Menu

АНАЛИТИКА

АШАдай апаат экинчи келбесин!

Жакында электрондук ЖМКларга адам өлтүргөндүгү жана башка бир катар оор кылмыштар боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин “Опен Централ Азия” журналына берген интервьюсу жарыяланды. Күнү 29-август делген менен мазмунуна караганда ал интервью АША “Кой-Таш элдик республикасын” жарыялап, андагы хан сарайына баррикадаларды орнотуп, анын артында снайпердик винтовкачан жашынып жатканда алынгандай. Анткени, коркунучтуу кылмыштар менен айыпталып УКМКнын жер төлөсүнө киргизилген адамга интервью бергенге уруксат кылынуусу күмөн.

Кеп, электрондук айрым ЖМКлардын интервью алынган күндү “29-август” деп көрсөтүшүп, күнүнөн жаңылышкандыгында эмес, маселе анын мазмунунда. Ал интервьюсунда да АША өзүн Кыргызстанды алааматтан сактап калып, өнүгүүнүн даңгыр жолуна чыгарган адам катарында көрсөтүүгө аракеттениптир. Бирок, чындык АША эки жылдан бери жадабай кайталап келаткандан, аталган журналга берген интервьюсунда айткандан таптакыр башкача, жогорудагыдай ойлор анын реалдуулукка ылайык келбеген адекваттуу эмес фантазиясынан жаралгандар экендиги азыр ичтегилерге гана эмес, алыскы сырттагыларга деле белгилүү айныксыз фактылардан экендигин эч ким танбастыгы бышык.

Кыргызстан эки үй-бүлөлүк башкаруудан араң кутулса, АША үчүнчү кландык криминалдык коррупцияланган башкарууну орнотту. Ал башкаруу нигилисттик “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илемдикке” негизделген, байыркы Калигуланын, андан кийинки монарх самодурлардын жоруктарын эске салган мурдагыларданда ыймансыз, ашкере ачкөз жана уятсыз режим болгондугун акыркы убактарда ачыкка чыгарылган фактылар ырастоодо. Бир гана Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон 100 миллиондон ашык доллар уурдалгандыгы, ЖЭБдин алиге чейин техникалык документациялары жоктугу, кытайлык адистердин жергиликтүү персоналды алиге чейин ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүн башкарууга үйрөтүшпөй жаткандыгы, эгерде бир жери иштен чыгып калса, аны оңдоп-түздөө үчүн кайрадан чоң акчаларга Кытайдан адистерди чакырууга аргасыз боло тургандыгыбыз эле – анда ачык, жабык коррупциялык чоң механизмдер иштегендигин, алардын кесепеттери түздөн-түз күнөөлүүлөрдү түрмөгө отургузгандан кийин да пайда болушу мүмкүн экендигин айтып турат.

Мурда АША суракка келгенден качып жүрүп, адегенде экстремистке, андан кийин террористке айланса, УКМКнын жер төлөсүнө киргизилгенден бери тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бергенден баш тартууда. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, күнөөсүз адам сурак бергенден качпайт, тескерисинче, анын тезирээк болуусун каалап, баарына ачык, так жооп берип, өз башын ар кандай шектүү нерселерден арылтып, тазалап алууну каалап турат. АША хан сарайында жатканда күнөөсүнүн көптүгүнөн суракка келүүдөн качса, эми “жооп берсем да, жооп бербесем да баары бир, акыр аягы былыкчылыктарымдын баарын болбосо да көбүн мойнума коюшат, андан керө кызматташпаганым, үн чыгарбаганым жакшы”- деген ойдо тергөөчүлөргө жооп бербей жатат. Андай тактиканы клиентинин тилинде тормоз жоктугун, ал көбүнчө акылына илингендердин баарын айтып салып, анан ойлонорун жакшы билген адвокаты үйрөтүп жатышы да мүмкүн. Бирок, АША сүйлөбөсө деле ага коюлган күнөөлөр башкалардын көргөтмөлөрү, жыйналган фактылар аркылуу толук далилдене тургандыгынан кенедей да шек санабаса болот. Анткени, АШАнын буйругусуз баш кесер Батукаевди эч ким бошото албастыгы белгилүү болуп турат, ал эми ири долбоорлордун бардыгын өзү жактырып, демилгелегендигин Атамбаев өзү дайыма мактана айтып келген. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына түшкөндөн кийин мурдагы “балашкалары”, табакташтары эртели-кеч бардык чындыкты айтып беришинен шек санабасак да болот. Анткени, өзү кургуйга кулап бараткандын артынан эч кимдин кулагысы келбейт.

АША 6 жыл мамлекетти башкарып турган мезгилде 3 жыл экономикабыз артка кетсе, 3 жыл 3,5-5 пайыздан өсүш болуп турду. Анын тушунда сом девальвацияга учурап, 1 долларга карата мурдагы 48-49 сомдон 78 сомго чейин кулап барып, 69-70 сомдун тегерегинде турукташты. Экономика өскөндөй көрүнгөндүн бир себеби ошондо. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр 30-40 пайыз кымбаттап кетсе, ички дүң жыйымдын көлөмү да ошончо өскөндөй болуп көрүнөт. Чындыгында ал мираж, элди алдоо болуп саналат. Ал эми “мен президент болуп турганда 3,5 млрд. долларлык грант алынган”- дегени кудайга сыйбаган калп. Ал оор шарттарда алынган кредиттердин бир бөлүгүн да гранттарга кошуп айтып жатат. Бир мисал. Эгерде Акаевдин тушунда эл аралык финансылык институттардан 20-30 жылдык мөөнөттөрдө 0,75-1 пайыздык үстөктөрү менен кредиттер тартылса, АШАнын тушунда алынган кредиттердин бардыгынын үстөктөрү 2-2,5 пайыздан. Эми 2022-2026-жылдарда аларды төлөө үчүн Кыргызстан жылына 25-33 миллиард сомдон акча жумшай баштайт. Бул сумма билим берүү тармагынын бир жылдык бюджетине барабар. Эгерде үстөктөрү азыраак болсо, автоматтык түрдө үстөктөрү 6-7 млрд. сомго аз болмок.

Интервьюсунда АША: “2020-жылы парламент толугу менен олигархтардын чеңгелинде калат”- дептир. 2010,2016-жылдарда Баш мыйзамды өзгөртүп, ал системаны түзгөн ким? Албетте, өзү. Биздин баамыбызда 2020-жылдын парламенти 2015-жылы АШАнын убагында куралган парламенттей эле болот. Жакшырбайт, начарлабайт, ошол бойдон калат.

Деги Алмаз Атамбаев деген ким? Ал эмнеси менен элдин эсинде калды? Ал президент болуп турган алты жылдын ичинде эмнелерди аткарды?

Эгерде биринчи президент Аскар Акаев адамдарга өтө илбериңки мамиле жасаган кичипейилдиги, интеллектуалдуулугу, сылык-сыпаалыгы, анан чычканга кебек алдырбаган куулугу, сактыгы менен айырмаланса, жакындан билгендер Курманбек Бакиевдин ден-соолугунун бордолгон буканыкындай күчтүүлүгүн, ал канча ичсе, жесе да былк этпей туруп кетээрин, чарчоо дегенди билбесин, узун чачтууларга айрыкча жакындыгын айтышчу. Эмне дебейли, ал өнөр жайын, экономиканы жакшы билчү. Бирок үй-бүлөсүнүн жетегинен чыга албай, алардын барымтасында калып, жыйынтыгында качып кутулду. Үчүнчү президент Роза Отунбаева бир жылдык миссиясын революциянын, июнь окуяларынын кесепеттери менен алышууга жумшады. Аларга салыштырганда Алмаз Атамбаев Кыргызстандын жаңы тарыхындагы психикалык жагы мандемдүү, физикалык жактан эң мажирөө, мактанчаактыгы, жалганчылыгы жагынан эч кимди алдына салбаган президент болду. Ал кандай костюм кийбесин ийиндери шалпайып, өңүрлөрү далбайып, пальтосу бирөөнүн ийнинен жулуп алгандай шөлбүрөп, калпагынын эки жагы атасыныкын кийген баланыкынан бетер кулактарына тийип турчу. Мурдагы экстерге салыштырганда алты жылдын ичинде тез эле чачтары агарып, мойнун бырыш басып картая түштү, ага караганда качкын президенттер тың жүрүшөт. Аны өзү: “Бок саясатчылар 7 жылдан бери канымды ичип, нервимди жеп келатышат”, “У нас столько дерьма среди политиков и журналистов, и это плохо для страны”- деп түшүндүрүп, апасы менен агасынын өлгөндүгүн да аларга шылтаганы менен физикалык, психикалык мажирөөлүк анын канында болсо керек, анткени адамдагы сапаттардын 70 пайыздан ашыгы кан кууп тургандыгын же генине, ал эми калгандары социалдык шарттарга жараша боло тургандыгын окумуштуулар алда качан эле далилдешкен. Мажирөөлүгүнө кошо иштегенинен расмий жана расмий эмес эс алганы көп, жок дегенде бир айда бир күн кечке чейин кызматтык ордунда чыдап отура албаган жалакай жалкоолугу, оорукчандыгы, бирөөлөргө тийишкиси келип турган дайыма шайтаны ойногон көгүш көздөрү менен эсте калды. Сыртынан кыл моюндай көрүнгөн менен, өзүнүкүн гана туура деген аябагандай кежир, тили тикенектүү гана эмес, ажаан аялдыкындай заарлуу, анын үстүнө оозунда кепили да жок экен, атаандаштарына ар кандай аттарды коё берип, лексикабызды жаргондор менен жетишерлик эле байытты.

Ал Ак үйдөгү кызматтык ордуна жумасына бир-эки жолу келээрин, калган учурларда мамлекеттик резиденцияда эле отура берерин өзү да жашырчу эмес. Алты жылдын ичинде эле 20дан ашык ар кандай мөөнөттөрдө расмий эмгектик өргүүлөргө чыкты, ал эми расмий эместеринин эсеби да жок. Болгон физикалык, моралдык абалы ошол болсо, ал чоң саясатка аралашып эмне кылат, президенттикте ага эмне бар, үйүндө эле кудай деп гитарасын чертип, сүйгөн тамагын ичип, саясый атандаштарынын сөөктөрүнө эмес, чучуктарына жетерлик кычык сөздөрдү жылжытып коюп отура бербейби. Анын негизги стихиясы, колунан келгени ошо экен, ал эми мамлекетти жетектөө аябагандай чоң күчтү, эркти, убактыны, анан жетишерлик даярдыкты талап кылат. АШАда алардын бири да жок болчу. АШАны бир эле нерсе камчылап, мамлекет башына алып келген, ал Кыргызстандын президенти деген атка жетсем деген гана күчтүү эңсөө, аракет болчу. Аны ошол комплекс гана жанына тынчтык бербей отуруп бийлик башына алып келди. Ага ошол мезгилдеги коррупциялашкан саясый система эң ыңгайлуу шарт түздү. Аны жакындан билгендер А.Атамбаевдин акчасы көп болгондугу, ал митингдерди, революцияларды каржылагандыгы үчүн эле мамлекет башчылыгына келип калгандыгын айтышат, ал чындык. Курманбек Бакиевдин да акчасы көп болгондугу үчүн оппозициялык кыймылдын төрагалыгына шайланып, анан кокустан президент болуп калгандыгы да ырас. Же биздин жаңы тарыхыбызда саясат, бийлик, башкаруу, революция, электорат, добуш берүү, алардын жыйынтыгы дегендер формалдуу түшүнүктөргө айланган, алардын баарын кыймылга келтирип, бир жыйынтыкка жеткирүүчү күч-акча гана болуп калган. “Временшиктер” ич ара соодалашып туруп, ага мамлекет башчылыгын дүңүнөн алты жылга сатып жиберишкен. Кызматты сатып алган адам, албетте, кандай кооз сөздөрдү сүйлөп, эмнелерди жарнамалабасын, колуна бийлик тийгенде биринчи кезекте ага кеткен чыгымдын ордун ашыгы менен толтурууга, дивиденддерди алууга ашыгат, ал президент болуп шайланып, амбициясын канааттандыргандан кийин бир жылга жетпей эле андан жадап, кызматтан кетип, өлкөнү көмүскөдө отуруп алып четтен башкарууну көздөдү эле, бактыга жараша анысы ишке ашпады. Алын долбоору ишке ашса, АШАнын “сасыган кашасынан” башыбыз чыкмак эмес.

Сооронбай Жээнбеков: “Алмазбек, бир убакта дос элең, бирок Кыргызстан сендең кымбат”- деген жолду тандагандан кийин көмүскөдө жатып алып, өлкөнү 2040-жылга чейин көзөмөлдөөнү болжогон экс-президент А.Атамбаевдин таасири чектелсе, Кой-Таштагы кандуу окуялардан кийин саясый доору биротоло бүттү. Эми анын калптары, ар кимдерди мазактап, маскаралаган куйкумдуу сөздөрүнүн төрт дубалдан башкаларга жетиши эң эле кыйын. Ал үчүн тообо кылып, кудайга миң мертебе ыракмат айтып, экинчи АШАдай апаат Кыргызстанга келбесин деп тилешибиз керек.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

"Кара-Суу базарындагы" кара тактар

“Кара-Суу базары” Кыргызстанга эле эмес, Орто Азия өлкөлөрүнө таанымал базарлардын бири. Тээ Советтик мезгил учурунда эл муктаждыгын камсыздоо максатында уюштурулган бул базардын айланасындагы чырдын башталганына кеминде 15 жылга аяк басты. Бул базарды кыргыз эли айтылуу балбан, Жогорку Кеңештин депутаты болгон раматылык Баяман Эркинбаевдин базары деп тааный турганын белгилей кетели. Биз “Кара-Суу базарынын” айланасындагы чечилбей келаткан маселеге кайрылып, “Базардын мыйзамдуу ээси ким? Талаш кайдан жаралды?” деген суроолорго жооп издеп, кыргыз фемидасындагы бир маселеге чекит коё албаган контрасттар жөнүндө сөз кылабыз.

Алгач, “Кара-Суу базарынын” түптөлүүсүндөгү тарыхый документтерди тактоо үчүн Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигине кайрылып, анын төрагасы Бектемир Ражаповго суроолор менен кайрылдык.

— Бектемир мырза, “Кара-Суу базарын” Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдиги түзгөн экен. Бул базар канчанчы жылы түзүлгөн? Силердин карамагыңарга кандай документтер менен өткөрүлгөн?

— “Кара-Суу базары” 1987-жылы 5-майдагы Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети жана Кыргыз ССР министрлер Советинин токтому менен бизге өткөрүлүп берилген. Биз ошондон баштап 1993-жылга чейин 3,5 млн акча сарптап “Кара-Суу базарын” курганбыз. “Кара-Суу базарынын курулушу 1985-жылы башталган. Бирок, бүткөн эмес. 1991-жылы Союз ыдырап, ар мамлекет өз алдынча болуп, экономика алсырап, өндүрүш иштебей калгандан кийин, баары базарга барып калышкан. Ошондо министрлер совети кайрадан “Бул базарды өзүбүзгө алып коёбуз” деп көз арта баштаган. 1995-жылы ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагулов “Кара-Суу базары” Ош облустук керек-жарак коомунуку деп өзү кол коюп, токтом чыгарган. 1996-жылы декабрь айында Ош облустук администрация өзүнүн токтомун чыгарып, алар дагы “Кара-Суу базары” Ош облустук керек-жарак коомунуку деп тааныган. 1996-жылы бүт мүлктөрдү юридикалык жактар Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүшү керек эле. Биз 1999-жылы “Кара-Суу базары” жоопкерчилиги чектелген коом, уюштуруучусу Ош облустук керек-жарак коому деп түзгөнбүз.

Демек, “Кара-Суу базарынын” кожоюну жана уюштуруучусу Ош облустук керек-жарак коому болгондугу, тиешелүү токтомдор, документтер менен далилденет. Алар сот тарабынан жокко чыгарылган эмес. Бүгүн да мыйзамдуу күчүндө турат.

Эми, “Талаш маселе качан жана кантип башталды?” деген суроого келели.

— Бектемир мырза, силер базарды кайсыл жылы сатып жатасыңар? Баяман Эркинбаев базарды мыйзамдуу түрдө сатып алганбы? Азыркы күндөгү талаш качан башталып жатат?

— “Кара-Суу базарында” базаркомдордун начар иштегениненби, булар салыктан карыз болот, ошондо биз “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомго мыйзамдын негизинде, чогулуш кылып сатканбыз. Ошол маалдагы акча менен 4,5 же 5 млн сомду биздин кассага төлөп, алар өткөрүп алган. 2005-жылга чейин базар “Кыргыз соода биримдигинин” карамагында болуп, алар курулуш кылып оңдошуп, иштетип келишкен. 2005-жыл март айындагы революциядан кийин сентябрь айында раматылык Баяманды аткандан кийин кайдан-жайдан дагы бир документ чыккан. Ал документ ошол жерде мурун базарком болуп иштеген Осмонов Жолборс дегенге башкармалыктан токтом чыккан экен. Ошол токтомдун негизинде доо коюшуп, 5 жылдан кийин “Элдик базар” деп соттун биринчи чечимин чыгарышат. Андан кийин 2006, 2007-жылдары соттошуп, соттун чечими менен өкмөткө өткөрүлөт.

Маалым болгондой, Ош облустук керек-жарак коому “Кара-Суу базарын” 2000-жылдын 16-октябрында мыйзамдын чегинде “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомуна саткан болсо, экинчи токтом качан пайда болду? Арадан 5 жыл убакыт өткөндөн кийин Ош шаарынын Жолборс Осмонов аттуу тургуну Кара-Суу райондук сотуна 2005-жылдын 28-июлунда доо арыз менен кайрылат. Арыз ээси Осмонов “Ош облустук керек-жарак коому 2000-жылдагы сатуу-сатып алуу бүтүмү менен менин мүлккө болгон укугумду бузду. Себеби, 2004-жылы 21-сентябрдагы № 183-токтому менен мага саткан 1,84 га жер аянты “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын менчигине кошо катталып кеткен. Андыктан, 2000-жылдагы сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп таап бергиле” деген талапты койгон.

Бир эле базарды эки кишиге сатып, Ош облустук керек-жарак коому көз боёмочулук кылганбы?- деген суроого, жетекчилик архивдик документтердин негизинде Жолборс Осмоновго “Кара-Суу базарындагы” жер тилкесин бекер берүү жөнүндөгү № 183-токтом катталып тургандыгын, бирок ал мыйзамсыз экендигин, керек-жарак коомунда жалпы жыйын өтпөгөндүгүн, жыйындын протоколу жок экендигин айтат.

Баарынан кызыгы мында турат, Осмонов сотко жазган арызында № 183-токтом менен 1,84 га жер аянты мага сатылган дейт. Ал эми керек-жарак коомунда каттоодо турган токтомдо бекер берилсин деп жазылып турат. Коёндой окшош эки токтомдун биринде дагы 1,84 га жер аянты көрсөтүлгөн эмес. “Тоок биринчиби же жумурткабы?” деген баш айлантмадай, бир күндө, бир номур менен чыккан эки токтомдун кайсынысы алгачкы жаралгандыгын да тактоо мүмкүн эмес.

Буга карабай Кара-Суу районунун судьясы Т. Суранбаев 14-сентябрь 2005-жылдагы чечими менен Жолборс Осмоновдун доо арызын канааттандырып, 2000-жылы “Кыргыз соода биримдигине” сатылган сатуу келишимин жокко чыгарып, “Кара-Суу базарынын” мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүп берген. Бул жерде сот Т. Суранбаев доо арыз талабынын чегинен чыгып, сот адилеттигине шек келтирген аракет жасап, мыйзамсыз чечим чыгарган. Ага карабай, Ош облустук сотунун коллегиясы Т. Суранбаевдин чечимин күчүндө калтырып жаткандыгы, Жолборс мырзанын артында кызыкдар көп жолборстор тургандыгын айгинелеп турган жокпу? Анткени, сатуу келишими жокко чыкса, мыйзам боюнча базар баштапкы калыбына, тактап айтканда Ош облустук керек-жарак коомуна өтүш керек эмес беле?

Эл арасында Баямандын базары деп таанылган “Кара-Суу базарындагы” талаш башталган 2005-жылдын күзүндөгү тарыхый окуяларга көңүл буралы:

Кара-Суунун соту Т. Суранбаев 2005-жылдын 14-сентябрында базарды мамлекеттин менчигине өткөрүп берген мыйзамсыз чечимин чыгарса, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Азимбек Бекназаров кызматынан алынган. Арадан 2 күн өтүп, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, айтылуу балбан Баяман Эркинбаев атып өлтүрүлгөн.

2005-жылдагы март революциясынан кийин башкы прокурор болуп, “Кара-Суу базарындагы” мыйзамсыз иштерди жакшы билген Азимбек Бекназаров 2016-жылы жарык көргөн “Мен-Кыргызмын” аттуу китебинин биринчи томунда ал кездеги окуяларды мындайча эскерет:

“… Бакиевдер тымызын Баяманды «алсыратуу” үчүн ага каршы Кара-Суу базарына байланыштуу иштерди уюштура баштады. ..

Баяман менен Бакиевдердин, айрыкча Жаныш Бакиевдин ортосунда “түштүккө ким кожоюн” деген тирешүүнүн күндөн-күнгө чыңалып баратканы боюнча эл арасында айтылып жатты. Ж. Бакиев мурда Баямандын жанында жүрүшкөн же, тактап айтканда, Баямандан алдыга чыга албай жүрүшкөн Мелис Мырзакматов, Алманбет Анапияев, Абдалим Жунусов, Кушбак Тезекбаевге окшогон жергиликтүү элге белгилүү, кадыры бар, “Баяманды Баяман кылган бизбиз” деген жигиттерди акырындан өзүнө тарта баштайт. Бийлик, күч кайда болсо, ошол жакка ооп, оокат кылмайга үйрөнүшкөн азаматтар Чолпон Баекованын ишеничине кирип, анча-мынча өзүм билемдик кылып жүргөн Баямандан оомат кете баштаганын, оомат Бакиевдерге ооп баратканын сезишип, Баямандан ачык эле оолакташып, Жаныштын айтканына көнө башташат. Жаныш Баяманга каршы Кара-Суу базарын, Оштогу “Алай” мейманканасына байланыштуу ызы-чууга башка да адамдарды тартат.

Баяман башында анча сыр бербей жүрдү. Бирок күндөн-күнгө анын айланасында жүрүшкөндөр андан оолактай башташты. Баяманга каршы митинг, акцияларды өткөрүүдө түштүктүн эле “тентектерин” колдонбой, “Рысбекти да колдонуп жатыптыр” деген сөз тарап калды. Оперативдик маалыматтар боюнча, Кара-Суу базарына байланыштуу мурдагы соттун чечимдерин жокко чыгартып, судьялардын үйлөрүнө автоматчан кирип барышып, даяр токтомдорго коркутуп кол койдуруп жатыптыр деген сөздөр чыкты. Кара-Суу базарында Баяманга каршы жүздөгөн адамдар митингге чыкканы жөнүндө, ага каршы кылмыш ишин козгоо талабы коюлганы айтылды. Бирок эч кимден расмий арыз түшкөн жок. Ал жөнүндө Кара-Суу районунун прокурору А. Сөлпиевден сурасам: “Түшүнбөй калдык, күндө эле ызы-чуу, биз текшерип жатабыз десек деле уккан киши жок” — ​деди.

… Көп өтпөй Баяман телефон чалып: “Азим аке, алар эми мени сөзсүз өлтүрөт, эмне кылсам, сизден кичине айбыгышып турчу эле, эми эч кимден коркпойт, өз билгендерин кылат” — ​деди. Мен ага — ​Баяман, өлтүрөт деп корксоң, аны билсең, акчаң бар, чет өлкөгө качып кетпейсиңби — ​дедим. Бул экөөбүздүн акыркы жолу сүйлөшкөнүбүз болду. Көп өтпөй Баяманды Бишкекте бир үйдөн чыгып келе жаткан жерден атып кетишти…

Баямандын өлтүрүлүшү менен Бакиевдер түштүк регионунда, Кара-Суу базарында, Ошто толук “теневой” бийликти, экономиканы да колго алды. Мелис, Кушбак, Алманбет ж. б. — ​Жаныштын Оштогу ишенимдүү адамдарына айланды…”

Азимбек Бекназаров,

“Мен- Кыргызмын” III китеп I том, “Турар”,  Бишкек — ​2016

 

Керек-жарак коому өзүнүн менчигиндеги базарды мыйзам чегинде саткандан 5 жыл өтүп, жасалма токтомдордун чыгып жаткандыгы, акыркы мезгилде Кыргызстанда кеңири жайылтылып бараткан мүлктү рейдерлик жол менен тартып алуунун айкын далили болуп турат. Ал эми сот адилеттиги мыйзамды бурмаламак турсун, өзү мыйзамсыздыкка шыкакчы болуп жаткандыгына эмне дейбиз?

Өлкөнүн Жогорку сотунун К. Акназарова башында турган соттук коллегиясы2007-жылдын 2-марттагы токтому менен баштагы сот актыларын өзгөртүп, “Кара-Суу базары” ЖЧКсынын мүлк комплексин “Кыргыз соода биримдигине” өткөрүп берген. Ошентип, “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсы 2000-жылы 5 млн 21 миң 300 сомго сатып алган мүлктүк менчик укугу калыбына келет. Бирок, бул убактылуу гана көрүнүш болот.

Арадан көп өтпөй “Кара-Суу базарына” көз арткан топ пайда болуп, рейдерлик баскынчылыктын экинчи этабы башталат. “Кара-Суу Эл базары” деген аталыштагы мамлекеттик ишкананын директору Усенов Манас Тураталиевич базарга эч кандай тийешеси жок болуп туруп, базарды талашкан жагдайы да кызыктуу.

Манас Усеновдун базарда мүлкү болгонбу? Ал мурун базар талаш болгон соттук процесстерге тарап болуп катышканбы? Качан бул фигура пайда болуп калды? — ​деген суроолор менен “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын өкүлү Анарбай Эргешовго кайрылганыбызда, ал төмөнкүдөй жооп берди.

— 2008-жылы сот мамлекетке өткөрүү чечимин алып салып, мамлекеттик ишкана түзүп эле, кайдан-жайдан пайда боло калган Манас Усеновдун пайдалануусуна берип салган.

— Манас Усенов сотко кайрылганда жеке тарап болуп кайрылганбы же юридикалык тараппы?

— Манас Усенов тарап эмес, базарда мунун мүлкү болбогон. Сотко Жолборс Осмоновдун эле доо арызынын негизинде кайрылып эле, базарга ээлик кылып алып жатпайбы.

Манас Усенов ары-бери баш оорутуп олтурбай эле, дароо Жогорку сотко жаңы ачылган жагдайлар боюнча арыз келтирип, Жогорку соттун 2-март 2007-жылдагы токтомун бузуп, Кара-Суу райондук жана Ош облустук сотторунун чечими менен актысын күчүндө калтырып берүүнү суранат.

Тагыраак айтканда, Жолборс Осмоновдун доо арызы териштирилген сот актыларына карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрылып жатат. Ал сот актыларында “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасы тарап катары катышкан эмес, тарап катары табылган да эмес. Бул жагдайда, эгер мамлекеттик ишкананын укугу бузулуп жаткан болсо, биринчи инстанциядагы сотко кайрылууга укуктуу болгон. Бирок, Жогорку сот Манас Усеновдун жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын өндүрүшкө кабыл алып, 2008-жылдын 27-февралындагы токтому менен Жогорку соттун туура бир жыл мурда кабыл алган токтомун жана райондук, облусттук соттордун актыларын бузуп, “Кара-Суу базарынын” мүлкүн “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берет.

Ишкананын Жогорку сотко жазган арызына үңүлсөк, “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасынын Уставы, лицензиясы, аларды каттоо жеке менчик укугу тууралуу тиешелүү документтер тиркелген эмес. Арызда мамлекеттик ишкана өзүнүн менчик укугун далилдей албайт.

Биздин колубузда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 7-февралындагы № 20-токтому турат. Мында райондук жана облусттук соттун актыларына таянуу менен “Кыргыз соода биримдигине” караштуу базарды мамлекетке өткөрүп алуу максатында райадминистрация алдында мамлекеттик менчиктеги базар түзүлсүн, анын Уставы иштелип чыгып, тийиштүү жерден каттоодон өткөрүлсүн, негизги мүлктөрү көз карандысыз байкоочулар тарабынан бааланып, өздүк баланска алынсын, райондук архитектура генплан иштеп чыгып, мамлекеттик каттоо кызматы жерге ээлик кылуучу документтерди даярдап берсин деп көрсөтүлөт. Бул токтом Манас Усенов Жогорку сотко кайрылганда болгон, бирок арызда көрсөтүлбөйт. Мунун сыры эмнеде?

Кара-Суу райондук каттоо кызматына кайрылып, Кара-Суу райондук администрациясынын № 29-токтому катоодон өткөнбү же өткөн эмеспи?- деп сураганыбызда, ал жердин юристи Абдумомун Кабылов ал токтом каттоого алынбаганын билдирди.

— Кара-Суу райондук администрациянын № 20-токтому биздин башкармалыктан расмий түрдө каттоодон өткөн эмес.

— Кара-Суу районунун аймагында “Туратали эл базары” мамлекеттик ишкана же ЖЧК деген ат менен катталган мүлк, жер барбы?

— Бүгүнкү күндө биздин базада “Туратали эл базары” деген жок. Биздин базада базар “Кыргыз соода биримдигине” катталып турат.

— “Кара-Суу эл базары”, “Туратали эл базары” деген аталышта силердин базаңарда эч нерсе жокпу?

— Базада андай жок. “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсы деп катталган. Каттоо карточкасын да көрсөңөр болот.

Райондук каттоо кызматы билдиргендей, “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасы да, анын мүлкү да каттоодон өтпөптүр, менчик укугу катталбаптыр. Мыйзам боюнча менчик укугу мамлекеттик каттоодон өтүп, мамлекеттик акт берилгенден кийин гана пайда болот эмеспи.

Мейли, сот тарабынан “Кара-Суу базары” мамлекет карамагына, же мамлекеттик ишканага өткөрүлүп берилсин дейли. Анда базардын ээси катары Мүлк фонду эсептелмек. Бирок, Мүлк фонду “Кыргыз соода биримдигинин” катына талаштагы мүлк башынан эле мамлекеттики болбогонун ырастап жооп берип жатпайбы. Бул тууралуу “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын өкүлү Анарбай Эргешов мындай дейт:

— Биз Мүлк фондуна кат менен кайрылганыбызда, Мүлк фонду “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасынын ээлеген жери 8,10 га. Бул Ош облустук сотунун 2005-жылдагы 23-ноябрындагы чечими менен мамлекеттик ишканага өткөн. Ага чейин бул мүлк керек-жарак коомуна жана “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсына таандык болгон” деп жооп берип жатат. Демек, бул ишкана мурун мамлекеттики болгон эмес экен да. Бул рейдерлик жол менен соттун кылмышынын негизинде, рекеттик жол менен Усенов Манаска келип калыптыр.

Ал эми Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматы тарабынан, тийешелүү мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда 2006-жылдын 3-февралында түзүлгөн “Кара-Суу базары” мүлк комплексин мамлекет менчигине өткөрүп берүү актысына Мүлк фондунун өкүлү К. Байтикова кол койгондон баш тартканы жазылып турат.

Демек, “Кара-Суу базарын” Ош облустук керек-жарак коому жалгыз уюштуруп, ал жеке менчик формада катталып турса, сот анын сатуу келишимин жокко чыгарбаса, “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасы каттоодон өтпөсө, анда “Туратали базары” мамлекеттик ишканасы кайдан пайда болуп, анын директору Манас Усенов кандайча 2008-жылдын 8-апрелинде “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын № 21-буйругу менен базардагы жер аянттарын Артыков Уланбек менен Артыкова Айгулгө дүкөн куруу үчүн ажыратып берип жатат? Бул мыйзамдуубу? Мындан сырткары, базардын ичиндеги жер аянттары аукционго коюлуп, сатыкка чыккан.

Бирок, Артыковдорго берилген мамлекеттик актыларды Манас Усеновдун буйругу эмес, Сарай айыл өкмөтүнүн сатуу-сатып алуу келишимдери көрсөтүлгөн. Сарай айыл өкмөтү базардагы жер аянттарын сатууга укугу барбы? Бул сатуу мыйзам чегинде жүргөнбү? Кандай жол менен талашка түшүп жаткан базардагы жерлер сатылып кеткен?- деген суроолорго жооп алуу үчүн Сарай айыл өкмөтүнө барып, айыл өкмөт башчыны таба албай, анын орун басары Кушбак Абрахмановго суроо узаттык.

— Кушбак мырза, силер базардагы жер аянттарын сата аласыздарбы?

— Жок, сата албайбыз.

— “Туратали базары” мамлекеттик ишкананын директору Манас Усенов чыгарган буйрукту негиз кылып сатуу-сатып алуу келишимин түздүңөрбү?

— Жер бизге караган. “Туратали базары” дагы буйрук чыгарып койгон экен да. Ушунун негизинде бизге келишкен. Сарай айыл өкмөтүнөн документ кылышып, Мамкаттоодон акт алышкан.

— Сатуу-сатып алуунун негизи буйрукпу же аукционбу?

— Буйруктун негизинде биз аукционго койгонбуз. Аукциондун негизинде жеңүүчү болгондор акчасын төгүп, сатуу-сатып алуу келишимин түзүшкөн.

— Буйрукта аукцион деген жери жок да. Баланча адамдарга берилсин деп жатпайбы?

— Экөө алып иштетип жүрүшкөн. Ушунун негизинде көк китеп алышкан.

Кушбак мырзадан айыл өкмөттө “Кара-Суу базары” деген мүлк силерде катталганбы? — ​деп сураганыбызда, документтерди көрсөтө албасын билдирди. Айыл өкмөттөн жерлер кандайча сатылганына тыңгылыктуу жооп ала албаганыбыздан соң, кайрадан Кара-Суу районунун каттоо кызматына барып, юристи Абдумомун Кабыловго суроо узатканга туура келди.

— Абдумомун мырза, сиз биздин базада базардагы мүлк “Кыргыз соода биримдигине” таандык деп катталып турат дедиңиз. “Туратали базары” мамлекеттик ишканасы деген биздин базада жок деп айттыңыз. Бирок, “Туратали базары” мамлекеттик ишкананын директору Манас Усенов өзүнүн буйругу менен жер аянттарын жеке менчикке ажыратып бергенге укугу барбы?

— Укугу жок. Анын өзүнүн укугу катталбай туруп, бирөөгө сатканга укуктуу эмес. Андай нерселер биздин башкармалыкта деле каттоого алынбайт.

— Экинчи маселе, талаш жаратып жаткан базардын аймагындагы жерлерди Сарай айыл өкмөтү аукцион менен сатып жатат. Айыл өкмөт ошол жерлерди сатканга укуктуубу?

— Жер мыйзамдарына ылайык имарат менен жер ажырагыс. Биз айтып жатпайбызбы, бүгүнкү күндө ошол жердин үстүндө турган мүлк “Кыргыз соода биримдигинин” менчиги болуп эсептелет деп. Демек, 44-беренеге ылайык ал жерди айыл өкмөт сатканга укугу жок.

Урматтуу окурман, талаш жараткан базардын тегерегиндеги өзүм билемдик кандай деңгээлге жеткенин ушундан эле билсе болот.

Кара-Суу райондук каттоо кызматы базардын тегерегиндеги жерлерден 60тан ашык адамга жеке менчик укукка ээ болгон мамлекеттик актыларды бергени белгилүү болду. “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын өкүлү Анарбай Эргешов “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын директору Манас Усеновдун № 21-буйругуна карата кылмыш ишин козгоо боюнча укук коргоо органдарына кайрылган. Кара-Суу райондук прокуратура берген маалымат боюнча Сарай айыл өкмөтүнүн жана райондук каттоо кызматынын жооптуу адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жазык Кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү жана 305/2-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө ишин жүргүзүү үчүн Ош облустук финансы полициясына өткөрүлүп берилгендиги көрсөтүлгөн. Арыз ээсинин айтуусунда, дагы деле башкы фигурант Манас Усеновдун аты белгисиз жагдайлар менен айтылбай калууда. Эмне үчүн прокуратура органы арыз талабына ылайык Усеновго карата кылмыш ишин козгоодон жалтайлап жатат?

Финансы полициясына бир жыл мурда тактап айтканда 2018-жылдын 27-августунда келип түшкөн № 134–18–471 сандуу кылмыш ишинин тагдыры дагы кызык. Финполиция арыз ээси Анарбай Эргешовго минтип жооп берет:

— Кечээ бир жазуу түрүндө карылганбыз. Бүгүн жооп алдык. Финпол “кылмыш бар, кылмышкер аныкталбай жатат” деп жооп берди. Жер аукцион менен сатылып жатса, Кара-Суунун каттоо кызматынын мамлекеттик актылар берилсе, Манас Усенов өзүнүн буйругуна кол коюп жатса, жерлерге өзү кол коюп, макулдугун берсе, кантип кылмышкер табылбай калганына таң калып жатам.

Бул кылмыш ишке убагы келгенде өз баасын берген чечим чыгар.

Биз кайрадан базарга тийешелүү болгон соттук процесстерге кайрылалы. Жогорку сот 2018-жылдын 10-апрелинде “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо арызын канааттандырган аныктамасында, ал эми 2018-жылдын 2-июлундагы базар талашкан алгачкы доогер Жолборс Осмоновдун доодон баш тартуу жана иш боюнча сот өндүрүшүн токтотуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган токтомдорунда “Кара-Суу базары” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору М. Усенов жана ушул эле жеке менчик ишкананын ишеним кат боюнча өкүлү Султанов катышкандыгы жазылып турат. Манас Усенов ушунчалык табышмактуу адамбы? Бир туруп мүлкү эч жерде катталбаган “Кара-Суу эл базары”, “Туратали базары” мамлекеттик ишкананын директору, эми минтип жеке менчик директору катары сотко катышып жатат. “Кара-Суу базары” ЖЧКсы барбы деп издегенибизде, Юстиция министрлигинин сайтынан 2002-жылы эле ишин токтоткон, Ош облустук керек-жарак коому түзгөн “Кара-Суу базары” ЖЧКсынан башка маалымат таба албадык. Эгер Усенов 2002-жылы эле ишин токтоткон ишкананын атынан сотко катышып жаткан болсо, бул жерде кылмыштын белгилери турат. Жогорку соттун коллегиясы бир эмес, эки сот актысын чыгарып жатканда, эмне үчүн бул жагдайга көңүл бурбаган?

Айтмакчы, Жогорку соттун 2018-жылдын 27-сентябрындагы отурумунда Манас Усенов сот залында судьялар Н. Сатыбалдиева, Т. Чаргинова, М. Мельниковаларга карата “Эртеңки күнүңдү ойло!” деген мазактоо, коркутуу келтиргени боюнча Сатиев тарабынан акт түзүлгөн. Эгер, Жогорку соттун судьяларын “Эртеңки күнүңдү ойло!” деп коркутуп жаткан Манас Усеновдун ишенген тоосу бүгүн кайсыл жакта олтурат? Ал кимге ишенип ошондой сөздү айтып жатат?

9-сентябрда “Кара-Суу базарынын” тегерегиндеги талаш Жогорку сотто үчүнчү жолу каралганы турат. Андыктан сөзүбүздү ушул жерден токтотуп туралы. Акыркы сөздү Жогорку соттун чечиминен кийин айтабыз.

Кара-Суу районуна барганыбызда Манас Усеновго жолугуп, андан биздин колубуздагы документтерге жооп алалы дегенибизден майнап чыкпады. Өзү, орун басары дагы иш ордуларында жок болуп чыкты. Телефондон байланышканыбызда, Манас Үсенов “Ооруп жаттым эле. Отпускадамын, сентябрда Бишкекке барам, ошондо жолугабыз. Бул кандуу базардын таржымалы узун. Ошондо сүйлөшөбүз” деген жообун берген. Усенов дагы Бишкекке келгенде өз чындыгын далилдеген документтери менен редакцияга кайрылат деп күтүп жатабыз.

Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Аркадий Дубнов, эксперт: "Путин Сооронбай Жээнбековду колдой турганын так билдиргенин такыр эле дүлөй же акыл-эси ордунда эмес адам гана түшүнбөй калышы мүмкүн"

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев сөзүнө турган киши экен. Москвадан 25-июль күнү саат 19га келем деп убада кылды эле – келди!

Анан кайда бармак эле, мекениндеги кылмыштары боюнча козголгон иштеринен Москвада жашынып калууга ким уруксат бермек эле…  Кремлде Владимир Путин менен жолугушкандан кийин Кыргызстандын төртүнчү президенти кудай өзү сактасын, кокус катуу ооруп калса гана ал берген убадасын аткара албай, өз убагында келе албай калышы мүмкүн болчу.

Бирок, бактыга жараша андай болбоду…

Ошондой эле мындан кийин орус президенти Владимир Путин өзүнүн Кыргызстандагы экс-коллегасы Атамбаев менен экинчи жолукпай тургандыгы дагы айкын болду. Анткени Алмаз Атамбаевди визити Кремлде өтө эле таңгаларлык, жагымсыз таасир калтырды.

Путин менен болгон кыска, жарым сааттык жолугушуудан чыгып, Кремлдин кожоюну ал жолугушууда Атамбаев менен болгон сүйлөшүүнүн мазмунун кандай сөздөр менен мүнөздөгөнүн билип туруп, анан ал сүйлөшүүлөрдүн негизги маани-максатын теңирден тескери бурмалоо үчүн кандай гана талант болуш керек.

Алгач көңүл бура турган нерсе, Путин макулдук берген Атамбаев менен аудиенцияны Москвада ММКларда чагылдыруунун протоколдук өзгөчөлүгү болду. Жолугушууну видеотасмага тартышпады, биргелешип сүрөткө түшүшкөн жок, демек күтүүсүз келген конокту элге көрсөтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептешти. Атамбаев тескерисинче мунун баарын каалап турган. Жолугушуудан кийин журналисттерге Путин өзү жалгыз чыгып, сөз арасында, Алмаз Атамбаев менен жолугушканын ырастады.

Кыргызстан башынан өткөргөн эки олуттуу ички саясый жарылууларды – эки революцияны эске салып,  республиканын кызыкчылыгында эми муну токтотуу керек деди Путин.

Анан эң башкы, эң маанилүү сөзүн айтты: өлкө “азыр иштеп жаткан президенттин айланасына биригиш керек”  деди. Андан кийин Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлор жөнүндө айтып келип, дагы бир жолу “биз албетте бул долбоорлорду азыр иштеп жаткан бийлик менен бирге ишке ашырууну көздөйбүз” деп баса белгиледи.

Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду колдой турганын так жана түшүнүктүү билдиргенин такыр эле дүлөй же акыл-эси ордунда эмес адам гана түшүнбөй калышы мүмкүн.

Атамбаевди дүлөй деп шектенгенге азырынча негиз жок.

Анда эмне үчүн Атамбаев Кремлде айтылгандарды чала угуп, чала түшүнүп калды?..

Кыргызстандын мурунку президенти Атамбаев Кантка кайтып келгенден кийин Кремлдеги жолугушуу боюнча өзүнүн версиясын айтып жатып, ар кайсынын башын бир чолуп, бирок ага Путин ачык жана даана түшүндүргөн Кремлдин эң негизги позициясы тууралу айткан жок.  “Кыргызстан башынан өткөргөн эки олуттуу ички саясый жарылууларды – эки революцияны эске салып,  республиканын кызыкчылыгында эми муну токтотуу керек. Кыргызстандын стабилдүүлүгү биз үчүн эң башкы максат.  Өлкө тургундары азыр иштеп жаткан президенттин айланасына биригиш керек” деген орус президентинин сөзү бул Москванын Кыргызстанга, анын саясатчыларына жана коомдук активисттерине жиберген кыйытма коңгуроосу.

Албетте Атамбаевдин Россиянын чөнтөгүнүн эсебинен жана атайын кызматтарынын уюштуруусу аркылуу Москвага жасаган кыска жана чукул сапарынын жыйынтыгы ушундай натыйжа менен бүткөнүн көпчүлүгү түшүнүштү. Белгилей кетчү жагдай, дал ушундай атайын кызматтардын уюштуруусу менен жана бирөөнүн эсебинен баруу – бул “вассал-патрон” схемасы боюнча түзүлгөн мамиленин анык далили, мындай көрүнүш Атамбаевдин “москвалык калкалагычтары” менен болгон “достук” байланышына мүнөздүү…

Атамбаев мунун баарын кадимки эле көрүнүштөй кабыл алат, Москвадан кайтып келгенден кийин ал самолеттун чыгымы 100 миң евро болгону аны ойлонтпой турганын, анткени чыгымдын баарын Россия тарап төлөй турганын айтты. Эгер ал өз чыгымын өзү төлөбөй, чет элдик президенттин эсебинен сапарлап жүрүүгө жол берсе, анда эмнеге мен президент болгонго чейин эле бизнестен байыгамын деп чиренет же президент кезимде Кыргызстандын саясый, экономикалык жана башка көз карандысыздыктарын камсыз кылдым деп мактанат?

Андан башка да, Атамбаев мен Москвага өзүмдүн жеке коопсуздугума кепилдик алуу үчүн барганым жок деп адатынча калп айтып жатат. Анын Москвага чоңдордун чакыруусу менен барганынын өзү эле анын “россиялык калкалагычы” бар экенин далилдейт.

Кремлдин бул аракеттери Кыргызстанда да 2018-жылдагы Армениядагы окуялардын алдын-алуу максатында жасалгандай. Анда бийликке келген Пашинян экс-президент  Роберт Кочарянды  камакка алган. Россия мында ар дайым өзүнүн мурунку өнөктөшү Кочарянды колдоп келет.

Ал эми Кыргызстандагы окуяларда Россиянын Атамбаевди колдогону байкалбайт. Анткени Кремлдин көзү менен караганда Атамбаев менен Кочарянды салыштырууга болбойт…

Аркадий Дубнов, Россиялык саясый эксперт

Кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

Чаткалда эл үчүн күйгөндөр чын эле элдик адамдарбы же көздөгөнү бийликпи?

Кыргызстандагы алтын кендердин пайдасын четтен келгендер менен саналуу адамдар көрүп, элге зыяны гана калып, алтындын чуусу тынчыбай келгени талашсыз. “Кумтөргө” ушул кезге чейин чекит коюлбай келет. Өлкөдөгү чачылма алтындын 80 пайызы Чаткал районунда деп аталат. Чачылма алтын казуу башталгандан бери Чаткалда дагы абал тынч эмес.

Редакциябызга Чаткал районунан келдик, айта турган арыз-муңубуз бар деп, арыз көтөрүп алган адамдар келген экен. Алардын айткандарын угуп, Чаткалдагы абалды, фирмалардын алтын казып, экологияны талкалаган жерлерди өз көзүбүз менен көргөндөн кийин көрөлү деп узатканбыз. Өткөн жума Чаткалга барып, жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын үнүн угуп, элдин ынтымагын бузуп жаткандар, өздөрүн элдин адамыбыз деп көрсөтүп, алтыны бар жерлерди казышып, иш токтогон соң жерди бомба түшкөн абалда калтырып кеткенин көрүп келдик.

Күйүтү күч болуп турган калк эки адамга болгон нааразычылыгы күч экен. Чаткал районунда аким болуп иштеп кеткен Акматбек Таласбай уулу менен Абдыкеримов Умарды элдик жыйынга чакырып, жасап жаткан иштери элге зыян гана алып келгенин айтсак дегенде эки көзү төрт. Акматбек Таласбай уулу Чаткалга келбейт дешти. Бишкекте жатып эле ишти бүтүрө берет экен. Умарды дегени активистпиз дегендерди чогултуп, район акимин алып түшкөнгө аракети күч деп айтышты. Кызыгы, акимчиликтин аппарат башчысы Козубай деген да ушул адамдарды акимчиликте топтоп,  элди мыйзамсыз ишке түрткүлөп, прокурорду коррупционер дегени эл арасына тарап кетиптир. Кыскасы, Чаткал районунда аким болом дегендердин интригасы күч алып турган убак экен.

Арыз-муңун айткан карапайым эл Курулуш айылынын тургуну Абдыкеримов Умар жана Жаңы-Базар айылынын тургуну Акматбек Таласбай уулу иштеткен “Кальтон” жана “Архар-Лачын” фирмалары суу боюндагы дарактарды жок кылып, айылга жакын жерлерди казып, рекультивация кылбастан таштап кетип калышкан. Күнүмдүк жашообузга жарап жаткан малыбыз ошолор казган аңга тыгылып, азапты айыл эли тартып жатабыз деп кейиген. Айылдыктар арызданганчалык эле бар экен. “Кальтон” фирмасы казган жерде кайың токою талкаланса, “Архар-Лачын” казган жер аң болуп жатат. Ал жерде рекультивация иши такыр жүргөн эмес. Биз барганда казылган аңга суу толуп, мал эмес, адам түшүп кетсе чыга албай тургандай болуп калыптыр.

Таласбай уулу Акматбек райондун акими болуп турган кезде алтын казган чоң-чоң 6 фирма нааразы болуп кат жазышыптыр. Кызматта турганда район үчүн күйбөгөн адам, эми эмне иш кылмак эле(?) деген кыжырдануу элде күч. Ким элге күйүп жатканын, ким бет кап кийип, чыныгы жүзүн элден жашырганын, жергиликтүү жашоочулардын айткандарын окуган окурман өзү түшүнсө керек.

Жылдызбек Абдамитов, Курулуш айылынын Арал участкасынын тургуну:

— “Кальтон” токойду талкалагандан башка иш кылган жок. Токой калбады. Чоң көпүрөдөн өткөндө аң болуп, рекультивация жасалбай жатат. Ушул жерге келишкенде, көпүрөнүн жанын аң боюнча таштап кеттиңер десем, “Ал жер биздики эмес” дешти. Ак-Булак участкасындагы алтын чыккан жерди сатышты. Ошол жерде мен иштетип жаткан 3 гектар токой бар. Бир жылдык чөптү ала албай калдым. 5–6 баланы чогултуп, чөп чапканы барсак, кызыл ашыктан жогору суу каптап жатыптыр. Ошол жерден эң аз дегенде миң боо чөп алат элем. Булардын элге пайда алып келгенин көргөнүм жок. Эл зыянын гана көрүп жатат. Ачык эле айтыш керек, Жаңы-Базар айылынан Таласбай уулу Акматбек, Курулуш айылынан Абдыкеримов Умар, Сумсардан Мавлянов Муса деген үчөө алтынга лицензияларды алышып, аны кытайларга сатып, жаратылышты жок кылып жатышат. Таласбай уулу Акматбек менен Абдыкеримов Умар иштеткен “Кальтон” фирмасы алтын казган суунун жээги мурун токой болчу. Токойго түшүп эс алып турчу элек. Жалган десе, 1-майда ушул жердеги токойдо эс алган видеобуз бар. Азыр элдин малы тыгылып калып жатат. Жакында эле чоң уй тыгылып калып чыгара албай, тракторду алып келип чыгарганбыз. Булардын ишин айткан адамдарга ар кандай ушак сөздөрдү жармаштырып жүрүшөт. Мен тууралуу дагы акча алып алган деген ар кандай сөздөрдү чыгарышты. Бирөөнүн 5–6 сомуна күнүм түшүп калган адам эмесмин. Жашоом Кудайга шүгүр. Эгер ушулардын акчасына күнүм түшүп калган болсо, бул жашоодо жашабай эле коюшум керек. Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаттары келишип, эл менен жолугушту. Тоо-кен боюнча сөз болот дегенди угуп, биздин аймакта болуп жаткан башаламандыкты айтайын деп бардым. Ал жерде эл эки тарап болуп кетиптир. Азыркы акимдин бир жерден тыйын жеп койгонун көргөнүмдө, ушул жерден жебедиң беле деп эл алдында бетине эле айтмакмын. Жыйында менин алдымда Умар чыгып сүйлөдү эле, мен чыгып лицензияны алышып, кайра сатып жаткан ушул кишилер деп айттым. Экологиябыз бузулуп, токойлорубуз жок болуп жатат, чаң учуп мөңгүлөргө чейин жетти, үйлөргө чейин чаң басат. Түнү менен токтобой иштешкен. Чыдабаганыбыздан балдар топтолуп бир түнгө араң токтотконбуз. Ошондо Акматбек Таласбай уулу сүйлөшөт элем деп чыккан. Телефондо сүйлөшпөйбүз, элге келсин, ошондо сүйлөшөбүз деп айтканбыз. Келип анда алдап кеткен. Жолуңарды оңдоп беребиз деп убада беришкен. Жол ошол эле бойдон оңдолбой жатат. Өкмөткө 1 млн сомдон ашык акча беришкен деп уктум. Булар 8 млн сом акча беребиз деп айтышкан. Мен билгенден аны деле бере элек. Менин күйгөнүм эртең бала-чакабызга кала турган жер талкаланып жатканына намыстанам. Эгер мен бир эле кайыңды кырка турган болсом, не деген айып салышат эле? Булар токойду жок кылып жиберишти.

Нуржамал Таласбаева, Жаңы-Базар айылынын жашоочусу:

— 2–3 жылдан бери Чаткал районунун мурунку акими Акматбек Таласбай уулу, Абдыкеримов Умар адамдарды уюштуруп, арызданып жүрүшөт, айыл өкмөткө текшерүүчү келди деп угуп жүргөнбүз. Кечээ жакында Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева деген депутаттар келип, эл менен жолугушат дегенди угуп, айыл өкмөттө аялдар кеңешинин төрайымы болгондугумдан аялдардын атынан баргамын. Ага чейин интернет сайттардан Абдыкеримов Умардын “Президенттин тоо-кен тармагы боюнча өткөргөн жыйынынан кийин деле Чаткал районунун акими экологиялык абалга көңүл бурбай жатат” дегенин окудум эле. Азыр өздөрү иштеткен Ак-Булак участкасындагы жердин абалын көрүп жаман болуп турам. 9-класста окуп жатканымда ушул Ак-Булакта Орозбай деген чабандын колунда сахманда болгом. Ушул жерлерге кой жайып келчүбүз. Чаткалдын өзүнүн адамдары жерди талкалаганын көрүп ыйлагым келип атат. Экологияга көңүл буруп иш кылган Умар менен Акматбектин иштеткен жерлеринин абалы ушул экен. Чаткал ачкачылык болгон кезде элди сактап калган жер деп айтылат. Элинин да ынтымагы көп сөз болчу. Азыр ушуга окшогон эл бузарлар элди жаат-жаат кылып бөлүп салбадыбы. Мен бул адамдарды эл бузарлар деп эле айтам. Акматбек Таласбай уулуна аябай нааразымын. Бул жигитке кылмыш иши козголгон. Биз менен соттошкон. Балаңды өлтүрүп кетем, үйүңдү өрттөйм дегенге чейин жеткен. Элдин ынтымагын бузгандар өзүбүздүн балдар болуп жатканына өкүнөм. Ынтымагыбыз жоктугунан райондон парламентке бир депутат чыгара албай жатабыз. Кечээ келген депутат Момбеков тамаша-чын аралаштырып, “Биз силерге арендага келген депутаттарбыз” дебедиби. Ынтымакта болгонубузда көп иш бүтмөк. Азыр иштеп жаткан фирмалар Акматбек аким болуп турган учурда дагы иштеген, соцпакет деп акча бөлүп турган. Анын учурунда райондо бир мектеп же бир бала бакча курулган жок. Азыркы акимди деле жүз пайыз жакшы иштеди дебейм. Анын да кетирип жаткан кемчиликтери бар.

Акматбек менин иним менен классташ, аны мектепте окуп жүргөндөн бери тааныйм. Бул бала боюнча оюм өтө жогору болчу. Жумагүл Шариповна менин жолдошумду акимдин орун басары болуп иштеңиз дегенде, иштей турган жаш кадр бар, 10 жылдан бери айыл өкмөттө иштейт деп ушул баланы сунуш кылганбыз. Кийин өзүбүзгө таш ыргытып, балаңды өлтүрүп кетем деп билдирүү жазып коркутканынан, 4-класста окуган балабызды көчөгө чыгара албай калганбыз. Атайын кызматка барганымда, прокуратурага кайрылып, иш козготуңуз деген. Прокуратура иш козгогондо дагы мени куугунтуктап жатат деп чыккан. Аксыда болгон сотко 100 адамды, Жалал-Абаддагы сотко дагы 100 адамды жол киреңер, тамак ашыңар бекер деп алып барган. Ошол бойдон тынчып калбастан, азыр дагы ошол ыкмасын колдонуп жатат. Чогулушка барып элге күйүмүш болуп сүйлөгөндөрдүн көбүнүн максаты башка. Акимге таарынычы барлар. Арасында менин баламды жумушка албай койду, 10 миң доллар сурасам бербей койду дегендер бар. Чаткалдан чыгып кеткенине 30–40 жыл болгон адамдар Бишкекте жатып алып ар кандай туура эмес маалыматтарды жазып жатат. Ошол адамдар ушул жерге келип, Чаткалдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, андан кийин жазышса туура болмок. Акматбек бизди көчүрүп жиберем дегенге чейин барган. Ошондо айткам, Акматбек менин колумдан канча жолу даам таттың, туз урган жаман болот деп. Өзүбүз иче турган ырыскыны сага бербедик беле. Акматбек менен Умар Жаңы-Базар айылына караштуу жерди аң кылып казып, таштап кеттиңер, уялбайсыңарбы! Бул жерди көргөн эл бетиңерге түкүрүп салат. Акматбек жеке өзүңө айтам, элди бузганды токтот.

Бурулбү Танаева, Курулуш айылына караштуу Арал участогунун жашоочусу:

— Ушул айылда 1979-жылдан бери жашайм. Азыр казылып, аң болуп турган жер мурун токой болчу, чөп орчу элек. Токой чарбасы кайыңга тийдирчү эмес. Кайың токойду өткөн жылы Абдыкеримов Умар менен мурун аким болуп иштеп кеткен Акматбек Таласбай уулу экөө кытайларды алып келип, заматта эле оодарып салды.

Күнү-түнү иштеп, алтынын алды дагы, жаап кетишти. Бизге аң болгон сай калды, мал өтө албай тыгылып калып жатат. Кыргызстанга эмне бул жердин кереги жокпу? Биринчи кезекте жерди коргошубуз керек. Биз олтурган жерден алтын чыкса, ал жер дагы казылып кетет деди. Бербейбиз десек, акчасына сатасыңар деди. Акчасына дагы сатпайбыз. Умар “Бул жерлер Акаевдин убагында сатылып кеткен” деп айткан. Акаевдин убагында сатылып кетсе, андан бери 3 президент алмашты, алар биз сатпайбыз дебедиби десек, “Мыйзамга кол коюлуп калгандан кийин эч ким эч нерсе дей албайт” деген. Менин үйүмдө айттык өткөрүп жатканбыз, ошол жерде ушундай сөз болгон. Бизге окшогон бей-бечаралардын балдарын жумушка дагы албаган. Өзүнүн туугандарын иштеткен. Акматбекке Ак үйдөн чыгып жатып, бир баламды араң жумушка киргизген. Умар мени менен бир класста окуган классташ. Мунун колунан эмне келмек эле дегендей мамиле кылат. Өткөндө чогулушка барып, ушунун баарын айттым. Булар айылга эч нерсе салып берген жок. Көпүрөгө грант келсе, аны да Умар жеп койду дешкен. Ушуну билет экенсиңер, бетине айткыла деп чогулушка коңшуму ээрчитип баргам. Көпүрөгө грант келсе аны Умар жесе, Жарты-Сууну талкалап жок кылса, деги бул эмнеге тоёт? Алтындан бизге эч кандай пайда болгон жок. Пайдасын Умар менен Акматбек көрдү.

Абдылдабек Кадыров, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жашоочусу:

— Мурунку иштеп кеткен акимибиз Акматбек Таласбай уулу Чаткалды көп иштер боюнча артка тартып кетти. Экономист катары айтайын, Чаткал 17 жыл мурун өнүгө турган район болчу. Өзү Бишкекте жатып алып, бул жакка келбей, элди экиге бөлүп жатат. Чачыранды алтынды казуу боюнча 3 жерге лицензиясы бар. Абдыкеримов Умар экөө Чаткал айыл өкмөтүндө Ак-Булак деген жерди каздырып, эл менен жолукканда Умар 8 млн сом соцпакет беребиз деген. Аны бере элек. Экологиялык коркунуч ошол Ак-Булакта. Булар башка фирмаларга ошол жолду көрсөтүп жатышат. Акматбек ушул жерге келип, эл менен жолугушуп, ич күптүсүн айтса болот эле. Ким аким болсо аны жамандап жаза берет. Бир эле адамдын кесепетинен эл бөлүнүп жатат. 13 жыл айыл өкмөт, андан кийин аким болуп иштеп, бүгүн жасап жатканы иши ушул. Келген инвесторлордун баарын качыра турган болду. Акматбек айыл өкмөт болуп турган кезде Эсеп палатасы текшерип, финансылык мыйзам бузууларды аныктаган. Бул иш боюнча өзү кургак чыгып, бухгалтери кесилип кеткен. Аким болгондо дагы финансылык мыйзам бузуу менен иш козголуп, анда дагы бухгалтери күнөөлүү болуп калды. Бул жагынан тажрыйбалуу экен. Анын үстүнөн угушубузга караганда 6 кылмыш иш козголгон. Биз күбө катары да катышып жүрдүк. Мен райондук Мамкатоодо иштеп жүрдүм. Мага дагы көп асылды. Акимге чейин чыгып, ушуну кетирбейсиңби дегенге чейин барышкан. Менин үстүмдөн ар нерсени жазганда бөлөк адамдардын аты менен жазышат да, уюштурган өзү болот. Бул боюнча далилдер бар. Жооп бере турган учур келатат. Сөз жооп беришет.

Абдыкадыр Молдобаев, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жашоочусу:

— Жогорку Кеңештин депутаттары келгенде арыз жазып, элдин атынан чуркап жүрөбүз дегендер өздөрү мурун кызматта иштеп кеткендер. Элдин атын жамынып алышып, өздөрүнүн мурун жасаган иштерин унутуп калышып, аким, өкмөтүбүз иштебей жатат деп асылып жүрүшөт. Эл ал адамдардын кандай иштегенин жакшы билишет. Бул адамдардын максаты элди экиге бөлүп, эптеп чыр чыгарыш окшойт деп түшүнүп калдым. Жаңы курулган көпүрө урап калды деп чуу салгылары келип жүрөт. Ал көпүрөнүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен тыйын корогон эмес экен. Ушул жерде иштеп жаткан фирмалардын бирөө демөөрчүлүк кылган. Чуу салган адамдардын башында турган адамдар акимдикке өздөрүнүн адамын алып келүүгө аракет кылып жатат. Рыскелди Момбеков деген депутат келгенде Абдыкеримов Умар дегенди баш кылып “Өзүңөр лицензияны алып алгандан кийин уялбайсыңарбы” деп уят кылды. Элдин атынан активист болуп жүргөн адамдар биринчи эл менен чогулуп, ким туура эмес иш кылып жатканын аңдап алса жакшы болот эле.

Жергиликтүү эл сөз кылган жер Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан, айыл өкмөт башчысы менен жер жана турак жай адисинин да пикирин угуп, элдин айтканы канчалык чындык экенин тактаганга аракет кылдык.

Бакытбек Исабеков,             Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы:

— Бакыт мырза, сих жетектеп жаткан айыл өкмөттүн жашоочулары “Кальтон” жана “ Архар-Лачын” фирмалары алтын казган жерин рекультивация ишин жасабай, аң боюнча таштап кетип калышкан деп нааразы болуп жатышат. Жашоочулардын айткандары чындыкпы?

— Мен 2017-жылдын 3-февралынан баштап Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келатам. Эл айтып жаткан “Кальтон” фирмасы мен бул жерге келгенге чейин эле болгон. Бул фирма Арал участкасында 2018-жылы аз эле убакыт кен казуу иштерин жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу мыйзамдарына ылайык же болбосо мыйзамдын 39-берененин 7-пунктунда көрсөтүлгөн 9 тапшырык боюнча булардын баардык кагаздары так экени белгилүү. Ошол жерде 15 күндөй иштеп, техникалык рекультивация жасап кетишкен. Бирок, толук эмес. Мыйзамда көрсөтүлгөн атайын рекультивациялык план бар. Календарлык планда рекультивациялык иштер 2019-жылдын экинчи кварталынан башталат деп көрсөтүлгөн. Биз азыр рекультивация иштерин жүргүзүү боюнча кайра-кайра каттарды берип жатабыз. Ал эми “Архар-Лачын” ЖЧКсынын директору Мавлянов. Мунун да айтап өткөн мыйзам боюнча баардык документтери так. Лицензиялык төлөмдөр төлөнүп келатат. Бирок, “Архар-Лачын” ЖЧКсынын директору Мавляновго 3 жолу кат менен кайрылдык. 2019-жылдын экинчи кварталынан баштап рекультивациялык иштерди жасаш керек. Бул киши ушул күнгө чейин жасабай келатат. Муну тана албайбыз. Рекультивациялык иштер боюнча бир топ кемчиликтер орун алган. Буларды жоюу боюнча экотех инспекциясы менен иш алып баруудабыз. Рекультивацияны айыл өкмөт деген түшүнүк болуп жатат. Мындан алыс болуш керек. Рекультивация техникалык жана биологиялык болуп экиге бөлүнөт. Фирмалар жерди рекультивация кылып, айыл өкмөткө өткөзөт. Эки фирманын тең банктарда рекультивациялык иштерге деп эсептери ачылган. Андан кийин биологиялык рекультивация жасалат. Бүгүнкү күндө “Кальтон” фирмасы жерди тегиздөө иштерин жүргүзгөн. Бирок, өз максатына жеткен эмес. Мавляновго жөнөткөн каттардын жообу келе элек, Бишкекке иш сапар менен барганда, ал киши менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

— Айыл тургандары алтын казып кеткен жерлерге малыбыз тыгылып калууда деп айтышты. Сизге ошондой арыздануулар түшкөнбү?

— Мага андай арыздануу боло элек. “Кальтон” иштеткен жерде мал тыгылып кала турган жер жок. Ал жерди өз көзүм менен көрүп келгем. “Архар-Лачын” казган жерде келечекте ошондой фактылар катталышы мүмкүн.

— Токой кесилип жок болду деген дооматты коюп жатышпайбы?

— Токой кесилгени ырас. Бизде токой жоготуу деген бар. Бул боюнча “Кальтон” 1 млн 129 миң сом акча каралган. Токой чарба менен келишимдин негизинде токой жоготуу болгон. Жакынкы мезгилде жергиликтүү кеңештин жыйынында токой жоготуу боюнча маселе каралып, кайра калыбына келтирүү үчүн смета бекитилип, ордуна коюлат.

— “Кальтон” ЖЧКсынын ээси Ким Бьенг Ук деген кытай, “Архар-Лачын” ЖЧКсынын ээси Муса Мавлянов экен. Эл эмне үчүн Акматбек Таласбай уулу, Абдыкеримов Умар дегендерге нааразы болуп жатышат?

— Акматбек Таласбай уулу “Кальтондо” аткаруучу директор болуп иш алып барган. Ошондуктан бул кишиге нааразы болуп жатса керек. Абдыкеримов Умар деп айтып жатканы, бул киши ошол эле фирмада учредитель болгон.

— Ушул эки фирма айыл өкмөтүнө социалдык пакет катары кандай жардам көрсөттү?

— “Кальтон” боюнча айтсак, токой жоготуу боюнча 1 млн 129 миң сом айыл өкмөтүн эсебине түшкөн. Бул фирма менен келишим клуб салуу боюнча 8 млн сом деп сүйлөшүлгөн. 1 млн сом акча которулган. Клуб салуу үчүн мурун жер каралбагандыктан, 50 сотых жерди жеке менчиктен 250 миң сомго сатып алдык. Сметалык долбоору үчүн тендер жарыялаганбыз, ага 375 миң сом бөлүнгөн. Курулуш айылына салына турган мектепге 1 гектар жер калтырылган, мындай жерге бүгүнкү талапка жооп бере турган заманбап мектеп батпайт. Стандарт боюнча мектеп курула турган жер 1 гектар 80 сотыхдан кем болбош керек. Ошон үчүн ошол жерге жакын жери бар 4 адам менен жерлерин сатып алууну сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз. Ага 280 миң сом каралган. “Архар-Лачынды” иштетүү боюнча элдик жыйын өткөн, жергиликтүү кеңештин жыйынында каралган. Депутаттар менен айыл өкмөттүн аппараты ушул кабинетте олтуруп 3 млн сомго соцпакет кабыл алганбыз.

— “Кальтон” 8 млн сомго макулдашып, анын 1 млн сомун гана которуп жатабы?

— Элдик жыйында 8 млн сомго макулдашканбыз. Ал протоколдор бизде сакталуу. Биз келишимдерди түзүп жөнөткөнбүз. Келишимдер өз максатына жеткен жок. Алар ишти токтотуп, биз жөнөткөн келишимге кол коюлуп кайра келген жок.

— Аралдын жашоочулары жолубузду оңдоп беребиз деп, оңдобой кетишти деп арызданышкан экен. Ушундай макулдашуу болгонбу?

— Курулуш айылында өткөн элдик жыйында Аралдын жол маселеси каралган. Бул фирма ишин токтотуп, келишимге жетпей калып, жол оңдолбой калды.

— Фирмалар менен соттук же сотко чейинки териштирүүлөр боло элек турбайбы?

— Андай териштирүүлөр боло элек. Мындан кийин болушу мүмкүн. Рекультивациялык иш ушул жылдын экинчи кварталынан баштап жүргүзүлөт деп календарлык планга коюлуп калганын айтпадымбы. Булар мыйзам чегинде рекультивациялык иштерди жүргүзүшпөсө, соттук териштирүүлөргө барабыз.

Бектурсун Өмүрбеков,        Чаткал айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси:

— Чаткал айыл өкмөтүнүн Курулуш айылына караштуу Жарты-Суу участогунда “Кальтон” ЖЧКсы 2015-жылы лицензиянын негизинде 507 гектар жер алган. Иштөө мөөнөтү 2020-жылдын 31-августуна чейин каралган. Бул фирма 2018-жылы иштешкен. Биринчи, экинчи карьерди казышты. Калган эки карьер казылбай турат. Алтынды казып алган жерде техникалык рекультивация жүргүзүштү. Экинчи этапга келишсе биологиялык рекультивация кылдырабыз. Жок болгон токойдун ордуна кайрадан долбоордун негизинде жаш көчөттөр олтургузулат. ЖЧКнын ээси кытайлык Ким Бьенг Ук деген кытай. Аткаруучу директору Акматбек Таласбай уулу, Абдыкеримов Умар. Лицензиялык келишим боюнча иштеткен жерди толугу менен тегиздеп, акт чегинде айыл өкмөткө өткөрүп бериши керек. Чындыгында бул жерде мурун токой бар болчу. Алтынды алыш үчүн токойду кескен. Ал үчүн тийиштүү органдардан уруксат берилген.

Бул жолу ушул жерден сөзүбүздү токтотобуз. Чаткалдагы мыйзам бузуулар боюнча айтчу сөз алдыда. Кимдер алтын кенине лицензия алып, элдин макулдугу жок эле жерди казып киргенин, ким 10 миң доллар берсең асылганды токтотом дегенге чейин баргандарды узун кеп кылабыз.

Мухтар Жаркулов

Булак: «Жаңы Ордо»

Бутада бардык бийлик бутактары!

Коомдук саясий конфронтациянын катуу күчөй башташы, мурдатан эле болжолдонгондой, кеч күздүн келишин күтпөй эле, кайрадан кызуу, курч окуялардын жыш улануусу менен коштолушу — ​быйылкы жай мезгилинин чечүүчү мезгилдердин бири болуп калышын ырастап тургансыйт!..

Демек, тирешкен тараптардын (тигил, же бул саясий көз караштарынын карама-каршылыгынан улам бөлүнүшкөн, атаандашкан күчтөр эмес!) — ​азыркы президенттин айланасындагылар жана да анын эски “досу” — ​экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында чогулгандардын күрөшү да финалдык чекке жетип баратат. Эми мындан ары — ​же ары, же бери болуу гана калды дегендей гана кеп болушу мүмкүн!..

Алмазбек Атамбаевдин “эгерде бир жерлерин кысышпаса — ​күздө президентти отставка кет деп чыгабыз!” — ​дегени, көрсө, дал өз учурунда, аргасыздан айтылган “ураан” экен. Бул чакырык сыртынан саясий түскө жамынганы менен, ички мазмуну толук бойдон жеке кызыкчылыктарга гана чулганып, арам ойлуу былыктардын ачыкка чыгышына каршы тургандардын акыркы аракеттери экендиги бышык…

Дегеле саясий авансценада соңку кездерде байкаларлык жаңы жандануулар жана өзгөрүүлөр орун алууда. Маселен, көптөн бери чоң саясаттан оолактап, коомдук-саясий турмуштун коңулуна кирип кетип, дайыны чыкпай кеткен Азимбек Бекназаровдун “чимкирик парламентти” отставкага кет деп чыгабыз деген “кличи” дагы жогорудагы экс-президенттин “урааны” менен үндөшүп турбайбы. Тексттери эки башка болгону менен, обондору бир болуп, акыры аягында келип, чыныгы, түпкү маанилери деле бирдей болуп калып жатпайбы?!

Кандайдыр бир ички “унисон” бардай сезилгени — ​экөө эки башка багытты көздөп, эки башка бийлик бутагына каршы чабуулга аттанууга даярданып жатышкандай сезилгени менен, экөө тең азыркы мыйзамдуу бийлик бутактарына карай оппозициялык маанайдагы чабуулдарга өтүүгө даярданышууда…

Ал эми эгемендик доордогу эң эле чабал премьер-министр болгон Абулгазиевдин өкмөтүн сындап, отставкага кетишин талап кылган депутаттар парламентте дээрлик күн сайын кыйкырышууда. Буга баары — ​коомчулук да, эл да, бийликтегилер да бышы кулак болуп бүтүшкөнсүдү. Ал эми өкмөт “кулда кулак жок” дегендей, шымын булгап алган кичинекей айыптуу баладан бетер, башын жерге салгандан башка, жарытылуу жообу деле жок.

Жасаган бир жарытылуу иши барбы? — ​деген суроону коюп, артка кылчайып, сыдыргыга салып, карап көрсөң, андай ишти таппай, аргасыздан терең өкүнүчкө батып кала бересиң. Соңку эле жасалган иштерине көз чаптырсак, Мухамбеткалый Абулгазиев башкарган өлөсөлүү болгон, өгүз өлбөсүн, өзүмдүн арабам сынбасын деген саясатты жүргүзгөн өкмөт да коомчулукту нааразылаткан гана алешем чечимдерди чыгарууну улантып, андан башка иштиктүү, дурус кадамдарга жөндөмсүз экендигин биротоло тастыктоодо. Башкасын айтпаганда да, соңку чыгарган “Манас жана Айтматов академиясынын” жетекчилерин дайындоо боюнча чечимдерин эле алып көрөлүчү. “Манас” эпосунун океаны, фольклордук мурас жөнүндө жетишерлик маалыматы жок, жада калса эң эле элементардык талапка жооп берген филологиялык билимдери да жок Топчубек Тургуналиевди президент, ал эми Элдар Айтматовду вице-президенттик кызматтарга дайындоосу мындай жооптуу чечимдерди кабыл алышкан жетекчилердин компетентсиздигин гана ашкерелеп салды!..

Илим-билимдин флагманы делген, өлкөнүн бул жааттагы саясатын ишке ашыруудагы лидерлик ролду аткаруучу Улуттук илимдер Академиясы араң гана дем алып, агониялуу абалда экендигин унутушканы аз келгенсип, өлкө өнүгүүсү үчүн өзгөчө маанилүү бул мамлекеттик илимий мекеменин нормалдуу иштеп, оңолуп кетишине кам көрүүнүн ордуна, акчалары ашып, батпай аткансып, жаңы “Академияны” аз келгенсип, аны кайдагы бир дилетанттарга башкартып коюшканы — ​өкмөттүн да, өлкө жетекчилеринин да чабал иштеп жатышкандыгын гана айкындоодо…

Ошентип, бийликтин бардык бутактарына массалык нааразычылыктар жыйылып келип, коркунучтуу кырдаалдын түзүлүшүнө шарт түзүлүүдө. Анткени, үчүнчү бийлик — ​сот бийлигине болгон элдин нааразычылыгы эбактан бери эле маалым. Эң эле коррупцияланган, паракорлор жана да мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышкан соттор тууралуу айта баштасаң — ​бүгүн-эртең сөзүңдүн аягына чыга да албайсың!

Эгерде эртең “отставкага кет!” — ​деп чыгамын деп, азыртан эле катуу даярданып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев дал ушул жагдайларды өзүнө курал кыла турган болсо, анын талаптарынын абсурддуу экендигине карабастан, тарапкерлеринин катары калың болушу дагы күмөн туудурбайт. Алабармандык, келегей сүйлөө, ойлонбой жеңил ойлуулук кылуу сыяктуу сапаттары менен таанылган экс-президенттин айланасында өтө куу саясий стратег бар экендиги дагы шек жаратпайт. ТЭЦ, Тарых музейи, Бишкек экс-мэрлеринин кылмыш иштери ж. б.д.у.с. ондон ашуун кылмыш иштерине чекит коюлуу алдында турабыз. Демек, ал кылмыш иштеринин ар биринде ондон ашуун айыпталуучулар бар экендигин эле эске ала турган болсок, алардын жакын туугандары, айылдаштары, уруулаштары жана да “жарма” кызыкчылыктары бар “жамаатташтары” болуп, баары бириккенде — ​кыйла эле чоң күчкө айланып кетиши да толук мүмкүн.

Ал эми башаламан топ, элдик “толпа” колдонулган мыйзамсыздыктар, тополоңду уюштуруу жагына келгенде, Кыргызстан жалпы Борбордук Азияда эч кимди алдына чыгарбайт. Мурда да эки-үч ирет жалпы элдик толкундоолордун негизинде жогорку бийлик алмашканы маалым…

Ушул кырдаалда Жогорку Кенештин экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиясы абдан ыкчам иштеп жаткандыгы таң калтырбашы керек. Космикалык тездик менен, 9 пункттан турган түркүн айыптоолордон кийин алардын 6сы калып, ар түркүн кылмыштардан куралган “букет” даярдалууда. Дегинкисин, экс-президенттин “таза эместигине” шектелген ойлор кеңири коомчулукта мурдатан эле жаралгандыгы маалым. Мына, эми ошол божомол-жоромолдордун баары тыкыр текшерүүдөн өтүүсү тийиш.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары Сагынбек Самидин уулунун айтымында, Бишкек ТЭЦи боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү жагдайлар мурдатан эле өзүнчө бөлүнүп коюлган экен. Эмнеге эле Атамбаев жанталашып, Сапар Исаковду ак жеринен камап салышты деп айгай салып жатат десе, бул кылмыш иштин кыл жип менен буулуп калышына анын түздөн-түз болбосо да, кыйыр тиешеси бардыгы күмөн туудурбай калды. Демек, алар көзмө-көз сүйлөшпөсө да, тиешелүү “ортомчулар” аркылуу байланышып, “Эч нерсе айтпай, унчукпай коё турушсун, мен аларды соттон миллион доллар таштап болсо да, сүттөн ак кылып сууруп аламын!” — ​деген сыяктуу жубатуулар менен тил эмизип жүргөнү, андан соң, бул кылмыш иштеринин жыйынтыгы башкача өңүттө өнүгө баштагандан кийин, керек болсо төңкөрүш жасап болсо да, темир тор артынан бошотуп аламын деген арам ою бар экендиги жашырын сыр деле болбой калды. Жакында эле митингде айтылган: “бир жерин кыспаса, отставкага кет деп чыгабыз!” — ​деген билдирүүсү экс-президенттин туюк жарга барып такалгандыгын гана айгинелеп турат. Эми ага башка жол калган жок. Айрыкча, экс-вице-премьер министр Шамиль Атаханов тергөө кызматтары менен кызматташууга барып, Атамбаевдин көрсөтмөлөрү тууралуу “жалаякты” жайып салган соң!..

Икрам Илмияновго дагы айыптоосу угузулуп, сот иши финишке агылууда. Чынында бул жагдайдын түзүлүшү, ага али кийинки кылмыш иштери козголо электе эле, мурдатан эле күтүлгөн иш болчу. Экс-президенттин “оң колу” саналган бул жигиттин жосунсуз жоругун убактылуу өкмөттө бөлүм башчы болуп иштеген бирөөнүн мындайча баяндап бергени бар: президенттик администрация жетекчисинин орун басары өзүнө чакырып алып, өз ыктыяры менен арыз жазып берип, кызматтан кетишин сунуш кылат. Көрсө анын орду жогорудагы өзүнчө бир айлана-топ болуп алышкандардын бирине керек болуп жаткан экен. Бөлүм башчы өкмөт премьер-министри аркылуу гана ушундай чечимге барарын, баары мыйзам боюнча чечилиши керектигин айтат. Анда узун кабинетинин дал ортосунда талтайып туруп алган “шоопур” сол колун муштум кылып түйүп алып, анысын оң колунун алаканы менен улам ургулап: “Жазасың!.. Мен бул жерде бардыгын “мочить” этишим керек!” — ​деп, абдан “выразительный”, “аргументтүү жест” менен өзүнүн эң соңку пикирин билдирет…

Башкача айтканда, экс-президент баш болуп, анын айланасындагылардын көбү (бери эле болгондо — ​ага таянган жакын адамдары!) мыйзам, акыйкаттык, элементардык мамлекеттик кызмат этикасы деген түшүнүктөрдү уруп да ойнобой калышкандыгы — ​азыр ачыкталып жаткан кылмыш иштеринен улам гана ачыкка чыгууда.

Кыскасын айтканда, мыйзамды сыйлоо, бийик адамгерчилик деген сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө ооз ачпай эле коюу керек. Эң эле элементардык талаптар да сакталбайт. Коомдук конфронтациячыл маанайдын күчөшү — ​коомдук-саясий аренадагы дал ушундай “атмосферага” байланыштуу болуп жаткандыгы талашсыз. Демейде, нөшөрлөгөн жамгыр болордун алдында бүт асманды кара туман каптап, алай-дүлөй болгон шамал жүрүп, чагылган чартылдан, күн күркүрөп, андан соң гана катуу жаай баштаган жамгыр бүт абаны тазалап, сергитип, табигатка жаңы дем берген сымал!.. Бир гана тилегенибиз, ошол катуу нөшөр селге айланып, табигый кырсыктарды алып келбеси үчүн, тек гана мыйзам чегинде аракеттерди жасап, “ылайланып-булганган” ыпластыктардан гана арылуу зарыл.

Антпесе, ушул кырдаалды да жеке өз кызыкчылыктарына гана пайдаланышып, азыркы коомдук-саясий аба-ырайын да өздөрүнүн максаттарына гана карай бурууга аракет кылышкан ар кандай көмүскө күчтөр жана маргиналдык саясий топтор арбын экендиги шексиз. Дал ошондуктан улам, бул азыркы чыңалган жана жарылуу алдында турган абал кимдерге пайда жана бул кырдаалдан кимдер утушат? — ​деген суроо дагы жаралбай койбойт. Азырынча, баары бүдөмүк жана кырчылдаган кармашуунун аягы кандай болуп бүткөн күндө да, жалпы эл, өлкө кызыкчылыгы баарынан жогору болушу керек!..

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Видео - Нарын Айып: "Азаттыкка" маалыматтарды мурунку бийлик азыркы бийликти көрө албагандыктан атайын берип жаткандай...

Бүгүн, 4-июнда мурун көп жылдар “Азаттык” радиосунда иштеп кеткен журналист Нарын Айып өзүнүн 5-каналдагы “Кеп ошондо” берүүсүндө “Азаттык” радиосунун акыркы “Миллиондор изи” аттуу иликтөөсүнө сереп салган.

https://www.youtube.com/watch?v=kSEhyHyWwRQ&t=36s

Видео: 5-канал

Укуктук мамлекетти түзүүдө сот тутумуна өзгөчө милдеттер жүктөлөт же Батукаевден улам айтылган ой

Учурда республикабыздын саясий айдыңында “мыйзамдагы ууру” Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун айланасында бир катар жарандарга козголгон кылмыш иши коомчулуктун көңүл  борборундагы  орчундуу окуялардын бири экендиги талашсыз.

“Сот системасында эмне жүрүп жатат,- деген “Ачык саясат” газетасындагы  макаласында (2016-жылдын 16-декабрь  №044саны) журналист Зыйнат Адамкулова “убагында ойлонбой берилген убадалардын аркасы менен реформа башталды деген  сөздүн өзүнүн  маани маңызы  кеткенин, ошол башталды делген реформалардын жыйынтыгы көрүнбөй, ага кошумча популист саясатчылар ылайыгы келген, келбеген жерден сот тармагында реформа болгон жокту айтып келе жатканын,  бирок, реформа деген бир жылда, беш жылда мүмкүн андан көп убакытта барып жемишин берерине” жакындан түшүнгөндүгүн  келтирген.

Деги эле демократиялык коомдо  сот системасы  коомчулуктун көз алдында болуп, тиешелүү  жерден аргументүү сындарга туш болуусу бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экендиги да белгилүү.

Ал эми  учурда  биз жашап жаткан  коомдо сот системасы мезгил-мезгили менен тушугуп жаткан сындар ошол  демократиялык коомго мүнөздүү аргументтүү сындардын талабына жооп береби.? Эң башкысы айтылган сындын өзү юридикалык жактан канчалык деңгээлде такталып, сары эсеп салынган? Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза, Жазык процесстик кодекстеринин жана башка колдонуудагы мыйзамдардын кайсыл статьясын тигил же бул Фемиданын өкүлү кандайча бурмалагандыгы тууралуу юридикалык өңүттөн анализделген, тагыраак айтканда көзгө сая көрсөткөн дооматтуу сындар айтылабы деген суроолор түйшөлтпөй койбойт.

Массалык маалымат каражаттарында болсун, эл арасында болсун тигил же бул судья  кармалган кылмышкерди чыгарып жиберди же болбосо жаза мөөнөтүн аз берип койду,- деген  сыяктуу  айтылган  дооматтар арбын, же болбосо буга чейин эле  “Нарын шаарынын түрмөсүнөн мыйзамдагы ууру А. Батукаевди бошотуп жиберген судья кайра эле иштеп жатат”,- деген сыяктуу мисалдар  айтылып келген. Андыктан Батукаев боюнча бир катар жылдардан  бери айтылып келе жаткан күбүр-шыбыр сөздөрдун аягына тергөө иштеринин жыйынтыгы менен биротоло чекит коюлганы калган сыяктуу.

Арийне,  бул маселеге кайрылганыбыздын башкы себеби эле ошол убактагы Нарын шаардык сотунун  Батукаевди бошотуу  тууралуу токтомунунун тегерегинде гана журтчулукка маалымат берип коюну туура көрдүм. Албетте шаардык соттун токтомунун канчалык деңгээлде мыйзам чегинде экендигин тиешелүү органдар тактап алат деп ойлойм.

Белгилей кетсек, “бүгүн-эртең өлгөнү калды, өлсө да үйүнө барып өлсүн”,- кыязындагы  А. Батукаевди эркиндикке чыгаруу боюнча иш 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык  соту тарабынан каралып, ал ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен.   Арийне, аталган  иштин “күнгөй-тескейи” менен жакындан  таанышканга  чейин  менде да башкалар сыяктуу эле  сот эмнени караган дегендей   бүдөмүк ойлор болуп келген. Андыктан 2013-жылдын 9-апрелиндеги   Нарын шаардык соту тарабынан каралган А.Батукаевди бошотуу боюнча шаардык соттун токтому жана ишке тиркелген материал менен  жеринде таанышууга туура келди.

Кызыгы мына ушул соттун кароосуна №24 (СИЗО-4) мекемесинин жетекчилиги  тарабынан соттолуучу А.Батукаевдин катуу ооруга  чалдыкканына байланыштуу  жаза өтөөдөн бошотууну  сураган сунуш  жана “оорусу өтүшүп бараткандыктан 1-2 же 6-8 айдын аралыгында  өлөт”,- делген  курамы 7 кишиден турган  атайын медициналык комиссиянын  (СМК)  чыгарып берген  медициналык тастыктамалары мыйзамдагы уурунун андан аркы жазасын өтөөдөн бошотулушунун   негизги лейтмотиви болгондугун байкоого болот.

Ошондой эле ал күнү соттук отурумга   катышкан Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын өкүлү К.Жуматаев №24 (СИЗО) мекемесинин администрациясы тарабынан А.Батукаевди  мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун канааттандырууну жана  соттолуучуну оорусуна байланыштуу жазадан бошотууну сураган.  Атайын медициналык  комиссиянын (СМК)  мөөр  басылган  корутундусуна колдорун коюшкан комиссиянын төрагасы,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону  уюштуруу башкармасынын начальниги  полковник А.Асанов анын  орун басары Э.А.Эсентаева,    ЖАМКнын ( ГСИН)  юридикалык бөлүмүн инспектору, врач-терапевт,  врач фтизиатр    С.М. Узакбаев, Д.Бегалиев,  Кыргыз    Республикасынын  саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү К.Т.Бектемиров жана  №24 (СИЗО-4)мекемесинин дарыгери М.Кайкиева  соттолуучуга карата медициналык корутунду туура чыгарылганын сот отурумунда  тастыктап беришкен.

Ал эми соттолуучу А. Батукаевге карата  медициналык корутунду төмөндөгүдөй коюлган: (медициналык терминдерге байланыштуу корутунду түп нускасы менен берилет)     Заключительный диагноз:   Острый миелообластный  лейкоз(М2 вариант).Хронический  вирусный гепатит “С” с переходом в цирроз печени в стадии декомпенсации. Гепатоспленомегалия. Портальная гипертензия, Печеночно клеточная недостаточность.Смешанная анемия.Хроническая гастрит   тип “А” атрофический в стадии обострения. Хронический холецистит.Спастический колит.Хронический  бронхит. Хронический пиеонефрит в стадии обострения.Хронический простатит.Мочекаменная  болезнь Сердечная недостаточность ФК  II-III по NУНА  Отдаленные последствие ЗЧМТ) сотрясение головного мозга) Остеохандроз шейно-грудного отдела позвоночника. Цервикокраниальная дисциркуляторная энцефалопатия смешанного генеза   ОРВИ средней тяжести.

  В соответствии с пунктами 2. Новообразовании :-острый лейкоз ( формы ) Перечня заболеваний, явлающихся  основанием  для представленому  осужденных к освобождению  от отбывания наказания. Утвержденном  постановоленим Правительства Кыргызской Республики  от 20 ноября  2011 года № 745 осужденный Батукаев  Азис Алашевич  может быть представлен к освобождению от отбывания наказания.

Ал эми 2011-жылдын 29-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 745 токтомунун биринчи пунктунда   «Утвердить прилагаемый Порядок медицинского освидетельствования осужденных к лишению свободы, страдающих тяжелыми заболеваниями, и их представления к освобождению от дальнейшего отбывания наказания.» деп турат.

Бир сөз менен айтканда жогорудагы  коюлган медициналык тастыктамалардан     (диагноздордон )    улам белгилүү болгондой  судья Кыргыз Республикасынын  Кылмыш Жаза Кодексинин 71-беренесин  ( Өкүм чыгарылгандан кийин өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан психикалык ооруга чалдыккан адам, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жазаны өтөөгө тосколдук кылуучу башка катуу ооруга чалдыккан адам, медициналык комиссиянын корутундусу боюнча жазаны өтөөдөн бошотулат)  жана Кыргыз Республикасынын Жаза Процесстик Кодексинин 363-беренесин (Соттолгон адам жазаны өтөөнүн убагында жазаны өтөөгө жолтоо кылуучу жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса, сот жазаны аткарууну жүргүзүүчү мекеменин зардалынын же органдын сунушу боюнча, врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга укуктуу.) жетекчиликке алуу менен соттолуучу  бошогон.

Мыйзам боюнча соттук отурумда судья бир гана каралып жаткан ишти (предметти) мыйзамдын рамкасында караарын эске алган күнү коомчулук арасында бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүктөрдү жаратып,   келе  жаткан маселенин  негизги өзөгү кайдан  экендигин  байкоо анчалык деле кыйынчылыкты жаратпас.

Тагыраак айтканда сот өндүрүшүндө ишти карап жаткан  кайсы гана судья болбосун четке кага албаган,  жана ошолорго таянып чечим кабыл алган нерселер бар. Бул сот өңдүрүшүнүнун лексикасы менен айтканда соттук курулуш-техникалык экспертизасы, соттук баллистикалык экспертизасы, соттук биологиялык, соттук медициналык, соттук психиатриялык, соттук психологиялык, соттук кол жазма таануу, соттук бухагалтердик  экспертизалары. Андыктан жогоруда биз атап өткөн экспертизалар тарабынан чыгарылган  корутундулар сот өндүрүшундө кабыл алынган тигил же бул чечимдин негизи болуп калат. Ал эми жөнөкөйлөтүп айтканда аталган  корутундулар  медицинадагы Рентген, же УЗИ аппараттары тарабынан чыгарылып  берилген диагноздор сыяктуу  күчкө ээ десек  деле жанылышпайбыз.

Белгилүү  болгондой  талаш-тартыштарынын соңу акыркы келип сотко такалат. Иш  “адилеттүү” же “адилетсиз” каралгандыгы же чечилгендиги тууралуу акыркы баа да ушул жерден коюлат. Андыктан ар бир каралган сот процессинин жыйынтыгы жүрүп олтуруп      бүтүндөй сот системасына берилген баа болуп эсептелет. Бирок өкүнүчтүү жери республикабыздагы  акыркы бир катар жылдардын практикасынан улам белгилүү болгондой “саясий оюндардын”, “интригалардын”  “крайнийи” соттор болуп келишет.

РS: Эскерте кетсек токтомдогу беренелер 2019-жылга чейинки колдонулуп келген  Кыргыз Республикасынын  кодекстерине негизделген.

Б. Белеков, Нарын облустук  сотунун басма-сөз катчысы

Марс Сариев: “Кыргызстандагы коррупция гүленчилерге ыңгайлуу шарт түзүүдө”

Ушул айдын башында Муфтият уюштурган ооз ачаар мааракесинин айланасында аябагандай кызуу талкуулар болду. Азыр деле коомчулук гүленчилердин кимдер экендиги жөнүндө билүүгө кызыктар. “Майдан.kg”гезитинин  журналисти белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев менен Гүлен кыймылынын өзгөчөлүгү, анын тарапкерлеринин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана өлкө турмушуна тийгизген таасири тууралуу маектешти.

-Марс Осмонкулович, Гүлен кыймылы тууралуу көп эле айтылып, жазылып келатат. Сиз бул агымга кандай аныктама бересиз?

-Бул суроого жооп берерден мурда гүленчилердин кандай жагдайда жана кандай максатта түзүлгөндүгү тууралуу таржымалына бир аз токтоло кетели. Гүленчилер аябай чоң, болгондо да өтө кубаттуу программа болгон. Менимче алар Рэнд Корпорейшн (Rand Corporation) алкагында иштелип чыккан. Алар өз ишин өсүп келаткан муундар менен баштайт жана бул программа ондогон жылдарга эсептелген. Гүлен кыймылынын милдети –тармактык түзүмдөр аркылуу Түркияда, Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттерде  бийликке жетүү. Бул пайдубалы бекем жасалган үйдөй алдын ала кылдат ойлонулган план болуп саналат. Ошентип 2016-жылдын 15-июлуна караган түнү Түркияда аз жерден аскердик төңкөрүш жолу менен бийликти тартып ала жаздашты. Бул көп тармактуу, көп баскычтуу тармак жүрүп-жүрүп отуруп, Түркиянын баардык бийлик түзүмдөрүн каптап кеткен. Булардын адамдары ички иштер, юстиция министрликтеринде, куралдуу күчтөрдө, баардык мамлекеттик органдарда болушкан. Бул мамлекет үчүн өтө коркунучтуу. Себеби АКШ, Рэнд Корпорейшн аркылуу жөнгө салынган Гүлен кыймылына таянып мамлекетти концептуалдуу башкара ала турганын даана көрсөттү.

-Бирок гүленчилер сыртынан өздөрүн өтө маданияттуу, интеллигенттүү көрсөтүшүп, коомдун элитасы катары саналат эмеспи…

-Ооба, булар эч нерсени талкалабайт, көчөгө чыгып кыйкырып же митинг уюштурбайт жана жардыруу жасабайт. Анткени булар кайсы бир убакытта өздөрүн коомго, элге ушундай көрсөтүп, колдоого ээ болуу үчүн атайын социалдык программанын негизинде иш жүргүзүшөт. Ушинтип жүрүп алар Түркияда аскердик төңкөрүш аркылуу бийликти колго алууга бир эле кадам калышты.

-Кечиресиз, азыр Ыйык Рамазан айынын куттуу күндөрү өтүп жатат. Бирок өткөндө, 8-майда Муфтият уюштурган ооз ачарда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен Гүленчилердин Борбор Азиядагы имамы эсептелген, “Себат” (азыркы аталышы “Сапат”) мектептеринин директору Орхан Инанды баштаган гүленчилер тобунун дасторконго чогуу чакырылып калышына кандай аныктама бересиз?

-Бул ошол ооз ачарды уюштурган Муфтияттын өтө чоң жаңылыштыгы. Алар Алла Тааланын алдында баардыгыбыз бирдейбиз, Рамазан айында уруш-талаш, пикир келишпестик болбош керек деген түшүнүктө болушкандыр. Бирок элчи менен өз өлкөсүндө террордук топ деп таанылган уюмдун көрүнүктүү өкүлүн катарлаш отургузуп коюу өтө чөң саясый катачылык деп эсептеймин. Мен өзүм мурдагы дипломат катары жакшы билем, эгер элчи ошондо чыгып кетпесе, эртеси күнү эле ал кызматтан алынып, балким жазага тартылмак. Себеби Түркиянын президенти Эрдоган саясый сес көрсөтүү үчүн ушундай кадамга баруусу мүмкүн эле. Ошондуктан элчи өтө саясый жактан кылдаттыгын көрсөтүп, нааразычылык сөзүн айтып чыгып кетүүсү өзү үчүн да, Түркия мамлекетине да туура кадам болду. Ал эми ошол учурда кайсы тарап элчинин артынан ээрчип видеого тартып, интернетке чыгарып жибергендигин билбеймин, канткен менен бул жагдай да элчинин пайдасына чечилди. Анткени Түркиянын Тышкы иштер министрлиги элчини колдоп чыкты.

-Ушул окуя кыргыз-түрк мамилесине, мамлекеттердин ортосундагы саясый кызматташтыкка кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

-Тилекке каршы ансыз деле ойдогудай болбой аткан мамилебизге кандайдыр бир деңгээлде доо кетирип койду. Ошол окуянын эртеси күнү эле Түркиянын ТИМи билдирүү жасап чыкпадыбы. Сыягы, Түркия мындан ары кыргыз бийлигинен гүленчилердин ишмердүүлүгүн ооздуктоосун мурдагыдан да көбүрөөк талап кылат. Мисалы, аталышы “Сапат” деп өзгөртүлгөн “Себат” мектептери тезирээк жоюлуп, “Маариф” мектептерин ачууну тезирээк ишке ашыруу сунушталат. Бул жагдай Президент баш болгон кыргыз бийлигин кыйын кырдаалга туш кылууда…

-Эгер Гүлен кыймылы АКШнын долбоору болсо, анда бул өлкө гүленчилер аркылуу Кыргызстанга таасир этүүнү көздөйбү?

-Мен АКШ түздөн-түз эле гүленчилер аркылуу кыргыз бийлигине таасир этүүнү көздөйт деп айта албаймын. Алардын биринчи максаты – Түркияда бийликти толук колго алуу болгон. Андан соң Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттерге өтүшмөк. Гүленчилер Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинде айрыкча Кыргызстандагы “Себат” мектептеринде өтө билимдүү, лидерлик сапатка ээ, жөндөмдүү балдарды тандап алып, бүтүндөй бир муунду тарбиялап коюшту. Алар азыр Ак үй, Өкмөт, Жогорку Кеңешке чейинки жооптуу жана жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Бул алардын бийликке тийгизген таасири болуп саналат. Эгер Гүлен азыр бозгунда жүрбөсө же 2016-жылдагы аскердик төңкөрүшү ишке ашып, бийликке келип калса, анда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “алтын муун” деп аталган кадрлары сөзсүз бийликти тынч жол менен эле колго алышмак. Кыргызстанда “Себат” лицейлери менен “Ала-Тоо” университетинин 90% бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ар кандай жооптуу кызматтарда иштешүүдө. Чындыгында бул окуу мекемелери алгач жөндөмдүү балдарды тандап алышып, сапаттуу билим берээрин да моюнга алып коюшубуз керек.

-АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Доналд Лунун гүленчилердин экономикалык канаты болуп саналган Жаш ишкерлер ассоциациясына (ЖИА) барып жолугушуусун кандай баалайсыз?

-АКШ элчисинин бул кадамына айып тагуу өтө кыйын. Балким, бул коомдун алдыңкы жаштары менен таанышуунун алкагында өткөндүр. Канткен менен өздөрүнө тилектеш катмар менен мамиле түзүүнүн жумшак ыкмасы болушу мүмкүн. Албетте, жаңы дипломат катары Түркияда жеңилүүгө учураган Гүлен тобунун Кыргызстандагы абалы боюнча отчёт берүү максатында жолуккан болуш керек. Канткен менен “Себатты”, “Ала-Тоону” бүткөндөрдүн АКШ менен формалдуу эмес байланышы бар деп эсептеймин. Алардын алдыңкы жаштарды бийликке тартуу, жеткирүү боюнча көрсөтмөсү бар.

-Дал ошол алдыңкы гүленчилердин бири деп эсептелген С. Исаков бир күн айыл өкмөт башчысы болуп иштебей туруп, бүтүндөй өлкөнүн өкмөт башчысы болуп иштебедиби. Ал тургай АКШ элчилигине отчёт берип тургандыгы боюнча Викиликс сайтына маалыматтар чыгып кетиши, анын АКШ менен тыгыз кызматташтыкта болгондугунун далили десек болобу?

-Ооба, ушундай маалымат тараган. Бирок баардык эле чоң саясатчылар, саясый партиялардын лидерлери АКШ, Россия элчиликтерине барып, консултация алып жүрүшкөн. Бул демейдеги эле көрүнүш. Ал эми С. Исаков боюнча маалымат чыгып кетишинин себеби ал премьер-министр катары чоң фигура экендигинде. Сыягы, С. Исаковдун АКШ элчиси  менен өзгөчө жакын мамилеси болгондур. Ал Ошто окуп жүргөндө “Себатты” бүткөндүгү да булардын мамилесин жакындатып, “өз бала” катары кабыл алууга негиз болгондур.

-АКШ Эрдоганды бийликтен кулатуу үчүн Гүленди колдонду деп айтсак болобу?

-Албетте, алар өз максатына жетүү үчүн бүтүндөй бир муунду тарбиялап чыгарышпадыбы. Бирок Түркиянын бийлиги эгер Гүлен жана гүленчилер бийликке келсе, өлкөдө толук бойдон эгемендүүлүк жоголуп, өз алдынчалыктан айрылып, бийлик АКШга өтүп кетээрин алдын ала билип, Эрдоган бир кезде чогуу болгон Гүлен менен мамилесин токтоткон. Бул өтө кылдат ойлонуп түзүлгөн план, Гүлен АКШ жана Батыштын атайын кызматтары иштеп чыккан операция болуп саналат.

-Мындан 3-4 жыл мурда болсо керек, Россиянын РИА новости агенттиги Гүлен кыймылынын таасири кеңири жайылган өлкөлөр тууралуу көлөмдүү аналитика жарыялап, жарымы Кыргызстанга арналган болчу. Анда “Себаттын” мугалимдери АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматынын (ЦРУ) агенттери экендиги айтылат.

-Эгер Россиянын абройлуу маалымат каражаты ушундай көлөмдүү анализ жасаса, анда айтылган фактыларды жокко чыгарууга болбойт. Дегеле чет өлкөлөрдөн келген волонтерлордун арасында жок дегенде жүздөн бири сөзсүз кесипкөй чекист болот. Алар ар кандай социалдык долбоорлорго жамынып алышып, аймактарда элдин психологиясынан тартып, менталитети, тилине, саясый көз карашына чейин иликтеп чыгып, өз өлкөсүндө тиешелүү органдарга отчёт беришет. Андыктан “Себаттын” окутуучулары деле агент болушу мүмкүн экендигин жокко чыгара албайбыз. Жогоруда айттым го, Гүлен кыймылы өтө тепкич тепкич, катмар менен түзүлгөн тармактык түзүм болуп саналат. Алар бештик, ондук болуп топ-топко бөлүнүшөт жана бири-бирин билишпейт.

-Кыргызстандын президенти С. Жээнбеков чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Түркияга мамлекетине жасады. Анкарада эки президенттин кеңири форматтагы жолугушуусунда түрк президенти Эрдоган гүленчилер маселесин ачык эле көтөрүп, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу керектигин кыйытты. Бирок кыргыз бийлиги биздин билишибизче расмий Анкаранын бул талабын аткарбай келет. Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Бул жерде өтө татаал маселе бар. Анткени азыр “Себатты”, “Ала-Тоону” жапса, анда өлкөдө туруксуздук болуп кетиши мүмкүн. Себеби аталган окуу жайларда негизинен элитанын, байлардын балдары окушат. Мындан тышкары алардын азыр Ак үй, өкмөт, парламент, күч органдарында иштеп аткан улуу мууну бар. Гүленчилердин бири-бирин колдогон өзгөчө ынтымагы бар. Ошондуктан президент С. Жээнбеков өлкөдөгү реалдуу күч менен эсептешүүгө аргасыз болууда. Ал Эрдоган үчүн курмандыкка чалынгысы келбейт. “Себаттын” кадрлары билимдүү, жаратман, ич ара ынтымагы бекем жамаат экендигин да эстен чыгарбашыбыз керек. Мамлекет башчыбыздын көйгөйү ансыз деле толтура эмеспи.

-Түрк бийлиги мындай жоопко кандай мамиле жасайт?

-Менимче түрк тарап биздин бийликтин мындай абалын түшүнөт. Түркмөнстан, Азербайжандагыдай тез эле “Себатты” жаап салуу Кыргызстанда мүмкүн эместигин, биздеги жагдай өтүшкөн ооруудай тамыры тереңде экендигин түшүнүү менен кабыл алат деп ойлоймун. Башка өлкөлөрдө диктатура күчтүү болсо, биздин өлкөдө жарандык коомдун орду чоң экендиги белгилүү го. Бир чети гүленчилерди АКШ менен Батыш колдойт. Керек учурда булар тез эле биригип, чоң куралга айланып калышы же колдонулушу да мүмкүн.

-Гүлен кыймылы саясый пландары менен кошо экономикалык долбоорлорун да чогуу ишке ашырышат эмеспи. Мисалы, ошол эле “Себат” мектептеринде окуган балдарга ата-энелери жылына миңдеген доллар акча төлөшөт. Ошол эле учурда “Себат” мамлекетке бир доллар салык төлөбөйт. Мындан тышкары, соода, тейлөө мекемелери, курулуш компаниялары бар. Айтор миллиондогон доллар акчага ээ. Баары акчага сатылган Кыргызстанда булар шайлоо өнөктүктөрүнө кандай таасир берет деп ойлойсуз?

-Өтө чоң таасир бере алат. Биринчиден, алардын өтө кубаттуу тармактык түзүмү бар. Экинчиден, жогоруда айтылгандай, бийликтин таасирлүү бутактарында иштеп аткан агалары бар. Үчүнчүдөн, толук автономиялуу каржылык пирамидасы бар. Мен бутуна турган гүленчилерди билем, алар алгачкы капиталды ошол жактан алышкан. Мисалы, бир жигит төөбуурчак бизнеси менен алектенип, байып кеткен.

Айрыкча азыркы президент менен экс-президенттин тарапкерлеринин ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп, бири-бирин алсыратып  жатканда Гүлен тобу күчү менен каржылык ресурсун сактап турат. Ал эми учуру келгенде кайсы бир исламий топтор менен биригип кетиши мүмкүн жана бул өтө кооптуу. Себеби алардын колунда эбегейсиз финансылык ресурс бар. Керек болсо белгилүү саясатчыларды сатып алышы мүмкүн. Бизде шайлоолор менен партиялар эбак эле бизнес-долбоорго же коммерцияга айланып калган. Гүленчилер өзүң белгилегендей саясат менен сооданы бирдей өздөштүрүшкөн. Ал эми биздин айрым саясатчылар саясый соодалашууга жөндөмдүү. Андыктан гүленчилер булар менен биригип алып, баардык эле партияларда өздөрүн динчил көрсөткөн саясатчылар менен биригип кетиши толук мүмкүн. Азырынча Гүленчилер уйкудагы аюудай тынч жаткан менен учуру келгенде ойгонуп, бийликти кандай гана жол менен болбосун алып коюшун жокко чыгарбоо керек.

-Өлкөдөгү гүлдөп аткан коррупция, башаламандык жана трайбализм гүленчилердин ишмердүүлүгүнө кандай таасир берет?

-Баары акчага сатылган биздин коомдо гүленчилердин байлык топтоп, бийликке жетүүсүнө  бул башаламандыктар өтө жакшы шарт түзүүдө. Ал тургай ар бир саясатчынын өз баасы бар эмеспи. Гүленчилер алардын кимисинин наркы канча экендигин да билип алышкан. Себеби бизде мамлекеттик идеология, нравалык сапат, мекенчилдик сезимдер жок. Ар бир саясатчы жана саясый партиянын бийликке келүү максаты – акча жасоо. Артында Америка турган гүленчилер булардын мындай психологиясын эң жакшы билишет жана керек учурда сатып алып коё алат. Натыйжада сырты кыргыз саясатчыларынан шөкөттөлгөн, маңызы сырткы таасирдин астында калган куурчак саясатчы же партияларга ээ болобуз. Ошентип эртең мамлекетибиз бул жактан эмес, океандын ары жагынан башкарылган абалга дуушар болушу толук мүмкүн.

Маектешкен Э. Досназаров.

Булак“Майдан.kg

"Дамир Мусакеев ММКларда Азиз Батукаевден кийинки эле популярдуу болгон №2 фигурага айланды"

Азыркы кезде биздин коомчулукта эң көп талкууланып жаткан маселелердин бири — ​“мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз, уурулук ыкма менен жаза мөөнөтүнөн алда канча мурда бошонуп кетишине байланыштуу кайра козголгон кылмыш иши болуп жаткандыгы маалым. Албетте, бул темага байланыштуу ар кандай деңгээлдеги ар түркүн, карама-каршылыктуу пикирлердин айтылып жатышы жана дагы айтыла бериши табигый көрүнүш.

Арийне, бул бүтүндөй кыргыз коомчулугунун беделине дүйнө жүзү алдында доо кетирген кылмышка башка дагы көптөгөн мыйзамдагы уурулардын (дал ушундайча — ​ар нерсени өзүнүн нукура аты менен — ​эч кандай тырмакчасы жок эле атаганда!) да катыштыгы бар экендиги ачыктала баштагандыгы — ​азыркы Кыргызстандагы түзүлгөн криминогендик абалдын канчалык оор экендигин айкын көрсөтүп туруучу таасын күзгү болуп калды.

Элдин кыжырын кайнаткан жана да коомдук-саясий маанайды кандайдыр бир деңгээлде козутуп, жандантууга себепкер болгон мындай окуялардын соңку он жылда биздин коомдо байма-бай жаралчу болуп калганы да көнүмүш нерсеге айланып бара жатат. Ошентсе да, жаңыдан гана пайда боло баштаган бир жагдай өтө кооптуу симптомго айланууда…

Бир кездеги советтик коомдун кылмыш-жаза кодексинде “уюшкан кылмыштуулук” (ОПГ) деген түшүнүк жок болуп келген. Кийинчерээк гана, Кайра куруу деп аталган доордо бул маселе катуу талкууга алынып, аны мыйзамдык атайын жобо катары киргизүү маселелси каралып жаткан кезде, советтик система өзү талкаланып калган. Башкача айтканда, дал ошол уюшкан кылмыштуулуктун өзү абдан кубаттуу, дүйнөдөгү эң күчтүү саясий системаны жок кылган олуттуу факторлордун бири болуп калгандыгы — ​талашсыз чындык!..

Азыркы Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы күрөшүү эгемендик доорундагы “уюшкан кылмыштуулук” деген стадиядан да ашып өтүп, эми биротоло үй-бүлөлүк (же италиялык мафиялык!), кландык белгилерге ээ боло баштаган учурга күбө болуудабыз.

Кечээ жакында эле коомчулук көңүл борборуна түшкөн, мурда дээрлик эч ким аты-жытын да билбеген Дамир Мусакеевдин массалык маалымат каражаттарында Азиз Батукаевден кийинки эле популярдуу болгон №2 фигурага айланганын танууга болбойт!..

Мындай учурда мыйзамченемдүү ар кандай суроолор өзүнөн өзү туулбай койбойт: эгерде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын мурдагы башчысы болбосо, ушунчалык чоң байлыкка өзүнүн ак эмгеги жана маңдай тери аркылуу тапканы менен ээ боло алат беле? Албетте, баарын тергөө жана сот органдары аныктап, кара болсо каралап, ак болсо актап, акыркы чекитти коюшат дечи, бирок, маселенин баары — ​мыйзамсыз жол менен байыган деген шек келтирүүгө президенттин оң колу сыяктанган адамдын тиешеси бар экендигинде болуп, кайра эле мыйзамды сактоочу адамдардын өздөрү кылмышка шектүү болуп калгандыгында жатпайбы?!

Эл арасында Раим-миллион деген аты анын дээрлик расмий аты-жөнүндөй болуп, массалык маалымат каражаттары да жалаң ушундай ысым менен гана атай башташкан адамдын экс-президент Алмазбек Атамбаевге жазган ачык Кайрылуусу жарыяланды. Анда ал “Аллахтын колдоосу жана жеке аракетим менен Бажы тармагында катардагы инспекторлуктан тартып бир катар кызматтык тепкичтерди басып өтүп, Ош Бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план тапшырмаларды ашыгы менен аткарып, иштеп жүрдүм.” — ​деп баштап, андан кийинки өз ара мамилелеринин курчуп кетишин “2017- жылы октябрь айында кайын эжем менен кызыңыз унаа токтотуучу жайлардын биринде орун талашып, урушуп кетип, анын кесепети мага тийди. (…) Жаңы шайланган Президентибиз кызматына киришээрден бир күн мурда, 2017-жылдын 23-ноябрында мени кызматтан алдырттыңыз.” — ​деп түшүндүрөт.

А эң кызыгы: “Мындан ары азыркы Президентибиз менен болгон өз ара мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранамын. (…) Аягында айтаарым мага карата ыксыз каралоону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз, мындан ары жөн олтурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч кубатым жетишээрлик. ” — ​деп, Кайрылуусун ормон-опузалуу эскертүү менен бүтүрөт.

Терең талдап көргөн адам байкаларлык эволюцияны баамдабай коё албайт: мурдагы уюшкан кылмыштуулук тобундагы өз ара разборкалардай жашыруун жолугушууга — ​“стрелкага” чакырбай, же анын жашаган үйүнүн эшигинин алдына барып алып, ар кандай сөздөрдү кыйкырбай эле, бир топ маданияттуу түрдө, бирок өтө чоң подтекст менен “эскертүү” берилүүдө!..

Ошол саптардын арасындагы подтексттен “сен өзүң да таза эмессиң, башка бирөөлөргө сынтаккандай, жинге тийе берсең, эгерде керек болсо өзүңдүн ашмалтайыңды чыгарамын!” — ​деген опузалоонун жыты буруксуйт…

Буга эми комментарий бербей эле коёлук. Ансыз деле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында эч шек келтирбегендерди атоо зарылдыгы туула турган болсо, балким, анын командасына кийинчерээк гана барып кошулган пресс-секретары Кундуз Жолдубаевадан башканы атай албай да кала тургандай абалга кептеле турган абал түзүлө баштады. Сапар Исаков, Икрам Илмиянов, Айбек Калиев, Дүйшөнбек Зилалиев сыяктуу эң ишенимдүү, жакын соратниктери тергөө абактарында жатышат. Эми минтип кезек анын жансакчыларына да жетип олтурат. Бул тизмедеги кийинкилери кимдер болот? Азырынча белгисиз. Арийне, тизменин дагы толукталышы эч күмөн туудурбайт!..

Канткен күндө да, италиялык мафия менен эң жогорку эшелондогу кыргыз чиновниктеринен куралган кылмыштуу топторду салыштырууга олуттуу жүйөөлөр пайда боло баштаганы эч шек туудурбайт. Ким билет, мүмкүн, дал ушундан улам коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөн эч майнап чыкпай, жылдан-жылга созулуп келе жаткандыр?!

Бул кылмыш иштери да кандайдыр бир күчтүү кландардын ортосундагы өз ара күрөшүү методуна айланган жокпу? — ​деген суроо табигый түрдө жаралат. Чуулгандуу кылмыш иштери да кайсыл бир топ бийликтен кеткенден кийин гана ачылып, жалпы коомчулук көңүл борборуна айланууда. Кантип алар мурда тиешелүү деңгээлде каралган эмес? Жооп жөпжөнөкөй. Уюшкан кылмыштуулук, үй-бүлөлүк, кландык (мафиялык) кылмыштуулуктун жазылбаган мыйзамдарына ылайык, алар бирин бири калкалап, керек болсо жаап, “крышевать” этип, колдон келсе, ошол кылмышты ачам деген адамдарды да кошуп жок кылып турууга милдеттүү!

Ансыз, бери эле болгондо, — ​сөзсүз түрдө: “сени менен кармашууга менде да күч жетиштүү, керек болсо сенин да былыктарыңды ачамын!” — ​деген сыяктуу жогоруда келтирилген сыяктуу опузалоолорго кабылышат… Кыскасы, Кыргызстандын карапайым адамдары баёолук кылып, буга чейин чын-дилдеринен ишенишип, ойлонуп келгендей, атамбаевдик бийлик коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшпөй эле (же, күрөшсө да, показуха иретинде, өз кландарына тиешелери жокторду кармоо менен гана алектенишип!), бирин-бири абдан калкалап, коргоп, ошондой кылмыштарга барып, элдин эсебинен сансыз байлыктарды жыюуга гана умтулуп жүрүшкөнү эми гана ачыкка чыга баштагансыды.

Бул дагы “еще цветочки”, андай аракеттердин толук “түшүмүн” жана уюшкан, үй-бүлөлүк кылмыштуулуктун чыныгы чен-өлчөмүнүн бизде канчалык деңгээлге чейин өсүп кеткенин эч ким билбейт. Буга ачык далилдерди жакын арада көрөрүбүзгө күмөн азыртан эле жаралууда.

Батукаев жана Мусакеев сыяктуу эле жалпы өлкө аймагынан да сыртка чейин “дүңк” эте угулуп, чоң резонанс жараткан, жана да эл аралык деңгээлдеги кылмыш жыттанган “уран маселеси” акырындык менен унуткарылууда. Бул маселени дароо эле жаап салууга болбойт. Акыр аягына чейин жеткирип, буга аралашкандардын баарын ар бир кыймыл-аракетине чейин көз жаздымда калтырбай, укуктук баа берүү зарыл. Эгерде экс-президент Роза Отунбаеванын өз туугандарына ал кенди мыйзамсыз жол менен алып берүүгө далалат кылганы ашкереленсе — ​ага карата да кылмыш иши козголушу абзел.

Ошондо гана жалпы кыргыз коомчулугу кылмыштуулукка каршы бийлик тарабынан реалдуу күрөш жүрө баштаганына ишенип, аны бардык тараптан колдой баштайт. Болбосо, жең ичинен өз ара сүйлөшүп алышкан сымал, эл алдында сүйлөгөндөрү бир башка, ал эми конкреттүү жасаган иштери андан теңирден тескери болгон бийликке кимдер ишенип, ким аны урматтай алат?! Бул суроого жооп издеп убараланыштын да кажети жок.

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин оң колу деп саналган, дагы бир СИЗОдо убактылуу “эс алып” жаткан үлкөн чиновник (Раим-миллион “досум” деп атаган) Икрам Илмияновдун ашкан байлыгы жөнүндө да эл арасында учурунда катуу сөз болгондугу маалым.

Одиоздуу фигура болуп калган Раим-миллиондун сансыз байлыктарынын түптөлүшүнө “Аллахтын колдоосуна” караганда да, алда канча таасирдүү, күчтүү, эң жогорку бийликтеги болгон адамдардын “үлүштөрү” бар болгондугунун толук далилдерин алар өздөрү эле ачыкка чыгарып салышты. Эң жогорку бийлик эшелонундагылар деле эбактан бери өз ара “разборкаларында” өтө төмөнкү деңгээлге чейин түшүп, кээде ал тургай криминалдык, “блатной” деп аталган жаргондор менен бирин-бири “туздашып”, трагикомедиялуу образды жараткан учурлар да кездешип келет.

Маселен, мындан бир жылча мурда эле айрым соцтармак каражаттарында, ал учурда мамлекеттик резиденция аймагында жашаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жашаган үйдүн терезесинин алдына бир топ кызуу болуп алып барып, жумшартып айтканда, ар кандай маданиятсыз сөздөрдү сүйлөгөнү жазылган. Ал маалыматтардын канчалык деңгээлде чын экендигин тактаган, же төгүндөгөн деле эч ким болгон жок.

Демек, ОПГ (уюшкан кылмыштуулук), МАФИЯ деген терминдер сыяктуу эле, “Мафия бессмертна!” — ​деген сымал девиз-лозунгдарды да активдүү лексикондо колдонуу деңгээлине чейин жакындап калгандайбыз.

Тергөө абагында бир жылдан ашуун убакыттан бери жатышкан эки экс-премьер-министр баштаган, эң майлуу деп саналган энергетика тармагынын үлкөн жетекчилери олтурушуп, алды сот залында жооп бере башташканы менен да, экс-президент Алмазбек Атамбаев алардын ичинен “Өз кланына тиешелүүлөрдү” гана “эч күнөөсүз балдарды камап салышты” деп, эл алдында азыркы бийликти ачык айыптап, ошол эле учурда аларга караганда салыштырмалуу мыкты иштеген жана да бул кылмышка түздөн-түз тиешеси жок Жантөрө Сатыбалдиевдин ысымын атабагандыгы да биз көтөрүп жаткан маселе үчүн абдан мүнөздүү штрих болуп эсептелет. Себеби, Жантөрө Сатыбалдиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда премьер-министр болуп иштегендигине карабастан, анын жакын командасына (же үй-бүлөлүк-мафиялык схемага жакын тургандардын тизмесине) эч качан кирген эмес!

Үй-бүлөлүк, кландык кылмыштуулук масштабы канчалык деңгээлге чейин өсүп жеткен? Алар менен күрөшүүгө мамлекеттик укук корго органдарынын жана тиешелүү кызматтардын кубаты жетеби? Же эң жогорку деңгээлдеги бийликтерде алардын адамдары олтургандыктан (Раим-миллион “досум” деп атаган экс-чиновник Икрам Илмиянов сыяктуу!), кой терисин жамынган карышкырларга “кой кайтартып” коюп, эч натыйжа чыкпай калган соң, улам “кылмыштуулук менен күрөшүү кампаниясынын кийинки жаңы толкунуна” үмүт байлап коюп олтура беребизби?

Маселенин баары эми реалдуу кадамдарга өтүп, мыйзамдын так-кыйшаюусуз аткарылышын жана да ар кандай укуктук бузууларга баргандардын баарын тең кызматына, байланыштарына карабай өздөрү жасаган кылмыш чен-өлчөмүнө жараша жазалоого жетишүүдө калды. Ансыз биздин коомчулук азыркы социалдык-экономикалык кризистен да алда канча коркунучтуу болгон Мыйзамдык-кылмыштык кризиске кабылат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Жолборс Жоробеков: Өмүрбек Текебаев - кыргыз саясатындагы өзгөчө феномен

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери Кыргызстандагы демократиялаштыруу процессинин башатында турган, анын калыптанышына ири салым кошкон, партиялык курулушту түптөгөн, Конституциябыздагы 1993-жылдан берки оңдоп-түзөөлөрдү ишке ашырып, калк арасында «Конституциянын атасы» деген лакап атка конгон ушул эле биздин замандашыбыз Өмүрбек Текебаев. Биз эмне дебейли, айрымдар жактырып, айрымдар жактырбай, кантип баа бербейли, Текебаев кыргыздын соңку жаңы тарыхында өзүнүн татыктуу ордун тапкан инсан. Ал Кыргызстандын саясый асманында өзгөчө феномен. Жаш физик мугалим кезинен эле советтер союзунун кынтыксыз саясатына, анын идеологиясына каршы чыгып, окуучуларын пахта теримге чыгарбай коюш – бул ал кездеги кулак угуп, көз көрбөгөн көрүнүш болгон. Ал өзүнүн темирдей логикасы менен Кыргызстанды демократиялык мамлекетке айлантууда Кыргызстанда демократиянын калыптанышына «легендарлуу парламентке» депутат болуп шайлангандан берки мезгилде ат көтөргүс салым кошту. Азыр Кыргызстандагы 30 жашка чейинки жаштардын бардыгы күн сайын Текебаев деген ысымды угуп, көрүп чоңойду. Ал эми азыр 50 жаштын тегерегиндеги саясатчылардын дээрлик баардыгы Текебаевдин таасиринде калыптанышты. Буга ошол саясатчылардын анын 60 жылдыгында сүйлөгөн сөздөрү эле күбө болот.

Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү чоң же кичине чиновник эмес, саясатчы, болгондо да парламенттик саясатчы. Ал Кыргызстандагы парламенттик саясатты, парламенттик маданиятты Балтика боюндагы мамлекеттердин деңгээлине көтөрө алды. СССР деген чоң империя кулап, КМШ мамлекеттеринде демократиялаштыруу алгач башталган кезде Орусияда Немцов, Явлинскийлер баш болгон жаштар чыккан. Ельцин кайсы бир сөзүндө Немцовго «менден кийин сен президент болосуң» дегени бар. Ошондой эле жаштардын толкуну Кыргызстанда да болду, анын көрүнүктүү өкүлү Өмүрбек Текебаев болгон. Орусияда ал толкундагы жигиттер катардагы саясатчылар бойдон калса, Өмүрбек Текебаев эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандагы саясаттын туу чокусунда болуп келди. Текебаевдин деңгээлиндеги саясатчылар КМШда эмес, Россиянын Думасында да жок. Өзү түптөгөн «Ата Мекен» партиясы өлкөдөгү абройлуу саясый партиянын бири болду. Ошону менен катар Кыргызстанда партиялык системаны түптөдү. Акаев-Бакиев заманында келишкис оппозицияда болуп, алар качканда өлкөнү мыйзамдуу нукка бурууда чоң роль ойноду. Муну Текебаевдин достору да, кастары да мойнуна алат. Болбосо биздикидей эле шарттарда мыйзамдуулукка келе албай, айлап-жылдап стабилдүүлүгүгү бузулган мамлекеттер да бар. Ошентип, Ө.Текебаев эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда саясатчылардын чоң плеядасын даярдады. Ал өзү адрестүү кимдир бирөөнү окутпаса да, ага окшошуш үчүн аны туурап чоңоюшту, калыптанышты.

Демек, бүгүн Текебаев улуттук деңгэлдеги саясатчыга айланды. Мына ушул Акаев-Бакиев камай албаган саясатчыны Атамбаев каматты. Эгерде Атамбаев Текебаевди шашылыш түрдө каматпаганда, ал Атамбаевге импичмент жарыялап, анын бир топ мыйзамсыз иштеринин бетин ачмак. Андан бери да Кудай бар экен, өзүнөн-өзү эле ТЭЦ, музейдин жана ипподромдун чыры, Дача-СУ ж.б. Атамбаевдин кулагы көрүнүп, былыктары чыгып калды. Али ачыла элек, бизге билинбеген дагы канчасы бар?

Ал эми Өмүрбек Текебаевге тагылган күнөөнүн бирөөсү да далилденген жок. Тескерисинче, андай фактыларды берген Маевский деген шылуун азыр өзү Орусияда абакта жатат. Мына ушул жерде мындан 80 жылдан илгери болгон Г.Димитров деген болгар коммунисттин тагдыры эске түшөт. 1933-жылы Германияда парламенттик шайлоо жакындап калат. Фашисттик бийлик коммунисттердин таасири чоң экенин байкап, «Рейхстанды өрттөдү» деген шылтоо менен Э.Тельманды баш кылып, миңдеген коммунисттерди, социал-демократтарды, журналисттерди камайт. Ушуларга жардам берген боюнча жанагы Маевскийдей эле официант катындын ушагы менен Г.Димитровду да камайт. Ал бир жылга жакын түрмөдө жатат. Сотто ошол өрт болгон күнү Берлинде болбогонун далилдеп үч саат сүйлөйт. Ал эми Текебаев да ал күнү Ошто болгону, ж.б. толгон-токой далилдер менен эки күн сүйлөп, сотту ташталкан кылса да, күчкө салып эле кесип жиберди. Соттун акыркы эки күнүнө мен да катыштым. Анда Өмүрбек ташка тамга баскандай кылып ораторлуктун классикалык формасында ар бир позиция боюнча далилдер менен көрсөтүп берди, сот башын көтөрө албайт, элдин көзүн карай албайт, ага да бооруң ооруйт.

«Лейпцих процесси» деп тарыхка кирген, Димитровду соттогон фашисттердин соту Атамбаевдин сотуна караганда гумандуу болгон экен. Бекболот Талгарбеков айткандай, миң жылда бир келген кесепет Атамбаевдин бийлигинин кеткенине 1,5 жылдай убакыт болуп калды, бирок ал түзгөн сот системасы ошол эле инерция менен келе жатат.

Өткөн жылдын аягында жарык көргөн академик Абдыганы Эркебаевдин «Азаттыктын азаптуу жолу» аттуу өтө мазмундуу китебинде (саясатты иликтегендердин бири да бул жагынан Эркебаевге караандабайт) өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарындагы кыйынчылыктарын, кемчиликтерин анализдөө менен бирге Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар жана коомдук ишмерлердин саясый портреттерин даректүү иликтөөлөр менен берген. Мына ушул тизмекте «Я с тобой Өмүрбек» деген орус тилиндеги көлөмдүү материалы да бар. Бул макала Текебаевдин күнөөсүз эле, түккө турбаган фактылар менен түрмөдө жаткандыгынын бир жыл болушуна жана Өмүрбектин 60 жылдык юбилейине карата Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Д. А.Жумабековко жана Жогорку соттун төрайымы А.А.Токбаевага багышталган ачык каты. Тилекке каршы, Кыргызстандагы эң абройлуу, эң таза, эң түз адамдын, кала берсе Жогорку Кеңешке он жылдай төрагалык кылган академиктин бул кайрылуусу каралбай, көңүлгө алынбай кала бериши коомчулукту кайгыртты, азыркы бийликке коомчулуктун ишенимин аздатты. Академик ошол материалында 1990-жылы 32 жаштагы Өмүрбектин «легендарлуу парламентке» депутат болуп шайланып келгенден камалганга чейинки баскан жолун даректүү фактылар менен гана белгилебестен, дүйнөлүк чыгаан саясатчылардын өмүр баяндары менен салыштырып карайт. Абдыганы Эркебаевдин Ө.Текебаевдин түрмөгө түшүшүнүн окшош жактарын француз Дрейфус, италиялык А.Грамши, орус Ленин, грузин Сталин, еврей Троцкий, болгар Г.Димитров ж.б. өзүбүздөгү Тургуналиев, Кулов баш болуп түрмөгө түшкөндөр: К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, Д.Чотонов, К.Исаев, Н.Түлеев, Б.Асанов, Б.Талгарбеков ж.б. көптөгөн инсандардын бийликке каршы пикир айтканы, бийликтин туура эмес жасап жаткан иштерин ачып бергендиги, негизинен алардын саясый көз карашы жөнүндө камалгандыгы – бул факт. Албетте, Өмүрбек Текебаев «Аскар Акаевди үй-бүлөсү менен Чаушескидей атыш керек», же Курманбек Бакиевди «асынып өлүп алышың керек» дегендей өтө эмоционалдуу сөздөрү үчүн да Алмазбек Атамбаевдей болуп каматкан эмес эле. Академик китебинде Текебаевдин өтө эмоционалдуулугун белгилеп, бирок, анын саясый күрөштөрдө такшалып бышкандыгын, айрыкча аудиторияны өзүнө каратууда анын ораторлугун, логикасынын тактыгы менен кыргыз саясатчыларынын арасында өзгөчө орунда турарын бир топ дүйнөлүк саясатчы-ораторлордун атын атап, кыргыз саясатында да Текебаев ушундай саясатчылардын тибине кирерин баса көрсөтөт. Андан ары А.Эркебаев мыйзамдуу жол менен Ө.Текебаевди кантип бошотуунун бир канча мисалдарын, жолдорун көрсөтүп, «жакында 60ка чыгат, ага чейин күнөөсүз эле отурган иним боштондукка чыгып каларына ишенем. Мен сени мененмин, иним Өмүрбек – өз элинин татыктуу уулу!» деп тамамдайт.

Чындыгында биз кечээки Жогорку соттон чоң үмүт кылганбыз, бирок, биз күткөндөй болгон жок. Жогоруда академиктин оюн улай, дүйнөнүн саясый тарыхында 70,80,90 жашында тарыхка терең из калтырган саясатчылар көп. Сен да Өмүке ушундай инсандардын тибине киресиң, мамлекеттин эртеңки күнүнө сергек караган адамдардын массасы сени менен.

Биз сени менен сыймыктанабыз, иним Өмүрбек!

Жолборс Жоробек

Булак: «Азия ньюс»

Меню