Menu

АРХИВДЕР

Жайыл районунда апасына бензин чачып өрттөгөн жаран кармалды

Жайыл районунда өз энесин өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 9-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жайыл районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү жашоочулардын бири Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген. Бул
маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, ал жерди кароо учурунда аял кишинин жансыз денесиь табылып, ал 1940-жылы туулган З.Г. аттуу жергиликтүү жашоочу экендиги такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын 1977-жылы туулган уулу З.Р. кармалган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, апасына бензин куюп өрттөп жибергенин билдирген.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жаран психикалык жактан жабыркап келгени маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Видео - Түркмөнстандык активист Путинден саясий башпаанек сурады

2-марттан бери орусиялык чек арачылар башпаанек берүү боюнча арызын кабыл албай жаткандан кийин Түркмөнстандык активист Орусия президенти Владимир Путинге видео кайрылуу жолдоду.

27 жаштагы Розгелди Чолиев үй-бүлөсүн баш паанек суроочу иретинде каттоодон өткөрүүнү, депортацияга жол бербөөнү өтүндү.

Анын кайрылуусун ютубда Түркмөн Хельсинки уюму жарыялады. Шереметьево аэропортунда туруп калган Розгелди Чолиев өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирген.

Ашхабаддык Чолиев Карачай-Черкес мамлекеттик университетинде дене тарбия факультетинде окуган. 2020-жылы январда ал окуудан чыгып калган. Кийин ал ушул эле универститеттин даярдык курсуна жазылган.

Анын түркөн өкмөтүн сынга алган кайрылуусу жарыялангандан кийин окуу жайдын проректору активистке буюм-тайымын жыйнап кетүүгө 20 мүнөт убакыт берерин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мьянманын кесиптик кошуундары жумушчуларды жалпы иш таштоого чакырышты

Дүйшөмбү күнү Мьянмада кесиптик кошуундардын чакырыгы менен 1-февралдагы төңкөрүштөн кийин өкүм сүрүп жаткан аскердик режимге каршы көптөгөн ишканалар ишин токтотту.

Бирманын тогуз ири кесиптик кошууну жарандарды 8-марттан баштап экономиканы «толук жана узак мөөнөткө токтотууга» чакырды. Биргелешкен билдирүүдө экономикалык ишмердүүлүктү улантуу аскердик режимге пайда гана алып келери айтылган. Куралдуу күчтөрдүн жетекчилери иш таштоону колдогондор жумуштан бошотуларын эскертти.

Батыш басылмалары дүйшөмбүдө Мьянмада айрым соода борборлору, дүкөндөр, почта жана банк бөлүмдөрү, текстиль фабрикалары иштебегенин жазышты.

Бул арада Бирманын коопсуздук күчтөрү хунтага каршы чыккан демонстранттарга дүйшөмбү күнү кайрадан ок атты.

8-марттагы ок атуунун кесепетинен кеминде эки киши мерт болуп, үчөө катуу жаракат алды.

Демонстрациялар маалында полиция көздөн жаш агызчу газ, жардыргыч заттарды колдонгон.

БУУнун эсебине караганда, февралдын башынан бери аскердик төңкөрүшкө каршы чыккан 50дөн ашык киши полициячылардын огунан набыт болду.

Бирма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик тектүү Manizha Орусиянын атынан "Евровидение" сынагына катышат

Быйыл май айында Нидерландыда өтө турган “Евровидение” сынагына Орусиянын атынан ырчы Manizha катышат. Ал Биринчи канал уюштурган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө жеңүүчү аталган.

Сынакта Manizha “Russian woman” (“Орус аялы”) ырын ырдайт.

Былтыр конкурста Little Big тобу өнөр көрсөтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ыр сынак өтпөй калган. Быйыл Little Big сынакка катышуудан баш тарткан.

Топ инстаграм баракчасына: “Биз “Eurovision-2021” сынагына барбайбыз. Орусияда таланттуулар көп. Аларга да мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш”, – деп жазды.

Manizha – Манижа Сангиндин чыгармачыл аты. Ал 1991-жылы Тажикстанда туулган. Бирок үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткен. Ал 12 жашынан баштап музыка менен алектенген. 2020-жылы Орусиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон.

Eurovision сынагынын уюштуруучулары пандемияга карабай иш-чара быйыл офлайн-форматта өтөрүн жарыялаган. Бирок ага көрүүчүлөр катышар-катышпасы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Душанбеде алдамчылык айыбы менен прокурордун жардамчысы кармалды

Душанбеде Шохмансур районунун прокурорунун жардамысы Сайфиддин Бахриддинзода кармалды. Ал алдамчылыкка айыпталгандан кийин жашырынып жүргөн.

Февралдын соңунда Тажикстандын Башкы прокуратурасы ага «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча айып таккан. «Эркин Европанын» өз булагы билдиргендей, ал опузалап акча алып жүргөн.

Маалыматка караганда, душанбелик ишкерлердин биринен пара талап кылуу шеги менен Давлатшох Гиёев аттуу жаран кармалган. Ал акчаны Бахриддинзоданын көрсөтмөсү менен алып жүргөнүн айткандан кийин прокурордун жардамчысына кылмыш иши козголгон.

Өткөн аптада Тажикстандын Башкы прокуратурасы Согди облустук бөлүмүнүн кызматкери Манучехр Ахмадзодага каршы «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Манучехр Ахмадзода – Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттигинин башчысынын биринчи орун басары Музаффар Ахмадзоданын уулу.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Тажикстанда прокуратура кызматкерлеринин кармалышы – сейрек көрүнүш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёевдин күйөө баласына Түштүк Кореяда операция жасалды

4-мартта Өзбекстан президентинин мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары  Отабек Умаровго Түштүк Кореяда операция жасалганы белгилүү болду.

Буга чейин ал эки апта ооруканада карантинде болгон. Бул тууралуу «Эркин Европанын» өз булагы кабарлады.

Умаровго операция жасалганы тууралуу маалыматты 4-мартта өзбекстандык Korrespondent.uz басылмасы биринчилерден болуп кабарлаган. Репортажда 13-фералда Отабек Умаровдун мотоцикли менен сүзүшкөн автоунаанын сүрөттөрү да жарыяланган.

37 жашка таяп калган Отабек Умаров – Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү.

13-февралда Ташкендин «президенттик маршрут» деп аталган борбордук көчөсүндө авария болгон.

Катуу ылдамдыкта мотоцикл минип бараткан Умаровдун оң буту үч жеринен чорт сынып кеткен. Кырсыктаган киши – президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү Отабек Умаров экени айтылган. Кийин Германиядан атайын жалданып алынып келинген учак менен бейтап Түштүк Кореяга дарыланууга жеткирилгени маалым болгон.

Бул арада «Эркин Европа» радиосунун булактары өзбек президенти ошол окуяга байланыштуу өзүнүн Коопсуздук кызматынын айрым мүчөлөрүнүн үстүнөн иликтөө жүргүзүүнү тапшырганын билдиришкен.

Булактардын айтымында, Отабек Умаров жана «спортчулар» Өзбекстандын башкалаасында дайыма ылдам жүрүүчү автомашианалардын жарышын уюштуруп, “жолдо кооптуу кырдаал түзүшчү”.

Отабек былтыр жайында Ташкенттин борбордук көчөлөрүнүн биринде машинесин саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан тасмасы Интернетке тарагандан кийин көпчүлүктүн көзүнө түшкөн. «Эркин Европанын» өзбек кызматынын жаңылыгынан соң президенттин күйөө баласы бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөгөнү кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Хюман Райтс Уотч" Конституцияны кийинки парламент талкуулашы керек деп эсептейт

Эл аралык “Хюман Райтс Уотч” укук коргоо уюмунун пикирине караганда, Кыргыз парламентинин азыркы убактылуу курамы Баш мыйзамдын долбоорун кароону 7-чакырылыштын депутаттары шайланып келгенге чейин токтото турушу керек.

Анткени конституциялык реформанын алкагында кеңешүү-акылдашуу кең-кесири жүрүп, демилгечилер бардык тараптардын ар бир айтылган пикир-сунуштарын эске алышы зарыл.

Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Хюман Райтс Уотч” (Human Rights Watch) укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө айтылат.

Уюм 9-февралда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине киргизилген “Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору адам укуктарынын нормаларын алсыратып, бийликтин өз ыйгарым укугунан кыянаттык менен пайдаланышына бөгөт коюучу тең салмагын буза тургандыгын” да белгилеген.

“Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде Евробиримдик, анын айрым мүчөлөрү, АКШ жана Улуу Британия жаңы баш мыйзамды кабыл алууну улуттук жана эл аралык нормаларды сактоо менен жүргүзүүсү үчүн Кыргызстандын өкмөтүн Конституциянын долбоорун Венеция комиссиясына берүүгө чакырышы керек”, – деген Human Rights Watch.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Конституциялык реформанын жактоочулары айтылган сындарга макул эмес.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталаарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындалаарын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болоорун билдирген.

3-мартта парламенттин отурумунда референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш, сын-пикир менен коштолду.

2020-жылдын 5-6-октябрындагы элдик ыңкылаптан кийинки белгисиз учурдан соң бийликке келген саясий топ президенттик башкарууга багыт алган конституциялык реформаны жүргүзүү демилгесин көтөргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан менен Казакстанда аялдар укугун коргоого арналган жүрүштөр өттү

Бишкекте 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты.

Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, “Тынч митингдерге эркиндик” деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп жүрүштү.

Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурган. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылды.

Бул арада Ош шаарындагы активисттердааялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты. Ага катышкандар аялдар зомбулугуна каршы ураандарды көтөрүштү. Жүрүш Алишер Навои менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардык мэриянын жанындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды.

Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон. Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.

Ал ортодо 8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата Алматыдагы Ганди айкелинин жанындагы гүлбакта да аялдар маршы өттү.

Айрым активисттер саясий себептер менен кармалган аялдарды бошотууну талап кылган баракчаларды көтөрүп жүрүштү.

Быйыл Алматы акимчилии биринчи жолу феминисттердин жүрүшүнө уруксат берди.

БУУнун маалыматына караганда, Казакстанда жыл сайын 400дөй аял үй-бүлөлүк зомбулуктан улам көз жумат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өлкөдө дагы 55 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 1 бейтап каза болду

Бүгүн, 6-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 55 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 21, Ош – 2, Чүй облусунан – 14, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 11, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 506 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 60 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 484кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 17, Чүй облусунан – 15, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 13, Жалал-Абад облусунан – 1.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1471ге жеткен.

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков айымдарды 8-март-Айымдардын эл аралык күнү менен куттукттады.

Урматтуу Кыргызстандын айымдары!

Жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-Март- Айымдардын эл аралык майрамы менен Ички иштер министрлигинин жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Март майрамы узак кыштын күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көнүлүбүздү ачат, жашоого дем берет. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерг башымды ийип таазим этем.

Кыргызстандын соңку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип чыкты. Маданият менен искустводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калың катары өсүп чыкты.

Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч-аялзат!

Бүгүн Сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы,үй-бүлөдөгү бакубаттык – сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмайуу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!! Майрамыңыздар куттуу болсун!

Меню