Menu

АРХИВДЕР

Түркияда Орусиянын элчисин өлтүрүүгө айыпталган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркияда Орусиянын элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө айыпталган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Элчи 2016-жылы декабрда Анкара шаарындагы сүрөт көргөзмөсүндө сүйлөп жатканда кол салууга кабылган. Аны аткан 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлүт Алтынташты коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерден атып өлтүрүшкөн.

«Би-Би-Си» бул иш боюнча 28 кишиге айып тагылганын жазган. Алардын ичинен алтоо беш жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө соттолсо, дагы алты киши акталып, чет өлкөдө жүргөн бир нече кишиге карата сыртынан өкүм чыккан.

РИА Новости агенттиги өз кабарчысына шилтеме кылып, тогуз киши беш жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө соттолуп, бешөө акталганын, дагы тогуз шектүү издөөдө экенин кабарлады.

Бул иш боюнча сот 2019-жылы январда башталган. Сотто айыпталуучулардын АКШда жашап жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленге тиешеси бар экени айтылган. Анкара ФЕТО деп атаган Гүлендин уюму Түркияда террордук деп айтылып келет.

Андрей Карлов Орусиянын Түркиядагы элчиси кызматына 2013-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Орусия Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментин жетектеп, 2001-2006-жылдары Орусиянын Түндүк Кореядагы элчиси болгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ереванда оппозиция өкүлдөрү парламент имаратын курчоого алышты

Ереванда армян оппозициясынын жүздөгөн тарапташы чатыр тигип, парламент имаратын курчоого алышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы кабарлады.

Буга чейин оппозициячыл «Мекенди коргоо үчүн кыймылынын» лидери Вазген Манкуян тарапташтарын депутаттарды парламент имаратына киргизбей, аны курчап алууга чакырган.

«Келгиле, парламент имаратын курчап, депутаттарды киргизбейли. Чатырларды тигип, ал жерде күн сайын 200дөй тарапташыбыз түнөшү керек», — деген ал.

Бир катар оппозициячыл депутаттар катуу кагылышуулардын алдын алуу үчүн полиция менен чогулгандардын ортосунда турууга аргасыз болушту.

Атайын коопсуздук кийимдерин кийген полиция кызматкерлери элди күчтөп таркатуу аракетин жасаган жок.

«Мекенди коргоо үчүн кыймылынын» координатору Ишхан Сагателян тарапташтарын чагымга алдырбоого чакырды. «Эч кимибиз Улуттук Жыйындын дарбазасын бузуп ичкери өтпөйбүз. Бул – биздин парламентке каршы жарандык баш ийбөө чарабыз болуп саналат», – деди ал.

Өкмөт башчы Пашинян өткөн жылы Тоолуу Карабак аймагына байланыштуу Азербайжан менен армян күчтөрүнүн ортосундагы алты апталык согуштан кийин ок атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол койгондугу үчүн армян оппозициясынын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жыйындарына туш болду.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт даяр болбой, эскилеринин мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасында биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен (ePassport) жаңы муундагы улуттук жалпы жарандык паспортту киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Жалпы жарандык паспорттордун (чет жакка чыгуучу паспорт) жетишсиздиги жана кечиктирип берүү маселесине боюнча түзүлгөн жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бир катар чечимдерди кабыл алды:

Убактылуу жарактуулук мөөнөтүн узартуу:

–  Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же болгон жарандар үчүн 2004-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин;

–  2006-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин.

Жарандарыбыз чет мамлекеттердин чек араларын тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерди форс-мажордук жагдайларга байланыштуу кабыл алынган убактылуу чаралар тууралуу билдирүү жөнөтүү тапшырылды.

2020-жылдын 25-декабрынан баштап ePassport берүү пландалган ePassport берүү планына көзөмөлдүн жоктугу жана өз убагында аткарбоо үчүн, ошондой эле жыйынтыгында жалпы жарандык паспорттордун жетишсиздигине жана кечиктирип берилишине алып келген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин шалаакы мамилеси үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын тейлөөчү орун басары Тилек Батырканов ээлеген кызматынан бошотулду.

Өз кезегинде МКК жетекчилиги ePassport берүүгө байланыштуу орун алган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн маалымдоо боюнча өз убагындагы жана жетиштүү чараларды көргөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын алдына кыска мөөнөттүн ичинде биометрикалык маалыматтар колдонулган улуттук жалпы жарандык жаңы муундагы паспортторду (ePassport) берүүнү камсыздоо милдетин койду, кайрадан үзгүлтүккө учуратылса катуу чаралар көрүлөт.

Ош мэриясы: Сарыбашовдун үйү делген видеонун мэрге тиешеси жок

Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго таандык хан сарай курулуп жатат делген видео тарады. Тасмадагы маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров четке кагып, «Азаттыкка» берген интервьюсунда ал курулушка мэрдин тиешеси жок экенин билдирди.

Коомдук тармактарда жана «Ютубда» Ош шаарынын мэри эжесинин атына катталган жерге хан сарай курдуруп жатат делген видео жайылууда. Аны автору «Бул имарат бүтсө, Раимдин үйү да жолдо калат» деп сүрөттөгөн.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров бул маалыматты төгүндөп, салынып жаткан үй мэр Таалайбек Сарыбашовго да, анын жакын туугандарына да тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында бул жергиликтүү кеңешке шайлоо алдындагы саясий каралоо.

«Азыр Ош шаарындагы саясатчыларда, олигархтарда, байларда бир эле маселе турат. Шаардык кеңешке өзүнүн таасирин көрсөтүп, партиясын алып келүү. Андан соң мэрди шайлоо. Бул шайлоонун шайтан оюну. Каралоо, копраматтарды чыгаруу ар кандай жалаа жабуу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш да»,-деди Азамат Абсаттаров.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери мэрияны жетектеп келе жатат. Ал 2012-жылы Алай районунун акими болуп дайындалып мамлекеттик кызматка алгач ирет келген. 2015-жылы Ош облусунун губернатору болуп дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

2026-жылга чейинки мезгилге өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи жыйыны өттү

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 9-мартта, 2026-жылга чейинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйүнбек Касмамбетовдун белгилешинче, азыркы учурда жүрүп жаткан конституциялык реформаларга, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу 2018-жылы бекитилген «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» программасына өзөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты.

Ошондуктан, 2026-жылга чейинки мезгилге –  Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлдү.

Эксперттик топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев, анын орун басарлыгына Президенттин Аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гайпкулов бекитилди.

Президенттин Аппарат Жетекчиси эксперттик топтун астында турган негизги эки милдетти белгиледи:

– биринчиден, коронавирус пандемиясына байланыштуу келип чыккан кризисти, конституциялык жана мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан реформаларды эске алуу менен 2026-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

– экинчиден, орто мөөнөттүү келечекке экономикадагы негизги жана түзүмдүк реформалар топтомун даярдап чыгуу.

Сүйүнбек Касмамбетов жакынкы жылдарга мамлекеттик саясат эки стратегиялык милдеттен – пандемиянын кесепеттеринен экономиканы калыбына келтирүү боюнча антикризистик чараларды тез арада ишке ашыруудан, ошондой эле кескин жана системалуу реформаларды жүргүзүү менен экономикалык өсүштү тездетүүдөн турарын белгиледи.

Эксперттик топко тез арада төмөндөгүлөр тапшырылды:

– 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө 2019-жылга отчетун талдоо, анын жыйынтыгы боюнча, 2040 Стратегиясын оңдоо боюнча сунуштарды даярдоо;

– COVID-19, конституциялык реформа жана мамлекеттик башкарууну реформалоо менен шартталган кризистик көрүнүштөрдү эске алуу менен, 2026-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын актуалдаштыруу  боюнча сунуштарды даярдоо;

– орто мөөнөттүү мезгилге жана 2026-жылга чейинки экономикада түзүмдүк реформаларга ири реформалардын топтомун даярдап берүү.

Анын курамына Президенттин Аппаратынын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирди.

Финполицияны жоюу тууралуу ликвидациялык комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Ликвидация боюнча комиссияга: ЭККМК кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө;

– кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү;

-мүлкүн каттоо жүргүзүү;

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө жөнөтүү;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү;

ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.

Галина Байтерек айрым адамдардын Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш кылары жөнүндө билдирүүлөрүнө комментарий берди

«Акыркы убактарда медиа мейкиндигинде Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш алып барган делген адамдардан бир топ билдирүүлөр пайда болду. Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт. Буга байланыштуу, Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү маалында эле „өз“ жана „жат“ деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. Садыр Жапаровдун мындай позициясы азыр дагы өзгөргөн жок», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

Галина Байтерек баса белгилегендей, Мамлекет башчысынын аты менен макамына жамынган айрым жарандар мыйзамсыз, жол берилгис аракеттери үчүн өлкө мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Мен бардык кыргызстандыктарды Президенттин атын жана макамын жаманатты кылган мындай адамдарга ишенбөөгө эле эмес, мындай окуялар тууралуу укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тиешелүү. Бул сыяктуу аракеттер — жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформаларга болгон чыныгы чагым. Президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүп жаткан саясат, тескерисинче, ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерден арылууга багытталган», — деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун «ал тургай туугандарымдын бири мыйзам бузганы аныкталса, ал жоопкерчиликке тартылат. Кадр саясаты чиновниктер менен саясатчылардын туугандык байланыштары аркылуу эмес, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциби менен жүргүзүлөт» деген сөзүн дагы бир жолу эске салды.

«Чындыгында, акыркы он жылда кыргызстандыктар мыйзам бузгандардын көптөрү бийлик чөйрөсүнөн баш калка таап алышканына көнүп калган. Анын үстүнө алар жогорку кызмат адамдарынын атын жамынып алып, кылмыш жасай беришкен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, айрым жогорку мамлекеттик кызматкерлер өздөрү бир нече жолу кылмыш жасагандыгы үчүн кармалышып, соттолушкан. Алардын айрымдары дагы деле качып жүрүшөт, алар укук коргоо органдары менен эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан изделүүдө. Эми мындай туура эмес тажрыйбаны жок кылуу үчүн Кыргызстандын бардык жарандары биригиши керек. Чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өз чөнтөктөрү же туугандары менен дос-тамырларынын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек. Дагы бир жолу кайталайм, жүрүп жаткан жана пландаштырылган реформалардын бардыгы дал ушуга багытталган, эми бул аракеттердин баары ишке ашуусу үчүн жарандардын колдоосу өзгөчө маанилүү», — деп баса белгиледи Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 11-12-март күндөрү Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирет.

“Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилеп кетейин. Биз өз ара байланыштардын бардык чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги кызматташтык менен мүнөздөлгөн ынак коңшулук жана достук мамилелерибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана бекемдөө ниетиндебиз”, – деди ал.

Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда.

Мирзиёевдин жаштарга бир гектардан айдоо жерин бөлүп берүү чечими фермерлердин нааразылыгын жаратты

Өзбекстанда айдоо жерлеринин он пайызын ишсиз жаштарга бөлүп берүү жөнүндө президенттин чечими фермерлердин нааразылыгын жаратты.

Айрым фермерлер жаштарга бекер жер берүү аларды зыянга учурата турганын билдиришүүдө.

– Жер салыгы мурдагыдай эле биздин мойнубузда. Биз алакандай жерди да болушунча пайдалуу колдонууга аракет жасайбыз. Алар жер үчүн бир тыйын төлөбөй пайда табышат. Бул кимге жагат?, – деди самарканддык фермер.

Намангандык фермерлердин бири жергиликтүү бийлик күч түзүм кызматкерлеринин кысымы менен ишсиз жаштарга жер бөлүп берүүгө мажбурлашканын айтты.

– Жерибизден толугу менен кол жууп калуудан коркуп, өкмөттүн буйругун аткарууга туура келди, – деди фермер.

Бул арада райондук жана облустук администрациялар фермерлерди ишсиз жаштарга жер бөлүп берүүгө мажбурлап жатышканы жөнүндө маалыматтарды четке кагышты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, эгин талаалары фермердик чарбалардын мүмкүнчүлүгүнө жараша берилүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-январда айыл чарба жерлерин бөлүп берүү менен жаштарды иш менен камсыздоону талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанга COVID-19га каршы вакцинанын алгачкы партиясы жеткирилди

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясы алып келингенин кабарлады.

Маалыматка караганда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) COVAX программасынын алкагында Тажикстан COVID-19га каршы 730 миң AstraZeneca вакцинасын бекер алат.

9-мартта Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын башчысы Навруз Жафаров өлкөгө AstraZeneca вакцинасынын 192 миң дозасы жеткирилгенин билдирди.

«Азырынча вакцина атайын бөлүнгөн жайларда сакталат. Биз калкты эмдөө тууралуу токтом даярдап койгонбуз. Ал министрликтер менен мекемелердин кароосуна жөнөтүлүп, өкмөт кол койгондон кийин эмдөө иштери башталат. Алгач дарыгерлерди эмдөө каралууда», — деди Жафаров.

Анын айтымында, ДССУ бекер бере турган вакцина өлкө муктаждыгынын 20% жабат, калганын сатып алууга туура келет. Буга чейин Кытай бийлиги да Тажикстанга бекер вакцина берген.

Өткөн жуманын аягында Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигине калкты COVID-19га каршы эмдөө боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасын берген.

Февралда Саламаттык сактоо министрлиги калк арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында ага катышкандардын 81% COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө макул экенин билдиришкени айтылган.

Ал ортодо Дүйнөлүк банк COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн Тажикстанга 8,63 миллион доллар өлчөмүндө жардам бергени кабарланууда.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы эки айдан бери өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 38 киши вирус жуктуруп, 90 бейтап көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню