен жүзөгө ашыруу мүмкүн эместей.

Сооронбай Жээнбековдун президент катары милдети өлкөнү өнүктүрүү үчүн алга умтулган реформа өткөрүүдө эмес. Ал үчүн алгач так аныктап, социум менен макулдашып алууга тийиш.

Дагы төрт жыл бою консервативдик саясатта кармалып туруу – опурталдуу саясый эквилибристика.

Азыркы тапта коомдо консенсус, бири-бирин түшүнүү жок, биринчи караганда эле, ар бир анчейин маанилүү эмес окуя жалын тутандырган учкунга айланып кетиши мүмкүн.

Президент саясый күчтөрдүн ортосунда тең салмактуулукту сактагысы келип, ачык душман күткүсү келбегендей. Атамбаев менен анын тарапташтары эсепке кирбейт.

Бирок Сооронбай Жээнбеков тактыдан кеткенде, аны мурунку өлкө башчылардын тагдыры күтпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени Кыргызстанда Аскар Акаев качып кеткенден бери карай өлкөнүн башкаруу структурасы менен коомдук түзүлүш жана экономиканын кландык уюшкандыгы өзгөрбөдү.

Ошондуктан башкаруу формасын президенттиктен парламенттикке өткөрүп, түп-тамырынан бери өзгөртүү Сооронбай Жээнбековду келечекте күйгөн оттон сактап калышы мүмкүн.

Президенттик такты анчейин көз кычыштырбай калат. Бүтүндөй чыныгы саясат, өлкөдө болуп жаткан көрүнүштөргө жоопкерчилик Жогорку Кеңеш менен өкмөткө өтөт. Кетип жаткан президенттен эч ким өч албайт, анткени өч алганга себеп да болбойт.

Ошондуктан сапаттуу команда жөнүндө баш оорутпай, ким менен иштегенге ыңгайлуу болсо, ким сатып кетпесе, азыркыдай ишти уланта берсе болот.

Ошентип Сооронбай Жээнбеков – эгерде бардыгын жакшылап таразалап, ойлонуп туруп, Кыргызстанды парламенттик республикага айлантса, анда президент катары вазийпасын аткарган болот.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: 24.kg

 

Кыргызстандагы АША түптөгөн конгломерат же көмүскө каржыдагы "карышкырлар"

Бийлик, байлык, таасир, саясаттагы маселелерди бир адам эмес, чогулуп ишке ашырган топ конгломерат деп айтылат. Конгломератты түзүм, байланыш, союз деп дагы айтып жүрүшөт. Бул топтун да “каралар” дүйнөсүндөгүдөй өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Конгломератка кирген кайсыл бир адам бийлик жана байлыктын топтолуп жаткан жолдорун башка бирөөлөргө сатып койсо, башкалары анын өмүрүн алып гана тынчыйт. Конгломератты бийликтеги эң таасирдүү адамдар гана кура алат. “Азаттыктын” чуусу көп “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” жана “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген аталыштардагы иликтөөсү 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанда конгломерат түптөлүп жашап келгенин анык көрсөттү. Конгломераттын мыйзамына ылайык жашыруун сырды ачыктаган мүчө Айэркен Саймаити бул жашоо менен коштошту.

Германия, улуу Британия, Түркия, Дубайды дүңгүрөтүп, Кыргызстанга бурулган уйгур жолу

“Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген иликтөөнү “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов “1 долларлык кездеме 100 млн доллардын жүзүн ачат” деп баштайт. Андан ары “Азаттыктын” колуна төбө чачты тик тургуза турган документтер келип түштү. Биздин ишенимдүү булактар 2011-жылдан 2017-жылдарга чейинки аралыкта Кыргызстандан бир нече банк аркылуу 700 млн доллар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин билдиришти (акча темасына, бажыдагы системаны өзүнчө кенен сөз кылабыз)…

Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери (тагыраагы Дубай), Германия, Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Орусия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг жана Африкадагы Гана өлкөсү. Бул Айэркен Саймаити Кыргызстандан акча которгон мамлекеттер…” Бул иликтөөнүн жүрүшүндө айтылган сөздөр.

Чын эле жүздөгөн миллиондор менен иш кылган уйгур улутундагылардын үйүрү айтылуу Райым Матраимовго таандыкпы же өлкөнү 7 жыл өз менчигиндей башкарган мурунку ажо Алмазбек Атамбаевкеби?

Миллиондорду адалдаштыруунун адиси, уйгур улутундагы Айэркен Саймаити бул конгломераттын жетим жүгүрүгү гана болгон. Ал буйрукту гана аткарып, тапшырылган ишти жайгарып туруу милдетин аткарган. Миллиондорду жүгүрткөн союздун эң таасирдүүсү Хабибула Абдукадыр. Саймаити Хабибуланын чет өлкөдөгү фирмаларына миллиондогон долларды которуп турган. “Азаттык” айткан өлкөлөрдө чындыгында Хабибулага таандык фирмалар бар болуп чыгууда. Эң кызыгы Абдукадыр башкарган компаниялардын Кыргызстандагы учу мурунку президент Алмазбек Атамбаевге барып такалып жаткандыгында. Ошол түйүндү четинен чечип көрөлү…

Хабибула Абдыкадыр 1964-жылы 16-февралда туулган казакстандык этникалык уйгур, Дубайдын тургуну. Хабибуланын дагы бир аты Палван Хабибула.

2016-жылдын июль айында Хабибула Абдукадыр Германияда W & К деген компаниянын 40 пайыз акциясын сатып алат. Анын өнөктөшү болуп дагы бир казакстандык ишкер Бауржан Баймуханов ушул эле компаниянын 40 пайыз акциясына ээлик кылат. Баймуханов кытайлык ишкерлер менен тыгыз байланышта болуп,“Чжунфу” деген кытайлык компания менен иштешип, Казакстанда кытайлык ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон адам. Кытай-казак чек арасында жайгашкан “Хоргос” эл аралык борборунда кумар оюндарына мыйзамсыз уруксат бергени жана жерди ижарага берүү, курулуш иштерине байланышкан 1 млрд теңге менен алдамчылыкка шектелип кармалган. Хабибуланын казакстандык өнөктөшү шылуун болгону далилденген.

2016-жылы Палван Хабибула (Абдукадыр Хабибула) Германияда дагы бир Statuswest GmbH деген компаниянын 80 пайыз акциясына ээлик кылат. “Азаттыктын” иликтөөлөрүндө бул компаниялар тууралуу бир дагы сөз айтылбайт. Иликтөө жүргүзгөндөр жалаң гана “АКА” деп башталган Хабибуланын компанияларына гана кызыгышкан. Кыргызстанга келген уйгурларга таандык “АКА” деп башталган компаниянын изи бир гана Германияда эмес, Улуу Британиядан көрүнөт.

2014-жылы Хабибула Абдукадыр Лондондо Palwan Limited деген жаңы компанияны негиздейт. Палван Хабибуланын экинчи ысымы эмеспи. Улуу Британиянын реестринде Хабибула Улуу Британиянын тургуну деп көрсөтүлөт. Palwan Limited компаниясынын акционерлери Хабибуланын жакындары Улуу Британиянын тургуну, Кытай жараны Айбибула Паливанмухаймайти (1991-жылы туулган), Улуу Британиянын жашоочусу, Кытай жараны Рези Малия (1967-жылы туулган) жана Айбибула Йамаймайти, Айбибула Нуэрмаймайти (1989-жылы туулган). “Азаттык” Рези Малиядан бөлөк, фамилиялары окшош адамдарды жакын туугандар окшойт деп болжойт.

Palwan Limited компаниясынын эки акционери Абибула Паливанмухаймайти жана Рези Малия АКА London Trading Limited деген компаниянын дагы акционерлери жана директорлору болуп саналат. АКА London Trading Limited кийин кайра каттоодон өтүп, АКА London Limited деп атын өзгөрткөн. Бул компания 2015-жылдын 29-октябрында Улуу Британиянын Кингстон-апон-Темс шаарында катталган. Абибула Нуэрмаймайти дагы компаниянын акционери болуп эсептелинет.

Бул түрдүү өлкөнүн тургуну боло калган, кытай жана казак паспорттору менен жүргөн, Дубайда, Лондондо, Германияда, Түркияда катталган компаниялардын директорлору жана негизги акционерлери Европа жана Азия өлкөлөрүндө инвестиция салып жаткандай түр көрсөткөн эл аралык уйгур коомунун бир бөлүгү болуп саналышат. Бул топ бир эле Кыргызстанды эмес, күчтүү делген Германия жана Улуу Британияны дагы таң калдырууга жетишкен. 2015 жана 2016-жылдардагы отчёттор боюнча АКА London Trading Абдукадыр Хабибуладан 2 млн фунт стерлинг акчаны карызга алат. Отчёт боюнча Хабибула АКА London Trading Limited компаниясынын директорлору менен байланышы бар тарап катары көрсөтүлгөн.

Бул британдык компания 2015 жана 2016-жылдары Түркияда катталган Рalvan Insaat Turizm Lojistik San. TIC. Ltd деген компаниядан 7,1 млн фунт стерлинг акчаны карызга алат. Түркиядагы компаниянын ээси болуп баягы Улуу Британияда катталган Palwan Limited компаниясынын жетекчилеринин бири Айбибула Паливанмухаймайти катталат. Ааламды дүңгүрөткөн уйгур ишкерлеринин түрк компаниясы Стамбулда жайгашкан.

Хабибула жана Айбибула деген фамилияга ээ болгон табышмактуу миллионерлерге таандык “АКА” компаниясынын Дубайдагы туундусу АКА International DМСС. Кыргызстандагы чууну жаратып жаткан “АКА…” дал ушул Дубайдагы компаниянын туундусу.

Сапар Исаковдун өкмөтү 60 млн доллар деп бааланган “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн кытайдын Huawei Technologies компаниясы менен 2018-жылдын башында келишим тузөт. Келишим боюнча кытайлык инвестор 51 млн долларды инвестиция катары салса, 9 млн долларды кыргыз өкмөтү тапмак. Бирок, кыргыз тарап келишимди жокко чыгарган. Негиз катары Huawei Technologies компаниясы Кыргызстанда катталган АКА Invest деген компания 9 млн долларды инвестиция катары салууга даяр экенин, аны өнөктөш катары тапканын келтирет.

Чындыгында, кыргыз коомчулугуна аты-жыты белгисиз бул компания маалымат каражаттарынын бутасына алынып, ар тараптуу изилдөөлөр башталат. Ошондо компания Дубайда катталган АКА International DМСС компаниясынын туундусу экенин, ээлери казакстандык этникалык уйгур Хабибула Абдукадыр, кытайлык Айбибула Нуэрмаймайти жана Айбибула Паливанмухаймайти экенин мойнуна алышкан.

Атамбаев тааныса да тааныгысы келбеген Хабибула менен байланышы

“Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт” деген кыргызда орой угулган менен так аныктама берген макал бар. Атамбаевдин “Абдукадыр Хабибула менен мени Сооронбай 2017-жылы өзү тааныштырган” деп беттырмалык кылганы, дал ушул макалга тете. Атамбаев өзү айткандай Кой-Таш элдик республикасындагы резиденциясында эл менен жолуккан мезгилинде, журналисттерге жооп берип жатып “АКА-Холдингдин” башчысы Хабибула Абдукадыр менен Сооронбай өзү тааныштырган, 2017-жылы “Азаттык” баардык жерде кишилериңер бар да. Таап туруп сурагыла да. Хабибула Кудайга ишенген, корккон адам. Атамбаевди кантип тааныдың деп сурагыла. Мага аны Сооронбай тааныштырган” деп ошол эле “Азаттыктын” журналистине жооп айтат.

Журналисттин “Жанагы Пархати дегенди а?” деген суроосуна, мурунку ажо “жок, анын шефин” деп жообун узатат. Атамбаев ушул эки ооз сөзү менен ачыкка чыгарбай сактап келген сырын элден жашырып жүргөн маскасын заматта сыйрып салганын аңдабай калды. “Азаттык” да миллиондорду Кыргызстан аркылуу чыгарып турган Хабибула Абдукадырды иликтеген берүүсүндө Атамбаевдин ушул эки ооз сөзүнө көңүл бурбаганы таң калыштуу болду. Эрнис Кыязовдун “Эмне үчүн Атамбаевдин аты аталган эмес?” деп таң калган суроосу да ушундан улам берилген болсо керек…

“Азаттык” “АКА” деген компанияларга ээлик кылган 4 уйгурдун атын атап, “… Кудрат Нурмамат дагы бар. Бул ысымдар бизге абдан тааныш. Анын ичинде эки компания өзгөчө тааныш жана кызык сезилди. Бул АКА PETROLEUM GMBH жана AKA IMMOBILIEN GMBH. Эми, мына ушулардын Кыргызстандагы изи, Матраимовдорго байланышы тууралуу айтып берсек.  АКА PETROLEUM GMBH Германиянын Мюнхен шаарында Кронштадтер деген чакан көчөдө Хабибула менен Кудрат Нурмаматка катталган. Ал эми АКА PETROLEUM GMBH жана Касым Курбанов аттуу киши Кыргызстанда АКА МИНЕРАЛЗ ЭНД МАЙНИНГ аттуу компания түзүшүп, “Акылдуу шаар” долбоорун Huawei компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырмакчы болгон. Бирок, Өкмөт келишимди жокко чыгарган. Ушул элe АКА PETROLEUMга таандык АКА МИНЕРАЛЗ ЭНД МАЙНИНГ компаниясы “Мегакомду” дагы толук сатып алуу ниетин билдирген… Айтмакчы, кийин бул компания АКА ИНВЕСТ болуп атын өзгөрткөн. Көрсө, АКА PETROLEUM Кыргызстандагы ырыстуу объектилерге тээ мурдатан эле кызыгып келиптир. Көңүл буруңуз, 2014-жылы Чаткалдагы “Кассан” сурьма кенин “Терек-Сай жаштары” Деген ЖЧК 4,5 млн долларга сатып алган. Аты кыпкыргызча болгону менен бул компаниянын артында турган үчөөнүн бири АКА Петролеум…” Бул “Азаттыктын” көп суроолорду туудурган иликтөөсү.

“Азаттык” айткандай, эми дыкат көңүл буруңуз. Чаткалдагы Терек-Сай сурьма кенине байланыштуу аукцион 2015-жылы өткөрүлгөн. Бул аукционго “Азаттык” айткан АКА МИНЕРАЛЗ МАЙНИНГ компаниясы дагы катышат. Бирок, кенди ХУА-СИНЬ ЖЧКсы 130 миң доллар акча берип, аукциондо жеңүүчү болуп табылган. АКА МИНЕРАЛЗ МАЙНИНГ аукционго жөн гана катышуучу болуп катталып, иш жүзүндө ХУАСИНЬ ЖЧКсын колдоп, болгону 110 миң доллар гана сунуштап койгон. Бул компания утулганы менен ХУАСИНЬ төлөй турчу төлөмдөрдү төлөп турган.

ХУАСИНЬ ЖЧКсы ушунчалык кудуреттүүбү, кимдин компаниясы баарын титиреткен?-деген суроо заматта жаралышы мүмкүнбү? Кызыктын баары тагыраагы Атамбаев жана уйгур мафиясынын аласа-бересеси дал ушул ХУАСИНЬ менен суунун үстүнө калкып чыккан чабынды сыяктуу ачык көрүнөт. “Азаттык” АКА компанияларынын изин иликтеген соң, эң керектүү фактыны кантип көз жаздымда калтырып койду экен? Же иликтөөнү сунуш кылган, “төбө чачты тик тургуза турган” документтерди берген ишенимдүү булактар ушул жерге келгенде секирип өтүп кетүүнү буйрушту бекен?

ХУАСИНЬ ЖЧКсынын 50 пайыз акциясына улуту уйгур Субихи Пархати деген жаш жигит ээлик кылат.

Сухиби Пархати

Ушул жерден Атамбаевдин Кой-Таштагы “Азаттыктын” журналистине Хабибула Абдукадыр тууралуу жообуна жакшылап көңүл буруңуздар. Атамбаев “Пархатиби?” деген суроого “Анын шефи” деп жооп бербеди беле. ХУАСИНЬ ЖЧКсынын 50 пайыз акциясына ээлик кылган суумурун жигит Субихи Пархати мурунку президент айтып жаткан Хабибуланын кол алдындагы адамдын дал өзү. Бул байланышты “Азаттык” көңүл сыртында калтырбашы керек болчу. Атамбаев Хабибуланы 2017-жылы Сооронбай аркылуу тааныгам деп калкка актанганы менен, иш жүзүндө андан мурун эле таанып жатпайбы. 2015-жылы сурьма кенин иштетүүгө лицензия алган ХУАСИНЬ ЖЧКсынын жарым ээси Пархатини Хабибуланын кишиси экенин өз оозу менен ачыктабадыбы. Демек, Хабибула Абдукадыр менен Алмазбек Атамбаев мурун эле чогуу жашыруун иш жүргүзүп, аны сыр бойдон сактап келген деп божомолдомок болот. Ага Хабибула Абдукадыр менен жубайы Раиса Атамбаева болуп кучакташып чогуу түшкөн сүрөтү да далил болууда. Бул сүрөт ачыкка чыкканда, Атамбаевдин жактоочулары “фотошоп, монтаждалган” деп маалымат таратууга жасаган аракеттери ишке ашпай калды. Factchek.kg сайты Атамбаевдин көпчүлүккө жарыяланбай келген сүрөтүн иликтеп, эч кандай монтаждын, фотошоптун элементтери табылбаганын далилдеп койду. Көмүскө каржыдагы “карышкырлар” кыргыз бийлигинин башында турган Атамбаевге жетип, аны менен коюн-колтук алышкан деңгээлге чейин чыкканы эми ачыкталып олтурат.

Хабибула Абдукадыр, Алмазбек Атамбаев, Раиса Атамбаева

“Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизем деген Сапар Исаков “2017-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү менен АКА компаниясынын жетекчиси Хабибуланы кабыл алгам…” деп билдирүү жасаган. Буга ишенүү дагы кыйын. Себеби, ал кезде Атамбаев жана анын Сапар Исаков башында турган командасы Райым Матраимов менен келишкис душманга айланып, Матраимовду кызматтан эбак эле алып койгон эмес беле. Атамбаев Хабибула баштаган уйгур “мафиясы” Матраимов менен иштеп келгенин билген эмес деген өзүнчө эле утопия. Исаков Жээнбековдун сөзүнө караганда Атамбаевдин сөзүн эки дебей аткарганга милдеттүү болуп турганын эске алганда, АКА компаниясы же Хабибула менен жолугуп, алар менен иштешүү керек экендиги тууралуу буйрукту Атамбаев гана бере алмак. Себеби, Атамбаев өзүнө мураскер катары президенттикке алып келген Сооронбай Жээнбековду каржылык маселелерге жолотпой, маселенин баарын өзү чечип, аны жөн гана куурчак катары пайдаланууну көздөгөнүн, “Аталык” институтун түптөөнү максат кылганын убакыттын өтүшү аныктап бербедиби. Эгер “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашканда, мүмкүн Атамбаев түптөгөн конгломерат жана көмүскө каражаттын “карышкырлары” анда дагы миллиондогон долларды адалдаштырып сыртка алып чыгып кетмектир.

Көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон дагы бир сүрөт Хабибула Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде анын бир туугандары олтурган катарда олтурганы.

Хабибуланын ант берүү аземиндеги сүрөтү

Муну ар ким ар кандай божомолдоп жатат. КСДП Атамбаевдин да, Жээнбековдун да аппарат башчысы болгон Фарид Ниязовдун билдирүүсү деп “Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Хабибула Абдукадырды жакын тууганы катары чакырылгандардын катарына киргизгенбиз. Жеке жолугушууда Хабибула Абдукадыр ким болорун сураганымда, эски жакын досу экенин айтып, үй-бүлө мүчөлөрү менен сыйлуу орунга олтургузууну суранды. Жээнбеков сурангандай Хабибула агасы менен эжесинин ортосунда олтурду” деген маалыматты таратты. Бирок, андан күн өтпөй эле Ниязов СИЗО-1ден эч кандай журналист менен жолукпаганын, Хабибула Абдукадыр жөнүндө маек бербегенин билдирген өз колу менен жазган каты жарыяланды. Өз кол тамгасын коюп кат жазган Фарид Ниязовдун катына ишенебизби же эч кандай жазуу же видео кайрылуусу жок эле билдирүү тараткан КСДПнын маалыматына ишенебизби. Ошол эле катарда Атамбаевдин эски жакын таанышы, орустардын бажысын көзөмөлдөгөн Андрей Бельянинов олтурган деп айтылып жаткан маалыматтарга ишенсек, анда бул катарда Атамбаевдин достору сыйлуу конок катары жайгашкан.

Фарид Ниязовдун жазган каты

Казакстандык уйгур Атамбаевдин изин Казакстанга жетелейби?

Субихи Пархатинин өмүр таржымалы менен Атамбаевдин уйгур “мафиясына” чырмалышкан изин иликтегенде, чындап эле төбө чачты тик тургузчу жагдайлар калпып чыкты. 2015-жылы сурьма кени боюнча тендерде жеңүүчү болгон ХУАСИНЬ ЖЧКнын 50 пайыз акциясына ээлик кылган Субихи Пархати 2017-жылдын 27-октябрында Атамбаевге таандык болгон НПФ “Форумдун” 50 пайыз акциясына ээлик кылып, мурунку ажо менен өнөктөш болуп чыга келет. Атамбаев өзүндө калган 50 пайыз акциясын дагы кийинчерээк Субихи Пархатиге сатты кылып өткөрүп берген. Мында келишимге Пархатинин ишенимдүү өкүлү, казак жараны Калжигит Жумабеков деген жаран кол коёт. Пархати деген ким, “доллар менен мульти миллионер” адамдын байлыгын сатып алган олигархпы? Субихи Пархати Кара-Балта шаарында кытайлык уйгур тектүү үй-бүлөдө 1991-жылы төрөлөт. Болочокто Кыргызстандын президентинин өнөктөшү болчу Пархати 3 жашка толо электе атасы апасын кызганычтын айынан өз колу менен мууздап салган деген маалымат бар. Ошондон улам, Пархатини тайатасы алып кетип, Үрүмчүдө чоңойткон. Атамбаевдин табышмактуу өнөктөшүнүн Кара-Балтада калган тайэжесинин сөзүнө ишенсек, Субихи сабатсыз, кыргызча, орусча жаза албайт, чөнтөгүндө “маршруткага да акчасы жок” бала. Эл таңкалгандай “доллар менен мультимиллионер” эмес. Өз аялын мууздаган кылмышкер атасы Казакстанга качып кеткенден кийин, кээ бир маалыматтар боюнча уйгур тектүү Алижан Ибрагимовдун жакын санаалашы болууга үлгүрөт. Чоңоюп калган уулу Субихи менен элдешип, аны өз жанына чакырат. Ошол баланы “подставное лицо” катары алгач Атамбаевдин “НПФ Форум” фирмасынын 50 пайыз акциясын, кийинчерээк 100 пайыз акциясын жаздыртып, экс-президентке эбегейсиз чоң каражаттарды “фирманы сатканынан адал тапты” деп легалдаштырып беришет. Атамбаев өзүнүн өнөктөшү болгон Пархатинин “шефи” катары Хабибуланы айтып жатат. Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы Атамбаев өз каражатыма “7-апрель шейиттери” деген мечитти салдырып жатам, өзүмдүн жеримди мечитке бердим, мечитке кеткен каражатты дагы өзүм табам деп айтканы элдин эсинен чыкпаса керек. Ошол жер “НПФ Форумга” тийиштүү болгон.

“7-апрель шейиттери” мечити

Юридикалык тил менен айтканда “НПФ Форумдун” 100 пайыз акциясына Субихи Пархати ээлик кылган соң, ал мүлк дагы уйгур “мафиясына”, тагыраагы Пархатинин “шефи” Хабибула Абдукадырдыкы. Демек, мечит дагы Атамбаевдин каржысына эмес, Хабибуланын миллиондоруна салынган болуп калабы? Жок, андай эмес дейин десең, чындык ошондой болуп чыркырап жатпайбы, бурадар.

Субихинин өмүр таржымалындагы атасы менен кеткен из айтылуу “Граф” деген ат менен таанылган олигарх Алижан Ибрагимовго алып барууда. Андай болсо “Граф” менен Хабибуланын дагы байланышы бар болуп чыгабы? Пархатинин атасынын дареги Казакстандан чыкса, Хабибула казакстандык уйгур болуп атса, Пархатинин атынан НПФ “Форумдун” акцияларын алган келишимге казактандын жараны кол койсо, “Граф” казактардын олигархы болуп саналса, кыргыз коомчулугу иликтеп бүтө албай жаткан Атамбаевдин байланыштарынын бир бөлугү Казакстанда жаткан жокпу? Атамбаев эч качан өзү тааныбаган адам менен өнөктөш болмок турсун, жанына жакын жолотмок эмес. “Граф” менен мамилеси бар экени буга чейин деле айтылып келген. Алижан Ибрагимов Атамбаевдин 60 жылдык юбилейине келип, кадырлуу конок болуп кеткен. Экөөсүн көмүр мафиясы дагы бириктирет. Бишкек ТЭЦке 2013-жылдан 2018-жылга чейин Ибрагимов ээлик кылган “Шабыркуль” көмүрүн ташып келүү коррупциялык схеманы Атамбаев өзү көмөзөлдөгөн. Бул схемадан дагы миллиондогон доллар саналуу эле адамдын катышуусу менен чыгарылып кетет. Азыр Атамбаевге коюлган айыптардын бири көмүр коррупциясы болсо, аны аткарган Болот Абиров өлкөдөн качып кеткен. Тилекке каршы, көмүрдөгү кара система дагы азыр деле уланып жатат. Энергетика боюнча эксперт, коомдук ишмер Расул Умбеталиев быйыл дагы “Графтын” системасы ишке ашканын, бүгүнкү өкмөт ошол системаны улантууга кызыкдар болгонун маалымат жыйын өткөрүп, ачык айтып чыккан.

Уйгур “мафиясы” же болбосо көмүскө каражаттын “карышкырларынын” чынжырын түзгөнүбүздө Атамбаевсиз куралбай турган болуп чыкты. Хабибула Абдукадыр (Казакстандык уйгур) – АКА компаниялары (Европа, Дубай, Түркиядагы  Айбибулалардын компаниялары) – Кыргызстандагы АКА компаниялары (АКА ИНВЕСТ жана АКА МИНЕРАЛЗ туунду компаниялар) – ХУАСИНЬ ЖЧКсы (Пархатиники, АКА баш ийген компания) – Пархати (АШАнын өнөктөшү) – Хабибула (Пархатинин шефи). Ушул чынжырдан Атамбаевди кантип бөлүүгө болсун.

Кыргызстанда АША түптегөн конгломерат

Өлкөдөн чычкан жөрмөлөсө да көзөмөлгө алчу системаны Атамбаев 7 жылда катуу бекемдеди. Анын бийликтен кеткенден кийин “Билген эмесмин, жаңылыптырмын” дегени карандай калп. Буга өзү да ишенбейт. Атамбаев бир кездеги шоопуру И. Илмияновго экономика жана кадрды көзөмөлдөтсө, С. Исаковго тышкы байланышты ишенип тапшырса, А. Сегизбаев менен Дене-тарбия институтун араң окуп аяктаган Б. Сүйүмбаевге УКМКны башкартса, дагы бир шоопуру Э. Сопоковду салык кызматына алып барса, жансакчысы У. Исраиловду ИИМге олтургузса, К. Кулматовго бажыны берсе, Ф. Ниязов идеологу катары эмгек өтөгөнүн тизмектегенде, өлкөдөн миллиондогон акчалар бул топтон айланып өтө алмак эмес. Райым Матраимов өзүм билемдик кылса беш мүнөткө жетпей башы кетмек. Айэркен Саймаитинин Кыргызстандан чыгарган эң көп миллиондору 2013-2014-2015-жылдарга туура келет экен. Ушул жылдары 502,6 млн долларды чет өлкөлөргө которуптур. Атамбаев дагы ушул жылдардан баштап өзүнүн мультимиллионер адам болгонун кайра-кайра сүйлөй баштаган. Кыргыз экономикасындагы миллиондогон артка кетүү, карызга батуу дагы ушул учурга туура келет. Бул дал келүүбү же миллиондордун изине байланышы барбы? Мисалы, Кыргызстанга кирген бензиндин көрсөткүчү 2013-жылы 801824,3 тоннага жетип, ошондон казынага акча түшсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 618437,7 тонна деп көрсөтүлгөн. Бир жыл ичинде бензинди колдонгондор ушунчалык төмөндөгөн дегенге ким ишенет? Атамбаевдин командасы кирген бензинди көрсөтпөй, миллиондогон акчаны сол чөнтөккө урганынын белгиси ушул да. Спирт ичимдиктеринде 2012-жылы 1615,2 миң дал деп көрсөтүлүп, ошондон акциздик салык алынса, 2015-жылы 890,1 миң далга акциздик салык чогулган. Бул тармакта дагы миллиондор казынага түшпөй, конгломератка агылып турган. Тышкы карыз боюнча Кытайдын Эксимбанкынан эле алган кредиттин суммасы 2014-жылы 1115 893 долларга жетсе, 2015-жылы 1296 397 долларга көтөрүлгөн. Бул акчалардын дайынын таппай, конгломераттын мүчөлөрү айыпталып олтурат. Саймаитиге дипномуру менен машинасын берип калкалаган адам дагы Атамбаевдин көздөй кишиси, салык тармагын көзөмөлдөгөн кадры, андан кийин Түркияга консул болуп барган адам болуп жатпайбы. Ушундай бекем чырмалышкан союз миллиондорго эч кандай тийешеси болгон эмес дегенге ким ишенет? Райымды, Сооронбайды ушул тема менен элге бөкөчө, монстр кылып көрсөтүү уят иш эмеспи? Матраимовду суттөн ак деп актагыбыз келбейт. Күнөөлүү болсо ал дагы жоопкерчилик тартышы керек. Президент Жээнбеков ушул системаны сындырып, бир эле топтун кулкунуна куюлуп жаткан финансы булагын казынага бурууга болгон кудуретин жумшоого милдеттүү. Ушуну менен айтчу сөздү токтотуп туралы. Кийинкисинде “Абу-Сахий”, акча маселеси, Райым Матраимовдун бажыдагы таасири, Атамбаев менен Матраимовдун мамилеси, экөөсүнүн ортосундагы ажырым, Саймаити тууралуу сөз кылабыз.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Саймаитиге байланышкан жаңжал биринчи кезекте кимге керек?

Ушул жылдын май айындагы “Азаттыктын” “журналисттик иликтөө” (чындыгында журналисттик иликтөө эмес, ага төмөнүрөөктө токтолобуз) деп аталган материалында КРнын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов уюштурган коррупциялык схемалар аркылуу 2012-2017-жылдардын аралыгында Кыргызстандан Түркияга жалпы суммасы 700 миллион доллардан ашык каражат чыгарылып кеткендиги айтылган. Андан кийинки дебаттарда, тактоолордо, кайчы пикирлерде Матраимовдордун фондусуна Түркиядан Озжан дегендин 200 миң доллар которгондугу жөнүндөгү фактыдан башкасы документтер аркылуу ырасталган эмес.

Бирок, андан көп өтпөй эле ал схемада негизги роль ойногон делинген Айеркен Саймаитинин каржылык документтердеги колу таптакыр башка бирөөнүкү экендигин “5-каналдын” журналисттери аныкташкандан кийин ал берүүдөгү калган фактыларга карата да ишеним азайган. Чындыгында эле схемадагы башкы эсепчи катарында көрсөтүлгөн адамдын документтердеги колу интернеттен алынып, кириш-чыгыш кагаздарына жабыштырыла койгон башка бирөөнүн колу болуп чыкса, деги андай кагаздарга кандай акыл-эстүү адам ишенет?

“Азаттыктын” журналисттери 21-ноябрда дагы эки ЖМК менен биргеликте ал темага кайрылып, бир сааттык экинчи “иликтөөсүн” обого чыгарышты. Иликтөө дегенди тырмакчага алганыбыздын себеби, журналисттер өз алдынча тапкан материалдар эмес, эки жылдан бери Түркияда качып жүрүп, 10-ноябрда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити тарабынан даярдалып, анан “Азаттык” баш болгон эки ЖМК тең шериктикте жарыяланган материал экендиги ачык болду. Орустар мындайды “сливать информацию” деп коюшат. Кыргызстандан кеткенден бери бирөөлөрдөн коркуп, өмүрүнөн коопсузданып, дайыма куралчан жан сакчы менен жүргөн неме “тирүү жан дегениң, бүгүн болсо, эртең жок, эмне болуп кетээрин ким билет” деген ойдо өз кызыкчылыгына жараша маалыматтарды даярдап, ал “Азаттыкка” “сливать” этип жүргөн экен. Ал “сливание” Саймаитинин өз жанын коргоп, өзүн актоо үчүн гана болгонбу, же анда “Азаттыктын” айрым журналисттеринин жекече кызыкчылыктары да барбы, ал тууралуу айта албайбыз. Бирок, ал ишке чоң саясаттагы айрымдар да аралашып, координациялап турушкандыгы ачык эле байкалууда.

“Азаттыктын” акыркы берүүсү эмнеси менен айырмаланды?

Кыргызстандан 700 млн. доллардан ашык каражаттын чыгарылып кеткендиги жөнүндө маалыматты “Азаттыктын” ушул жылдын майындагы берүүсүндө укканбыз. Аны алып баруучу ал акчалардын бардыгы Матраимовдорго таандык кылып көрсөтүүгө аракеттенген менен документтер аркылуу далилдей алган эмес. Кийинки талкууларда, ача пикирлерде ал акчалар көптөгөн ишкерлердин товар сатып алууга топтогон каражаттары экендиги, Айеркен Саймаити Кыргызстанга келгенден бери ишкерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгарып берүүгө адистешкен жаран экендиги анык болгон.

21-ноябрдагы берүүдө 2012-2017-жылдарда сыртка чыгарылган каражаттардын жалпы суммасы 647 миллион долларды түзгөндүгү, бирок алар негизинен Кытайдын Шиңжан Уйгур автономдуу районунда жашоочу Хабибулла Абдукадыр деген адамдын Ташкенттеги “Абу Сахи” деген базарынан чыгарылган акчалар экендиги ачык болду. Өзбекстанда валюталык тартип катаал болгондуктан “Абу Сахи” базарында топтолгон акчалар алгач Кыргызстанга чыгарылып, анан банктар аркылуу Түркияга жөнөтүлсө, алардын бир бөлүгү андан ары Европага, АКШга, Бириккен Араб Эмираттарына ж.б. өлкөлөргө кетсе, бир бөлүгү адалдангандан кийин кайра Кыргызстандагы схеманын ээлерине которулуп келгендигин Айеркен Саймаити айтты, бир катар документтерди көргөздү. Бирок, тийиштүү органдар ырасташмайынча аларды толук чын деп айтууга да эртелик кылат. Алардын баары болбосо да көбү майдагы берүүдөгү документтердеги Саймаитинин колундай эле жасалма болуп чыгышы да толук мүмкүн. “Азаттыктын” акыркы берүүсүндө уюлдук телефондо Саймаитимин деп сүйлөгөн адам Матраимовдордун фондусуна бардыгы болуп 2,5 миллион доллар которгондугун айтты. Алардын билдирүүсү боюнча, адалданган акчалардан Хабибулла Абдукадыр Бириккен Араб Эмираттарга 50 миллион доллардан ашык которсо, Дубайда Р.Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын наамында жалпы баасы 12,5 миллион долларлык 2 жер участкасы, 1 батир бар экен.

Ошентип бул жолку берүүдө Райым Матраимовго, анын иниси Русланга карата аябагандай оор күнөөлөр коюлгандыгын, алардын бир бөлүгү далилденсе деле экөөсүнүн эркиндикте калуусу өтө чоң маселеге айланарын ачык айталы. Саймаитинин айтуусунда, Хабибулла Абдукадыр Кытайдан Кыргызстанга ай сайын 650дөй товар жүктөлгөн фураларды жөнөтсө, Райым Матраимов транзиттик жүк катарында кагаз толтуруп, ар машина үчүн 4600 доллардан алып, Кара-Суу базарына түшүртүп, ал жерден “Дордойго” жөнөтүп, андан Кыргызстандын товарлары катарында документ жасатып, Россияга жөнөтүп турчу экен. Ал эми Хабибулла Абдукадырдын Ташкентке жөнөтүлчү товарлары адегенде Өзбекстандын Кашкар-Кыштак айылындагы базага түшүрүлүп, анан Руслан Матраимовдун көзөмөлүндө андан ары ташылып кетчү экен. Ошентип Али Токтакуновдун маалыматтарын жалпылаганда, Матраимовдор ай сайын контрабандалык операциялар аркылуу 20-30 миллион доллар таап турушкан болуп саналат. Бул тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилип, ачыгына чыгарылбаса, Кыргызстандын жетекчилигинин гана эмес, өлкөбүздүн сырткы имиджине да аябагандай чоң доо кетирет. Анткени, “Азаттык” Айеркен Саймаитинин билдирүүсүнө таянып, Кыргызстандын жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктери аткезчилик менен алектенгендигин жарыялап салды. “Азаттыктын”берүүсүнөн кийин Өзбекстандын тийиштүү кызматтары “Абу Сахи” базарындагы абалга өзгөчө дыкаттыкта карай башташары да шексиз.

Саймаитинин өлүмү кимге пайдалуу?

Эл аралык резонанс жараткан мындай кылмыш катталар замат: “Бул кимге пайдалуу?”-деген суроо пайда болот. Чын эле Саймаитинин өлүмү кимге пайдалуу? Ал кимдерге өзгөчө жакпай калган?

Айеркен Саймаити (бул уйгурча Эркин Самятов дегендин кытай тилиндеги транскрипциясы. Ошондуктан кыргызча Эркин Саматов деп жазган туура болмок, бирок антсек башкалар түшүнбөй калышпасы үчүн биз да башкаларды ээрчип Саматты кытайларга окшоп Саймайити кылып жазганга аргасыз болуудабыз) 1999-жылы Кыргызстанга келип, адегенде ар кандай иштер менен алектенип жүрүп, анан ишкерлердин нак акчаларын Кытайга, Түркияга чыгарып берүүгө адистешкенге өткөн. Мындан бир нече жыл мурда Оштон Үрүмчүгө алынып бараткан ири суммадагы акча каражаттары каракталгандан тартып, кожоюндарынын ишениминен чыгып калгандан кийин Түркияга кетүүгө аргасыз болгон. 2017-жылы Кыргызстанда ага 5 миллиард сомго жакын салыгын төкпөгөндүгү, дагы бирөөнүн 3 миллион 28 миң долларын алдап кеткендиги үчүн кылмыш иши козголгон. Ал 2014-жылы 8-сентябрда жасалма документтер аркылуу Сузак районунун Кызыл-Туу айылынан А№ 3964341, АС 2442976 номерлүү Кыргызстандын паспортун алган, бирок ага жарандык берүү тууралуу жарлык чыкпагандыктан ал мыйзамсыз болуп эсептелет. Ага паспорт берген келинге карата кылмыш козголуп, тергелип, тескелип, сотко өткөрүлгөн.

Саймаити Кыргызстанга же Кытайга экстрадициялоодон катуу корккондуктан улам акыркы жылда Түркиянын жарандыгын алганга тынбай аракеттенип жүргөн. Айрымдардын айтымдарында, ноябрдын аягында ал Түркиянын паспортун да алмак экен. Түркиянын Кытайдагы этникалык уйгурларга боор тартып, аларга жеңилдетилген шартта карап келаткандыгы белгилүү. Бирок, ал Түркиянын жараны боло электе 10-ноябрда өлтүрүп кетишти. Андан кийин Түркиянын ЖМКлары Саймаити Түркияда да бирөөнү 1 миллион 250 миң долларга алдаган, киллерлердин артында ошолор турушу мүмкүн деген божомолдорун жарыялашты. Ал эми биздеги айрым эркин ЖМКлар буга Матраимовдордун, анын артында турган азыркы бийликтегилердин тиешеси бар болуш керек деген жоромолдорун айтып, жазып келатышат.

Кимдин дагы кулагы көрүнүп турат?

Айеркен Саймаитинин акча чыгаргыч бизнесинин гүлдөп, өнүккөн учуру 2012-2017-жылдар болгон. Ошол учурда биздеги айрым эң жогорку кызматтагылардын бизнестеринде уйгур фактору өтө күчөгөндүгү да чындык. Ал жакка аздыр-көптүр катышы бар, мурда АШАнын таразачысы, кампачысы болуп жүргөн А.Ибраимов “Дастанды” жетектеди, мэр болду. АШАнын “Медиа Форумун” Субихи Пархати деген 27 жаштагы жигит 54 миллион сомго сатып алды. Анын Хабибулла Абдукадыр жетектеген компанияларга түздөн түз тиешеси бардыгы, чындыгында ал Хабибулла Абдукадырдын подставалык эле адамы экендиги азыр ырасталууда. Анын аркасы менен Хабибулла Абдукадыр Терек-Сайдагы сурма кенинин бир бөлүгүнө да ээ болгон. “Форумдун” сатылгандыгы жөнүндөгү кагаздар шапке үчүн төлөнгөн акчаларды мыйзамдаштыруу үчүн эле сомдолгон, же дагы бир башка ири операцияны ишке ашыруунун алгачкы кадамы эле болгон. Анткени, Хабибулла Абдукадырдын адамдары кийинчерээк “Мегакомду” сатып алууга, “Коопсуз шаар”долбоорун ишке ашырууну колдоруна алууга да аракет кылышкан. Бирок, бийлик алмашып кеткенден улам ал максаттары орундалбай калган. Эгерде аракеттеги бийлик АША болжогондой, ойлогондой тактекенин эле ролун аткарып калса, Бирштейн, Максим, Ширшов, Елисеев дегендер Х.Абдукадырдын жанында шоона эшкенге да жарабай калышмак экен.

Анан Кыргызстандын бир эмес, эки атайын кызматы тарабынан изделип жаткан Айеркен Саймаитиге дипломатиялык номери бар машинасын берип, аны тайраңдаткан, Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы консулу Эркин Сопоков АШАга таандык “Кыргызавтомаштын” айдоочуларынын бири, анын эң жакын досторунун биринин кара чечекей күйөө баласы болуп жатпайбы!

2010-жылдын апрелиндеги элдик төңкөрүштө Райым-миллионду С.Жээнбеков менен А.Бекназаров Оштогу бажы кызматынын башчылыгынан четтетип салышса, анын 400 миң долларын алып, кайра ордуна койгон ким эле? А.Бекназаров менен АШАнын 2010-жылдын майындагы интернетке чыккан телефондогу жаңжалында ачык эле айтылгандай, ал Убактылуу Өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев деген адам болчу. Райым-миллионду алты жыл көтөрмөлөп, акырында Республикалык Бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басарлыгына алып келип, жетекчиликке шилтегени даяр турган АШАга Райым-миллион күтүүсүздөн эмнеге жакпай калган? Айрымдар ага АШАнын кызы менен Райымдын эжеси келини экөөсү автоунаа койгуч жай талашып, жаңжалдашканы себеп болду дешет. Ал чындыкка жакындабайт, акчага байланышпаса, АША андай нерселерге көңүл деле бурбайт. Ал кызматтан кетип жатканда Райым-миллионду да кызматынан айдаган, ага эки жыл болду. Бирок, Саймаитинин айтымында, андан кийин деле Кыргызстандан мыйзамсыз акча чыгаруулар улантылып келген. Райым-миллиондон кийин Кытайдан келип жаткан жүктөрдү, сырт жактарда кетип жаткан акчаларды ким көзөмөлдөгөн?

Биздин оюбузча, аны мурдагы президенттин ишенимдүү адамдарынын бири көзөмөлдөгөн, Райым-миллионду ошого орун бошотуу үчүн АША кетирген. Анткени, АША өзү кызматтан кеткенден кийин майлуу-сүттүү жерлердин башка бирөөлөрдүн колдоруна тийүүсүн каалаган эмес, Райым миллионго толук ишенбеген. Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн бир сыры ушунда жатат. Ал “Азаттыкка” ал адамдар, өзүн коркуткан кимдер экендигин да айткандыгын бөркүңүздөй көрсөңүз болот, бирок алар маалыматты бир жактуу иргеп алышып, Райым-миллион менен азыркы бийликтегилердин беделдерине доо кетире тургандарын гана калтырышып, “арабаны” азыркыларга гана буруп салышкан, алардын артында АШАнын өзү болбосо да анын акчалары тургандай сыяктанат. Өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр, мыйзамсыз жүктөрдү өткөрүү, акчаларды чыгаруу негизинен 2012-2017-жылдарда же АША бийликте турган мезгилде болсо да ага карата “Азаттыктагылар” бир да сын айтышпастан, жок дегенде анын атын да атап коюшпастан күнөөнүн баарын азыркыларга төңкөөгө аракет кылышкандары жөн жерден болбосо керек?

Саймаитинин өлүмүнүн экинчи сыры – Үрүмчүдөгү Хабибулла Абдукадыр жетектеген уйгур ишкерлерине барып такалат деп ойлойбуз. Эгерде ал Кыргызстандагы айрым адамдардан корксо, Түркияга качпастан өзүнүн мекени Уйгур автономдуу районуна кетмек. Акчага байланышкан махинациялардан улам ал үчүн Уйгур автономдуу районуна карата жол биротоло жабылгандыгынан, киндик каны тамган жерге барса башынан тез эле ажырап каларын билгендигинен улам Түркияга качкан. Ошондон улам Түркияда жүргөн эки жылдын ичинде мекенине бир да жолу барган эмес. Эгерде ал жакта корко турган эч нерсеси жок болсо, ал ай сайын деле барып турмак. Анткени, жакындык, тамыр-сөөктүк ж.б. мамилелер уйгурларда кыргыздардыкынан да күчтүү, бекем. Байып, ашып-ташып кетсе деле эч кимисинин жөндөн жөн эле элдин катарынан чыгып калгысы келбейт.Мына ушул өңүттөрдөн алганда, бул жактан жоболоңдуу АШАнын “дүбүртү” угулуп, кулагы көрүнүп бараткансыйт…

Жээнбеков АШАдай бизнесчи, соодагер эмес

АША камала электеги “Азаттыкка” берген интервьюсунда өзүн Хабибулла Абдукадыр менен Сооронбай Жээнбеков тааныштыргандыгын айткан. Ал убакта Х.Абдыкадыр дегендин ким экендигин Кыргызстандыктар билишчү деле эмес, бирок “Азаттыктын” кабарчысынын ошол убакта эч кимге белгисиз адам жөнүндө АШАдан сурагандыгы азыр ойлондурбай, шектендирбей койбойт. АША “Азаттык” Матраимовдор, Саймаити жөнүндө топтоп, обого чыгарганы жаткан материал жөнүндө алдын ала билип, мүмкүн таанышып же өзү даярдатып, анан кабарчылардан өзүнөн Х.Абдукадыр жөнүндө суроону өтүнгөн, ал жооптун кийин өзүнө кереги тийерин билген сыяктанат. Иши кылып анда ал Х.Абдукадыр менен аны С.Жээнбеков тааныштыргандыгын айткан.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Т.Стамалиеванын “Азаттыктагы” экинчи материал боюнча жообуна ылайык, С.Жээнбеков 2012-жылы инвестицияларды тартуу боюнча Ошто өткөн форумда Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун жетекчиси Фархат Турду менен бирге келген Х.Абдукадырдын бир тууганы менен таанышып, ал аркылуу 2017-жылы АША экөөсү акеси менен таанышыптыр. Аракеттеги президенттин бир тууган Абдукадырлар менен болгон байланышы ошону менен токтойт, үзүлөт, анткени, С.Жээнбеков бизнесчи же ишкер эмес. Ал эми ишкер, бизнесчи АША ал тааныштыкты кандай өңүттөрдө өнүктөргөндүгүнө, бийликтен кеткендигине байланыштуу көбү ишке ашпай калгандыгына жогоруда күбө болдук.

Мамлекетти жана өкмөттү жетектегендер өздөрүнүн кызматтык функциялары боюнча, эки күндүн биринде ар кандай калибрдеги саясатчылар, ишкерлер, байлар менен жолугуп турушат. Көбүн ошонун эртеси күнү эле эстен чыгарышат. Жолугушкандардын бардыгынын артынан криминал, жеке кызыкчылык издеген туура эмес. Бирок, АШАдай жолугушканын кандайдыр бир кызыкчылык менен көңүлүнө бекем сактап калып, же тыгыз кызматташып кетип, мураскорунун инаугурациясына чакыртып, эң ардактуу орундардын бирине отургузса, ал башка маселе. С.Жээнбековдун инаугурациясына чакыртыла тургандардын дээрлик бардыгын АША менен Фарид Ниязов аныкташып, орундарына чейин аныкташкан. Ал убакта С.Жээнбековдун президенттик аппараттын ички иштерине кийлигишкенге да укугу болбогон, АША менен Фарид өздөрүн Кыргызстандын 2040-жылга чейинки толук кожоюну катарында эсептешкен. Эми өздөрү Х.Абдукадырды ардактуу 2-катарга аракеттеги президенттин бир тууганынын жанына отургузуп, анан эми өздөрү кылгандарды кайра С.Жээнбековго төңкөп жатышкандары – алардын уят-сыйыттары жок, эки жүздүү коркунучтуу адамдардан экендигин гана айгинелейт.

Саймаитини өлтүргөндөр кармалышты, жакында алар буйрутма бергендер кимдер экендигин да айтышат. Аларга буйрутмачыларды жашыргандын кенедей да пайдасы жок. Окурмандарга ага чейин ар кандай имиштерге, эмоцияларга алданбай чабал өрдөк мурда учат болбой, сабырдуулук менен күтө турууну, ошондо бизге белгисиздердин баары болбосо да көбү ачыкка чыгып, бардыгы орду ордуна коюларын гана айта кеткибиз келет.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Кризистен кутула албайбызбы? Эксперт – Кыргызстандагы өнүгүү абалынын багыттары жөнүндө акыл калчады

КРнын саясый илимдеринин доктору, 3-класстагы мамкызматтын кеңешчиси Азамат Темиркулов 2020-жылы октябрда өтчү парламенттик шайлоонун алдында КР президенти менен Жогорку Кеңештин депуттарына ачык кат жолдоду. Бул катта жакынкы арада Кыргызстан туш боло турган маселелерге акыл калчанып, өнүгүүнүн эки жолу айтылат.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин урматтуу депутаттары!

Алдыдагы 5 жылдагы Кыргызстан жана анын жетекчилери катары жеке Сиздер төмөнкү көйгөйгө туш болосуздар.

Биринчиден, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал начарлайт. ЕАЭБдин алкагындагы атандашуунун натыйжасында көптөгөн атамекендик ишкерлер коңшулардын ири өндүрүшчүлөрүнө туруштук бере албай калат, өзгөчө бул фермерлерге тиешелүү. Кийим тигүү өнөр жайы төмөндөгөндөн төмөндөп барат. Биздин Ички дүң продукт жылына болгону 4%ды түзөт, бул өнүгүп келе жаткан өлкө үчүн жетишсиз (Өзбекстанда 5,8%, Түрмөнстанда 6%, ал эми Тажикстанда 7%). Өзүңөр билгендей, мындан да силер бийликте турган учурда мамлекеттик карыздар боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу 2023-жылга туш болот. Азыр төлөмдөр жылына 200 млн долларды түзүп жатса, туу чокусуна чыкканда 300 млн долларды түзүп калат. Бул Кыргызстандын бүджети менен экономикасына оор жүк болот. Бүгүнкү байкалган Ички дүң продуктунун 4 % болушу жетишсиз, тышкы карызды төлөө 50%га көбөйүп, абалыбызды кыйла кыйнап коет. Мына ушундай факторлор өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасир берет.

Экинчиден, 28 жылдан бери топтолуп келе жаткан улуттук коопсуздук тармагындагы көйгөйлөр курчуйт. Өлкөнүн түштүк облусундагы массалык миграция опурталдуу аймактарда калктын санын азайтып койду. Коңшулар тараптан билинбей жылып келе жаткан миграция чегарадагы чыңалууну ого бетер курчутуп келет. Тилекке каршы, бул тенденция курчуй берчүдөй. 2020-жылы жана андан кийинки жылдарда чегара тарыхында араздашуу да кыл учунда болот. Анткени Тажикстан 2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун босогосунда турат, бул  коңшу өлкөнүн ички иштеринде туруксуз кырдаал түзүлүшүнө алып келиши да мүмкүн. Ошондой кырдаалда Тажикстан бийлиги нааразы болгон калктын көңүлүн алаксытуу үчүн коңшулар менен кыжыңдашууга баруудан кайра тартпайт.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик башкаруу сапатынын төмөндөө тендециясы өз туу чокусуна жетет. Советтер Союзунда эле түзүлгөн мамлекеттик кызмат 28 жылдын аралыгында бардык тармакты камтыган коррупция менен жердешчиликтин айынан талкаланды. Бийик жетекчилик кызматтарга эч кандай сиңирген эмгеги болбой, мамкызматтагы тажрыйбасы болбой дайындалып келет. Көпчүлүк бычакка сап кадрлар эл аралык уюмдар менен долбоорлорго кетип калышты. Институициялык эстутум менен тажрыйба бөлүшүү практикасы 2000-жылдары пенсияга чыккандар менен кошо кетти. Азыркы тапта мамкызматтарга тажрыйбасы жок жаштар келип жатат, эң коркунучтуусу – алар келгенден кийин мамлекеттик башкаруудагы жетиштүү тажрыйбасы, билим даражасы жок ортоңку жана жогорку катмардагы жетекчилерге туш болушууда. Бийлик институтунда жеке өз бизнесин коргогонду максат кылган жарандардын ири армиясы, ошондой эле патриоттулук жөнүндө бардыгынан катуу кыйкырып, бирок мамлекет түзүлүшү тууралуу адистик көз карашы болбогон жарандар калыптанып калды. Мындай кырдаал жогоруда айтылган кризис учурларында мамлекеттик башкарууга терс таасирин гана берет. Компетентсиз чечимдер менен аларды аткаруу абалды ого бетер курчутуп жибериши мүмкүн.

Жогоруда айтылып, 28 жылдын ичинде чогулган көйгөйлөр дал ушул Сиздердин башкаруу учуруңуздарда курчуй тургандай болуп калды. Кийинки беш жылда улуттук коопсуздук тармагындагы коркунучтар социалдык-экономикалык кыйын кырдаалда жана компетентсиз мамлекет башкарууда өлкөдө жарылып кетчүдөй жагдайды түзүп коюшу толук мүмкүн. Кийинки окуялар эки багыттын бири менен өнүкчүдөй болуп турат.
Терс багыт

2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо иштеп жаткан мыйзамдар менен өтөт. 9%дык босогону колунда каржы булагы бар партиялар гана өтө алышы талашсыз, алар катарына сөзсүз ири бизнесмендерди кошуп киришет, аларда акча да, бизнести башкаруу тажрыйбасы да жетиштүү, бирок макроэкономикада, мамбашкарууда, коопсуздукта жана саясатта алардын билими да, тажрыйбасы да жетиштүү эмес. Бийик босогону аттап өтүү үчүн саясый партиялар коалиция түзүп, кеңейе башташат дечи, бирок алар бир идеологиянын жана өнүгүү программасынын айланасында биригишпейт (анткени формалдуу түрдө гана баш кошушкан), аларды кээ бир топтордун кызыкчылыгы бириктирген болот. Ошентип, Жогорку Кеңеште мамлекетти башкаруудагы компетенциясы эң төмөн депутаттык курам калыптанат. Мындан тышкары ЖКнын репрезентативдүүлүгү да өтө кууш, анткени көптөгөн саясый партиялар 9%дык босогону аттай албай, парламенттин сыртында калган. Парламент калктын кууш бөлүгүнүн кызыкчылыгын гана коргогондуктан, элдин нааразычылыгы күчөй берет, буга социалдык-экономикалык начар абал, туура эмес чечимдер, ошондой эле улуттук коопсуздук көйгөйлөрү кошул-ташыл болуп жатып калат. Алсыз Жогорку Кеңеш компетентсиз өкмөттү түзөт, андай өкмөт жогоруда айтылган көйгөйлөр боюнча экономикада, коопсуздукта, мамбашкарууда адекваттуу чечим кабыл алганга чамасы чак болуп калат. Натыйжада түштүктөгү чегарабыздын кээ бир тилкелеринде башаламандык башталат, тышкы карызды төлөө маселеси чыгат, калк жакырданат, мамлекеттик башкарууну паралич ээлеп, саясый кризиске алып келип такайт, ал өз кезегинде бүтүндөй мамлекетти коллапска, туңгуюкка кептеп коюшу мүмкүн.

Оң багыт

2020-жылы Жогорку Кеңешке шалйоо жаңы эрежелер менен өтүп, босого 5%га түшөт, ачык тизмелер боюнча преференциалдык добуш берүү болот. Электораттын талабына жооп берип жатып, саясый партиялар тизмесине окумуштууларды, юристтерди, аскер кишилерин жана башка интеллигенция өкүлдөрүн киргизе башташат. ЖКга мамлекеттик көйгөлөр жана аларды чечүү жөнүндө түшүнүгү бар талапкерлердин кайсыл бир пайызы келет. Жаңы чакырылыштын сапаттуу курамы колунан иш келген өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, андай өкмөт социалдык-экономикалык, коопсуздук жана мамбашкаруу тармактарында жогоруда келтирилген маселелерди адекваттуу чече ала турган болот. Парламент шайлоочулардын негизги бөлүгүн камтый алат, анткени партиялар 5%дык босогону аттап, көчөдө калышпады. Салыштырмалуу түрдө калктын бийликке болгон ишеними артып, дестабилдештирүү тобокелчилигин төмөндөтөт. Кыргызстан жана анын менен бирге Сиздер да саясый кыл көпүрөдөн өтүү мезгилин ийгиликтүү аяктайсыңар.

Жогоруда айтылгандардан улам, парламенттин жаңы курамына мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүүдө жетиштүү деңгээли бар өкүлдөрдүн өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу абадай зарыл.

Ага кантип жетише алабыз? Төмөнкү үч нерсени аткара алсак гана:

шайлоо босогосун 5%га түшүрүү;

ачык тизме боюнча преференциалдуу добуш берүүнү киргизүү;

адилетүү, атаандаштык жана ачык шайлоону камсыз кылуу.

Бул сунуштарды жүзөгө ашыруу үчүн Сиздерде бардыгы бар: убакыт да, каражат да, адамдык ресурстар да. Болгону саясый эрк, Сиздердин эркиңер талап кылынат, ушуга байланыштуу буга биздин өлкөнүн келечеги жана 6 млн жарандын тагдыры көз каранды.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!

Дүйнөдө 4 миңдей эл бар, бирок алардын 195и гана өз мамлекетине ээ. 40 млн күрддөр менен 20 млн уйгурлардын мисалында көрүп жатабыз, ХХI кылымда өз мамлекети жок элдер гана азап тартып, кемсинүүнүн кемесинде калып келет. Ал эми Биздин, өзүбүздүн Кыргыз мамлекетибиз – бул баа жеткиз мурас, аны бизге ата-бабаларыбыз калтырып кеткен, биз аны өз урпактарыбызга калтырабыз, дал ошол келечек балдарыбыз эркин жашап, өз өлкөсүндө өнүгө беришин тилейли. Мындан ары биз мамлекетибизди ач көз өзүмчүлдөр менен билими тайкы, бирок амбициясы аттын башындай жана өзүнө гана ишенген популисттерге бере албайбыз! Мындай терс көрүнүштөрдүн уландысы мамлекеттик аппараттын өзүн, аны менен бирге Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин жок болушуна гана алып келет. Мындай коркунучтардын реалдуулугун 2005-2010-жылдардагы окуялар далилдеп койду…

Азыр өлкө оор тандоонун алдында турат, биз бардыгыбыз, Сиздер биринчи кезекте, адилеттүү, таза адамдардын келиши үчүн колуңардан келгендин бардыгын жасоого милдеттүүсүңөр. Сиздер өлкөбүздүн гүлдөшүн жана бала-бакырабыздын татыктуу жашоосун каалайсыңар деп ойлойбуз. Мен Сиздердин 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чоң жоопкерчилик менен карап, туура чечим кабыл аласыңар деген ишенимим зор. Дал ошол чечимиңерден мамлекетибиз менен элибиздин тагдыры чечилет”.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: reporter.kg

Кыргызстандын эки жолу бар: же Сомали, же Сингапур?

“Коомдук тартип, жеке коопсуздук, экономикалык жана социалдык өнүгүү өзүнөн-өзү пайда болбойт, бул эл көзөмөлдөгөн өкмөттүн таза жана таасирдүү эмгегинин үзүрү”.

Ли Куан Ю,

“Артта калган өлкөдөн алдыга озгондо : Сингапурдун тарыхы” китебинен (1965-2000)

2019-жыл мурдагы президент менен азыркы президенттин тиреши менен элдин эсинде калмай болду. Аз болгондо, жарандык согуштун деңгээлине өтүп кетмек. Бирок, С.Жээнбеков менен А.Атамбаевдин тиреши Кыргызстан үчүн чектен чыккан окуя деле эмес, эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет экономикада, саясатта туруктуу боло албай келет.

Эки ыңкылап (элдин жашоосун оңдой албаган), мезгил-мезгили менен болуп турган митингдер, ар кандай саясый топтордун тиреши, экономикалык алсыздык, улут аралык араздашуулар, диний радикализмдин өсүшү – эгемендүү Кыргызстанда болгон терс көрүнүштөрдүн чети гана.

“Сомализация” белгилери

Эң башкы көйгөрлөрдүн бири – 30 жылдын аралыгында саясый жана интеллектуалдык элитадан кыйын кырдаалдан чыга турган реалдуу долбоор чыкпады. Элита менен лидерлер ага аракет деле көрүшпөгөндөй, анткени эч кимисинде ондогон жылдарга багытталган Кыргызстандын өнүгүү стратегиясы жок. Саясый күчтөр ортосунда өлкө келечеги үчүн биригүү деген караманча жок, саясый сахнада “бардыгы бардыгына каршы” деген күрөш жүргөндөй, кландар менен ар кандай саясый топтор бири-бири менен тирешип, жалпы улуттук долбоор иштеп чыгууга чамалары келбеди. Эң оор кырдаал 2010-жылы түзүлдү, өлкө согуштун оозуна барып калган. Дал ошол мезгилде дүйнөлүк басма сөздө Кыргызстанды “келечеги жок өлкөгө” салыштырып, “экинчи Ооганстан же экинчи Сомали” деп атай башташкан.

Кыргызстандын алигүнчө өнүгүү стратегиясын иштеп чыгалбай жатканынын дагы бир себеби – 1990-жылдарда кетирилген каталар болуп калды. Андагы президент Аскар Акаев “демократия аралы” деген стратегияга басым жасап, батыштын баалуулуктарын сокур кишидей эле көчүрүп келип, чарбалык байланыштар үзүлгөн, идеологиялык кризиске баткан постсоветтик мейкиндикке таңуулай баштаган. Бирок Акаев жана анын командасы демократиялык принциптерди киргизүү үчүн өлкөдө тийиштүү экономикалык базис калыптанышы керектигин этибарга алышпады, ал эми коомдук мамилелерди либералдаштыруу Кыргызстанга радикалдуу агымдардын киришине шарт түзүп берди.

Мамлекеттик органдардын таасири жок болуп, бийликке болгон ишеним тайып, салттуу жана диний институттар бош калган жерлерди ээлей баштады. Ойлонбой туруп либералдык принциптерди Кыргызстандын шартында киргизүү тескери таасир берип, коомдун ар кайсыл өлкөнү туурай берүүсүнө шарт түзүп берди.

Сингапурдун тажрыйбасы

Ошентип, “Демократиялуу Кыргызстан” долбоору жүзөгө ашпады, ашпайт дагы болчу, анткени экономикалык жана идеологиялык кризис учурунда бул мүмкүн эмес. Бирок жеңилтетилген түрүндөгү демократиялык режим да бизге жукпайбы? Бул жерде түшүндүрө кете турган жагдай, демократиялык режимди экиге бөлсө болот: батыштыкы жана чыгыштыкы. Биринчинин пайдубалында либералдык баалуулуктар менен жеке эркиндик жатат, ал эми азиялык демократиялык мүнөздүн принциптерине коллективизм, жеңилдетилген авторитаризм кирет. Азиялык демократиянын эң ийгиликтүү үлгүсү абдан өнүккөн чакан мамлекет – Сингапур. Сингапурдун алгачкы премьер-министри, ошондой эле “сингапурдук экономикалык кереметти” жаратакандарды бири болгон Ли Куан Ю мыйзамдын (“диктатурасына”) катуу иштешине жана жалпы коомдун кызыкчылыгын (“коллективизм”) көздөөгө басым жасаган. Бул жети баштуу коррупция менен күрөшүүгө, жердешчиликке, кесипкөйлүктүн жоктугуна, коомго зыян келтирүүгө каршы курал болуп бере алды. Ал үчүн өтө жогору айып пул салуу, узак мөөнөттүү кылмыш жазасы, атүгүл эл алдында таяк менен сабоо системасы колдонулган. Тегин жерден Сингапурду “Өлүм жазасы менен ойногон диснейленд” аташкан эмес. Мындан тышкары, Ли Куан Ю малайлык улутчулдар менен кытай коммунисттерине таянган оппозицияны тыптыйпыл кылып, көпчүлүк ММКларды көзөмөлгө алды, башка чоң өлкөлөрдүн (Кытай, Малайзия, атүгүл АКШнын) Сингапурдун ички иштерине кийлигишүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеди.

Бир карасаң, Сингапурда демократиялык өлкөлөрдүн белгилери жок сыяктуу, өзгөчө европалык кишинин көзү менен карасаң. Бирок Ли Куан Ю көпчүлүк лидерлердин колунан келбегенди жасай алды: жыйырма жылдын аралыгында артта калган Сингапурду Азиядагы гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөгө айландырды. Бул ийгиликке гана суктанып тим болбой, ага жетүүнүн жолдоруна да суктансаң болот.

Улуу Британиянын таасиринен чыгып, Малайзиянын бир бөлүгүнө айлануу аракетинен кийин, эгемендүүлүк алганы Сингапурдун саясый элитасы чоочун системаны көчүрө бергенден пайда чыкпастыгын, андан көрө элдин өзгөчөлүгүн эске алуу менен эң мыкты ишке ашкан практикаларды колдонуу (мисалы, англис тилин киргизүү) керектигин түшүндү. Бул арал-мамлекеттин калкынын көбүн кытайлыктар түзөт, ал эми кытайлыктар үй-бүлөнү/жамаатташуну/өзүнчө бир коом болууну жактырат, жалпы ийгилик үчүн алар керт башын да ойлошпойт. Ли Куан Ю кытайлыктарды гана бир муштумга бириктирбестен, Сингапурда жашаган башка улуттарды да бир улуттук идеянын айланасына кошо алды – “ийгиликтүү бололу, жетиштүү жашайлы” деген ураан айтылды.

Кантип Кыргызстан Сингапурдун тажрыйбасын пайдалана алат? 

Эң биринчи кезекте, кыргызстандыктарды мыйзам менен тартипти сыйлаганды үйрөтүү керек. Чындыгында Кыргызстанды “укуктук мамлекет” деп айтууга ооз барбайт, бирок кыргызстандыктар да, сингапурлуктар да жамаатташууну, үй-бүлөнү эң башкы баалуулук катары карашат. Укуктук принциптерди четке кагуунун бир мисалы катары – көчөгө түкүргөнү үчүн 5 500 сом (80 $) айып пул салуу аракети болду. Кыргызстандыктар муну кабыл албады: түкүрбөй койгондун ордуна нааразы болушуп, айып пулдун көлөмүн азайтууну талап кылышты. Бул жерден Сингапур менен параллель жүргүзсөк болот: көчөгө түкүргөнү, акыр-чикир ыргытканы үчүн жогорку айып пулдар салынып, Сингапурда азыр идеалдуу тазалык орноду, ал эми Кыргызстандын шаарлары жөнүндө минтип айта албайсың.

Ошондуктан, өлкөнүн саясый жана интеллектуалдык элитасынын позициясы өтө маанилүү, алар өздөрү жеке жүрүм-туруму менен коомдун жыргалчылыгы үчүн мыйзамды сактап, өз кызыкчылыгынан баш тартып, өрнөк боло алышат. Кыргызстанда Сингапурдагыдай лидер чыга алабы? Ал коомдогу бардык топторду бириктирип, бир улуттук идеянын айланасына чогултуп, өлкөнү кризистин сазынан чыгара алабы? – бул, албетте, риторикалык суроо, бирок ошол эле учурда абдан актуалдуу.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: ia-centr.ru

Көмүскө экономика, келемиш чиновниктер!..

Соңку кездерде коомдук-саясий турмуштун орчундуу өзгөрүүлөрү жүрө баштагандыгы байкалууда. Алардын эң башкы жана да позитивдүүлөрүнүн бири катары коомчулукта коррупция менен күрөшүү тенденциясы күч алгансыйт. Болгондо да, атайын укук коргоо органдары жана тиешелүү мекемелер аркылуу эмес, коомчулуктун ар түркүн өкүлдөрү өздөрү бул теманы байма-бай көтөрө башташты.

Албетте, “Үмүт” аттуу жаштардын коомдук кыймылынын атынан кез-кезде интернет мейкиндигине компроматтык материалдарды таштап жаткан мурунку депутат Ширин Айтматова жалгыз эместиги белгилүү. Анын артында турган жана да ага бул сыяктуу чуулгандуу материалдарды ачыктоого жардам беришкен күчтөр бар экендиги талашсыз.

Башкача айтканда, аны тек гана маалыматты таркатуучу канал катары пайдаланышып, тигил же бул өлчөмдөгү коомчулуктун бүйүрүн кызыткан компроматтык материалдарды жалпы элге жеткирүүнүн өзү эле колдоого ала турган көрүнүш. Себеби, мурда көп учурларда “карга карганын көзүн чукубайт” деген принцип менен жашап келишип, тигил же бул кылмышты, коомчулук үчүн абдан коркунучтуу жагдайларды көрүп турушса да, тек гана көрмөксөн, билмексен болуп коюу күчтүү болуп келгендиги маалым.

Эми бул жагдай эмне үчүн кескин өзгөрө баштады? Буга бир гана себеп бар — ал кийинки парламенттик шайлоонун улам жакындап келе жаткандыгы болуп эсептелет. Сыягы, атаандашуу абдан күчтүү болорун сезишип, ар кандай саясий күчтөр жана да конкреттүү болочок талапкерлер бири-бирин чукушуп, алдын ала эле буттан чалууга аракет кыла башташкандыгы айкындала баштады десек болот.

Арийне, андан аркы маселе — генералдык прокуратура баш болгон тиешелүү мамлекеттик укук коргоо органдары ошол фактылардын негизинде иликтөөлөрдү эч кечиктирбей туруп башташы керек. Ансыз бул мурдагы аракеттер коомдо канчалык чоң резонанс жаратса да, баары бир тек гана кумга сиңген суу сымал болуп, эч майнапсыз кала берери анык. Ансыз деле Канат Исаев сыяктуу “мен Ширин Айтматова менен акыйлашып айтышып олтурмак белем?” — деп, мындай фактыларды чымын чаккандай да көрбөгөндөр толтура. Мурда “Ун мафиясы”, “Арак мафиясы” тууралуу чыккан жарыялар деле бир аз чуу болуп, ошол бойдон басылып калгансыды.

А чынында, мындай кыңыр иш жыттанган, бир жаңсыл кылып иликтөөгө муктаж болгон фактылар толтура. Мына, кечээ жакында эле депутат Каныбек Иманалиевдин “Эркин-Тоо” басмасына байланыштуу чуу чыкты. Борбордогу “золотой квадрат” атка конгон жердин ичинен да эң эле чүйгүндүүсү кандай жолдор менен жеке менчик колго өтүп кеткен? Айрым маалыматтарга ишене турган болсок, депутат азыр ал бузулуп жаткан имараттын жерин 8 миллион долларга сатып, кийинки шайлоого даярдыгы бекем экенине ишенип жүрүптүр!..

Азыртан эле депутаттык мандаттын “баасы” бир миллион долларды чапчып, кээ бир учурларда (тизмедеги “алтын орун” дегендери!) бир жарым миллион долларга жетери айтылууда. Эң кызыгы, элдин, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноп, учурунда шылуундук менен байып алышкандардын баары тең азыр деле “эл өкүлдөрү” болууну самап, баягы шектүү байлыктарын коргоого, салыктан качууга, колдон келсе ал байлыктарын дагы эки-үч эселеп арттырууга умтулушууда…

Кыскасын айтканда, андай жолдор менен добуш алып келишкен депутаттар бул сөздүн чыныгы маанисинде эл өкүлдөрү боло алышпайт. Бугу алардын жеке кызыкчылыктары жол бербейт. Тескерисинче, шайлоодо аларга добуш берүү менен бирге, эл өзү карышкырларга кой кайтартууга макул болууда!..

Адилеттик үчүн айтып коюу керек: мындай алкымы бузуктар бир гана парламентте эле эмес, мамлекеттик бийликтин дээрлик бардык тепкичтеринде “жылуу жайгашып” алышкан. Маселен, кечээ жакында эле депутат Эльвира Сурабалдиева ар бир министр, ар бир чиновник 10–15%дык доляга олтуруп алышканын айтып чыкты. Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында сүйлөгөн депутат Эльвира Сурабалдиева кыжырдануусун жашыра алган жок.

Чынын айтканда, бул жашыруун деле эмес болчу. Бир гана расмий жыйында ачык айтылгандыгы менен резонанс жаратууда. А иш жүзүндө тээ Аскар Акаевдин тушундагы ири проекттер (Бишкек-Ош жолу, Кумтөр кени ж. б. д. у. с.) башталганда эле айрым чиновниктердин чет өлкөлүк инвесторлордун арасында “мистер 10 процентов” деген каймана аттары бар экендиги эл арасында айтылып келген.

Депутат Сурабалдиеванын айтымында, чет элдиктер Бельгия фондун ачуу үчүн кайрылышканда, Улуттук банк менен Экономика министрлиги аларды кабыл албай коюшкан. Европалыктар бул проект боюнча дароо эле 9 чиновник доляга олтурууну каалашканын билдиришкен. Мына кызыгы: өздөрү Кыргызстан үчүн пайдалуу инвестиция таба алышпаганы аз келгенсип, өздөрү акчалары менен келелик деп жатышкан инвесторлорду келе элегинде эле тоноого умтулуп жатышканы — биздеги коомдук-саясий атмосферадан ачык кабар берип турат…

Эгерде ал компания иштей баштаса, анын жылдык обороту эле 1,5 млрд евро болмок экен. Эми бул цифраны азыркы сом курсуна көбөйтүп көргүлөчү?! Канча миллиарддаган акчадан айрым бир арам тамактардын айынан куру калганыбызды…

А иш жүзүндө өз республикалык бюджетибизден деле билдирбей “өөнөп алуу”, тымызын өз ара бөлүштүрүп жеп алыш адаты эбактан бери эле бекем орноп калган. Буга бир эле мисал айтсак жетиштүү болор. Мындан он жылча илгери Маданият министрлиги аркылуу Кыргыз драма театрынын ремонтуна деп бөлүнө турган 18 млн сом бюджеттен бөлүнбөй калган, кийинчерээк гана анын үстөк-пайызын (же көнүмүш айтылып жүргөндөй, “шапкасын”) бербей коюшкандан улам ушундай болгондугу дайын болгон.

Биздеги мамлекеттик-административдик системанын дээрлик чирип бүтүп, биротоло булганып, таза жактары дээрлик калбай калганы эми гана толугу менен ачыкка чыга баштады. Соңку кездердеги коррупция менен күрөшүү, ТЭЦ, Тарых Музейи сыяктуу кылмыш иштери дал ошол “айлампа” былыктардын апогейи болуп саналат.

Жогорудагыдай министрлердин, мамлекеттик чиновниктердин жосунсуз жоруктары кыжырды кайнатканы менен да, кээ бир учурда алар ошол булганч системанын гана бир майда деталь-тетиги экендигин түшүнүп, аргасыздан баш чайкап тим болосуң. Бир жолу парламентте министрлер жаңы өкмөт курамына кайрадан бекитилип жатышкандагы окуя эске түшөт. Бир тележурналист комитет төрагасынын кабинетине мурда макулдашылгандай эле интервью алмакчы болуп, кокусунан кире калганда беш-алты депутат ортодо үйүлгөн долларларды санап жатышканынын үстүнөн чыгат. “Менин азыр убактым жок болуп жатат, барып тамак ичип туруңуз?” — деп, акча саноодон колу бошобой калган комитет төрагасы тележурналистке ооз басырык кылып, 100 долларды карматып — түштөнүп алгандан кийин келиңиз! — деп узатат…

Ушундай жолдор менен (жашыруун пара берүү стадиясынан эбак өтүп, дээрлик “мыйзамдаштырылган” деңгээлде доля-шапкаларды алуу аркылуу) министр болуп дайындалган чиновниктен жакшы жыйынтыктарды күтүү туура болобу? — деген суроо өзүнөн-өзү жаралат!..

Дал ошондуктан улам, айрым алысты ойлой албагандардын “Досун сатып кетти” деген сыяктуу “айыптоолоруна” аргасыздан жылмайып тим болосуң. Дегеле, азыркы кырдаалга жараша, кыргыздын эзелки накылы “Туура бийде тууган жок” дегенди эми азыркыча актуалдаштырып, “акыйкатчыл президентте дос жок!” деп өзгөртсөк да абдан туура болчудай.

Сооронбай Жээнбековдун президенттик тактыда олтурган учурундагы көнүгүү, ыңгайлашуу, жол табуу сыяктуу этаптар артта калып, эми гана биротоло өз алдынча нукка түштү. Ага азыр бир гана каалоо айтууга болот: “баары мыйзам чегинде болушу керек, баарын сот чечет, шайлоодо баарын эл чечет” — деп коюп, четте пассивдүү байкоочу катары карап олтура берүүдөн өтүп, эми чечкиндүү, конкреттүү жана активдүү кадамдарга өтүүчү мезгил келди. Анын үстүнө соттордун деңгээлин (атамбаевчилер аларды көзөмөлдөгөн конституциялык сотко өзүнүн спичрайтери — ортозаар акын-филологду “смотрящий” кылып койгону маалым!), элдин шайлоодогу акыбалын баарыбыз эле ачык көрүп турабыз.

Дегеле, коомчулук, коомдун өнүгүүсү ага кандайдыр бир багыт берип, алга карай баштаган лидерсиз болушу мүмкүн эмес. Бул жагынан алып караганда, алгачкы айрым кооптонууларга жана да шек санаткан факторлорго карабастан (“досу” 3%дык рейтинги менен мен президенттик шайлоодон өткөргөнмүн деп, жерге басууга умтулгандай!), кийинки жасаган кадамдарынын баары өз алдынча жана да олуттуу-салмактуу болушу, коррупция менен күрөшүүдө эч компромиссиз багытта турушу — жалпы эл азыркы кезде Сооронбай Жээнбековдун алдыдагы төрт жылынан дал ушундай кадамдарды күтүүдө жана да күтүүгө акылуу деп ойлойбуз.

Асыресе, президенттик мөөнөттүн үчүнчү жылы жаңы бийик деңгээлге көтөрүлүү, жаңы ишенимдүү жана перспективалуу векторду аныктоочу, мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын арттырып, тазалыгын камсыз кылуучу багытка өтө турган мезгил болуп калышы зарыл.

…Ал ортодо жакыр Кыргызстан коомдук-саясий тирешүүлөр кучагында калып, экономика жана өндүрүш сыяктуу тармактар өлөсөлүү абалга жетип турган кезде, Кыргызстанга таасир этүү ролун арттырууну каалашкан күчтөр да көбөйүүдө. Буга бир жагынан шектене, кооптоно караганыбыз менен да, экинчи жагынан — кыйналган жашоону кыстаган турмуш жеңет деген ушул да деп айтуу менен тим болосуң. Анан кантишмек эле? Өз чоңдору жогорудагыдай кампага кирип алышкан келемиштердин абалын гана эске салышып, жалпы элди өлкөнү ойлоо абалына али жете албай жатышса. Же жада калса эң эле элементардык колдоо да көрсөтө албай, жумушсуздук күчөп турган чакта, эл өз жанын өзү багып, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга умтулууда.

Кувейттик Кайрымдуулук фонду Кыргызстандын ар кайсыл аймактарында (Чүй, Ысык-Көл, Баткен жана Ош ж. б.) жакыр үй-бүлөлөр үчүн салынган “заманбап” үйлөрдү куруп, бардык шарттары менен камсыз кылып, жаңы типтеги “поселоктор” сымал айылдар түшө баштады. Бул соопчулук жана кайрымдуулук изги аракеттердин артында диний кызыкчылыктар да жаткандыгы эч жашыруун эмес. Ушуга байланыштуу, алыскы келечекке прогноз жасоодо айрым кооптонуулар да жаралууда. Мындай өз алдынча “анклав” сыяктуу болуп калган айылдар кийинчерээк бара-бара коомдун өз ара жиктелүүсүнө алып келбес бекен? Кудай анын бетин ары кылсын, бирок, Тажикстанда исламисттер жана демократтар деп бөлүнүү диний-исламдык мамлекет курабыз деп умтулгандардын ортосундагы узакка созулган согушка айлангандыгы али эстен чыга элек!

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жакында эле Кувейт Мамлекеттик Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганемди кабыл алды. Эки тараптуу өз ара кызматташуунун перспективалары талкууланганы кабарланды. Арийне, эки тараптуу кызматташууда ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын коргоого алуусу тийиш. Бай же күчтүү өлкө кандайдыр бир рычагдарды пайдаланып, өз мүмкүнчүлүктөрүн жана кызыкчылыктарын таңуулоого жол берилбеши керек. Ал эми экономикасы олтуруп калган, жакыр мамлекет ар кандай чегинүүлөргө барып, ар кандай көмүскө шарттарга көз жумууга акысы жок.

Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда социалдык-экономикалык жана гуманитардык проектилерде Кувейттик Араб экономикалык өнүгүү Фонду, жана да «Ас-Салам», «Ас-Сафа», «Ассанабил» фонддору активдүү иштеп жатышканы белгиленди. Баткендеги социалдык шаарчада 106 жакыр үй-бүлө үйлүү болушса, Кемин районунда 100 жакыр үй-бүлө үйлүү болушкан. Жалпы республика боюнча бул цифра он эселеп кетери анык. Алар каалайбызбы, каалабайбызбы — кандайдыр бир башкача, чоочун идеологиянын таасири астында калышы толук мүмкүн.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Шайлоого бир жыл калды: президент С.Жээнбеков менен өлкөнү эмне күтөт?

Аналитик Калнур Ормушев шайлоо алдында Кыргызстанда боло турган саясый тренддер жөнүндө акыл калчады. Тренд – бул бир нерсенин өзгөрүүсүнүн негизги себеби.

Бир жыл көздү ачып-жумганча эле өтүп кетет. Дагы бир нече ай өтсүн, Кыргызстандагы жашоо кадимкидей өзгөрүп, Жогорку Кеңешке болгон шайлоого даярдык аныкталып калат. Азыр, албетте, сүйлөшүүлөр, соодалашуулар, бирин-бири сынаган убак.

Таасыныны гөрү, абдан кызыктуу да. Көпчүлүк депутаттар күнүмдүк парламенттик иштерин келечектеги мандаттары үчүн жумшап, мыйзам чыгаруу көйгөйлөрүнө баш катыргысы келбей калды. Аларды жылдыра турса болот да. Бирок ошол “кийин” деген сөз мөөнөтүнөн мурда келип калышы мүмкүн экенин эстерине албагандай.

Азыр сыртынан карасаң, эч нерсе деле  болбойт, парламент мөөнөтүнөн мурда кетпейт. Ак үй азыркы өкмөт мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чамасы чак экенин көрүп, бардыгын өз жайына койду.

Кээ бир саясый партиялар, бийликти ыктаган топтор шайлоо тобокелчилигин төмөндөтүүгө ыктап турушат. Дал ошолор Жогорку Кенңештин мөөнөтүнөн мурда тарашын демилгелеп, эл ойгонгончо, өздөрү каалагандай шайлоо өткөрүүнү каалап турушат. Кантсе да, атаандаштар стартка гана камылга көргөндөй. Алардын кызыкчылыгы айкын.

Бирок биздин республиканын кадыр-баркы соңку кездери олуттуу жоготууларга кабылды, ошол үчүн жеке кызыкчылык менен ойлонуп табылган мөөнөтүнөн мурда шайлоо абалдын кемтигин аныктап коюшу мүмкүн. Бул азыркы парламенттеги алдыңкы сапта жүргөндөрдү сактоо үчүн илгеркидей атан төөдөй байлык берген сыяктуу болуп калат.

Эгерде айтылган мөөнөттө шайлоо өткөрүлсө, албетте, жаңы күчтөр, жаңы муундун өкүлдөрү өз абалын бекемдеп алышы аттын кашкасындай.

Ал кандай күчтөр экени азыр эле көзгө көрүнүп калды.

Атамбаев өз командасы менен бийликте турганда, ачык-айкын исламга жыгылган депуттардын саны көбөйдү (мурда ачык көрсөткөн Турсунбай Бакир уулу эле бар болчу). ЖКнын келаткан чакырылышында жөн гана диний ыктагы депутаттарды эмес, атүгүл Чубак ажы сыяктуу дин өкүлдөрүн күтсө болот. Башкача айтканда, өлкө өнүгүшүн исламдык жолдон көргөн депутаттар пайда болушу мүмкүн. Алардын арасында “Ихлас” компаниясы жана “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен байланышы бар бир тууган Осмоновдорду  “(Нурбек жана Айбек) көрүп калышыбыз ажеп эмес.

Албетте, азчылыкты түзгөн партиялар ким менен барарын ойлонууга азыр да убакыт бар.

Ал эми Канат Исаевдин “Кыргызстан” партиясына лидер болуп шайланышы көп нерсени айтып турат. Ал президенттик тигинен башкарууну колдоп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бириге тургандар менен мамиле түзүп, таасирдүү саясатчылардын, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин колдоосун ала баштаганы жөн жерден эмес. 2020-жылдагы шайлоодо бул партия жаңы ысымдар менен кирип барары калетсиз болуп калды.

Келечектен үмүттөндүргөн саясатчылардын бирине Жанар Акаев кошулду (ал аталган К.Исаевден он жаш кичүү). Акыркы жылдары креативдүүлүгү, жаштык чапчаңдыгы менен саясый упай топтоп, көз алдыбызда олуттуу электорат чогулта алды, албетте, популисттик жагдайын эске албаганда. Аны кийинки парламенттин курамында көрүп калат окшойбуз.

Чындыгында жаш саятчылар ветерандардын турмушун кысып бараткандай.

Мисалы, Адахан Мадумаровду алалы. Өлкөдө 30% калк кыргыздар эмес, ал эми электораттын басымдуу көпчүлүгү мигрант болуп кетишкен, Орусияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Алар өзүн интернет айдыңында көрсөтө алган Мадумаровдун Акаевдин “Кыргызстан – жалпы үйүбүз” деген ураанына каршы: “Кыргызстан – кыргыздардын гана үйү, калгандары – квартиранттар” деген ураанына абдан берилип алышты. Азыр да улуттук сезимди козгогон ураандардын таасири күчүн жогото элек. Бирок азыр көз караштар башкача, жеке улуттук кызыкчылыктар менен алыс кете албайсың. Мындай абалда же кайрадан бардыгын башынан баштап ойлонууга туура келет же саясый пенсияга кетиш керек.

Өмүрбек Текебаев да баарына кайра баштан акыл калчай турган учур келди. Келе жаткан шайлоонун алдында анын максаты – саясый реабилитация алуу. Ал үчүн азыркы президент менен кызматташууга баруудан кайра тартпайт. Өзү да айтып калды: “Чоң окуялар болууда. Жээнбековдун элге берген эң башкы жыйынтыгы – тарыхый өзгөрүүлөр, аны эл да, саясый аналиктер да алдын ала айта албай калышты. Бул өзгөрүүлөрдү Жээнбеков жасап жатат. Бул тарыхый чындык. Балким бул кээ бирөөлөргө жакпашы мүмкүн, кээ бири каршылык көрсөтүшү мүмкүн, бирок тарыхты токтото албайсың”, – деген жакында. Тил кычыштырган сөз эмес бекен, бали!

Текебаев тажрыйбалуу саясатчы, ал түз эле: “Бийлик Атамбаевдин кылмыш ишине олуттуу гана карабастан, чоң жоопкерчилик менен карашы керек. Күнөөсү далилдениши керек”, – деди.

Эгерде бийлик кызматташууга чакырса, саясатчы жана юрист Текебаев Атамбаевге каршы тергөө тапкан далидерди чылкый чындык катары кабыл алышы көз көрүнөө. Бирок, эгер шайлоодо “Ата Мекен” партиясы өтпөй калса, шайлоону кабыл албай коюшу толук мүмкүн.

Ошондуктан Текебаев ачык эле эскертүү бере баштады: “Сооронбай Жээнбеков өз аракеттери менен өзүнө чоң жоопкерчилик алып алды. Эгерде ал мыйзамсыз иштерди кылса, төрт жылдан кийин мыйзам алдында жооп берет”, – деп жатат.

Ушундай маалымат фонунда Текебаевдин Бабанов жана Атамбаевдин уулу менен түшкөн сүрөтүн – эки саятсатчы биригиши мүмкүн, ал эмес Атамбаевдин командасы менен азыркы президентке каршы оппозиция болуу үчүн кошула алат деп кабыл алсак болот. Анда эле Жээнбековго болгон дооматтары кырдан ашып кетиши да айкын эле көрүнүп турат. Буга экономикадагы жылыштардын болбогону, өкмөттүн актуалдуу социалдык жана экономикалык маселелерди чече албаганы кошул-ташыл болуп берет. Анын үстүнө соңку кездерде кесипкөйлүккө басым жасалбай, жан үрөп кызмат кылганы үчүн кызмат орундар берилип жатканы да кошул-ташыл болору ажеп эмес.

Бирок саясый абалга азгырылган Текебаевдин бир айтканы туура: “Таасирдүү өсүштү күчтүү мамлекет гана кыла алат. А мамлекет мыйзамды сыйласа гана күчтүү болот”, – деген.

Тажрыйба – боло турган нерсе. Атүгүл анчейин даяр эмес кадрлар кетирген каталарынан сабак алып,бардыгына тез үйрөнүп кетиши мүмкүн. Андай каталарды күчтүү оппозиция гана оңдой алат, анткени көзгө сайып көрсөтүп берет. Мында жеке кызыкчылыктарга көз каранды болбой калат. Бийлик үчүн эң башкысы –олуттуу ката кетирбеши керек, мыйзам чегинде туура эмес кадам жасабоого тийиш. Эгерде ага жол берсе, анда жаңы каталардын негизинде жаңы муунду кайрадан үйрөтүүгө туура келет. Ал эми экономикада, социалдык институттарда кайрадан кэш-тесттерден өткөнгө мажбур болобуз.

Буга чейин түзүлгөн айлампадан чыгалы. Андан чыгара турган жол – бир киши да калбай мыйзамга гана баш ийүүсү зарыл, экномикада да, саясатта да.

Эки ай мурун Орусия президенти Владимир Путин биздин Кыргызстан жөнүндө минтип айткан: “Өлкө саясый стабилдүүлүккө муктаж. Ошондуктан кыргызстандыктар бир муштумга түйүлүп, азыркы президентти колдошу керек, мамлекеттин өнүгүүсүнө ошентип салым кошо алат”, -деген.

Путин жыйырма жылдан бери бийликте олтурат. Ал саясый коркунучтарды, кадрлардын зор роль ойногонун, ишке берилгенин, экономиканы кандай көтөрүш керектигин жакшы билет. Бул кашкайган чындык, өзүн актап жатат, эгерде өлкө жетекчиси күнүмдүк кызыкчылыкка азгырылбай, айланасындагыларды бириктирип, мамлекетти бекемдөө максатын койсо, өлкө сөзсүз өнүгөт.

Мамлекеттин саясый туруктуулугу, айта кетсе, шайлоо эксперименттеринен баш тартуу – билинбей эле башкаруудагы оң өзгөрүүлөргө алып келет. Бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалгыз жол. Кыргызстандагы революциялар менен төңкөрүштөрдүн мезгили соңуна чыкты.

KyrgyzToday.kg кыргызчылады

Булак: kaktus.media

"Мыйзамдагы ууру" жана уурдалган мыйзамдар

Дүйнөлүк геосаясаттын эң четки бир бучкагында калган Кыргызстандын даңкын далайга угузуп, узак убакыт бою дүйнөдө “дүңгүрөтүп” келе жаткан “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөнү жарыяланды. Бул соттук териштирүүдө Батукаевден кийинки эле эң башкы фигуранттардын бири — мурдагы президент, азыркы кезде аталган кылмыштан башка дагы бир нече оор кылмыштар боюнча күнөөлөнүп жаткан Алмазбек Атамбаев болору айкын.

Бир кезде, карапайым эл жарма ичип, ачка калбаганына тобо кылып, нан тапса сүйүнүп, кара жандын айласы менен гана жашап калган чакта, мамлекет, эл мүлкүн реформа-приватизация деген ураандар алдында каалагандай чачып, талап-тоной баштагандыктан, курсагы ток, кайгысы жок жашап калышкан качкын президент Аскар Акаевдин оңбогон оендору — осмонакунчул идеологдор “биз демократия аралына айландык!” — деп добулбас кагышар эле!.. Азыр дүйнөлүк арена дегенди мындай эле кой, СНГ аймагында карааны көрүнгөн, абройлуу (маселен, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенко сыяктуу!) коомдук ишмер-саясатчы, мамлекеттик ишмерибиз жок болгону менен да, 11-октябрдагы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун карап жаткан ишине — жалпы дүйнөлүк коомчулук көңүлүн бурары шексиз. Анткени, экс-президент сот жообуна тартылышы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы гана эң чуулгандуу окуя болуп тим болбостон, жалпы эле мурдагы союз аймагындагы жаңы доорду, өнүгүүнүн жаңы этабын аныктаган чек болуп калмакчы…

Учурунда Борис Ельцинди 1993-жылдагы парламентти атуу боюнча жоопко тартуу аракетинен эч майнап чыкпагандыгы маалым. Ал эми Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян 2018-жылдын июль айында өзүнө адеп айыптоо тагылгандан бери, үч ирет камалып, үч ирет бошонуп чыгып (үй камагына деп!), кайрадан өтө ири суммадагы залог коюп, бошотуп алууну каалашкандар чыкса да, убактылуу кармоочу жайда олтурат. Ал эки кылмыш менен айыпталууда: өзгөчө баалуу табигый ресурстарды иштетүүгө уруксат бергендиги үчүн ири өлчөмдөгү пара алуу жана да 2008-жылдын 1-мартында оппозиция митингин күч колдонуп кубалоого буйрук берип, республиканын конституциялык түзүлүшүн бузган деп айыпталууда. Эске сала кетсек: Роберт Кочарян Арменияны 1998-жылдан 2008-жылга чейин — эки мөөнөткө чейин президент болуп башкарып турган. Ага чейин Нагорный Карабахта президент болуп, Азербайжан-Армения согушунан бери өзүнчө эле бир культ сыяктуу фигурага айланган. Башкача айтканда, кичинекей бир Армения өлкөсүн дүйнөдө эки Армян өлкөсү бардай кылып салган саясий фигуралардын бири. Ушундай аброюна, популярдуулугуна карабастан, мыйзам алдында жооп берип, жогорудагы айыптоолор далилденсе — эбак басып алган миллиарддары эч жардам бербей, узак мөөнөттүү түрмөгө олтургузулары анык. Анын арамдан топтогон бүт мүлкү — толугу менен мамлекет эсебине чегерилмекчи…

Мындан бир жылча мурда экс-президент Роза Отунбаеванын, жана да анын айрым жакын туугандарынын ысымдары дагы Кыргызстандагы уран кенин иштетишке байланышкан чуулуу чырларда ачыкка чыккандай болгон. Эмнегедир, ошол бойдон бул чуулгандуу иш жабылып, унуткарылып бара жатат. Айрым бир арам ойлуу, кытмыр күчтөр муну атайылап унуткарууга жеткирүүгө аракет кылып жатышкан болсо, азыр эле ачык айтып, эскертип коелук — кыңыр иш кырк жылда билинет! Аны унуткарууга, же биротоло жаап салууга жардам бергендер кошо жоопко тартылышат! Ошондуктан, кеч боло элегинде эле коомчулукка баарын ачыктап, агын ак, көгүн көк деп айтып чыгуу зарыл…

Ал эми алиге чейин тергөө органдарына эч кандай көрсөтмө бербей, дудукка айланган Алмазбек Атамбаев бул аталган “нукура бандиттик” кылмыштан башка дагы, “таза экономикалык-коррупциялык кылмыштар боюнча да түздөн-түз айыпталып, биринде башкы айыпталуучулардын бири катары кетсе, башкаларында кыйыр катышуучу катары аталууда. Алардын ичиндеги эң эле оор кылмышы — мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылуу аракеттери болуп, анын жанында “Кой-Таш “элдик” республикасындагы” локалдык конфликт, курал колдонуу, барымтага алуу сыяктуу ж. б. айыптоолор тек гана прелюдия болуп калары түшүнүктүү. Алмазбек Атамбаевдин өзгөчө психотип катары феномен экендигин айкын көрсөткөн да дал ушул кылмыш! Экс-президент статусунда жүрүп, тээ былтыртан бери эле, “Ак Үйгө таягымды” сүйрөп барууга алым жетет!” — деп жүргөн. Көрсө, оорулуу-улгайган, араң баскан адам катары, өз пикирин укпай калышкан мурунку “досторуна” каршы митингге чыгып, колуна таяк таянып барбай эле, куралданган адамдар тобу менен барып, аларды имараттан кууп чыгып, өздөрү ээлеп алганга даярдана башташкан тура!..

Чындыгында, анын бул былыктарын ошол эле СДПК партиясы боюнча жакын санаалаш болуп жүрүшкөн адамдары ашкерелеп, абийирин айрандай төгө баштагандыгы — күтүлгөн эле иш болчу. Соттук териштирүү өзүнүн логикалык финалына улам жакындаган сайын, мындай “ачылыштардын” дагы көбү ачыкка чыгарын күтө берсе болот… Бул процесс эрте жазда кармалган Шамиль Атаханов дароо кызматташууга барып, экс-президенттин атын атаган кезде эле башталган. Укук коргоо органдары айрым алешемдиктерге жол берип, чуулгандуу кылмыштарды оперативдүү, ыкчам иликтештин ордуна, ыксыз создуктурушуп, ошонун айынан тергөө иштери эми гана сотко өтө баштады. Ал ортодо Бусурманкул Табалдиев сыяктуу чечүүчү фигура болгон айыпталуучу из жашырып жоголду. Кечээ жакында Интерпол аркылуу издөө салынды деп жарыяланды. Буга ишенүү кыйын. Анткени, 2010-жылдагы миңдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кеткен Ош окуясы боюнча айыпталган адамдардын көбү деле издөөгө алынып, анан ошол бойдон баары басылып, жымжырт болуп калган. Айрым Мелис Мырзакматов сыяктуу Кыргызстанда сот өкүмү аркылуу эркинен ажырагандар деле, азыр чет мамлекеттерде ээн-эркин жашап жүрүшөт. Кадыржан Батыров өз ажалы жетип, жүрөгү кармап өлбөсө — аны эстеген киши да болмок эместей туюлат!

Ушуга байланыштуу, Бусурманкул Табалдиевдин (ал кезде УКМКнын төрага орун басары болчу!) тээ 2006-жылдагы парламент трибунасынан Өмүрбек Текебаевден кечирим сурап, өзүн абдан ак ниет, чынчыл жана адилеттик үчүн күрөшкөн чекист катары көрсөтүүгө далалат кылганы эске түшөт. А бул ирет, аты расмий атала да электе эле, дароо куйругун кыпчып, чет жакка жашыруун качып кеткени эле, азыр Атамбаев башкы фигурант болуп айыпталып жаткан кылмышта Табалдиевдин ролу канчалык чоң экендигин тастыктап турат. Баса, экс-ветеринар-акыйкатчы Турсунбек Акун мурдатан бери: мен өзүм эч нерсе айтайын деген деле эмесмин, Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурмакул Табалдиев журналисттерге Батукаевдин оорусу боюнча интервью берип кой дегенинен улам, “Батукаевди тез чыгарбасак, түрмөдө бир айга жетпей өлүп калат!” — деп айткан болчумун деп чыйылдап жүргөнү маалым.

Акыйкатчыны пешка-марионетка катары пайдаланышып, бул ири “бандиттик-коммерциялык кылмыштан” улам маарыгандар эми гана ачыкталууда. Мурдатан 3 млн доллардан 6 млн долларга чейинки ар кандай суммалар жөнүндө айтылып келсе, соңку кездерде Батукаевди бошотуу үчүн кыргыз үлкөндөрү он беш миллион доллар сугунуп алышкандыгы айтылууда. Муну уккан мурунку ветеринар Акундун ичинде ит үрүп, эми Батукаевдин эжеси мага 100 миң доллар бергенмин дегени үчүн эле мен түрмөгө кесилип кетеминби?! — деп бушайман болуп жатканы түшүнүктүү. Экс-акыйкатчы нормалдуу жана өз баркын билген фигура болсо, бул “жарыбаган” сумма үчүн Нарындагы түрмөгө ат тезегин кургатпай, телпектеп чуркабас эле! Анысы аз келгенсип, жалпы элге жек көрүнгөнүнө ичи ачышып жатканынын арты — аябагандай эле аянычтуу болууда…

Кандай болгон күндө да, узакка созулган тергөө иши объективдүү жүргүзүлдү дегенге негиз бар. Дээрлик бир жылга жакын созулган кылмыш ишинин тергелип бүтүп, эми гана сотко өтүшү — прокуратура деңгээлинде үйүлүп калган башка дагы көптөгөн коррупциялык иштер алдында алгачкы карлыгач катары кабылданууда. Анын кандай маанайда өтүп, канчалык адилет жана мыйзамдуу болорунан кийинки өнүгүүлөрдүн көп багыттары тыгыз байланышта болору турган иш. Азыр жалпы коомчулук тарабынан бул кылмыш иштерине өтө зор кызыгуу менен, ынтаа коюп байкоо жүргүзүлүп жатканы да ошондон улам.

Ушундай жагдайда экс-генпрокурор Азимбек Бекназаровдун мыйзам актыларына да “кыргызчылыктын” өң-түсүн берүү аракети көптөгөн кошумча суроолорду жаратууда. Анын президент Сооронбай Жээнбековго камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышы — логикага сыйбаган бир нонсенс! Муну айылдан келген сабатсыз абышка айтса да түшүнсөк болот эле. Адамгерчилик, салт-санаа жана башка улуттук менталитет алкагынан чыга албаган критерийлерден улам болууда го деп!.. Ал эми экс-генпрокурордун мындай сунушу — кылмышкерлерди деле ар кандай категорияларга каалагандай кылып бөлүштүрүп, алардын жеке статусуна жараша дифференциялай берсе болот тура деген ойго түртүүдө!..

Асыресе, Кыргызстан Сооронбай Жээнбековдун президенттик тушунда биротоло мыйзамдык-укуктук талаага багыт ала баштады деп айтууга негиз жаралууда. Бул жол эч кыйшаюусуз жана да альтернативасыз болууга тийиш. Ансыз биз жалпы кыргыз улутунун Кудайдан берилген энчиси болгон “Кумтөрдү” чет жактан келишкен шылуундарга сатып жиберишип, өздөрү байып алышып, чет жакта жыргап жүрүшкөн мурдагы президент баштаган үлкөн чиновниктердин баарын кечирүү керек, актоо керек, Кыргызстанга алып келип, аларга түрмөдөн эмес, — жарандык жашоодон абдан сыйлуу орундарды берүү керек деген сыяктуу сунуштардан башыбыз чыкпай калат.

Азимбек Бекназаровдун жакында берген пресс-конференциясында деле негизги лейтмотив жалпы улуттук ынтымак, өлкө тынчтыгы жана биримдиги сыяктуу идеялар менен коштолгону менен, жалпысынан алганда, маалымат жыйынына чакырган инсандын өзүнүн жеке инсандык саясий бейнеси сымал эле, карама-каршылыктуу суроолорду жараткандыгы да ушундан улам. Али биротоло чечиле элек Малайзиядагы элчилик (ага чейин Турция, Азербайжандагы элчиликтер) сунушталганын да билдирип, өзү атаган бир катар талаптар аткарылбаса — ойлонуп көрөмүн! — дегендей мааниде сүйлөшү, мамлекеттик жетекчилерди шантаж кылган сыяктуу сезилери анык.

Дегеле, алдыда парламенттик шайлоо жакындап келе жаткандыгын эске алсак, шайлоо жараяны жакындаган сайын, “и нашим, и вашим” деген позицияны карманууга умтулгандар көбөйүүдө. Элдин кызыкчылыгы үчүн күйгөн адам болуп көрүнүп, ошол эле учурда — бийликке жагынууга умтулгандардын саны арбууда. Эл популист саясатчыларга, куру убадаларга эбак эле кекиртегинен чыккандай тойгонун эске алып, конкреттүү кадамдарга баруу, иш жүзүндөгү аракеттерге өтүүчү мезгил келди. Чулгандуу коррупциялык кылмыш иштеринде айыпталып жатышкан ири чиновниктердин тор артында мылжыя жылмайышып, мыйзам, сот, мамлекеттик бийлик дегенди тоготпогондой олтурушканы — Кытайдагы, Япониядагы мыйзам кыйшаюусуз иштеген кырдаалды талап кылууда. Кытайдагыдай атып салуу, асып өлтүрүү ж. б. жазалар бизде каралган эмес.

А Японияда өз ысымын булгап алган мамлекеттик чиновник өзүн өзү жазалап, — камикадзе болуп, харакири жасап, өз жанын өзү кыят. Мунусу ал кылмышкерди абийири абдан кыйнап, ар-намысы ойгонуп кеткендиктен улам эмес — эгерде ал ошол айыптоолор боюнча соттолсо, мыйзам боюнча — анын үй-бүлөсү, жакын туугандары да мамлекет колдоосунан биротоло ажырап калышынан коркушат. Эгерде өз жанын кыйып кетсе — үй-бүлөсүнө, туугандарына айыптоо таркабай калат! Бул жагынан караганда, бизде жалаң кайын энесине, жакын туугандарына катталып калган мүлктөрдү да сот өкүмүнөн соң, кошо конфискациялоо карала турган мыйзамдар иштелип чыгышы туура болот. Ошондо гана коомдун тазаланышы, биротоло мыйзам жолуна түшүшү — кайра артка бурулгус өңүткө өтөт.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Жерүй кени саясый сооданын оюнуна айланабы?

Кыргызстанда саясатчылар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдана башташты. Баягы эле – ачуу билдирүүлөр, популизм, ири долбоорлор боюнча келишимдерди кайра карап чыгуу – сонун ыкма эмей эмине десең.

Быйыл минтип жаңы шылтоо табылып олтурат – жакында Жерүй кени иштетиле  баштайт. Эки жыл бою бул долбоорду эч ким эстебей жатты эле, ал долбоордо мамлекеттин үлүшү жок экенин эми биле коюшкансып, четинен коңгуроо кагып киришти. Жерүй жөнүндө кечээ кеңири жазганбыз (шилтемени караңыз: https://kyrgyztoday.org/news_ky/kajradan-zheruj-bul-ken-bajlygynda-babanov-menen-atambaevdin-kyzykchylygy-barby/ ).

Жакында эле, сентябрдын соңунда автивисттер Таластагы Улуттук көчмөндөр оюнуна “Бакубат Талас” фонду 100 миң доллар коротконун билдиришкен. Эми алар курултай өткөрүп, үч маселени койгону жатышат: Жерүй боюнча тендердин мыйзамдуулугу, кендеги мамлекеттин үлүш маселеси жана жаратылыш ресурстары боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү. Анан эле “провакация болот экен” деген шылтоо менен курултайды өткөрбөй калышты.

Жума башында Азимбек Бекназаров басма сөз жыйынын өткөрүп, анда: “Өкмөт башчы М.Абылгазиев Жерүйдөгү мамлекеттин үлүшү боюнча маселени чечкенге аракет кыларын айтты” деди. Эртеси эле Өкмөт саясатчынын бул сөздөрүн четке какты. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев өкмөт башчынын сөзүн Бекназаров туура эмес келтиргенин билдирди.

“Өкмөт башчы “Альянс Алтын” компаниясы да, өкмөт дагы кызматташуунун бардык шарттарын бекем сактап келет. Бул инвестициялык климат үчүн абдан маанилүү. Ошону менен катар өкмөт Жерүйдөгү бардык экологиялык жана техникалык нормалардын аткарылышын катуу көзмөлгө алган. Өкмөт сүйлөшүлгөн шарттарды так аткарат – деп айткан”, – деди Адилет Султаналиев.

Бирок милдеттерди бузуп койсо болобу? Варианттары, албетте, бар. Өкмөттүн мындай позициясына карабай, Жерүйдү иштетүүнүн шарттарын кароо маселеси күн тартибине бат эле туруп калышы мүмкүн. Мисалы, тоо өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрү мамлекеттин Жерүй  боюнча долбоорго кириши пайда гана алып келерин айтып чыгышты. Алар эки сунуш киргизип жатышат: мамлекет үлүш алуусу керек жана Кумтөр мисалындагыдай жалпы кирешеден кошумча салык төлөнүүгө тийиш.

“Соңку учурда саясатчылар, элдик курултай, жаштар уюмдары сурап жатышат: Жерүйдө эмнеге Кыргызстанды үлүшү жок? – деп. Ошондуктан абал курчуп кетпеши үчүн өкмөттүн чечими менен жумушчу топ түзүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүшү кажет. Бул долбоордон мамлекет кандай табарын изилдебесе болбойт”, – дейт ассоциация мүчөсү Дүйшенбек Камчыбеков.

Кыскасы, Жерүй дале болсо баш сындырчу маселелерди ачыкка чыгарып, саясый сооданын чордонуна айланары айкын болуп калды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Өткөөл мезгил жана парламенттик өлкө

Азыркы күзгү оомал-төкмөл, туруксуз аба-ырайы Кыргызстандагы учурдагы коомдук-саясий кырдаалдын күзгүдөн так чагылып турган элеси сымал да сезилет. Бир жагынан карасаң, быйыл кыш абдан катуу болот экен, өтө эле эрте жана күтүүсүз түшөт экен дешсе, экинчи жагынан — эч нерсе болбогондой эле, баягы көнүмүш, жана да азырынча эч кандай оптимисттик маанайларга негиз бербей турган илең-салаң турмуш агымы өтүүдө…

Парламенттик республикага өтүү алдында турабыз деп (деги канчанчы ирет өткөөл мезгилди баштан кечирүүдөбүз?!), бул жагынан КМШ аймагында эле эмес, дегеле жалпы цивилизациялуу дүйнө жүзүндө абдан алдыга кеттик деп ооз көптүргөнүбүз менен да, — республикалык парламентибиздин реалдуу абалы ушул, шайлоочулар гана нааразы болуп тим болбостон, мышык ыйлап жиберчүдөй деңгээлге жетип калды…

Азыркы УКМКнын убактылуу кармоочу жайында эс алып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күчкө салып (формалдуу түрдө баары мыйзамдуу болгону менен да!), жасалма жол менен, Конституцияга шашылыш киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө эске алган жан жок. Ал жаңы кошумчаларга ылайык, кийинки кирип келе жаткан 2020-жылдан тартып, биздин өлкө толугу менен парламенттик республикага айланып, реалдуу административдик-башкаруучу, чарбалык-экономикалык рычагдардын баары тең бир гана өкмөттүн карамагына өтүп, президенттик бийликке өкүлчүлүк ыйгарым укуктар гана калтырылышы каралган. А бизде андай маанайдан азырынча шыбырт да жок. Дале болсо, баары тең президенттин айланасында чимирилип бийлеп, анын көзүн карап жүрүшөт. Демек, Конституция деле, андан башка маанилүү мыйзамдар деле — кагаз жүзүндө гана калууда!..

Бул өңүттөн караганда, кийинки келген парламент эл күткөндөй тың чыгып, баарын тең өз көзөмөлүнө алып, кыйшаюусуз аткарылышын талап кылууга жетише алса гана учурдагы абага асылгандай абал, акыры оң жагына өзгөрүшү мүмкүнбү деген үмүт-ой жаралат. Анткен менен, мындай таттуу кыялдар реалдуу жагдайларга келгенде ишке ашышы өтө кыйын экендиги маалым. Себеби, ошол эле электорат, ошол эле шайлоочулар, ошол эле тандалып алынуучу “материал” — депутаттыкка талапкерлер калууда.

Шайлоо кодексине билинер-билинбес гана өзгөртүүлөр киргизилип (өтүүчү барьердин 7%дан 9%га көтөрүлүшү сыяктуу), принципиалдуу маанидеги, келечектеги кардиналдуу өзгөрүүлөрдү шарттай ала турган толуктоолор өткөн жок. Дегеле, азыркы парламенттин жүзүнө тигиле карап, ар тараптуу талдоодон өткөргөн соң, биздеги шайлоо системасына партиялык тандоо ыкмасы өтө эрте киргизилгенине аргасыздан ынанууга мажбурланасың. Пропорционалдык-мажоритардык системаны сактап калуу жолу менен эле, адегенде партияларга парламенттен 25%дан ашпаган орун берилип, андан кийинки шайлоолордо бул көрсөткүчтү уламдан-улам 5 пайызга гана, акырындап көбөйтүп жүрүп олтуруу менен гана, акыр келип 50% жеткенде биротоло токтотуп салуу максатка ылайыктуу болмок. Бул жагдай жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан саясий партиялардын атаандашуусуна жол ачып, алардын өсүүсүн шарттамак!..

Азыркы көп партиялуулук шартында, албетте, мурдагы коммунисттер сыяктуу элдин калың катмарына чейин сиңген массалык партия болушу кыйын. Арийне, шайлоо болор алдында шашылыш түзүлө калып, курамында 3 (үч!) миңден баштап, ашып барса 30 (отуз) миңге жетпеген мүчөлөрү бар партия сымал аталыштагылардын жалпы элдин, электораттын өкүлүбүз дегендери — абдан катуу ойлонто турган маселеге айланууда. Жалпы Кыргызстандын аймагында таасирдүү саясий күчкө айланып, жалпы элдин кызыкчылыктарын камсыз кыла аламын жана бардык деңгээлде эл өкүлү болуп бере аламын деген сыяктуу талаптарга умтулган партия — бери эле болгондо жалпы калктын 10 пайызын, же 600 миң адамды өз катарына тартууга жетишип, алардын күнүмдүк көйгөйлөрүнөн тартып, келечек максаттарына чейин жакшы билип, ошол эл жана электорат менен кошо чогуу жашап, сүйүнүчүнө кошо сүйүнүп, кайгысына кошо кайгыра тургандай болушу ылазым. Тилекке каршы, азырынча андай партия бизде жок жана жакынкы арада карааны көрүнөт деген үмүт да али жарала элек!..

Кээде ыгы келсе да, келбесе да кыр көрсөтүп, биз силерден кыйынбыз дегенчелик кылып, көтөрүлүп калмай адаттары бар казак баурдастарыбыздын алдында кыргыздардын аброюн биротоло сындырып салгандай эле болду. Чет элдик башка синхрондук котормо аркылуу уккандары го — текстти чала жаттаган чабал декламатордун сөзүнүн түпкү маанисине анчейин түшүнүшкөн деле жок.

Бир кезде менин бир казак досум кыргыз акынынын ырын түпнускадан окуп алып, “Ой-ба-ай, шыныгы поэзия дегениң солай болат тура!?” — дегендей, биздин спикердин “шыныгы” деңгээли да, канчалык жашырган менен да, акыры ушинтип ачыкка чыгып калды. Дегеле, “квота” аркылуу, баланча региондун кадрлары деген ой менен гана, эң жогорку бийлик кызматтарына кокусунан келип калышкан талиева, кудайбердиева, жумабеков, мамытов сыяктууларды чет жактагыларга көрсөтпөй, ички “муктаждыктарга” гана пайдалануу — Кыргызстандын эгемен мамлекет катары престижин эл аралык деңгээлде сактоого ылайыктуу болмок.

Спикер — парламенттин жүзү. Анткени, чабал, марионетка сымал парламентке күчтүү лидерлик сапаттарга ээ болгон спикердин деле кереги жоктугу түшүнүктүү. Кечээ жакында 5-телеканалдан КРСУнун профессору Марат Суюнбаев айткандай, биздеги сабаттуулук спикердин деңгээлинен бери эле аксап келе жатат. Ушундан улам бир ой жаралат — бул профессор орус-славян университетинде эмес, башка бир мамлекеттик окуу жайында иштесе, албетте, мындай оюн теледен ачык айта алмак эмес. Айтчу саналуу кишилер табылса да, алар дал ошол замат баягы эле бийлик партиялары аркылуу бийликке келишкен ректорлор аркылуу дароо чокуга чабылып, Кыргызстандан ансыз да сыртка чыгып, эми Россияга, Казакстанга батпай, дүйнө кезип кеткен жумушсуздардын армиясына кошулуп калмак… Биздеги өздөрүн элитабыз дешкендер да, дал ушундай, жеке өздөрү үчүн абдан ыңгайлуу системаны түзүп алышты. Сөз жүзүндө демократия, сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги бар, а бирок, иш жүзүндө — алардын баары азырынча куру сөз бойдон гана калып калууда.

Мындан бир аз мурдараакта өздөрүн “Чимкирик парламент” дегенди угуп алышып, буга безге сайгандай болушуп, абдан катуу чычалашып, парламент трибунасынан чоң талкууга айлантып жибере жаздашкандай, эмнегедир, бул ирет унчугушкан жок.

Аргасыздан моюнга алуу керек. Тантырап, туш келди сүйлөсө да, ойду-тоону ойлонбой айта берчү Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрү да, кээде бытыра атканда айрым октор кокусунан эле бутага дал тийип калгандай болуп калчу. Демек, “элиталар” бекеринен чычалашкан жок да деген ой өзүнөн өзү келет… Парламенттик республика деген атка конуу алдында турган кезде, дал ушундай абалда турганыбыз — канчалык өкүнүчтүү?!

Чын-чынына келгенде, “легендарлуу парламент” деп аталган, эгемендик доорундагы эң алгачкы чакырылган парламент кеткенден бери, биздин депутаттар айтылуу Медеткан Шеримкулов сыяктуу спикерге жарыганын көрө элекпиз. Эл дагы өздөрүнүн чыныгы өкүлдөрүн көрө алдык деген парламентке жарый элек. Анча-мынча гана “жылт-жулт” этип, саналуу фигуралардын карааны көрүнө калбаса, алардын үнү да, сөзү да жалпы хордун фонунда дээрлик угулбай келет.

Анын ордуна, “ун мафиясы”, “арак мафиясы” деген сыяктуу коррупциялык чыр-чатактардын чети чыгарылып, алардан парламент өкүлдөрүнүн, болгондо да — фракция лидерлеринин караандары көрүнүүдө. Асыресе, “ун мафиясынын” бардык көмүскө жагдайларын мыйзам чегинде иликтөө атайын укук коргоо органдарынын иши. Ошентсе да, СДПК фракциясына байланыштуу Бишкек арак заводунун, жана да “Кыргызстан” фракциясына байланыштуу — “Аюу” фирмасынын (арак-вино тармагындагы монополисттердин бири) аталышы жалпы парламентке көлөкө түшүрбөй койбойт. Мурдараакта Бишкек шампан комбинаты кандай жолдор менен банкрот кылынгандыгы, жана да анын шаардын чокортосундагы гектарлаган аймактары кантип жең ичинен сатылып, кандай жолдор менен көп кабаттуу үйлөр жана башка имараттар курулгандыгы ачыкка чыккан. Бул тармак дегеле банкрот болбой турган, сууга салсаң чөкпөй турган, отко салсаң күйбөй турган тармак экендиги түшүнүктүү (арак, ун ж. б. күнүмдүк керектелүүчү кирешелүү тармактар сыяктуу эле!), демек, аны атайылап, арам ойлуу бирөөлөр жасалма банкротко жеткирип, “өлгөн” соң, жорулардай тарпты туш-тушка бөлүп алышкан десек, бул логикалуу версияга кыйла жакындап барат!..

Ал эми Бишкек арак заводун менчиктештирүү Алмазбек Атамбаевдин жана “Убактылуулардын” бийлигине туш болуп, абдан чоң резонанстуу, чырдуу чуру-чуулар менен коштолгондугуна карабастан, жеке менчик колго өтүп кеткен. Ал шампан комбинатынан да кирешелүү жана бай, ээлеген территориясы боюнча да алда канча престиждүү аймакта жайгашкандыгы маалым. Ушундан улам, коомчулуктун пикирин чымын чаккандай да көрбөй, ары-бери будамайлап, менчиктештирип жиберишкендиги ар кандай жоромолдорду пайда кылат. Ошол өткөөл, чынында да сөздүн чыныгы маанисинде “убактылуу” бийликте (биз дагы канча бийликте тура алабыз? Эртең башкалар келип кууп чыгышпайбы? Же биротоло эле, төңкөрүш жасадыңар, Бишкектеги 100гө жакын бейкүнөө адамдын канына забын болуп, Ош окуясында миңдеген жарандардын курман болуп, дайынсыз жоголушуна себепкер болдуңар дешип, узак мөөнөттүү түрмөгө тыгып салышпайбы?! — дешип, олку-солку болушуп, жүрөкзаада болушуп, эртеңки күнүнөн үмүттөрү бекем болбой, чет жактардан дагы “на свякий случай” запастык аэродромдорду жасап жатышкан кезде, балким, колдору чыканагына чейин эмес, ийиндерине чейин жеткенче жеп-жутуп, алдарынын жетишинче уурдап-тоноп, катып алышканга умтулушкандыр?..

Бишкек арак заводунун ээси СДПКнын спонсор-кошелогуна айланышы, кийинчерээк спикер болуп калышы ушундай ойлорго түртөт. А кийинки президенттик шайлоодо болсо, акча жытына ашыкча мас болуп кетип, “Кадырлап турса кең Мекен, Каныкей болуш эмне экен?!” — демекчи, “Акчаң батпай жатса чөнтөктө, Ажо болуш эмне экен?!” — деген сымал, президенттик кызматка талапкер болууга да талпына баштагандай абалга жетти. Кожоюндары акырын башка чаап, ары олтурчу, унчукпай, дешкенде гана, эсине келе калып, коңулга киргенсиди…

Азыр парламенттин таркатылышын, же анын самороспускка барып, өзүн өзү таркатышын каалагандар арбыды. Азырынча коомчулук талабы “Борончу” баштаган айрым артисттердин оозу менен айтылууда. Кыш катуу болот, күтүүсүз эрте келет деген сымал гана “бороондуу мезгилдин” белгилерин байкоо кыйын.

Туура, пенсиялардын 1-октябрдан баштап көбөйүшүндө айрым кыйыр белгилер бар. Эң соңку маалыматтарга караганда, өлкө боюнча пенсионерлердин саны 700 миңге чамалап калды (тагыраагы 680 миңден ашуун!), бул армия — добуш берүүдө эң чоң күч! Мугалимдердин айлыгы дагы октябрдан көтөрүлдү. Бул катмар добуш берүүчү гана эмес, шайлоо кампанияларын уюштуруудагы негизги мотор-кыймылдаткычтардын бири экендиги талашсыз. Демек, бардык күчтөр кезектеги шайлоого акырындап, тымызын даярдыкты күчөтүүдө…

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Меню