Menu

АРХИВДЕР

Nexta Лукашенконун байлыгы туурасында даректүү тасма жарыялады

Беларуста оппозициячыл Nexta телеграм-каналы «Алтын түп» аттуу даректүү иликтөө жарыялады. Фильмде Александр Лукашенко коррупцияга айыпталган.

Nexta телеграм-каналы бир жумадай жаңыланбай, анын администраторлорунун тагдырлары тууралуу айың кептер тарай баштаган. Бирок дүйшөмбү күнү эртең менен каналда жаңы жазуу пайда болуп, бул аралыкта Nexta Лукашенконун байлыгы тууралуу тасма даярдап жүргөнү айтылды.

Иликтөөдө Лукашенко Беларустагы көптөгөн мамлекеттик резиденцияларды, анын ичинде Эгемендүүлүк сарайын менчиктеп алганы айтылат. Мындан тышкары президент кымбат баалуу белектерди алары жана коррупциялык максатта чет өлкөлүк бир катар ишкерлерди коргой турганы белгиленген.

Лукашенко өзү эч кандай байлыгы жоктугун, колдонгондору мамлекетке таандык экенин айткан.

Ал өткөн аптада: «Менин «хансарайым» бар. Ал апам менен чоңойгон үй, менимче узун-туурасы 7ге 8 метр болсо керек. Мына ошол менин «хансарайым», – деген.

19-январда Навальныйдын тобу Геленжиктеги «хан сарай» жөнүндө иликтөө жарыялап, ал Владимир Путинге таандык экени айтылган. Жалаң гана «хан сарайдын» баасы 100 миллиард рублдей (1,35 миллиард АКШ долларындай) акчага татыйт. Бул аксарай жайгашкан чакан аймактын үстүнөн учууга уруксат жок, кишилерге өтө катаал тартипте гана ал жакка кирүүгө мүмкүн. Тасманы алгачкы күндөрү эле 100 миллиондой киши көргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

COVID-19: Казакстанда 500дөн ашык кишиге вирус жугуп, тогуз бейтап каза болду

Казакстанда өткөн суткада 571 киши коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жол менен аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы катталган учурлар боюнча Алматы шаары алдыда — бул калаада дүйшөмбүгө карата 118 кишиге вирус жуккан. Экинчи орунда 73 кишиден COVID-19 аныкталган Акмоло облусу жайгашкан.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-мартта тогуз бейтап көз жумган.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылдын март айынан бери Казакстанда 219 325 кишиге коронавирус жугуп, 2 819 бейтап каза болду. Бул статистикага «коронавирустук пневмониядан» көз жумган жүздөгөн киши кошулган эмес. Бул боюнча статистика августтан тартып жүргүзүлүп, 49 577 киши ооруга чалдыгып, 646 бейтап каза болгону кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аламүдүн районунда чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды

Аламүдүн районунда чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 6-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Ленин айылынын 70 жаштагы жашоочусу К.А. автоунаасы менен дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жургүзүлгөн иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын үйүнө барышып, териштирүү учурунда анын үйүнүн алдында чакан кафеси иштегени жана жоголгон жаранды акыркы жолу ошол кафедеги эс алуучулар менен бирге отурганын көргөндөр болушкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан кароо жүргүзүү учурунда ошол кафенин айланасынан канга окшогон шектүү белгилер табылып, ыкчам кызматкерлер кылмыштын изине түшүшкөн. Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери  тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын 18 жаштагы небереси К.С. кылмышка тиешеси бар деген шек менен РИИБдүн имаратына жеткирилген.

Териштирүү учурунда төмөндөгүлөр маалым болгон.  2021-жылдын 5-март күнү кечинде небереси менен чоң атасынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, небереси аны уруп жиберген. Соккудан улам чоң атасы жерге жыгылып, эсин жоготуп калган. Анын дем албай жатканын көргөн небереси, балка менен башка чаап, кылмышты жаап жашыруу максатында жансыз денени автоунаага салып алып, Аламүдүн районунун айылдарынын бириндеги камыштардын арасында таштап, автоунааны жууп, ошол эле айылга унааны да таштап кетип калган.

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон К.Анын жансыз денеси жана автоунаасы табылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бухарада Мирзиёевдин демилгеси менен бизнес үчүн муктаждарга контейнерлер жасалат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев район жана облус жетекчилерине мындан ары турак жайдын чарчы метринин баасы 400 доллардан ашып кетпешин көзөмөлдөөнү тапшырды.

Өзбек лидери 3-мартта өткөн селектордук жыйын учурунда өлкөдө кыймылсыз мүлктүн баасы өтө жогору болуп жатканына нааразы экенин айткан.

Ошол эле күнү Бухара облусунун башчысы «Темир дептерге» киргизилген муктаж үй-бүлөлөргө бизнес үчүн 1000 контейнер жасаларын жана жеңилдетилген насыя иретинде берилерин кабарлаган. Расмий маалыматка караганда, муну президент өзү сунуштаган.

Контейнерлерден мобилдик үйлөрдү жасап саткан ишкердин айтымында, сантехникасыз жана ашкана жабдууларысыз кеңселердин баасы орто эсеп менен 3000 АКШ доллары турат.

Буга чейин Бухара жана Наманган облустарынын башчылары аймактагы көйгөйлөрдү жеринен чечүү үчүн көчмө контейнерлерде жашай турганын билдиришкен.

Мындай мобилдик үйлөр президент Шавкат Мирзиёев Наманган жана Фергана облустарындагы өнүкпөй калган маалелерди күтүүсүздөн кыдырып чыккандан кийин пайда боло баштады.

Наманган облусундагы Бунёдкор маалесине барган президент аймак электр кубаты, иче турган суу жана жаратылыш газы менен эмдигиче камсыздалбаганын сындаган.

Мындан соң Наманган облусунун башчысы Шавкат Абдураззаков абал жакшырганга чейин ушул мааледе жашоого убада берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Манас» эл аралык аэропортунун экс-президенти, экс-депутат Эрик Арсалиев дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 8-мартта 55 жашында «Манас» эл аралык аэропортунун Башкармалыгынын мурунку төрагасы-президент Эрик Арсалиев Сейдилаевич дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Арсалиев Эрик Сейдилаевич 1965-жылы 15-октябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылында туулган.
Москва Тоо-кен институтун аяктагандан кийин, эмгек жолун Москвадагы «Малс» илимий-өндүрүштүк коммерциялык бирикмесинде коммерциялык директор болуп баштаган, ал жерде 5 жыл иштеген.
Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, «Кыргызстан Аба Жолдору»  УАКсында коммерциялык директор (1997-1999), «Авиакомпания Аэролинкс» ЖЧКсынын башкы директору (1999-2001), «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын вице-президенти, андан кийин президенти болуп иштеген ( 2001-2004).
Анын иштешинде «Манас» аэропорту реконструкцияланып, жаңы учуу-конуу тилкеси курулган, жүргүнчүлөр жана жүктөр үчүн көтөргүчтөр орнотулган.
Анын демилгеси менен «МЭА» ААК азыркы убакка чейин  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жетим жана жарым-жартылай  жетим балдарга камкордук көрүп келет.
Эрик Сейдилаевич Арсалиев «Кыргызалтын» ААКда  биринчи вице-президент болуп иштеген. 2007-2010-жылдары, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп турган мезгилде анын жардамы менен эки мектеп, футболдук аянтча калыбына келтирилип, трансформаторлор орнотулган жана Шабдан жана Калмак –Ашуу айылдын ортосундагы жол оңдоо иштери жургузулгон.
Мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин ишкердик менен алектенип келген.
Ал Кемин районунун Ак-Түз айылына лыжа базасын ачып, натыйжада жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылган.
Ал калк үчүн ар кандай маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруп, өткөрүп турган.
Эрик Арсалиев Сейдилаевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарыбызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
«Манас»  эл аралык аэропорту» ААКнын Башкармалыгы,  эмгек жамааты, профсоюз комитети.

Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат

Борбордук “Ала-Тоо” аянтында, Ак үйдүн жанындагы митингдин катышуучулары Конституциянын жаңы долбоорун четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын талап кылууда.

Президент жаңы парламенттик шайлоо дайындап, андан кийин Конституциянын жаңы долбоорун кеңири талкуулоо тууралуу талаптарды айтып жатышат.

Алар “Парламент таркасын!”, “Хандыкка жол жок!”, “Стоп Ханституция!” деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Митингге активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар жана башка жарандар катышууда. Журналисттердин эсебинде акцияга 50-60тай киши чыкты.

Ондогон милиция кызматкери тартипке көз салууда. Алар митингдин катышуучуларын тротуардан өткөрбөй курчап турушат.

Уюштуруучулардын бири – “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бийлик бир колго топтолуп калганын, ал сөз эркиндигин, адам укугун чектөөгө алып келерин билдирди. Бул документти колдогон парламенттин жоопкерчилиги чоң экенин айтты.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2020-жылдын август айынын орто ченинде Москва районунун ички иштер бөлүмүнө 1983-жылы туулган М.Ш. арыз менен кайрылып, буга чейин тааныш болуп жүргөн эркек киши анын ишенимине кирип, 2019-жылдын ноябрь айында арыздануучунун автоунаасын карызга алып, 2020-жылдын июнь айына чейин бөлүп төлөп берүүгө убада кылып, ошол боюнча жашаган жерин башка жака которуп, акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган С.Р. аттуу Садовое айылынын жашоочусу кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жаран автонунаанын ээсинин уруксааты жок, документтерди жасалмалап, автоунааны өзүнө өткөрүп алганы белгилүү болгон.

Шектүү жаран Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Бакытбек Нарбеков Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Бакытбек Нарбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Өлкөдө дагы 23 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 2 бейтап каза болду

Бүгүн, 9-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 23 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 16, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 606 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 31 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 606га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 20, Чүй облусунан – 8, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 2.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1475ке жеткен.

Ош шаарында тез тамактануучу жайдан өрт чыкты

Ош шаарында 8-март күнү саат 19:45 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө тез тамактануу жайда өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, өрттөн 45 чарчы метр “Айти” тез тамактануу жайы толугу менен күйүп, жанында жайгашкан “Магнит” тез тамактануу жайына өтүп кеткен. Натыйжада “Магнит” тез тамактануу жайынын 15 чарчы метр шыбы күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Меню