Menu

ВИДЕО

Видео - Садыр Жапаровдун соту болуп, 12-июнда улантылмай болду

Бүгүн, 6-июнда Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун соттук иши каралды. Анын ишин сот Эмилбек Кайыпов алып барды.

Соттун жүрүшүндө Садыр Жапаров соттон болуп жаткан процессти фото жана видеого тартууну өтүндү. Анын оюнда бул иштин саясий боёгу бар атайы жасалып жатат жана чындык үчүн аны тартып коюш керек дейт. Айыптоочу тарап ага толугу менен каршы чыгып, бирок сот биринчи гана отурумду тартууга уруксат берди.

Экс-депутаттын адвокаттары соттон кылмыш иши менен таанышуу үчүн бир аз убакыт сурашып, ага сот макулдугун берип иш 12-июнда улантылмай болду.

Эске салсак Садыр Жапаров 25-мартта кармалып, №1 СИЗОго киргизилген.

Видео: “Азаттык”

Видео - Жашыл шаарды кумсарткан КСДП мэрлериби?

Шаардагы Токтоналиев көчөсүн 4 багыттуу автотрасса кылуу үчүн мэрия дарактарды кыюуда. “Зеленстройдун” бригадасы аталган көчөдөгү дарактарды массалык түрдө кыйып башташкан. Жергиликтүү эл каршы болуп нааразычылыкка чыгышты.

Булак: “Сентябрь”

Видео - “Ата Мекен” кыйылган дарактар маселесин парламентте кароону сунуштайт

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюу маселесин парламентте кароону сунуштайт. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фракция Бишкек шаарынын мэри бул маселе боюнча депутаттарга маалымат бериши керек деп эсептейт.

Бишкек шаарынын бийлиги Токтоналиев көчөсүнүн жээгиндеги 140тан ашуун түп бак-даракты кыюу чечимин кабыл алган. Муну аталган көчөдөгү жолду кеңейтүү чечими менен түшүндүрүшкөн.

2-июнда бак-дарактарды кыюу башталганда Бишкектин бир нече тургуну каршылык билдирип чыккан эле.

Нааразылык акциясына чыккан он кишини милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон.

Бишкекте кыйылган бактарга аза күтүштү

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ташкентте жүздөгөн адам студенттин өлүмүн иликтөө талабы менен акцияга чыгышты

4-июнда Ташкенттин «Достук» сейил багында жүздөгөн адам 17 жаштагы Жасур Ибрагимовдун өлүмүн иликтөөнү талап кылып чогулушту. Медициналык колледждин жанында катуу токмок жеген бала бир айдан кийин ооруканада көз жумган.

Жасурга беш жолу хирургиялык операция жасалып, бирок 1-июнда каза тапкан. Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгы бир нече кишиге карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Акцияга чогулган Ташкенттин жашоочулары укук коргоо органдарынан уландын өлүмүн иликтөөнү талап кылып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдошту.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, акциянын катышуучулары менен Ташкенттин ИИБ башчысынын орун басары, Тергөө башкармалыгынын жетекчиси жолукту.

4-июнда акция өтөрү тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө бир күн мурун жарыяланган. Бир сутка ичинде бул кабар менен 13 миң колдонуучу бөлүшкөн.

Маркум Жасур Ибргаимов медициналык колледждин 2-курсунун студенти болгон.

Видео - Лондондогу терактка ИМ жоопкерчилик алды

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 3-июнда Лондондо болгон жардырууга жоопкерчилик алды. Террордук кол салуудан жети киши мерт кетип, 48и ооруканага жаткырылган, алардын арасында айрымдарынын абалы оор. Британ полициясы Лондондун чыгышынан терактка шектүү катары 12 кишини кармады.

Полиция террорчулардын үчөө тең “жанкечти кемерин” тагынып жүргөнүн, бирок жандарында жардыруучу зат болбогонун маалымдады. Кол салуучулар көбүрөөк дүрбөлөң жасагылары келгени божомолдонууда.

Скотленд-Ярд өкүлүнүн кабарлашынча, кылмышкерлерге карата сегиз полициячы ок атып, үчөөнү тең өлтүрүшкөн. Бир жай тургунга кокустан ок жаңылган.

3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Марттын этегинен бери Британияда ушуну менен үч теракт болду.

https://www.youtube.com/watch?v=Sgw2apGJSBk&feature=youtu.be

Видео- Өмүрбек Текебаев: "Баш прокуратура элдин "акмак экенсиң" деп айтчу чындыгынан коркуп отурат"

Бүгүн, 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун иштери боюнча соттук процесс жүрүүдө. Анда сүйлөгөн Ө. Текебаев: “Сот ачык жүрүшү керек, жалган жалаа көрсөткөн адамдарга, бийликке эл бүгүн баа кериши керек. Тарых сөзсүз баа берет мен ага ишенем, бирок алар бүгүн энчисин алыш керек” – деди Текебаев.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1527934020602381/

Видео Искен Афиджановдуку

Интернетте педофил деп шектелген жаранды сабап жаткан видео коомчулуктун талкуусун жаратууда

Бул видеодогу окуя Бишкек шаарындагы “Ак Ордо” конушунда болгондугу белгилүү болду. Андагы сүйлөп жаткан тургундардын коментарийлерине көңүл бурсак, болжолдуу кылмышкер мектеп жашындагы окуучу кызды бычак менен коркутуп зордуктоо аракетин жасаган. Бирок аны оюн ишке ашырбай жергиликтүү тургундар кармап алышкан. Бул анын биринчи жолку жасап жаткан иши эмес экендигин тургундардын айтуусунан байкасак болот.

Борбордук милициянын билдиришине таянсак азыр тергөө жүрүп жаткан учур.

Бул видео алгач “Фейсбук” соц. тармагына жүктөлөр замат коомчулуктун катуу талкуусуна түштү. “Бул өкүмсүз жазалоо туура эмес, кылмышкерди милиция камаш керек, адам укугун тепселеп жатышат” деген ойлор чыкса, “туура кылышат, ырас болду, бул дагы аздык кылат” деген ойлор басымдуулук кылды.

Видео: “K-News

Видео - Текебаевдин соту 8-июнда уланмай болду

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту 8-июнда уланмай болду. Мындай чечимди бүгүн ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек кабыл алды. Ошондой эле судья кийинки сот отурумунда видеого тартууга уруксат жок болорун айтты.

Бүгүнкү алгачкы отурум ачык өттү. Сот залындагылар жараянды интернеттеги жеке баракчалары аркылуу түз көрсөтүп жатышты.

Адвокаттар иш менен таанышканга толук мүмкүнчүлүк берилбегенин жүйө келтирип, кошумча убакыт берүүнү соттон өтүнүштү.

Текебаев да президент Атамбаев иш май айында сотко өтөт деп айткан сөзү менен тергөөгө көрсөтмө берген деген пикирин айтты жана тергөө ишти сотко өткөрүүгө шашканын белгиледи.

Бирок мамлекеттик айыптоо иш сотко мыйзамда каралган мөөнөттө өткөрүлүп берилгенин, айыпталуучуларда материалдар менен таанышууга жетиштүү убакыт болгонун айтты.

Натыйжада сот дагы үч күн убакыт берүүнү чечти.

Меню