Menu

АРХИВДЕР

Ош. 5 студентке бир жылга 1200 доллардан стипендия каралды

Ош мамлекеттик университетинде 4 жылдан бери студенттерди талыкпай билим алууга, эмгекчил болууга, максаттарын турмушка ашырууга өзгөчө стимул боло турган “Атуулдук стипендия” берилип келет. Быйыл бул акчалай сыйлык 21-декабрда тапшырылды. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде комиссия жобонун негизинде документ тапшырган 22 талапкердин арасынан эң мыкты окуган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, идеяларга бай 5 студентти тандап алган. Эми алар айына 100 доллардан, жылына 1200 долларлык стипендияга ээ болушту. Жалпысынан бир жылда 5 студент 6 миң долларлык стипендия алышып, өзүн өзү өнүктүрүүгө, чыгармачылык ишмердүүлүктөрүнө, алгачкы максаттарын турмушка ашырууга жумшашат.

Быйылкы стипендияга математика жана информациялык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Асан уулу Нурмухамед, медицина факультетинин 4-курсунун студенти Максатбек Гүлжигитов, бизнес жана менеджмент факультетинин 4-курсунун студенти Базарбай кызы Айжамал, юридика факультетинин 5-курсунун студенти Сапарали Патаев, искусство факультетинин 2-курсунун студентиАйтурган Турдубаева ээ болушту.

Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев дүйнө салды

Бүгүн, Кыргыз эл баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуев дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгы былтыр белгиленген. Ал 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин аскерге кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда 1943-1945-жылдары кызмат өтөгөн. Согушта эки жолу жарадар болгон. Сооронбай Жусуев улуттук адабиятта өз орду бар классик акын катары жогору бааланып, анын алгачкы “Эмгек күүсү” аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Ошондой эле ыр менен жазылган “Курманжан датка”, “Исхак Раззаков” романдары жарыкка чыккан.

Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктынн ээси, эл акыны Сооронбай Жусуевдин 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.

Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, залкар акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында каза болду.

Күнүнө 30миң сомго чукул пайда түшкөн Чыйырчык эс алуу базасы талашка түштү (ВИДЕО)

Чыйырчык эс алуу базасы  көп убакыттан бери  талашка түшүп келет. Буга чеийн Чыйырчык эс алуу базасы Алай районуна  карайт деп айтылып келген. Бирок Чыйырчык эс алуу жайы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө документтик негизде өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө аталган жерди  Ак элечек аялдар коомдук фонду  ижарага алып иштетип келишет.Бирок Чыйырчык эс алуу базасын белгисиз эле жарандар бир бөлүгүн ээлеп алышкан, алардын айтымында бул жерди Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн ижара төлөп алышкан.

Жогоруда айтылгандай Ак элечек аялдар коомдук фонду  аталган жерди 49 жылга ижарага алып иштетип жүрүшкөн.Бул маселе райондор аралык сотунда каралуу алдында турат.

Источник: bashattv.kg

Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Элназар утту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз жериндеги 9 алдынкы маалымат булагы өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүп алышып, ар бири өз аймагынан дил баяндарды кабыл алып, жыйынтык чыгарышмак. “Супер-Инфо” гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүзүп, редакцияга келип түшкөн 106 дил баяндын ичинен 14 жаштагы Уланбек уулу Элназардыкын мыкты деп баалап, аны жеңүүчү деп тапты.

Элназар Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Жеңүүчү болгонун укканда кубанып, күлүп да, кыйкырып да алды.

– Элназар, куттуктайбыз! Нарын облусунун окуучулары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир районунан дил баяндар келип жатты. Жүздөн ашык окуучунун арасынан суурулуп чыгам деп күттүң беле?

– Күткөм, ооба, күткөм. Бүгүн сынактын жыйынтыгы жарыялана турган күн эмес беле. Эртеден бери үй-бүлөбүз менен күтүп отурдук эле.

– Жеңүүчү болгондогу сезим кандай экен?

– Жыргап жатам.

– Жыйынтыкты сени менен кошо күтүп отурган дагы кимдер бар, үй-бүлөңдөн башка?

– Таенем, бүт туугандар күткөн болчу. Досторго да сунуштагам, “ушундай сынак жүрүп жатыптыр, катышкыла” деп.

– Кимге сүйүнчүлөдүң?

– Таенемди күтүп жатам. Азыр үйүндө эмес болчу. Ошого сүйүнчүлөйм.

– Дил баянда буга чейин Москвада болгонуңду жазыптырсың. Дагы кайсы чет өлкөдө болгонсуң?

– Орусиядан башка чет өлкөгө чыгып көрө элекмин.

– Жеңүүчү 9 окуучу кышкы каникулда Малайзияга барып эс алып кайтат. Ал өлкө кайсы жакта жайгашканын, эмне болгон өлкө экенин билесиңби?

– Ооба, билем. Индонезия менен чектешкен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө. Борбор калаасы Куала-Лумпур шаары.

Элназардын кебин атасы Уланбек улантып, “бүгүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күн” деп эртең менен май токоч бышырып, жубайы экөө “уулубуз жеңсе экен” деп тилек кылышканын билдирди.

Нарын облусунан жиберилген дил баяндардын арасында Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан Болот Арналиевдин, Нарын районунун Учкун айылынан Алмаз Эшбаевдин, Нарын шаарынан Алишер кызы Нуржанаттын, Жумгал районунун Чаек айылынан Нурхан Буларбековдун дил баяндары да өзгөчө кызыгууну жана талкууну жараткан эмгектер болду.

Эсиңиздерге салсак, дил баяндар сынагына өлкөбүздүн жети дубанынын жана Ош менен Бишкек шаарларынын 12 жаштан 15 жашка чейинки окуучулары катышты.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм”

Кыргызстанда азыр жашоо жакшы деп эсептейм: согуш жок, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, кафелерде күндө той дегендей. Ошону менен кошо элдин психологиясын, элдин түшүнүгүн, билим деңгээлин, мамлекетке болгон мамилесин да өнүктүрүш керек. Ошондо менин кыргыз элим, менин кыргыз жерим сөзсүз гүлдөп-өнүгөт. Мен ишенем!

Уланбек уулу Элназар, 14 жаштамын.

Тайбоксчу Антонина Шевченко Инфьюжн реалити-шоунун финалдык мелдешинде жеңишке жетти

Кыргызстандын тай боксу федерациясынын спортчусу, муай-тай боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Антонина Шевченко Африка командасынын капитаны Летисия Бакисиге (Габон) каршы мушташта жеңишке ээ болду. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Буга чейин А.Шевченко Азия командасынын капитаны Шану Ламмерсти уткан болчу. Ошентип, кыргызстандык спортчу Инфьюжн европалык телевизиондук мелдештин 6-сезонунун жеңүүчүсү болуп калды.

“Мелдеш Таиланддын Самуи аралында өттү. Инфьюжн реалити-шоуга Түштүк Америка, Европа, Африка жана Азиядан бирден командалар катышкан. Бардык командаларда блгилүү спортчулар болгон”,-деп белгиледи федерация.

Антонинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, африкалык спортчу менен финалдык мелдеш өтө опурталдуу болду, ал К1 эрежесинен өткөн. Негизги убакыттын 3 раундунан кийин кошумча раунд берилип, Антонина дагы бир жолу эрдик көрсөтүп, жыйынтыгында каршылашын 5:0 эсебинде утту.

Источник: kabar.kg

Спорттук иш- чараларды өткөрүүдө мамлекеттик гимнди уктуруу милдеттендирилүүдө

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кечээги, 1-февралдагы жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткантолуктоолор менен өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Сунушталган мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана башка мамлекеттик органдардын укуктук статусун, иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктаган жоболорду “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдан алып салуу сунушталууда. Мында айрым министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн иш- милдеттер эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорунда жаңы ченем киргизилген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өткөн Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын, биринчиликтерин жана спартакиадаларын ачуунун салтанаттуу аземин өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин гана уктуруу милдеттүү атрибут болуп саналат,- деп көрсөтүлгөн. Бул багытта депутат Тазабек Икрамов гимн ырдалып жатканда анын бир гана куплети аткарылбастан, толугу менен ырдалышы шарт деген пикирин билдирди.

Кышкы туризм кирешелүү тармак

Жайкы туризмге караганда кышкы туризм көбүрөөк киреше алып келет. Жыл өткөн сайын Кыргызстанга келген туристтердин саны көбөйүүдө жана келүүнү каалагандар да арбын. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов билдирди.

Буга чейин жайкы туризмге көбүрөк басым жасалып келсе, учурда жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тартуу иштери жүрүүдө. Өзгөчө кышкы туризм көбүрөөк киреше алып келгендиктен, өлкөнүн кооз жерлеринде жаңы тоо лыжа базаларын ачуу дагы пландалууда.

Министрдин айтымында, Кыргызстан 44 мамлекет менен визасыз режим түзгөн. Ошондуктан ал мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө укугу бар.

Анын айтымында коноктор Кыргызстан тууралуу интернет аркылуу билет. Буга байланыштуу, туристтер кызыккан маалыматтар жайгашкан жаңы сайт жакында ачылмакчы.

Евробиримдикке төлөмү жок тариф менен экспорттого жол ачылды

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө айрым товарларды бажы төлөмүсүз экспорттосо болот. Анткени Евробиримдик Кыргызстанды өзгөчө жеңилдиктер берилген системасына кошту. Бул – өнөктөштөр менен болгон экономикалык алаканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Ошондой эле экспорттун көлөмү көбөйүп, кыргыз экономикасын чыңдоого жол ачат. Евробиримдикке төлөмү жок тариф менен кайсыл продукцияларды экспорттоого болот?

Бир апта ичинде америка доллары бир сомго арзандады

Бир апта ичинде америка доллары бир сомго арзандады. Бүгүнкү күндө акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 74 сом 56 тыйындан сатып алып, 74 сом 74 тыйындан сатууда. Акыркы эки айда АКШ акчасы 75,5 жана 76 сом денгээлинде кармалып турган. Учурда бул көрүнүштөн улам рубль менен теңге кымбаттай баштады. Акча алмаштыруучу жайлар 1 рублди 95 – 97 тыйындан сатып алып, элге 1 сомдон сатып жатат. Жыл башынан бери улуттук банк сомду колдоо максатында 64 миллион доллардан ашык каражатты интервенция жасады.

Жалал-Абад мыкты спорттук регион деп табылды

Жалал-Абад мыкты спорттук регион деп табылды. 2 жылдан бери салтка айланып, өткөрүлүп келаткан SPORTS AWARDS мыкты спортчуларды сыйлоо салтанатынын аныктоосу менен 2015-жылы аталган облуста 60ка жакын ар кандай масштабдуу спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн. Жалал-Абаддык спортчулар быйыл 38 жолу Кыргызстандын биринчилигине жана 18 жолу эл аралык мелдештерге катышып келишкен. Жергиликтүү бийлик бутактарынан да спорт үчүн көп каражат бөлүнөт дейт облустук спорт комитети. Облус мыкты деп табылганына байланыштуу Кыргызстандын төрт бурчунан аты алыска кеткен спортчулар Жалал-Абадда чогулушкан. Алар мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушуп, спорт тармагын өнүктүрүу жөнүндө сүйлөшүштү. Андан сырткары, жылдын мыкты спортчулары жаш балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырышып, карылар жана балдар үйүнө барып кабар алышты.

Меню